Атактуулар ааламы

"Күлкү-өмүрдүн мүлкү" демекчи карапайым элге күлкү тартуулап, бир топ жашка жашарткан Клавдия Цветочек менен Матрёна Нигматулинаны күйөрмандары жакшы көрүп, сыналгыдан күтүп көрүшөт. Өз жүзүн жашырып табышмактуулукту сүйгөн актёрлор тууралуу маалымат төмөндө.

Атагы алыска кеткен
Клавдия Цветочек менен
Матрёна Нигматулина
Жыйырма жыл мурда
түзүлгөн тандем
Политехникалык институттун бүтүрүүчүлөрү Игорь Касилов(Цветочек) менен Сергей Чванов (Матрена) экөө түзгөн топто Андрей Воробьев деген жигит да бар болчу. Игордун айтымында дал ушул Андрей аны театрга орноштурган. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Игорь менен Сергей телефондон кабарлашып, жолугушуп бири-биринен байланышын үзгөн эмес. Убакыттын өтүшү менен экөө тең Толятидеги "Колесо" театрына орношуп, ошол эле учурда ырчылар менен кошо гастролдорго чыгып күн кечиришкен. Токсонунчу жылдардын башында гана экөө тандем түзүп эки кемпирдин образын жаратканга өтүшөт. 1999-жылы Москвада өткөн жаш актёрлордун конкурсуна "Жаңы орус кемпирлер" дуэти да катышып,экинчи орунга ээ болушкан. Ал жерден экөө Евгений Петросяндын көзүнө илинишкен. 2000-жылы мугалимдердин майрамына арналган концертте өз өнөрүн тартуулаган таланттарды Петросян өз тобуна чакырган.
Эки кемпирдин атагы күн сайын өсүп алардын урматына чабылган кол чабуулар, экөөнө сунулган гүл дестелер күн санап өскөн. Кийин экөө борборго келгенде, артистер да концерти кызыктуурак өтүп, эл көп келиш үчүн Цветочек менен Матренаны сахнага калтырбай чакыра башташкан. Мурда ар бир сценарийди өздөрү жазышса, азыр күйөрмандарынан келген сунуштарды, кызыктуу окуяларды аралаштырып элге алып чыгышат. Өздөрүнүн кесиптик майрамы катары 1-апрелди санашат.

Жеке жашоосун
жашырышкан түгөйлөр
Тилекке каршы "кемпирлер" гриммдемейин сүрөткө түшүшпөйт жана журналисттерге интервью көп беришпейт. Кайсы шаарга гастролдоп келишсе кабарчылар артынан сая түшүп канчалык аңдышса да алар күткөн жыйынтык келип чыкпайт. Себеби, Игорь Касилов менен Сергей Чванов өздөрү тууралуу ашыкча маалымат айтуудан баш тартып келишет. Экөөнүн атайын түзүлгөн расмий сайты бар болгону менен ал жерде туура эмес, тамашалуу маалыматтар жазылган. Алардын айткан уламышына ишене турган болсок, экөө Тольятиде эмес, Самар облусунда туулушуп, политехникалык институтту эмес, Ферганадагы медресени аякташкан. Чыныгы жүзүн жашырууга эмне себеп болду экен деген суроонун жообун журналисттер топ пайда болгондон бери артынан түшүп таппай келишет.

Ошентсе да бир аз
өз жашоолорунан
Дуэттин ичинде негизги роль Игорь Касиловдун колунда, өзү да бул тууралуу тамашалап "өз көмөчүнө күл тартып" жатканын айтып калат. Ал эми көз айнеги менен жоолугун чечпей жүргөнүнүн себебин ал мындайча түшүндүрөт: "Мисалы, Глюкозаны деле карасаңар, убагында өзүнчө табышмактуулугу менен канча элдин бүйүрүн кызытып, популярдуу болду эле? Биз Сергей экөөбүз ушул жагын да эске алдык, андан да биздин жеке жашообуз бар. Мен дүкөндөрдү ээн-эркин кыдырып, көчөдө каалагандай басып жүргүм келет…Жубайым да менин жараткан образдарыма түшүнүү менен карайт, анын кесиби актриса, учурда уулубуз Егорду багып үйдө" дейт. Журналисттер Игорь Касиловдун эки жагынан чыгып жатып аялы тууралуу ушул гана маалыматты алышкан. Ал эми Сергей Чвановго болсо, сахнага кийимдерди апасы таап берет. Кечке эле бир жемпир, бир жоолук менен чыга бергени үчүн апасы уялып: "Сенин "кемпириңе жаңы кийимдерди чогултуп койдум" деп эки күндүн биринде телефон чалып турат.




Игорь Касилов(Клавдия Ивановна Цветочек)
Туулган жылы: 1966-жыл 31-май.
Мекени: Тольяти
Билими: актер, режиссер
"Кемпирлерге" чейин: 12 жыл Тольятидеги "Колесо" театрында иштеген.
Үй-бүлөлүк абалы: Аялы, бир уулу бар.
Хоббиси: футбол, теннис ойноо.

Сергей Чванов
(Матрёна Ивановна Нигматулина)
Туулган жылы: 19-январь 1965-жыл
Мекени: Татарстандагы Чистополь шаары, кийин Тольятиге көчүп келген.
Билими: Инженердик билим алган.
Үй-бүлөлүк абалы: Аялы бар
Хоббиси: Машина айдаганды, адамдарды күлдүргөндү жакшы көрөт.
"Кемпирлерге" чейин: Эстрадалык "Дефецит" дуэтинде ырдап, Игорь Угольниковдун "Оба-на" берүүсүн алып барган.