"Обон" шоу-таймс

Назгүлгө төш белги тагылды
Продюсер Назгүл Насиева эки миңден ашык кайрымдуулук концертти, абак ичинде ар кандай спорттук мелдештерди, сулуулар сынактарын өткөрүп, Улуттук биринчи каналдан "Темир тордогу үмүт" көрсөтүүсүн алып барып келген. Он жылдык эмгегинин натыйжасында, Жазаны аткаруу башкы башкармалыгынын өтүнүч каты аркылуу Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланып олтурат. Сыйлыкты Мамлекеттик маданият агенттигинин директору Раев Султан Акимович өз колу менен тапшырды. Продюсердин сыйлыгын биз да куттуктап, ийгиликтерди кааламакчыбыз.


Үй-бүлөнү уруштурган бриллиант шакек
Бактылуу жубайлар Мүзүр менен Гүлмиранын ортосуна бүлүк салгысы келген күйөрмандар табылды. Мындан бир жума мурун белгисиз бирөөлөр кичинекей кыздан "Гүлмира айымга" деп жүрөкчө сүйүү каты менен кошуп, 29 бриллиант көздүү алтын шакекти берип жиберген. Мындай кымбат белекти колуна алган Гүлмира айым, жолдошунун куру жемесине калып, кызганычтын айынан экөө үч-төрт күнгө чейин урушуп жүрүшкөн. Акырында бриллиантты текшертишсе, жүз миң сомдон ашык турган чыныгы бриллиант шакек болуп чыккан.



Мекенин сагынган АКШдагы алты ырчы
АКШда жашаган кыргыздарга арнап, "Кыргыз клуб" коммерциялык уюмунун жетекчиси Айбек Накимов Кыргызстандан бир топ ырчыларды чакырып, уюштуруучу Миргүл Эсеналиеванын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, жаш ырчылар: Бактыгүл Бадыева, Максат Бегалиев, Арсен, Микаэлдерди чакырган эле. Ырчыларыбыз ал жактан Омарды өздөрүнө кошуп, мекендештерибизге жагымдуу концерттерди тартуулап жүрүшөт. Бир топ убакыттан бери Американын кооз жерлерин кыдырып жүрүшкөн ырчылар 27-декабрда Кыргызстанга кайтып келишет.


Небересинин тушоосун кескен таене
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова 19-декабрда "Сейтек" өспүрүмдөр жана балдар борборунда жаш таланттардын коштоосу менен чыгармачылык жеке концертин тартуулайт. Концерттин өзгөчөлүгү-ушул күнгө чейин жанынан чыкпай, жан шериги, кичинекей сынчысы болуп келген небереси Сайкалдын сахнадагы тушоосун кесип, эл алдына алып чыгат. Таенесине небереси, небересине таенеси жарашкан бул концертте, күтүлбөгөн көптөгөн сюрприздер да болот.


Азат Москвада
Өзгөчө стили менен мукамдуу үнүн айкалыштырган ырчы Азат Болотбек акыркы убакта көрүнбөй кетти десек, жаңы ырларды жаратып, Россиядагы кыргыз диаспорасы уюштурган концерттерге катышып, талантын Москвада тартуулап жүрүптүр.


Жаңы ысым Зарини тааныйсызбы?
"Кыз жүрөгү" аттуу ырды созолонто ырдай баштаган Зари айым шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштады. "Быссымылда"-дегенде эле алгачкы ырына клип тарттырып, ал клибин көрүүчүлөрдүн тараза ташына коюп турган кези. Өзү Москвада окуп, иштеп жатса да, кыргыз шоу-бизнесиндеги жаңылыктар менен кабардар болуп, ыйык сахнанын босогосун аттаганга аракет жасоодо. Ал эми учурда Зариге продюсер Динара Эсенгулова кеп-кеңешин айтып, жардамын көрсөтүп жатыптыр.