окумал

Аздек Намазбекова
Көз мончок
Төп келген түш
Турмуштун ак-карасын, жакшылык-жамандыгын ажыратып биле элек кездеринде кесилишкен, ийнеликтей илмейген, мөлтүрөгөн "малолетка"-жаш кыздар үчүн кылмыш дүйнөсү кызык туюлат окшобойбу. Айрымдары апакай,аруу денелерине татуировка тарттырышып, жалаң бул чөйрөнүн тили менен сүйлөшүп, ырдашып деле кабагым-кашым дебей күн өткөрүшкөндөй сезилет. Колунда бар "свиданкага" чыккандары фильтирлүү тамеки тартышса,кээси гезиттин айрындысына ("тарочка" деп аталат) "махоркадан" салып, ичке түтүктөй кылып ороп, эки чекесин шилекейлеп бекитишип, анан кирпиктери төгүлгөн көздөрүн сүзүлтүшө кере сорушуп, узун сөзгө киришет. Жаш кызга жарашпай эле калат.
- Чекпей эле койбойсуңбу? Кыз деген атыр, гүл жыттанып туруш керек. Чыксаң сасып тамеки буркурап турсаң жаныңа кайсы жигит жолосун, жаа бою качпайбы. Сулуу жүзүң,үнүң киркиреп бузулат,-деп апалар күлүп, акыл-насаат айтымыш этишсе,бирөөсү актангандай үн катты:
- Апа, көнүп калыптырмын… Эми чегип-чегип алайын, жакында амнистия чыгат деп жатышпайбы. Бошоп кетсем таштайм да. Апам көрсө өпкөмдү үзөт! Ансыз деле өткөндө "свиданкага" чыксам, шекшинип "тамеки жыттанып жатасың?" деп атпайбы. "Ой, ап-па, "отрядда" жүз аялдын элүүсү тартат. Анын жыты кийимиме сиңип деле бүттү да" деп кутулдум. Ошон үчүн оюмда, бутум зонанын дарбазасын аттаар менен таштайм деп жүрөм.
- Баса, чын эле амнистия каралып жатыптыр го?..
- Жо-ок, биздин "отрядный" айтты го,кол коймою эле калыптыр деп… Буюрса, зоналар тазаланат,көптөр бошойт окшойт?..
- Ошол күн качан келет?! Тим эле "волядан" мороженое менен шоколаддан бир коробка алып жейт элем.
- А, кокуй, баласыңда деген ушу да! Биз минтип Кудайлап, эптеп эле эркиндикке чыгып, бала-бакырабыздын маңдайына жетсек деп олтурсак, бул шоколад дейт тура,-деп күлдү апа.
Күндөр жыбылжып жылып, жылдар алмашып, "отряддын" жанындагы үч түп алма гүлүн ачкан маалда Мунапыс чыкты деген жакшы кабар уктук. Сүйүнүчтөн каректерге жаш айланды. Жүрөктөр толкуду… Аялдар күжүлдөп эле бири-бирин кучактап өпкүлөшүп, куттукташып жайдары жүрүштү. "Спец часть"чоң чогулуш жасап, түшүндүрмө беришти. Кылмыш ишинин оор-жеңилине, жаза мөөнөтүнүн аз-көбүнө жараша иштери Башкармалыкка жөнөтүлүп, Мунапыстын негизинде жылынан кыскартылып алынып келээрин билдик. Жылы эсептелип кыскарганда кетээр күнү келип калгандар комиссияга, анан сотко коюлуп, чекесинен аялдар азая баштады. Зонадагы жадатма окшош күндөр өкүмүн сүрүп,эптеп күн өткөрүп жатканда чыккан мунапыс бизди бир топ эле жандантып койду.
Эх! Эңсеттирген эркиндик!!!
- "Намазбекова Аздек! На освобождение! С вещами срочно в ДПНК!" деп селектордон жаңырса, ушул турган турпатым боюнча жүгүрүп кетет элем?!- десем Дарыя жылмайып, мени эликтегендей эрдин чормойто калып:
- Деле кыялкечин кантейин… амнистия чыкса эле жети жылың менен кете калам дебей, "жылыман жакшыраак алынып келсе экен, дагы бир-эки кыш зонанын карын күрөп, жазын тосуп, анан чыгып кетейин" десең боло, куру үмүткө жетеленбей.
- Эми буйруган күнү бошойм дечи! Кыялданып койдум да… Бүгүн бизден беш аял кетти. Үчөө УДО, экөө "колонкага". Алар чай,конфет коюшуп, биз жакшы тилектерибизди айтып узаттык. "Селектордон" үчөөнү кайра-кайра чакырып жатышса алар "хлебкалары" менен коштошо албай ыйлап жүрүшөт. Айтор чуру-чуу түшүп эле калдык. Өзүм кетип бараткандай жүрөгүм алып -учуп… Суктанып арттарынан карап турдум.
- Капаланба, сен да бошойсуң, артыңан мен чыгам. И-ий, анан жакшынакай кийинип, боёнуп алып, жакшы-ы бир кафеге барып,сону-ун тамактардан алып ичип, "от души" эс алат элек ээ?! Тим эле бутум үзүлгөнчө бийлейт элем. Күйөөм менен бийден таанышкам да, ал да жакшы бийлейт. Көрөсүң, тааныштырам. Анан ушул күндөрдү эстейт элек.
- Эмнесин эстейсиңер?! Тезирээк унутуп коёлу дебейсиңерби?-байпак токуп олтурган Бегим сөзгө кошулду. Ал кагазым келсе эле кетем деп камынып жүрөт.
- Оме-ей, бул күндөрдү унутуп коюу мүмкүн эмес! Жүрөктө калды да!- деп Дарыя үчөөбүз талашып-тартышып отуруп, "отбойдун" алдында тарадык.
ХХХ
Июль айында Бегимдин жаза мөөнөтү аягына келип жетип, бошоп кетти. Колубуздан келишинче жакшынакай кийинтип, көңүлүн көтөрүп, жакшы сөзүбүздү арнап, бакыт каалап узатып кала бердик. Дарыя экөөбүздүн экиден жылыбыз алыныптыр, сүйүнүп калдык. Таңкы "сьём" менен жумушка кетип, "швеядагылар" тиккен көк кофталарга көзү кичинекей мончок шуруларды тиккенден көзүбүз чарчап, чаңдан кызарып, олтуруп иштегенге эки далыбыздын ортосу уюп оорутуп, кечинде "отрядга" араң келебиз.
- Аздек, тигине самсы жасап ысык турсун деп ороп койдум. Чайыңды кайнатып койгом,- деп "жарилканы" жууп-тазалап, көзөмөлдөгөн Кымбат апа жаркылдап тосуп алып, көңүлүмдү көтөрөт. Кучактай эки бетинен өөп:
- Рахмат, алтын эле аялсыз да! Азыр мен Дарыяны чакырып келейин, сиз да биз менен чай ичиңиз.
Жумуштан келсең "жарилкада" кээде киши көп болуп, точкага кезегим тийбей, тамак жасай албай калган күндөр болгон. Дарыяларда да бизден беш-бетер точка талаш, анын айынан уруш көп чыгат. Бир күнү Кымбат апа "тамак-ашыңды жумушка кетип атканда "каптёркадан" ченеп алып, таштап кетип жүрбөйсүңбү? Ансыз деле керелден-кечке точка талашкан катындар менен урушуп-талашып ушул жердемин, жасап коём. Андан көрө менин жасаганымды жактырасыңбы?"-деп күлүп калган. Мен сүйүнүп эле макул болдум. Анткени тамакты абдан даамдуу жасаарын билем. "Жарилкада" бир маалда төртөөбүз тамак жасасак, бири-бирибизден сурап, бышканда сөзсүз ооз тийгизебиз. Ошол күндөн баштап мага түрлөп жоктон-бар кылып, тамак жасап коёт. Негизи абактагы биздин "отряддын" ашканасынан мен көп нерсени үйрөндүм. Аялдардан көп кеп-кеңеш уктум.
ХХХ
"Централдан" этап келди деп аялдар жүгүрүп калышты. Күткөндөрү -"малява". Анткени "централда" бирөөнүн уулу, бирөөсүнүн күйөөсү же "общенеци" же "однохлебкасы" олтурган болот. Алар Степноеге этап кетээрин угары менен "монастрга" каттарын түртүшөт, ала баргыла деп. Бышыктары "шмондо" алдырбай сактап калышат. Кээси алдырып ийип, кат күткөндөр арманда калат.
- Аздек деген сенсиңби? Сага Дастан дегенден үч "малява", шкатулка келген "хатага". Ал азыр "Петровкада", билесиңда ээ? Кечирип кой, "централда шмондо" алдырып ийдим,- деп мени издеп келиптир жаңы келген бир жаш кыз. Ичим ачышып калды. "Эмне деп жазды болду экен?" деп окулбай калган катка кейидим. Оор мүнөттөрдө жылуу сөздөрү менен жылмаюу тартуулаган жигит көз алдыма тартылды.
- Тигил кызың калп айтып койду менимче, кантип эле үчүнчү "ходка" менен отурган кыз кат алдырып ийсин?! Жөн эле ич күйдүлүк кылып бергиси келбей койду, билип эле турам. Өзүң ойлосоң, Дастаныңдын зонада экенин ал кыз кайдан билет? Демек окуду… -деген Дарыянын сөзү ого бетер жарама туз куйгандай ачыштырды. Келбети келишимдүү, көз карашы өткүр, сүрдүү, кырдач мурун, сөздөрү жагымдуу тамашакөй жигит эсиме тез-тез түшүп, түшүмө киргенинин себебин эми түшүндүм. Көрсө ал унутпай утур эстеп кат жазып, жооп күтүп жүргөн тура…
ХХХ
Айлана, бак-дарактар ак жоолук салынгандай карга чулганып, баскан сайын бут алдымда "кырч-курч" эткен кышты жакшы көрөм өзүм. Бетимдин, мурдумдун учу кызарып үшүп, таманымдын тызылдаганына кайыл болуп, айланып сыртта көпкө басам. Кыздар менен кар томолоктоп ойношуп, бири-бирибизди үйүлгөн карга жыгып, эжекелетип мойнуна муздак кар себелеп, каткырык-күлкү менен "отряддын" алдындагы карды тазалайбыз.
"Промзонада" кээде ар түрдүү себептерден улам жумуш болбой калат. Андайда телевизор көрүп, кемпирлерди тажатып келин кезин, сүйүүлөрүн сурап, алар "капкайдагыны эске салбай жөн олтурчу" дешкендери менен оту өчкөн көздөрүн күлмүңдөтүп сүйлөп беришет.Кызыгып уккандан тажабайсың.
Кээде керебетте жаздыкка жөлөнүп олтуруп "Шансонду" угуп, шаль токуйбуз. Анын үстүнө Жаңы жылга аз калды, салатка шпрот сатып алалы, тортко маргарин, ак ун керек. Үйдөгүлөрдөн үмтөтүп олтура бербей эл катары биз деле кам көрүп коёлу деп эки шаль "заказ" алып алгам. Жанталашып бир да мүнөтүмдү текке кетирбей токуп олтуруп эсиме түндөкү түшүм кылт этти.
- Апа, -дедим жанымда көзүн ачып-жуумп , теспесин кармап, ойлуу жаткан кемпирге.-Түшүмдө чоң топ ачкыч көтөрүп алып ДПНКнын жанындагы темир эшиктин түбүндө турам. Кантип жоруса болот?
Көздөрүн жүлжүйтүп мени теше тиктеп туруп, бир топтон кийин шыбырай:
- Аа, жайнаган гүл кызым… Мына, менин тилимди алып эки жыл катары менен түн уйкуңду бөлүп, Жаратканга жалынып, орозо кармадың эле…Эч ким менен ушунча олтуруп урушуп-талашпай түз жүрдүң, жакшы иштедиң, кемпир-кесекти апакелеп күлдүрүп көңүлүн алып, үйүңдөгүлөр келгенде чай-наныңдан берип, карыптарга каралашып жүрүп алкыш уктуң. Мына, акыбети кайткан турбайбы! Бул түшүңдү менден башка жан кишиге айтпай тур. Бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү тиет дегендей…Буюрса жолуң ачылып, бошоноор күнүң жакындап калган окшойт. Оомийин!-деп ооз учунан бир нерселерди күбүрөп керебетине отура калып, алаканын жүзүнө сүртүп калды.