кош жүрөк

Кызматтагы күйдүмчок
Эгиз козудай ээрчишкен белгилүү жубайларды карап туруп, "Кайдан табышып алган десең"-деп кээ бирине суктанбай койбойсуң. Кызмат аркылуу таанышып, азыркыга чейин бир кесипти аркалап келаткан жубайлардын саны көп. Анда "Кызматтагы күйдүмчок" аттуу рубрикабыздын алгачкы коноктору менен тааныштырабыз.

Шаршебек Шейшенов, "учур" телетеатрынын жетекчиси: "Жубайыма бир чака
сууну чачып жибергем"
- Бактыгүл экөөбүз жаңы таанышканда бир жатаканада жашачубуз. Башында жөн гана тааныш болуп жүрдүк. Анан Москвадагы театралдык окуу жайына экөөбүз тең өтүп калдык. Бишкекте жүргөндө кепке тартып, тийишип калсам, менден кача берчү. Ал кезде кыздарды киного чакырып, театрга алып барып "Пломбир" балмуздагын алып берген мода болчу. Бир күнү Бактыгүлдү киного чакырсам, "Барбайм"деди. "Сениби шашпа"- дедим да бешинчи кабаттын терезесинен аны аңдып, карап олтурдум. Азыр дагы эсимде, бирин-эки гүлдөрү бар үлпүлдөгөн ак көйнөгүн кийип алып койкоңдоп кетип баратат. Мына сага деп терезенин түбүнөн бир чака муздак сууну башынан ылдый төгүп жибердим. Баягы көйнөгү суу болуп, жинденип, кайра жатаканага кирип кетти. Эртеси күнү таарынабы десем унчуккан жок. Кийин өзүнөн сурасам, мен экенимди билбептир... Москвада окуп жүргөндө сүйүүмдү билдирдим. Экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп, төртүнчү курс болгондо 1982-жылы 29-октябрда үйлөнүп алдык. Улуу балабыз Москвада төрөлдү. Төрт жылдын ичинде бири-бирибизди таштап кетпей, жаман сөз айтышпай, жетелешип жүрдүк. Азыр деле жетелешкен бойдон бир жерде иштеп жатабыз.


Жылдыз Тутуева: "Касымга мен биринчи сүйүүмдү айткам"
- Мен "Тунгуч" театрында иштеп жүргөм. Элмира Жусупова деген эжеке мени "Биз" тобунун жетекчиси Бактыяр Токторов менен тааныштырып калды. Байке менен дуэт ырларды жаздыргандыктан, алардын концертине конок катары ырдап бардым. Анан концерт учурунда гримдөөчү бөлмөдөн Касым менен тааныштым. Менин боюм кичинекей болгондуктан мага эмнегедир бою узун жигиттер жакчу. Касымды бир көргөндө эле менин кыялымдагы мырза экенин билдим. Анын мүнөзү токтоо, жоош болчу. Чынында тамаша-чынга аралаштырып, шайырланып жүрүп эле мен биринчи сүйүүмдү айткам. Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Жумуштан кийин эс алгандын ордуна келечегибизди ойлоп, шаардын сыртына барып ал мага машина айдаганды үйрөтчү. Бир жолу кышында машинанын мотору тоңуп калып, ордунан жылдыра албай көпкө убара болдук. Анан экөөлөп машинаны түртөбүз, ал чуркап барып рулга олтурат. Мен болсо артында алымдын жетишинче түртөм. Ошондон кийин деле машинасы бирдеме болсо эле мага түрттүрүп койчу. Ошентип жүрүп, ортобузда жанган махабаттын аягы бактылуу үй-бүлө болушубузга себепкер болду.


Жанета Бобкова:
"Менин колумду кайнатам өзү сураган"
- Денис менен Искусство институтуна документ тапшырганда таанышкам. Кийин окуу башталганда Денис сабакка келген жок. Анткени экзаменден өтпөй калыптыр. Мен биринчи курсту ортолоп калганда "Досум Үсөн" тобунун жетекчиси, Денис болуп солистка издеп биздин группага келишкен. Денисти экинчи жолу ошондо көрдүм. Баарыбызды ырдатып көрүп топко мени алышты. Иштегениме бир жылдай болуп калган. Акыркы күндөрү Денис мени үйгө чейин жеткирип, өзүнчө эле жакындай баштады. Ошентип жүрүп бир күнү мага сүйүп калганын айтты. Башында абдан кызганчаак болчу. Бир жолу сахнада ырдап жатсак, бир бала келип мага гүл сунуп, бетимден өптү. Денис кызганып кетти окшойт, элдин көзүнчө ал баланы сахнадан түртүп жиберген. Экөөбүз урушуп кетип, сүйлөшпөй калганда сахнадан элдешчүбүз. Жакшы эле бири-бирибизди карабай тултуюп ырдайбыз да орто жерине жеткенде экөөбүз тең күлүп жиберебиз. Эки жылдай сүйлөшкөндөн кийин "Экөөңөр үйлөнгүлө" деп кайнатам биринчи демилге көтөргөн. Мен болсо Денис менен сүйлөшүп жүргөнүмдү атама айткан эмесмин. Үйлөнөөрүбүздү угушканда "Орус улутундагы балага турмушка чыкпайсың" деп үйдөгүлөр каршы болушкан. Кайнатам өзү алардын алдына түшүп, колумду сураган. Анан эки тарап келишкенден кийин мени алып кетишкен.


Жолдошбек Жанжигитов:"Үйлөнүп алып чогуу уктагандан уялып жүрдүк"
- Анара экөөбүз Москвага окууга баратып, поездден таанышканбыз. Бир көрүп эле сүйүп, Москвага жеткенче макулдугун алгам. Үчүнчү курста ошол жактагы мечитке барып никебизди кыйдырып, үйлөнүп алдык. Кетип баратканда жалгыз кеттим эле, келатканда аялым, балам менен "комплект" болуп келгем. Кызык окуялар көп болгон. Өзүм айылда өскөндүктөн балмуздактын түрүн билчү эмесмин.
1-сентябрда сабактан чыгып келатып байкемдердин "Сүйлөшкөн кызыңа балмуздак алып берип жакшы сыйла"деген сөздөрүн эстедим. Жолдон Анара экөөбүзгө бир килограммдык "Крем брюле" деген балмуздактан экини алдым. Аныбыз бир бөлкө нандай эле бар. Эки тиштегенден кийин Анара "Жоки, элдин баары бизди карап жатышат. Уят эмеспи, балмуздактарды ыргыталычы?" десе, акыркы акчама сатып алганымды эстеп ыйлагым келет. Анан ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатып анын көңүлү үчүн ыргыткам. Кийин ойлосом, чын эле
чо-оң балмуздак сатып алыптырбыз. Дагы бир кызык окуя. Үйлөнгөндөн кийин көпкө чейин көнө албай эки башка бөлмөдө жашап жүрдүк. Күндүз сабакта жүрөбүз да кечинде уктайлы десек, Анара "Өзүмдүн бөлмөмө уктайм" деп кетип калат. Бир күнү старостага "Биз үйлөнбөдүкпү, бир бөлмө бошотуп бербейсиңерби? Балдардан уялып жатабыз" десем, ошондо араң бизге бөлмө беришкен.


Аскат Мусабеков: "Келинчегим бир
жарым жыл менден качып жүрдү"
- Мен Филармонияда окуп жүргөндө Залина бизге келип калды. Эсимде
28-февраль 2004-жыл болчу. Сыймык Бейшекеевдин "Карындаш"деген ырына кыл кыяк чертип берген. Чыгармачылыгыбыз бир болгондуктан алгач кесиптеш катары дос болуп жүрдүк. Анын жүргөн-турганы мага аябай жакчу. Бир күнү чыгынып сүйүүмдү билдирсем, мени караган боюнча "кантип эле?" дегенсип, нес болуп калган. Ошол күндөн баштап мени көрсө эле качып кетчү. Маңдайынан чыксам артын көздөй кетип калат. Бир жарым жылдай ошентип менден качып жүрдү. Артынан мен да калбай жатып, акыры багындырдым. Эки жыл сүйлөшүп анан баш коштук. 7-сентябрь туулган күнүндө таңкы саат беште үйүнө кучак толо гүл менен баргам. Жарык кире элек. Сыртта менден башка эч ким жок. Бараарымды ага айткан эмесмин. Телефон чалсам уктап жатыптыр. "Сыртка чыксаң" десем "Караңгыдабы?" деп таң калган. Ал күнү биринчилерден болуп туулган күнүн мен куттуктагам. Залинаны сүйдүрүш үчүн эмне деген гана сюрпризди жасабадым.


Мүзүр Мамбетов: "Үйлөнгөн күнү
бажыдан өтө албай суу кечкенбиз"
- Мен ал убакта кафеде иштечүмүн. Бир күнү ырдайм деп Гүлмира келип калды. Башында мага анын ырдаганы жаккан деле эмес. Биздин кафеге келип жүрүп менден ырдаганды үйрөндү. Анан жаныбыздагы кафеге музыкант болуп ишке кирди. Экөөбүз жумуштан кийин чогуу кетебиз. Кафеге келген кыздардын көбү тамеки чегип, ичимдик ичишчү. А Гүлмира дос кыздары менен келип калганда тамеки чекмек тургай вино да иччү эмес. "А жакшы кыз экен"- деп ичимден кымыңдап койгом. Убакыт өткөн сайын кантип сүйүүмдү билдирем деп ойлонуп жүрсөм, Гүлмира өзү мени жакшы көрүп калганын айткан. "Араң турган көз эле чыгып кетти өзү эле" дегендей, айталбай жүргөн жаным ошол күндөн баштап кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Биздин алоолонгон махабатыбыз мен иштеген ошол кафеде уланган. Үйлөнгөн күнүбүздө кызык окуя болгон. Бир автобус толо досторум, жүргүнчүлөр болуп кетип баратабыз. "Чалдовар" айылынын бажысынан бизди текшергенде Гүлмира менен айдоочудан башкабызда паспортубуз жок болуп чыкты. Анан айдоочу менен Гүлмира өтүп кетип, калган он бирөөбүз тойго деп кийинген кычыраган кийимдерибиз менен суу кечип, араңдан зорго өткөнбүз.