Жубайынын сепкилдерин меңге салыштырган Жаныбек Алыкулов
Рубрикабыздын бул жолку коногу "Шорпо" атка конгон куудул Жаныбек Алыкулов менен жубайы Азиза болмокчу. Эриш-аркак турмуш кечирген түгөйлөр бири-бирин канчалык деңгээлде билээрин төмөндөн аныктап алыңыз.

Азиза:
- Жолдошуңуз мас болгондо кандай абалга келип калат?
А: Жайдары болуп бажактап көп сүйлөп калат.
Ж. А: Со-онун болуп көңүлүм көтөрүлүп калат.
- Кийим сатып алганда кандай түскө басым жасайт?
А: Мурда кызыл түстү жактырчу, азыр базар аралаганда башкачараак, оригинальный түстөрдү тандайт.
Ж.А: Жашыл- көк түстүн ортосу.
- Ачууланганда кайсы сөздү көп айтат?
А: Билбейм
Ж.А: Кечке эле "неужели" деген сөздү айта берем.
- Кайнатаңыз канчанчы жылкы?
А: 1932-жылкы
Ж.А: 1933-жылкы
- Кайсы спорттун түрүн жакшы көрөт?
А: Өзү спортко жакын, бардык түрүн эле жакшы көрсө керек, ошентсе да футболду көбүрөөк жакшы көрөт го.
Ж.А: Баскетбол.
- Кайсы саясатчыны баалайт?
А: Лениндин жүргүзгөн саясатын баалайт.
Ж.А: Чолпон Баекованы жактырам
- Телефону кайсы маркада?
А: - Нокиа
Ж.Б: - Нокиа
- Канча күндө бир кийим которот?
А: Бат-баттан эле алмаштыра берет, күнүгө десем да болот.
Ж.А: Жеңеңер кайсы кийимди берсе ылгабай кийип алып кете берем, көп деле короздонуп кийим которбойм.
- Чач тарачка канча айда бир барат?
А: "Чачыңды кырктырып кел"- деп чачтарачка өзүм 20-күндө бир жиберип турам.
Ж.А: Бир-эки айда бир барам.
- Мектепте кайсы сабакты жакшы көрчү?
А: Математика сабагын
Ж.А: Мен мектепте жаман көргөн сабагым жок болчу. Баарын жакшы окучумун.
- Көк бетпи же ак көңүлбү?
А: Ак көңүл
Ж.А: Ак көңүл да, көк бет да боло алам.
- Кайсы ресторанга же кафеге көп барат?
А: Кафелерди көргөндө качат, ызы-чууну, музыканы көп жактыра бербейт.
Ж.А: Кафеге баргандан көрө жакшы ашканада отуруп тынч эле шорпо, манты жегенди жактырам.
Жаныбек:
- Кайсы фирманын косметикасын колдонот?
Ж. А: Билбейм
А. А: "Мэри Кей"
- Кайсы түстү жактырат?
Ж. А: Билбейм
А: Кызыл
- Жини келип жатканын кантип билдирет?
Ж. А: Баскан-турганынан, чай куйганынан билинет, чыныны столдун үстүнө "каңк" эткизе бир коёт.
А: Жиним келип жатканын айтпайм, жөн эле полду такылдатып, катуу-катуу басып калам.
- Кайсы тамактын даамын чыгара жасайт?
Ж.А: Манты
А: Шорпо
- Денесинин кайсы бөлүгүндө мең же кал бар?
Ж.А: Сүйлөшүп жүргөн кезде бетиндеги сепкилдер мага кал сыяктуу көрүнчү. Азизаны ушунчалык жакшы көргөндүктөн бетиндеги сепкилдери меңдей көрүнөт.
А: Жок
- Төркүнүнө канча убакта бир барат?
Ж. А: Мен бошогондо алып барам, бир жылда эки жолу барабыз.
А: Ата-энем Ошто болгондуктан жылына1-2 жолу барам.
- Денесинин кайсы бөлүгү өзүнө жакпайт?
Ж.А: Акыркы күндөрү толо баштадым дечү эле, ашказаны ооруп, кайрадан арыктай баштады.
А: Акыркы күндөрү толуп бара жатам, толуктугум жакпайт.
- Сизге жакпаган кандай адаты бар?
Ж.А: Талапты көп коё бергени жакпайт.
А: Чыдамым жетпей "мындай кыл, тигиндей кыл" дегенимди жактыра бербейт.
- Кайсы жер-жемишти жакшы көрөт?
Ж.А: Билбейм
А: Алмурут менен курманы көп жейм.
- Боюнда бар кезинде эмнеге талгак болду эле?
Ж.А: Кош бойлуу кезинде тиши көп ооруду да, мен аналгин көп ташып жүрдүм. Ошондон улам аналгинге талгак болгон десем да болот.
А: Биринчи боюмда болгондо алмага талгак болгом, калганы эсимде жок.
- Бою канча метр, салмагы канча киллограм?
Ж.А: Билбейм
А: Салмагым 78 килограмм, боюм 165 сантиметр.
А. Дүйшөналиева