Куудул менен баарлашуу

Күмөндөр Абылов:
"Куудул эмес балекет болсоң да капаланасың"
Жашообузга күлкү тартуулап келаткан куудулдарыбыздын алпы, атын атаса эле күлкүнү элестеткен ысымдын ээси, аты да күлкү, заты да күлкү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов биз менен кенен олтуруп баарлашты.

- Күмөндөр байке, акыркы убакта көрүнбөй кеттиңиз го. Ооруканага жатканыңызды уктук эле, ден-соолугуңуз жакшыбы?
- Оору-сыркоодон кудай өзү сактасын. Бир айдан ашып калды, Нарынга барып кудабызды акыркы сапарга узатып, ал жактан кайтып келатып, Токмоктун жолун ремонттоп жатышканбы, жолдон цементти сүзүп кырсыктадым. Кудай чоң сактады. Дарыланып чыктым. Азыр кудайга шүгүр, ден-соолугум жакшы. Ал эми көрүнбөй кеткенимдин себеби, учурда театрыбыз ремонтто. Мен өзүм көптөн бери казактардын "Күлкү кербени", "Күлкүстан" деген күлкү театрлары менен иштешип жүрөм. Жакында Казакстандын бир топ шаарларына барып, элге күлкү тартуулап келдик.
- "Аралаштын"ай сайын өтүүчү концертине эмнеге катышпайсыз?
- Концерттердин көбүнө чыкпайм. "Аралаштын" күлкүсүнө да катышкан жокмун. Себеби, өзүм төрт жылдан бери концерт берелекмин. "Жеке концертимди берем"- деп өзүмдү сактап жүрдүм. Эми 26-28-ноябрда автордук концертимди тартуулайм. Анын үстүнө өзүм да эл менен сахнадан жолукканды сагынып калыптырмын.
- Концертиңизге "Аралаштагы" досторуңуз катышабы?
- Жок, алар катышпайт. Бул жолу жалаң жаңы сатиралар, жаңы интермедиялар ойнолот. Анан менин ырларымды аткарган ырчылар катышат. Эски сатираларды да эл сагынып калат экен. Нарындан атайын биринчи өнөктөштөрүм Маамытбек менен Канатты чакырттым. Алар менен "Майыптар: чолок, дүлөй, сокур" жөнүндөгү сатирамды азыркыга үндөштүрүп коёбуз. Себеби, майыптардын да бүгүнкү күндөгү коомго болгон көз караштарын, ички көйгөйлөрүн ачык айтып берели деген ниеттебиз. Мени коштоп "Дем"театрынын балдары келишет.
- Кыргызда той-топур, майрам деген көп эмеспи, тойлорго барып кызмат кыласызбы?
- Заманга жараша барбайын десең да тойлорго барып кызмат кылууга туура келүүдө. Жашоо ошого алып барып жатпайбы.Тойлордун деңгээли ар башка болот. Бирине жаксаң, экинчисине жакпайсың дегендей. Өткөндө айылда бир тойду алып барып жатсам "Өзүңдүн авторитетиңди кетирип, той алып барбай эле койчу"деп мага бирөө күйүп-бышып алыптыр. Антпесек да болбойт да.
- А өзүңүздүн үй-бүлөңүздө кандай тойлор болуп жатат?
- Быйыл май айында эгиздин түгөйү Аваз уулум үйлөндү. Кыргыздын салты менен эки жыл мурун келин балабызга сөйкө салып келгем. Экөө мектептен бери эле сүйлөшүп жүрүшчү. Үйүбүзгө баш кошулуп, жаңы келиндүү болдук. Эми небере күтүп жатабыз.
- Балдарыңыз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Мен беш балалуу болгом. Бешинчи балабыз Алаш чарчап калган. Улуу кызым Чүрөкгүл азыр мугалим болуп иштейт. Эгиздин түгөйү Нават кызым окуусун бүтүп, анысын жогорулатуунун алеги менен. Үйлөнгөн уулум Аваз, келинимдин аты Гүлзат. Экөө тең студент. Төртүнчү уулум Намаз жогорку окуу жайында информатика тармагында окуп жатат. Өзүм бир да балама ат койгон эмесмин. Баарына тең ысымды өзүмдүн атам койгон. Азыр бапырап Жамила экөөбүз төрдө эле олтуруп калдык.
- Дайым кыймылда болуп туруш үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап, спорт менен машыгасызбы?
- Мен 1993-жылы жүрөгүмдү оорутуп алгам. Мага оор жүк көтөрүп, күч келтире турган көнүгүү, машыгуулар болбойт. Болгону көп басышым керек. "Басайын"-деп бильярд ойногонго көп барам. Бильярддан биринчиден мээң да эс алат. Оюңдун баары оюнга бөлүнүп кетип, ар кандай ойлордон башың тазаланат. Буту-колуң кыймылда болуп, физикалык жактан чарчайсың. Бош убактымда, анан капа болгондо бильярдды көздөй жөнөйм.
- Бильярдка кеткениңизде жеңебиз сизди урушпайбы?
- Бир жолу Бектин "Аялым чалып калганда бильярддын таштарынын үнү угулуп жатса "Аа, качан келип каласың?"дейт, ал эми таштардын үнү угулбаса "Каяктасың?-дейт" деп берген интервьюсун окуп алып, так гана меникиндей экен деп күлдүм эле. Анын сыңарындай мага да аялым улам жарым саатта чалып текшерип турат. Мына эми шарды атайын десең тоскоол болуп "Оюнуң качан бүтүп калат?"деп турмайы бар.
- Жубайыңыздын кайсы тамагын жактырып жейсиз?
- Чынында тамак тандабайм. Негизгиси чочконун эти же шорпосу болбосо болду. Жакшы тамак болсо калтырбай жеп алам.
- "Күмөндөр" десе эле сизди күлүп жүргөн адамдай элестетишет. Ачууңуз бат келеби же чын эле дайыма күлүп жүрөсүзбү?
- Башта айткандай капа болгондо ачуумду бильярд унуттурат. Билбейм, барган сайын нерв жукарып баратабы, мурда жаман нерселерди бат эле унутчу элем, азыр көпкө чейин унута албай ойлонуп калчу болдум. Эми тирүү жан болгондон кийин куудул эмес балакет болсоң дагы капаланасың да. Мен өзүм ыйлаак жандардын катарына кирем. Китеп окуп жатып деле ыйлап, тамгалар көрүнбөй жайылып кетет же болбосо индиянын кинолорун көрүп бугум чыкканча ыйлап-ыйлап алсам, сыртта күн чайыттай ачылгандай сезилет. Ыйлагандын да пайдасы бар. Ичтеги бугуңду ый аркылуу сыртка чыгарып алсаң, анча-мынча оорудан алыс болосуң. Менин ачуум тез келет. Бир жаман жери башкаларды таарынтып алам, бирок беш мүнөт өткөндөн кийин өзүм кайра кечирим сурайм.
- Күлкүлүү окуялар эл арасына тарап кетсе, "Күмөндөр айтты" деп калышат го. Кызыктуу окуяларыңыздан айтып берсеңиз?
- Эл арасында жүргөн күлкүлүү окуяларды же өздөрү жасаган жоруктарды, сен айткандай, "Күмөндөр айткандай" деп мага шылтап коюшат. Анын ичинде уят окуялары да бар. Мен МАИчилерге ыраазымын. Тосуп калганда таанып, жакшы сөздөрүн айтып коё беришет. Бир жолу иштер менен шашып баратып кармалып калдым. "Ай, байке, жол эрежени буздуңуз, шашып кайда баратасыз?"дегенинен, "Сага учурашайын деп шашып келатам" десем, күлүп калды. Анын сыңарындай, бир күнү бирөөнү МАИ тосуп калат. "Байке, жол эрежесин бузганыңызды айтпай эле коёюн, мага Курманжандан бирди таштап кетпейсизби"-десе, күнөөлүүсү "Карыган Курманжанды эмне кыласың, андан көрө жашыраак Бүбүсараны таштап кетейин" деп беш сом таштап кеткен тура. Муну да Күмөндөр кылды деп мага жабыштырып жүрүшөт.
- Эмгегиңиз сиңди, эми Эл артистикти качан беришет болду экен?
- Кудай буюрган күнү дейин десең, Эмгек сиңиргенди 1993-жылы алдым. Негизи мамлекеттик сыйлык алгандан кийин ортодо төрт жыл өтүш керек. Анан иштебей эле жүрө берсең албетте албайсың да. Антейин десең,
1993-жылдан бери иштегенимди эл билет. Жутунуп суранбаганымдын себеби, чоңунан-кичинесине чейин мени сыйлап турган күйөрмандарымдын өзү Эл артистиктен чоң наам. Бирок, бул утурумдук нерсе, менин бир интермедиямда "Өлгөндөн кийин деле авторитет керек" деген сөзүм бар эле, анын сыңарындай өлгөндөн кийин деле авторитет, намыс керек. Эми беришсе албайм деп "отказ" кылбайм, кээ бирлери татыксыз эле ортого киши салып алып жатышпайбы.
Жакында "Кош жылдыз" деген долбоор чыкты. Кечээги балдар: Сьездбек, Мирбектерди калыстар тобуна мүчө кылып, Каныкей эжени сындатып коюшту. Керек болсо Каныкей эженин алдынан өткөн ырчылар эл артистикти эчак алышкан. Гүлнур баш болуп Каныкей эженин алдынан сындан өтсө жарашмак. Мен аларды кемсинтпейм, болгону салыштырмалуу айтып жатам. Муну мен эмес көргөн элдин баары айтып, таразалайт. Каныкей эже эми Эл артистикти алып олтурат. Угуп алып абдан сүйүндүм.
- Концертиңизден кийин кандай пландарыңыз бар?
- Концерттен кийин токтолбой эле сагынып калган элдерге күлкү тартуулап, Кыргызстанды кыдырып ушул программа менен турне жасайм. Күйөрмандарым мага кандай күйүшсө, мен аларга эки эселеп күйгөн адаммын. Жүздөрүнөн ылайым күлкү кетпесин. Ал эми мен дайыма калтырбай окуган "Обон"гезитинин аты айтып тургандай, кыргыздын обондорун бузбаганга салым кошуп, алдыңкы гезиттерден болуп жүрө бергиле.
- Рахмат, маегиңизге. Сизге да ден-соолук, ийгилик каалайбыз.
Айнура Касымова