Атактуулар ааламы

2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
Босогодон кирип келе жаткан 2010-жолборс жылын ар бирибиз чыдамсыздык менен күтүп жаткан кезибиз. Жерде жашаган жылдыздар Жаңы жылда кимиси кайда болоорун, майрамды кантип өткөрөөрүнө биз да кызыгып, көз жүгүртүп көрдүк.


Гейлер үчүн жабык концерт
Андрей Данилко (Верка Сердючка) эки-үч күндүн ичинде Италиядан гастролдорун жыйынтыктап келет. Келээри менен Жаңы жылдык концерттерге катуу даярдык көрөт. Киевде өтө турган Алла Пугачеванын кечесине катышат, андан кийин түнкү клубдардын биринде концерт берет. Иши кылып Жаңы жыл Верка Сердючка үчүн көп жумуш даярдаптыр. Кайсы түнкү клубда болоорун Сердючка сыр бойдон калтырууда, коноктордун саны чектелип, ал кечеге жалаң гейлер эле барышы мүмкүн деген имиштер да бар.

Бир ай Америкада саякаттаган үй-бүлө
Леонид Агутин менен Анжелика Варум 2010-жылды чет мамлекетте тосмой болушту. Кызы Лизаны алып алышып Майамиге барууну чечишти. Алдын ала билеттерди сатып алып, 30-декабрда учуп кетишти. Бараары менен Майамидеги чоң аянтта концерт берип, калган убактысын майрамга арнашат. Январь айынын аягына чейин Америкада саякаттап, 9-февралда кызынын туулган күнүн белгилеп туруп өз мекенине кайтып келишет. Анткени, 14-февралда Махабат майрамында жубайлар Кремлде жеке концертин беришет.

Жаңы жылдын алдында атасы каза болду…
Валерия Жаңы жылды үй-бүлөсү менен Мальдивадан тосом деп жакшы эле пландаштырган, бирок ал ою ишке аша электе ырчынын атасы Юрий Иванович Перфилов көз жумду. Албетте, жашоосундагы мындай бурулушту күтпөгөн ырчы пландарын өзгөртүп, үй-бүлөсү менен өз мекенинде эле белгилемей болду. Кышкы эс алууда болгон убактысын, тапкан акчасын балдарына жумшоону чечти.

Ротарунун үйүндө майрам эрте эле башталат
София Ротару Жаңы жылды Киевдеги үйүндө өткөрөт. "Былтыркы жылды жаңы ачылган "Вилла София" ресторанында тосконбуз. Негизи эле мен жакшы көргөн майрамдар Киевдеги же Ялтадагы үйүмдө өтөт. 30-декабрь күнү уулум менен келиним баш кошкон күн болгондуктан бизде майрам эрте эле башталат" дейт ырчы.Үйдүн тегерегинин баарын жандуу балатылар курчагандыктан, жасалма балаты менен эле чектелүүнү туура көрүптүр. Жаңы жыл өткөндөн кийин Ротару келин-уулун эс алганы Нью-Йоркко жөнөтөт.

Кирешелүү келишимдерден баш тарткан Галкин
Шоумен Максим Галкин "Жаңы жылда боло турган концерттерди, кечелерди алып барып бер" деген сунуштардан азыртадан баш тартып жатат. Анткени, үй-бүлөлүк майрамда иштеп акча тапкандан көрө эс алган артык экенин түшүнүптүр. Үй-бүлөсү менен дасторконду жайып алып ойноп-күлүп отурганга бардык шарттарды түзүп койду. Жандуу балатыны кыркып, аны соолуткусу келбеген алып баруучу жасалма балаты сатып алган. Жаңы жылдык каникулду Максим Галкин лыжа тебүүчү курорттон, (Альптан) өткөрөт.

Бир чара салат менен майрам тоскусу келген Повалий
Таисия Повалийге Жаңы жылга үч сунуш бар. Украинага, Россияга же Швецарияга концерт коюшу мүмкүн. Эгерде айныса бир чара оливье салатын жасап алып, жолдошу жана продюсери Игорь Лихута менен телевизордун маңдайында отурушу мүмкүн. Жолдошу экөө бири-бирине балаты кооздогон оюнчуктарды белек кылышат. Анткени, "оюнчуктар" бат-баттан сынып, баары бир пайдасы тиет" дейт Таисия Повалий. Анын ою боюнча, Жаңы жыл-кымбат тон, машина же квартира белек кылганга шылтоо боло турган күн эмес.

Акча үчүн майрамдан баш тарткан Жанна
Буга чейин Жаңы жылдык майрамдарды Жанна Фриске кандай белгилесе, бул жыл деле ошол калыпта өтөт. Тактап айтканда, майрамдан пайдаланып көбүрөөк акча табууну көздөгөн ырчы эс албай эле иштемей болуптур. Жаңы жыл түнү Москвада бир нече концерт берип, эс алууну унутат экен. Бирок, каникулда тапкан каражатына ата-энесин алып АКШга барып келмей болду.

Концерттен кийин кызын саякаттоого алып чыккысы келген Маликов
2010-жылдын астында Дмитрий Маликов Сочиге барат. Эл катары эс алып, майрам тоскону эм-ес… иштегени барат. Жеке концерти жаңы жылдык темадагы ырларды камтыйт. Капчыгын кампайтып алып, экинчи январь күнү тогуз жаштагы кызы Стефания менен жубайы Еленаны алып Мальдивага барып эс алышат. Инд океанындагы аралдардын биринде эки жума жүрүшүп, андан кийин Москвага кайтып келишмей болушту.


А. Сабырова