Сырмаек

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык
опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов:
"Башында театрга баш бага албай сүрдөгөм"
- Болот Салбарович, театр бала кезиңиздеги эле кыялыңыз беле?
- Бала чагымда "Шубин" музыкалык мектебинин короосундагы үйлөрдүн биринде турчубуз. Скрипка көтөрүп жаныбыздан өткөн балдарды көрүп, короодогу топ балдар жөн өткөрбөй тийишчү элек да. Анда өзүм классика жанры боюнча окуп калаарымды кайдан билиптирмин. А бирок мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарда ырдап койчумун. Ошентип жүрүп мектепти бүткөндөн кийин армияга чакырылдым. Ал жактан кызмат өтөп келгенден кийин 1-2 жыл ар кайсы тармакта акча табыш үчүн иштеп жүрдүм. Окууга тапшырып, билим алыш керек деп жүргөндө, гезиттен "Опера студиясына кабыл алабыз" деген жарнаманы окуп калып, Опера жана балет театрына келдим. Бирок ичине кирген жокмун, сыртын көрүп эле сүрдөдүм. Экинчи жылы да келип театрдын сыртын айланып-айланып кете бердим. Ошентип эки жылым текке кетти. Үчүнчү жылы "Көп болсо албай коёт, эмне эле анча сүрдөйм" дедим дагы, чымырканып кирдим. Кабыл алуу комиссиясында операнын корифейлери отуруп, мени ырдатып көрүштү. Кудай жалгап өтүп кеттим. Опера студиясын эки жыл окуп бүтүргөн соң, Москвадагы музыкалык орто окуу жайдан билимимди улантып төрт жыл окуп келдим.
- Театрга директор болгонго чейин басып өткөн чыгармачыл жолуңуздан кеп салып бербейсизби? Туруп- туруп эле директор болуп калган жоксуз да?
- Москвадан окууну бүтүп келгенден кийин Теле-радионун камералык хорунда солист болуп иштеп жүрдүм. 1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда мен да элдин шары менен чакан ишкана ачып иштеттим. Бирок, билбейм, бизнес кандай кишиге ыңгайлуу, мага ылайык эмес экен. 1994-жылы жаш чыгармачыл балдар биздин үйгө көп чогулуп, чыгармачылык жөнүндө көп пикир алышаар элек. Бир курдай "Сапаттуу оркестр түзүп, музыка ойносок. Сиз ушуну уюштуруп бербейсизби" деп калышты. Ошол кездеги Чүй облусунун губернатору Феликс Куловго кирип, эки жакка чуркап жүрүп, Чүй областтык жаштар камералык оркестрин түздүк. Азыр эми жаштар дегени айтылбай деле калды, анткени андагы жаш балдар азыр экиден балалуу болушту (күлүп). Ал кезде биздин оркестр коңшу мамлекеттен музыканттарды чакыртып турчубуз. Бир жолкусунда СССРдин Эл артисти Алик Мирсаидович келген. Президент аны сый тамакка чакырып, барып калдык. Учурдан пайдаланып мен "Мына Алик Мирсаидович Болот Миңжылкиевди өзүнүн мугалими катары санап, аны менен сыймыктанат экен. А биз талантыбызды каза болгондон 6 ай өтпөй унутуп калдык"-деп айттым. Мени ушул нерсе абдан түйшөлтүп жүргөн. Президент башын ийкеп калган. Андан 6-7 ай өтпөй, мени чакыртып кеңештик. "Алгач эскерүү күндөрүн андан кийин фестиваль өткөрүш керек" десем, "Бул ишти өзүң колго ал" деди. Ак Үйдөн телефондон башка эчтекеси жок, бир бош кабинет беришти. Дароо эле Москвадагы Мариинский театрынын директору В. М. Гьергиевге президенттин катын көтөрүп алып бардым. Ал кишинин иш графиги керек болсо 5-6 жылга эрте жазылат экен. Убактысы ушунча тар. Ал Президент үчүн да, мен үчүн да эмес, досу Болот Миңжылкиевдин арбагы үчүн келээрин айтып сүйүндүргөн. Ошентип, 1998-жылы 19-октябрда чоң долбоор жакшы жагына ишке ашты. Ушул убакка чейин коңшу мамлекеттеги кесиптештеримден өйдө "Кантип Георгиевди макул кылып алып келдиң эле, аны бул жакка алып келиш АКШнын президентин макулдатуу менен барабар эмеспи"- деп айтып калышат. Ошондон эки ай өтпөй министрлик (Ал кезде Маданият жана билим берүү министрлиги болчу) чакыртып, "Опера-балет театрынын жетекчилигине конкурс жарыяланып жатат, Сиз да катышыңыз" деп калышты. Карасам тизмеде он экидей адамдын фамилиясы жүрөт. Мен "Катышпайм" деп баш тартып койдум. 29-декабрда оркестр менен репетиция кылып жатсам, кайра чакыртышып, "Конкурсту жокко чыгардык. Сизди бүгүн театрга алып барып, ал жердин жетекчиси катары өзүбүз тааныштырмакчыбыз"-дешти.Театрдагы кесиптештер менен таанышкандан бир саат өтпөй кызык окуя болгон.
- Кандай окуя?
- Театрдагылар Жаңы жылга карата Президенттик балдар балатысына даярданып жатышыптыр. Аларды көрөлү деп сахна тарапка баратсак, артисттер сахнадан түшүп бизди көздөй келишти. Ак Үйдүн мүчөлөрүнө "Биз бул майрамга катышпайбыз" дешсе, мен өзүм жаман болуп кеттим. "Болот Осмонов бизге жаңы дайындалды. Биз муну атайын ага каршы айтып жатат деп ойлобогула. Үч-төрт айдан бери айлык ала элекпиз. Балдарыбызга апельсин алганга чамабыз жок болуп турса, кантип ырдайбыз" -дешти эле, ал кездеги Ак Үйдүн Социалдык бөлүмүнүн башчысы Мира Жангарачева "Эртең саат тогуздан кечиктирбей, айлыгыңарды өзүм алып келип берем" деп, айткан сөзүнө туруп, эртеси театр акчалуу болду. Ошентип, жаңы директор болгонумда ушундай кызык окуя болгон. …Андан кийин Маданият министринин орун басары болуп эки ирээт, телевидениенин башкы директорунун кеңешчиси, продюсер, Филармонияда көркөм жетекчи, мамлекеттик тилди өнүктүрүү комитетинин төрагасы болуп иштеп турдум. Театрга да экинчи ирээт директор болуп дайындалышым. Бүгүн иштеп жатканыма 2 жыл 8 күн толот экен. Ортодон 8-9 айлап эч жерде иштебей калган күндөрүм деле болду. Бирок Чүй камералык оркестрим дайым жанымда болду. Алардын энергиясы менен жүрдүм, таптакыр жумуш жок болсо, мен анда жинди болуп кетмекмин деп ойлойм. Бош жүргөн кезимде мени "Министрдин орун басары, директор болуп иштеп жүрүп, акчаны жыйнап койду да" деп айткандар болду. А мен ал учурда үй-бүлөмдү багайын, нан табайын деп таксист болуп иштеп жүрдүм.
- Тааныштарга кезигип калган жагдайлар учурагандыр?
- Тааныгандар кээде жолугуп калчу. Бир курдай Дастан Сарыгулов шартылдап келип эле, машиненин астына отуруп калып, мени көрүп өзү да уялып кетти. Өзү дагы Мамкатчылыктан жаңы түшкөн кези болчу. "Каякка барасыз" десем, "Көк-Жарга" дейт, жолдон аркы-беркини сүйлөшүп, жеткирип койдум. Мен өзүм ушинтип үй-бүлөмдү багып жатканга намыстанган эмесмин. Жаман жумуш жок да. А бирок адам өзүнүн сүйүктүү иши менен алектенмейин, ыраазы болбойт экен. Мен деле канча жерде иштедим, бирок жүрөгүм театр деп согот. Экинчи жолку дайындаалардын астында министрлик "Тиякка барасызбы же биякка барасызбы" деп өз сунуштарын киргизишкенде, мен "Мага экинчи үйүм болгон театрды эле бергилечи. Анткени мен бул жерден өзүмдү "комфортно" сезем. Театрдын чыгармачылыгынан баштап чарбасынан бери билем" деп айттым эле.
- Учурда театрдын абалы кандай?
- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биздин театрда 3 эле премьера болуптур. Мен келгенден кийин эки жылдын ичинде 9 премьера өткөрдүк. Мамлекеттен бир тыйын акча сурабай демөөрчүлөрдү өзүбүз таап, иштеп жатабыз. Ар бир спектаклге 10 күн калганда билет сурап, театрдын телефону турмак, менин телефонумдун да жаны тынбай калат. А бирок, спектакль даяр болгучакты эмне деген мээнет кетет. Демөөрчүлөргө барып, аларды макулдатканга эле канча энергия, эмгек талап кылынат. Мен көп эле чет-өлкөлүктөрдү демөөрчүлүккө оңой эле көндүрөм дагы, кыргыздарга келгенде эле тилим жетпей калат (күлүп). Бир курдай бирөө "Койчу культур-мультуруңду, менин өзүмдүн футболдук командам бар, үй-бүлөм менен ошол жакка барып эс алам" -дейт. Жанагы бизде өтүп жаткан "Бои без правил" деген таймашка барсаң, демөөрчүлөрү толтура. Мен өзүм да кызыгып эки жолу барып көрдүм. Канды көрүп чыккан балдар "Ким менен мушташсам" -деп агрессивдүү абалда чыгышаарын байкадым. А театрдан чыккан адамдар кандай бактылуу болуп чыгышат, а бирок театрдын деңгээлин көтөргөнгө кыргыз табылбайт. А түрктөрдүн акчасы бар, бирок биздикиндей театры жок, таланттары аз. Ошентсе да жанталашып элден калбай спектаклдерди гастролдоп болсо да коюп турушат. Ушунун баарын салыштырып отуруп, көрсө биз опера, балет деген дүйнөлүк маданияттын үлгүсү, дүйнөлүк тилди түшүнгөн деңгээлге али жете элек окшойбуз деп ойлойт экенсиң.
- Өзүңүзгө жетекчи катары кандай баа бересиз, катуусузбу, жумшаксызбы?
- Кээ бирөө катуусуз, кээ бирөө жумшаксыз дейт. Өзүм деле атайын катуу болоюн же жумшак болоюн дебейм. Кандай болсом ошондой жүрөм. Кээ бир адам колуна портфель көтөрүп калса киши тааныбай калат го.
- А үйдө кандай атасыз, жубайыңыз, балдарыңыз жөнүндө да бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?
- Үйдө деле кандай болсом ошондоймун.
Биздин үй-бүлө чакан. Бир уулум бар. Аты Тимур. Кыргыз-Славян университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн. Азыр "Кыргызстан обондору", "Европа плюс" сыяктуу медиа-холдингтерде үн режиссер болуп иштеп жүрөт. Өзүнүн рок группасы да бар. Кичинесинде "Шубин" музыкалык мектебинде окуган. Жалпы музыка боюнча түшүнүгү болсун деп, атайын бергенбиз. Жубайым Васильева Виктория Геннадиевна дагы чыгармачыл адам. Пианистка. Күреңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайда сабак берет. Биздин үйдө дайыма музыка жаңырып турат, андыктан үйдө да тынч эс алуу жок (күлүп). Мен "Кош жылдыз" теледолбооруна даярданып жүргөнүмдө уулум: "У папы концерт, у мамы концерт и у меня концерт" деп күлүп жүрдү.
- Жубайыңыз менен баш кошоордо ата-энеңиз "орус улутунан" -деп каршы чыгышкан жокпу?
- Жубайым экөөбүз Москвадан таанышып, жылдызыбыз келишип үйлөнүүнү чечкенибизде, ата-энем "Өзүңдүн жашооңду өзүң чеч" деп чек коюшкан эмес. Кайната, кайненеме кызынын колун сурап жалгыз баргам. Кайнатам аскер адамы болгондуктан, башында чочулагам. Ал тескерисинче кайненеме карап "Ну что, когда берут надо отдавать" деп тамашалап жатпайбы. Эмдиги жылы үйлөнгөнүбүзгө 25 жыл толот. "Күмүш тоюбузду өткөрөбүз. Лимузин жалдайм, шаарды айланабыз"- десем жубайым күлөт.
- Балалуу болгонуңузду укканда кандай сезимге кабылдыңыз эле?
- Уулум 8-мартта Киевде төрөлгөн. Жаңы үйлөнгөндөн баштап, он бир жыл батирден-батирге көчүп кыйналдык. Жаңы төрөлгөн балабыз кыйналып калбасын деп, жубайымды ата-энесиникине жөнөткөм.
9- март күнү таң атпай иним Арстан "Кечээ балалуу болдум" деп сүйүнчүлөп келди. Мен ата-энемдикинде болчумун. Үйүбүз шаңга бөлөнүп эле жатып калдык. Түшкү саат он экилерде почти кутучасынан гезит алайын деп ылдый түштүм. Ичин ачсам, "8-март" деген жазуусу бар телеграмма жүрөт. А апамды Киевдегилер куттуктап, жазып жиберишкен го деп ойлоп койдум. Ичин ачып окусам "Поздравляем с рождением сына и внука" деп турат. Эмне кылаарымды билбей, толкунданганымды басайын деп тепкичке бир аз отурдум. Анан үйгө кирип,
"Апа, мен да уулдуу болуптурмун" дегеним эсимде. Ошентип иним экөөбүздүн уулдарыбыз бир күндө төрөлгөн. Эртеси күнү Киевге учмай болуп, орто жолдон Москвадагы досторума түшүп калдым. Аларга сүйүнчүлөп, майрамдап жүрүп, Киевге телефон чалсам, кайненем жубайымдын катуу ооруп жатканын айтса, "Азыр Фрунзедемин, эртең жолго чыгам" деп калп айттым. "Эртеңкиге рейс жок" деди эле, "Аскердик самолет менен учам" дедим. Досторум эртеси поездге салып жиберишти. Бат эле жетип барсам, "Чын эле аскер самолету менен келдиңби" -деп күлүп жатышпайбы.
Э. Жумагулова