Кумир менен баарлашуу

Сыймык Бейшекеев:
Эл сүйгөн эстрада ырчылар, спортчу эр азаматтар, теле, радио алыпбаруучулар жана башка кыргыз эли сыймыктана турган белгилүү инсандар менен бетме-бет олтуруп сүйлөшүү, эстеликке сүрөткө түшүү, алардан кол тамга алуу аны менен бирге белектерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү бир жыл бою "Кумир менен баарлашуу" рубрикасында үзгүлтүксүз уюштурулуп келди. Бир жыл ичинде канчалаган ырчылар сүйүктүү күйөрмандары менен эсте калаарлык жолугушууларды өткөрүштү. Ал эми жылдын жыйынтыктоочу коногу обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев болду.

"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
Сыймык: - Кандайсыздар, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Атайын сиздерге белек болсун деп өзүмдүн китебимди ала келдим эле. Окуп коюңуздар. Жаңы жыл сиздерге жакшылыктарды алып келсин!
Гүлжамал: - Сыймык, Жаңы жылга кандай даярданып жатасың?
- Учурда бардык ырчылар сыяктуу эле телевидениелерде Жаңы жылдык сьёмкаларга тартылып жатам. Үй-бүлөм менен болсо жылдагыдай эле жакшы камылга көрүүдөбүз. Мен негизи Жаңы жыл күнү жаңылыктар, ийгиликтер көп болсун деп, өзүмө, келинчегиме, балдарыма атайын арнап жаңы кийим, ал эми үйгө болсо ыроолоп жаңы буюм сатып алам.
- Балдарыңды тааныштырып кетсең?
- Төрт балам бар деп, Авазды да өзүмдүн уулум деп айтып жүрөм. Менин колума үчүнчү классында келди эле, азыр төртүнчү курста окуп жатат. Азамат болсо 9-класс. Азыр ырга деле үзүлүп түшүп, ырдайм деген жок. Спортко кызыгып, таэквандодо жакшы ийгиликтерди жаратып, мени кубандырып жатат. Кызым Каныкей 1-класс. Классында класском, аябай жакшы окуйт. Ал эми кичүү уулум Кадырдын күн сайын ар башка кылыгы чыгып, бизди сүйүнтүп турган чагы. Балдарымдын апасы, келинчегим Нурзада, кесиби боюнча мед айым. Андан кийин экономика тармагын бүтүрдү. Бирок өзүнүн кесиби боюнча иштей элек. Анча-мынча суук тийип кала турган болсо ооруканага жеткирбей эле бизди өзү дарылап коёт. Үй-бүлөлүк чакан бизнести дагы аркалайт. Үйдүн куту болуп, энелик мээримин чачып балдарын да тарбиялайт.
Каныкей:
- Сиз аялыңыздын боёнгонуна каршы эмессизби?
- Дүйнөнү сактап турган сулуулук эмеспи. Албетте, боёнгон жарашса каршы эмесмин. Көрккө-көрк кошо турган боёнгучтар бар да. Анан боёнот десе эле чектен ашып боёнсо каршымын.
Бактыгүл:
- Сиздин канча ырыңыз бар?
- Репертуарым кудайга шүгүр. Так эсебин билбейм, бирок, кээ бир адамдар ырымчыл болуп, "Канча ырың бар?"-десе "Көз тийип кетет"-деп канча экенин айтышпайт го. Анын сыңарындай, баары жакшы. Аткарып жүргөн өзүмдүн казынамдагы бардык ырларым жети жүзгө жетип калды. Ал эми калемиме таандык, көкүрөк жарып чыккан ырларым жүздөй десем болот.
- Сыймык байке, сиз мектептерге барып концерт койсоңуз болобу?
Эмне үчүн болбосун. Кызым биринчи класска барды, анын мектебине барып ырдап бердим. Азамат уулум тогузунчу класс болуп калды. Алардын да чакыруусу менен №67 мектепке, көбүнчө өзүмдүн туулуп өскөн жеримдеги мектепке концерт өткөрүп турам. Бир жылда бир, кайсы мектептен кандай чакыруу болсо, барып турганга не жетсин. Баарыбыз эле алтын уядан билим алганбыз да.
Назбийке:
- Сиз канчадасыз?
- (Күлүп)Отуз бештен отуз алтыга кетип жатам. Келе жаткан жолборс жылы мүчөл жылым. Жолборско менин көлөмүмдү окшоштуруп калышат. Ачуум бат келет бирок, боорукермин. Кайра бат жазылып кетет. (Күлүп) Мен ойлойм, жолборс деле жейин деп келаткан жаныбарын боору ачып кетип жебей койсо керек.
- Туулган күнүңүздү тососузбу?
- 1998-жылдан бери туулган күнүмдү эл менен чогуу концерт берип тосуп келе жатам. Ар ким ар кандай ойдо болсо керек. Жеке мен өзүм туулган күндү өткөргөндү, башкаларды да туулган күндөрү менен куттуктаганды жактырам.
Бакыт:
- Ырларыңыздын сөздөрүн көбүнчө акын эжелер Бактыгүл Сейитбекова, Бактыгүл Чотуровалар жазат эмеспи. Ал акындарга атайын заказ бересизби?
- Буга чейин мен өзүм деле сөз жазчумун. Мисалы, "Маңкурт баяны", "Бөлөмө", "Жалгыз там", "Көлдүк кыз" деген ырларды өзүм жазгам. Филармонияда иштеп жүргөн кезимде устаттарым: Эстебес, Тууганбай агайларым менен иштеп калдым. Бир күнү Тууганбай аганын сүйүү жөнүндө
"Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй катып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге."
- деген бир куплет ырын окуп калдым. Сүйүүнү төрт саптын ичине батырыптыр. Ошондон кийин ыр жазгым келбей калды. Айтаар оюңду он куплет менен жеткире албагандан кийин жазбай эле коёюн деп калдым. Көбүнчө ал эжекелер өзүмдүн оюмдагыдай ыр жазып беришет.
Каныкей:
- Бийлейсизби?
- Көлөмгө жараша мен деле бийлейм. Сыр бөлүшүп, институттан бери чогуу жүргөн досторум менен үй-бүлөлүк катыштамын. Алар менен эки айда бир чогулуп турабыз. Ал досторумдун арасында мен ырчы Сыймык Бейшекеев эмес, студент Сыймык Бейшекеев болом. Бийлейм, тамашалашам дегендей.
Гүлжамал:
- Маанайың бузулганда өзүңдү кантип сооротосуң?
- Азыр эми маанай бузула турган нерселер көп да. Көңүл чөгүп калган учурда көбүнчө адабий, тарыхый китептерди окуп, образга кирип кетип, өзүм башкы каарман болуп алам. Көп учурда досторум менен бильярдга барам, мончого түшүп, кафеге олтуруп эс алам.
Бакыт:
- Жаңы чыгып келаткан ырчыларга кандай көз караштасыз?
- Жакшы ырчылар бар, албетте. Бирок, жарк этип жүзү менен чыккан обончулар жок болуп жатат. Азыр эптеп эле популярдуулукка жетиш керек болуп калды. Алгач атакка жетиш үчүн эмгектениш керек. Биз улуулардын тарбиясын алган үчүн токтоороок ырдап калдык болуш керек. Же болбосо кантип эле "90-60-90"-деп биз деле ыр чыгара албай калалы. Ал ырды ырдаган карындашым кечирип койсун, кийин неберелери "Чоң апа, сиз кандай ырларды ырдагансыз?"деп сурашса, "90-60-90 менин фигурам" деген ырды ырдагам" деп олтурса. Мен эми ал ырга түздөн-түз тийишүү эмес, мисал айтып жатам. Адам өзүнүн 50-60 жаштан кийинкисин элестеткенде уялбагандай болуш керек деп ойлойм.
- Салмагыңызга кандай кам көрөсүз?
- Салмакты жөнгө сала турган нерсе суу. Убактым болгондо сууга түшүп турам. Эртең менен алтыда бассейнге барып, бир саатта 2 километр аралыкты сүзө алам. Бул менин жакшы ийгилигим деп мактанып кетсем болот. Кээде гастролго кеткенде гана бассейнге баралбай калам.
Каныкей:
- Сулуулук салонуна барып, же болбосо косметика колдонгон учуруңуз болобу?
- Сулуулук салонуна бир айда эки жолу чач кырктырганга анан эки айда бир жолу эркек үчүн тырмак алдырып, "маникюрга" барып койсо ашыкча деле болбосо керек. Косметика колдонбойм, эркектин эркектей болгону жакшы. Болгону атырдан себинип алам.
- Акчаңыз жок калган күндөрүңүз болду беле?
- Акча жок калган учур азыр деле көп болот. Студент кезде акчам бар болгон күндү көп эстей албайм. Бирок, ошол убакта эле бирди эки кылганга шыктуу болчумун. (Күлүп) Каникулда арак бизнесине аралашкам. Беловодскийге спирт ташып барып, контрабанда менен шугулданып калгам. Ошону менен кетсем балким, азыр чоң бизнесмен болмокмун.
Сыймык:
- Мектептен кыздарга тийишчү белеңиз?
- (Күлүп) Кыздарга азыр деле тийишем. Тентек болчумун, анда жоошутуп койчу кишилер бар болчу да. Ата-энем мектепте иштегендиктен өзүм ойлогондой бейбаштык кыла албай калдым. Анда эмне бантиктерин партага байлап, сумкаларын лезвия менен тилип, моюндарына кар салып дегендей... Бирок, сен андай кылба, макулбу, Сыймык?..
Айнура Касымова