спорт

Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
Кыргыз элинин улуттук оюндары боюнча сөз козгогондо шак эле Көк бөрү, Кыз куумай көз алдыбызга элестейт. Ал эми дүйнөлүк деңгээлге ат оюндарынан Көк бөрү чыккан болсо, логикалык оюндарынан Тогуз коргоол эл аралык масштабда ойнолуп жатат. Сиздерге Тогуз коргоол оюну тууралуу маалымат берүүнү ылайык көрүп олтурабыз.

Тогуз Коргоолдун изилдөө тарыхынан
Орустун изилдөөчүлөрү "Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан" дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу "Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол оюну пайда болгон" деген.


Тогуз коргоол оюнунун эрежеси
Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз.


Кыргыз Республикасынын Тогуз коргоол оюну боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу
Кийизбаев муратбек Сагынбаевичке аталган оюн тууралуу суроо салдык
Логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюн
- Тогуз коргоол оюну тууралуу кыскача айтып кетпейсизби?
- Тогуз коргоол байыркы көчмөндөрдүн жашоого, айлана-чөйрөгө болгон көз карашынан улам келип чыккан баа жеткис эстелик. Ар бир муундардан чебер искусствону, логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, жыйнактуулукту, тапкычтыкты талап кылган оюн. Тогуз коргоол деген ат кандайча пайда болгонун изилдеп көрсөк, так сан болгондуктан - тактыкты билдирет. Элибизде - "Эки жип эшилет, үч жип өрүлөт, тогуз жип токулат" - дешет. Токулган жип көчмөн элдердин оокат-тиричилигине буюм болуп саналат. Негизи эле тогуз санын ала турган болсок көп кызыктуу маалыматтарга дуушар болобуз. Ал эми тогуз коргоол оюнун качан, ким тарабынан жаралган экендиги алигиче так аныктала элек.
- Кыргыз элинен башка дагы кайсы элдер тогуз коргоол оюнун ойноп келишет?
- Тогуз коргоол оюну биздин заманга чейин эле Гунну, Сак урууларында ойнолуп келген. Бизден башка кытай, казак, өзбек, каракалпак, түрк элдери ойноп келишет.
- Тогуз коргоол Дүйнөлүк Олимпиадага киргенби?
- Былтыр 2008-жылдын октябрь айларында биздин команда Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасында Чехиянын Прага шаарына барып ойноп келишти. Ал жерден кичине туура эмес түшүнүктөр пайда болуптур. Тогуз коргоол биздин кыргыздын тактасы менен ойнолгон. Ошондо Камчыбек Касымов аттуу оюнчубуз казактын оюнчусун ута берген экен. Жини келген казактын Шотай Максат деген оюнчусу "Мен бул такта менен ойнобойм! Мен өзүбүздүн казак тактасы менен ойнойм" дептир. Калыстарга Камчыбек "Бул тогуз коргоол деген оюн. Шарт боюнча бардыгы туура. Тактада Тогуз коргоол деп жазылып турат" деп көрсөтсө, казактар "Тогуз коргоол оюну Дүйнөлүк олимпиадага кирген эмес. Тогуз кумалак оюну кирген" деп алар мурун киргизип алган экен. Аягында тогуз кумалак менен ойношкон.
Казактардын оюнунун эрежеси менен ойноп жатабыз
- Азыр да тогуз кумалактын эрежелери менен ойноп жатышабы?
- Ошол окуядан кийин биз алардан айырмаланып, башкача эреже менен ойноп калдык. Башкача айтканда үйүнө коргоол калтырбай ойноп калганбыз. Декабрь айында бардык жерге кат жазып, башка эрежеге көчүүгө аргасыз болгонубузга карабастан жеңил эреже менен ойноп жатабыз, башкача айтканда казактардын тогуз кумалак оюнуннун эрежеси менен. Эгерде башка эрежеге өтө турган болсок, казактар бизге келгенде биздин эреже менен, биз аларга барганда казактардын эрежелери менен ойномокпуз. Бир эле жерин алмаштырганда техника-тактикалык ыкмалар таптакыр өзгөрүп кетет экен.
- Тогуз коргоол оюну боюнча мелдештер канча убакытта бирден өткөрүлүп турат?
- Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол оюну боюнча атайын спартакиадасы (мелдеши) төрт жылда бир өткөрүлүп турат. Быйыл мелдеш Жалал-Абад облусунда өткөрүлдү. Ал эми тогуз коргоол оюну боюнча Азиянын мелдеши Чымкент шаарында өткөрүлдү. Биздин оюнчулар да барып ойноп, байгелүү орундарга ээ болуп келишти. Камчыбек Касымов, Нурбек Имакеев, Мирлан Кудайбергенов, кыздардан Эльмира Кудайбергеновалар мыкты ойношот.
- Аталган оюн боюнча кыргыз оюнчуларынын деңгээли кандай?
- Биздин деңгээл жакшы, бирок андан жогорку тепкичке өсө албай жатабыз. Анткени аталган оюн боюнча мелдештер өтө аз болуп жатат. Экинчиси Кыргызстандын алыскы аймактарынан акча маселесине байланыштуу келе албай жатышат.
Тогуз коргоолдо жеңиштин эки жолу бар
- Шахмат оюнунан кандай өзгөчөлүгү бар?
- Шахмат оюнунда жеңиш үчүн бир гана жол бар. Королго (падышага) мат коюш керек. Эгер мат коё албай калганда оюн тең чыгуу менен аяктайт. Ал эми тогуз коргоолдо жеңиштин эки жолу бар. Оюн учурунда коргоолдорду утуп 82 кылып алсаң болот. Оюндун аягында "Ат суроо абалы" деп коёт. Ошол ат суроо абалына алып келип утса да болот. Атаандашыңдын жүрүштөрүн азайтып, коргоолдорун сизге өткөрүп бергенде сиз уткан болосуз.
- Жогоруда казактардын тогуз кумалак оюну тууралуу сөз козгоп кетпедиңизби. Ал оюндун биздин тогуз коргоолдон айырмасы эмнеде?
- Тогуз коргоолдун тактасы ак жана кара түстө болуп, актын казаны акта, каранын казаны кара жагында турган болсо, тогуз кумалак оюнунда каранын казаны ак, ал эми актын казаны кара жагында болот. Оюнду негизинен ак жагы баштайт. Ал эми казактардын оюнунда ким баштаганы билинбей калат. Оюнда саат ак жакта болууга тийиш.
- Оюнга канча убакыт берилет?
- Ар бир оюнчуга оюндун эрежеси боюнча бир жарым саат убакыт берилет. Эгер берилген убакыттын ичинде отуз жүрүштү жүргөн болсо, кошумча дагы жарым саат берилет.
- Тогуз коргоол оюнунун логиканы өнүктүрүүдө ролу чоң болсо керек?
- Негизинен логиканы өнүктүрүүгө жакшы жардам берет. Башталгыч класстагы балдарга математикалык бардык эсептер ушул оюндун ичинде бар. Кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүнүн бардыгы камтылган. Тогуз коргоол оюнун кичине кезинде эле көбүрөөк ойнотсо так илимдерден мыкты болушат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен "Мектептин бардык класстагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулсун!" деген буйругу киргизилен. Бирок, ал буйрук кандайдыр бир себептер менен аткарылбай келе жатат.

Тогуз коргоол тууралуу легенда
Эски Илгерки Манастын бир вариантында: Жолоочулар кетип баратып бир жерге конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү коюп, ал эки төөгө асыл таштарды артып салышат. Калган төөлөр тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Чуңкурларга төөнүн коргоолдору тогуздан болуп калып калыптыр. (Төөнүн кыгын да коргоол дешкен). Мына ошондон тарта "Тогуз коргоол" деп аталып калган. Окуяга кабыл болгон кишилер ойлонуп олтуруп, ушул оюн пайда болгон деген да пикирлер бар.