2009-жылы уй жылында...

Эсиңизде
болсо керек...
Мына ошентип көз ачып жумганча "2009-уй" жылы менен коштошуп, жаңы "2010-жолборс" жылын тосууга камынуудабыз. Уй жылында кыргыз маданияты бир топ ийгиликтерди багындырып, эл алдында жарк этип жылдызы жанган белгилүүлөр үчүн да эски жыл жакшы эле жылдардан болду окшойт. Алардын чыгармачылыгындагы жетишкендиктерин, жеке жашоолорундагы өмүр бою эсте кала турган бактылуу көз ирмемдерин, жыл аягында дагы бир жолу эсиңиздерге салабыз.


Жалгыз эмес түгөйлүүлөр
Бойдокчулукка биротоло чекит коюп, "Үй-бүлө" деген кичинекей мамлекеттин туусун кармашкандар: Ырчылар, Айбек Карымов менен Гүланда, ырчы Кубаныч Сатаев менен ди-джей Кундуз Авашова, самолёттун кош канатындай ээрчишип жүргөн төкмө акындар, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаевдер, ырчы,
Назми, Кайрат Примбердиев, шоу-мен Бакыт Букаев, диктор Лунара Мамытовалар болушту.

Сахнанын саякатчылары болгондор
Ооу, бул жылдын эсебинен чет өлкөлөргө саякат жасаган ырчыларыбызды санасак, он манжабыз аздык кылат. Алар: КРнын Эл артистери Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, продюсерКанат Култаевдин командасы: Мирбек Атабеков, Даниэль, Алихан, көпчүлүктүн көңүл борборундагы Мирбек Иманбеков, Бактыгүл Бадыева, Сьездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Сема, Омар, Анжелика, Кубаныч Сатаев, куудулдар: Күмөндөр Абылов, Тынар Курбаналиев жана башка сахна адамдары чет өлкөдө жашаган мекендештерибизге өнөрлөрүн тартуулап келишти.
Мындан сырткары аты аталбай калган өнөрлүү адамдарыбызга жыйынтык чыгарып жаза берсек, кагаз бетине батпай калчудай. Андыктан, 2009-уй жылы кимдир бирөөлөр үчүн айтып түгөтө алгыс жакшы ийгиликтерди жаратса, кимдир бирөөлөргө бакыт тартуулап, жеке жашоолорунда болуп көрбөгөндөй бактылуу мүнөттөрдү ыйгаргандыр. Эмнеси болсо да жалпы жылдыздарыбызды келе жаткан Жаңы "жолборс" жылы менен куттуктайбыз!

Көрүнбөгөн жылдыздар
Буга чейин жакшы эле популярдуулукту кармап, бирок, уй жылында эл алдына көп чыкпаган жылдыздарыбызды да баса белгилеп кетели.
Биздин жыйынтык менен: "Инсан","Биз", "Таалай элеси" топтору, "Тунгуч"театры, ырчылар: Азамат Сарыбаев, Мелис Абдрашитов, Ирлан Таалайбеков, Кайрат Примбердиев, Мэри Шакулина, куудулдар: Жакут Сыдыков, Ильяз Агыбай уулу өңдүү өнөр ээлери эл алдында көрүнбөй кеткенсийт. Балким, жаңырган Жаңы жылда жакшы жаңылыктарды "жарк" этип алып чыгат деген ойдобуз.

Эшик түртпөй, бешик түрткөндөр
Бала жытына мас болуп, жакындарына жентек той берип, бешик терметкендер:
Продюсер Акжол менен көп кырдуу талант ээси Асема, кош жылдыздар, Урмат менен Неля, ырчылар: Замир Арыкбаев, Турдаалы Аскарбеков, Темир Назаров, Мелис Абдрашит уулу, Аскат Мусабеков, төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана телеалыпбаруучу Назира Айтбекова болуп, балалуу үй-бүлөлөрдүн катарын толукташты.

Сыйлангандар
"Эл эмгегин жер жебейт" дегендей, уй жылында бир топ өнөр адамдары иштеген иштерине, кылган аракеттерине жараша сыйлык, наам алганга жетишишти.
КРнын Эл артистти наамын Каныкей Эралиева, Юрий Бобков, Роза Амановалар, КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын Гүлмира Турсунбаева, Асел Турдалиева, Айчүрөк Иманалиева, Расул Маматкулов, Алина Жетигеновалар алышты. Андан сырткары Маданияттын мыкты кызматкери деген төш белги менен продюсер Назгүл Насиева, ырчы Жылдыз Тутуева, Темир Назаров, төкмө акындар: Азамат менен Аалы, актриса Гүлнура Асанова, Аскат Эрбаевдер сыйланышты.

Шоу дүйнөнүн дебютанттары
Шоу-бизнестин босогосун жаңы аттаган ырчылар да жок эмес. Алар: Добр, Каныкей, Бураш, Алтынбек Каленов, Нурлан Насип, Турдукан Сарбанова, Сүйүналы Малабаев өңдүү бир топ жаш таланттар эл оозуна алынганга жетишишти. Бири өзгөчө стили, бири элдик ырларды аткарып, бири реп айтып өзгөчөлөнүп турушса да, эмки жылы бул өнөрпоздорду кандай тагдыр күтүп тураары али белгисиз.


Быйыл дагы бойдоктор
"Биздин көчөдө качан майрам болот?"- деген суроого жооп табалбай, жигиттен-жигитти тандап, бирок дагы деле бойдок жүргөн айымдарыбыз жана "Кыздар кызылчадан көп"деп камырабай жүргөн мырзаларыбыз, кантип бул жылдын өтүп кеткенин да өздөрү байкабай калышкандар. Ары дегенде отуздун ортосуна, бери дегенде жыйырма бешке чыгып калган мырзалар: Мирлан Жетигенов, Нурдөөлөт Копоев, Чыңгыз Мырзаев, Замир Мырза, Гүлжигит Сатыбеков, Сапар Сопубеков, Алтын Мырза, Тата Улан, айымдарыбыз: куудул, Назира Жетигенова, актриса Айнура (Сакиш), ырчылар: Кенже Дүйшеева, Фарида Карбосова, Азиза, Айнура Салахидинова, Нурзат Садыкова, Назик Исраиловалар бул жылы да турмуш жолуна эмнегедир аттанышкан жок.


Айнура Касымова