Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
Жыл жаңыраар алдында ар бир адам артка бир кылчайып карап, "Бир жылдын ичинде эмне жумуш бүтүрүп, кандай ийгиликке жетиштим?" деп өзүнө-өзү "отчёт" берет эмеспи. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн инсандарыбызга суроо узатып, кандай ийгиликтерди багындырганын өз оозунан уктук.


Нуриса Абазова ырчы:
- Январь айында Жаңы жылды Бишкектен тосуп, 3-январда үй-бүлөм менен Ысык-Ата курортуна барып эс алып келгем. Он күн ойдогудай эс алгандан кийин баягы эле чыгармачылыкка аралашып, күнүмдүк тиричиликтин жүгү менен алектенгем.

Назик Исраилова "Назик" бий тобунун жетекчиси:
- Негизи эле ушул жыл мага жемиштүү болду. Көптөгөн тилектерим орундалды, бир топ пландарым ишке ашты. 2009-жылдын жыйынтыгынан айта турган болсом февраль айы менин эсимде калды. Анткени, ушул айда циркте өткөн долбоорго катышып аябай кыйналдым. Күнүгө машыгып, денемдин баары көгала болуп жакшы эле түйшүк тарттым. Он эки айдын ичинен февраль айы оор болду десем болчудай.


Акбар Сүйүнбаев ырчы:
- Март айы эсимде калды, анткени ушул айда сүйүүмдү таптым. Анын үстүнө быйыл мүчөл жашым болду. Буюрса сүйүктүү адамым менен кирип келе жаткан 2010- жылы баш кошоюн деп тилек кылып жатам. Сүйгөн кызымдын атын айта албайм, бирок ал Айпери Кубик кызы эмес. Анткени ушул жыл экөөбүзгө байланышкан ушак-айыңдар менен да эсимде калды.


Самат Дөөлөтбаков ырчы:
- Мага апрель айы кирешелүү ай болду. Иштеген ишимдин үзүрүн көрүп, бир эле айдын ичинде үй, машина алганга жетиштим. Жумушум ийгиликтүү болуп кыйынчылыктарга көп деле учураган жокмун. Негизи уй жылы жакшы эле колдоп жардам берди, эми кийинки жылы да мындан көбүрөөк ийгиликтерге жеткенге аракет кылам.


Элина Абай кызы ырчы:
- Август айында жаңы кирген "Версус" тобу менен Чикагого бардык. Андан келгенден кийин Москвага кинофестивалга катышып келдим. Карьерамда бул жылы жакшы эле өсүш болду. Эң негизгиси "Уурунун махабаты" тасмасына тартылып, өзүмдүн чеберчилигимди элдин алдына тартуулай алдым.


Дайыр Исмадияров ырчы:
- Июлда туулган күнүмдү белгиледим. Бүт чыгымын өзүм көтөрүп апамдын алтымыш жылдыгын өткөрдүм. Өзүмө куюп койгондой окшош тогузунчу класста окуган күйөрманымды таптым. Кесиптештерим менен чогуу бир эле айда төрт жолу гастролго чыгып келдим.


Канат Кадыржан ди-джей:
- Биринчи жолу Ошко бардым, Жалал-Абадга өмүрүмдө алгачкы жолу күйөө жолдош болуп келдим. Радиожурналистика боюнча беш күнгө Алматага семинарга барганга жетиштим. Азыр эстеп санап отурсам, бир айым жалаң саякаттоо менен өтүптүр.


Замира Молдошева стилист:
- Май айында Ысык-Көлгө жыйырма жылдыкка барып келдим. Көптөн бери көрө элек классташтарым менен көрүшүп, сагынычымды таратып жакшы эле чер жаздым. Ушул эле айда жыйырма жылдан бери ремонт болбогон үйүмдү башынан аягына чейин ойдогудай оңдоп-түзөп алдым.


Назира Жетигенова куудул:
- Июнь айы эсимде калыптыр, себеби "Жылдыздар манежде" долбоорунан биринчи орунду алганда өл-лө сүйүнгөм. Анткени, алты ай бою кыйналып, тердеп-кургап жүргөн эмгегимдин акыбети кайтты да. Анан да шайлоо учурунда күнгө күйүп Курманбек Бакиев үчүн элдин алдына чыкканымды эстеп калыптырмын.


Гүлзинат Суранчиева ырчы:
- Октябрда биринчиден туулган күнүмдү өткөрдүм. Жолдошуман жакшы белек алдым, өздүк майрамымды досторум менен каалагандай өткөрдүм. "Кош жылдыз" долбооруна катыштым, бул да болсо мен үчүн чоң ийгилик. "Жусупбек Бакиев" атындагы коомдук фондунан наам алдым. Бир айдын ичинде көзгө көрүнөөрлүк окуялар ушулар эле болуптур.


Урмат Усенов ырчы:
- Декабрь айы башталганда эле "быссымылда" деп уулубуз Нурэлдин бешик тоюн бердик. Келген коноктордун батасын алып, аларды ыраазы кылып жөнөтүш биз үчүн да чоң ийгилик. Жеке жашоомдо жакшы өзгөрүштөр болуп, уй жылы мага жакшы көз ирмемдерди ыроолоду.


Элиза Кененбаева ди-джей:
- Эстеп көрсөм ноябрь айы мага өзгөчө ийгиликтүү болуптур. Себеби дал ушул ноябрь айында Германияга жыйырма күнгө окууга барып, унутулгус көз ирмемдерди өткөрүп келдим. Радиодон өзүмдүн "Шоу-сандык" аттуу автордук программамды ачтым. Жеке жашоомдо өзгөрүү болбогону менен карьерамда жакшы эле өсүштөр болду.


Анара Дүйшөналиева