Маегиңе маегим

Айчүрөк Иманалиева:
"Биздин үй-бүлөнү эч ким буза албайт"
- Айчүрөк эже, качанкы окуянын жанданышы сиз үчүн да, сиздин үй-бүлө үчүн да бир топ оорчулукту туудурса керек?
- Өткөн кылымдагы окуяны козгогон адам - келечектен табаар эч нерсеси калбай, үмүт - тилегинен көкүрөгү бош калган адам. Ошондой адамдар гана өткөнгө кайрылып, өткөндүн жарасын ырбатып отурушат. Баарынан да чоңоюп калган уулумдун жан дүйнөсү үчүн санаркадым. Арген 22 жашка чыкты, жашынан ата - теги тууралуу жашырбай айтып чоңойттум. Эл алдында да бул тууралуу жашырган эмесмин. Эркек балага акыр бир күн ата керек болот деп ойлочумун. Паспорт алаарында да: "Арген, сен эми чоңоюп калдың. Биз заманбап адамдарбыз, кыска ойлонбошубуз керек. Сенин атаң ошол, тегиң ошол. Кайсы фамилияга өтөөрүңдү өзүң чеч", дегем. Азыр атасынын наамында жүрөт. Менин таң калганым, кайсы күнөөм үчүн Такен Шаршеевичтин мындай кептерине арзыдым экен. Уулун эрезеге жеткиргеним үчүнбү? Уулуна бир кайрылбаса дагы атасынан алыстатпайын деп, атасы кимдигин айтып чоңойтконум үчүнбү? Баланы, болгондо да эркек баланы эрезеге жеткирүү кыйын. Бала чагындагы азап - тозогуна, өткөөл курактагы өзгөрүүлөрүнө Таалай экөөбүз түттүк, Таалай экөөбүз көтөрдүк. Анан бир күнү бурчтан чыга калып, жакшынакай өсүп бараткан баланын психологиясына доо кетиргенин кандай түшүнсө болот? Мейли мага деген ич күптүсү бар экен, ал эми эркек баласында эмне жазык? Алтымыштан ашып калган киши эртеңин көбүрөөк ойлонуш керек эле, жаза тайып ары карап кетсе топурак сала турган адамы Арген эмес беле. Уулунун жүрөгүн муздатканы туура эмес болуп калды.
- Жада калса кийген кийим, ичкен тамагыңыздан бери санап берген экен?
- Келинчегине кам көрүү эркек кишинин милдети эмеспи. Анын баарын санап отуруш эркекке таандык сапат эмес. Уулунун энесине кылган ар бир нерсесин жадымында сактап, жаттап жүрөрүн билген эмес элем. Алардын баары ар бир үй-бүлөдө кездешчү күнүмдүк көрүнүш болчу.
- А кишинин сиздин элге таанылууңузга жардамы болду беле?
- Мен азыр ийгиликке жеткен ырчы катары эмес, үйүнүн очогун бузбай сактап келген үч баланын энеси катары айтайын. Менин чыгармачылыгым, басып өткөн жолумдун баары өзүмө таандык. Мен бүгүн бирөөдөн көргөн жакшылыгымды эртең унутуп бурулуп басып кетчү адамдардан эмесмин. Элдин алдында жүзүм жарык, өзүмдүн чыгармачылыгыма, ийгилигиме өзүм гана себепкермин. Албетте, мени менен иштешкен композиторлор болду, жакшы ырларды жазган композиторлор, акындар, режиссерлор болбосо өзүм жалгыз ушул чекке жетүү да мүмкүн эмес. Сагын эже, Жылдыз эжелер, Мамбетакунов агайлардан тартып, элге таанымал кылышты. Бул адамдарга азыркыга чейин рахматымды айтып келем. А бирок сахнадагы ордумду мен өзүм таптым.
- Бир кезде "Ала - Тоо периси" болгон жаш кыз кантип ушул адамга тагдырын байлады экен?
- Бул жөнүндө менин китебимде да жазылган. Айылдан 8-классты аяктап шаарга келдим. Шаарда жакын тууганым да болгон эмес. Өжөрлүгүм, көктүгүм менен баарын жеңем, мен ырчы, болгондо да белгилүү ырчы болушум керек деген эңсөө менен чоочун шаарга жалгыз келгем. Бий тобуна катышып жүрүп ал кишини учураттым. 17-18 жаштагы кыздын акылы эмнеге жетет? Улуулардын айтканынын туура - туура эместигин таразалай албай, дароо ынанасың. Улуулардын сөзүн эп көрөсүң дегендей... Өзү айткандай жети эмес, төрт жыл чогуу жашадык. Ошол кезде эле жаш болсом да ал адамдын кандайлыгын сезип билген экенмин. Пайгамбар жашына келип калган аксакал башы менен ошондой кептерди айтып отурганын угуп, бирөө акылсыз болсо, экинчиси акылдуулук кылыш керек болгондуктан, мен андан ары ырбатпай эле коёюн.
Ортодо бала болгондон кийин мындай жаман сөздөр айтылбаш керек эле. Уулумдун атасы болгон үчүн, уулум үчүн болсо да жаман кеп чыгарбоого акылуу элем. Таалай экөөбүздүн үй-бүлөлүк очогубуз түптөлгөнүнө 17 жылдын жүзү болду. Кээ бир адамдардын кара өзгөйлүгүнүн айынан ажырашалы деп 17 жылдан бери чогуу жашап келаткан жокпуз да.
- Негедир ырчылардын арасынан сизди айтып бүтө албай келебиз. Алардын баарын көтөрүш Таалай байке үчүн да оңойго турбаса керек?
- Мен жөнүндө айтылып атса демек, мен кызыктуу экенмин. Ага капа болуштун да кереги жок. Таалай менин чыгармачылыгымды, жандүйнөмдү түшүнөт. Кийген кийимим, колдонгон косметикамдан бери анын колунан өтөт. "Мен эл көзүндөгү адаммын, ар кандай кеп болушу мүмкүн", деп башында түшүндүрүп, бул боюнча кайчы пикирге барбоого келишип алганбыз.
- Маек берип алгандан кийин эсине келгендей гезит беттеринен сизден кечирим сурай баштады. Биздин гезитке да сизден кечирим сурарын айтты. Ал кишинин кечиримин кабыл аласызбы?
- Аны мен эмес, Кудай кечирсин...
- Учурда гезит чыгара да баштабадыңызбы? Түйшүгүн сезип аткандырсыз?
- Гезит чыгаргандан бери анын түйшүгүн жон терим менен сезгенгеби, гезиттердин негиздөөчүлөрүнө, гезиттерге түшүнүү менен карап калдым. Чынында түйшүктүү иш экен. Буйруса чыгып алдык, аста - секин улам өргө жыла беребиз деп ойлойм. Азыр бизде күчтүү команда иштеп атат. 17 - декабрда концерт уюштуруп, гезиттин презентациясын өткөрүүгө камылга көрүп атабыз.
Маек "Кыргыз-Руху"
гезитинен алынып,
кыскартылып берилди