классташ

Баарын кылып, бийлегенге чамасы жетпеген Темирлан
"Классташ" рубрикасынын коногу белгилүү актёр, Куурчак театрынын жетекчиси Темирлан Сманбековдун классташы, Курпсай ГЭСинин жогорку даражадагы мастери Самарбек Темирбеков болду. Самарбек менен Темирлан агалар Токтогулдагы Крупская орто мектебинде он жыл бирге окушкан. Белгилүү актёрдун мектептеги кылык-жоруктарын, кызыктуу окуяларын классташы чечилип айтып берди.

Темирлан мугалим
эжейди шылдыңдачу
- Айылдагылардын баары Темирланды Темиш дечүбүз. Экөөбүз жакын достордон болуп, жакшы окудук. Темирлан мектептеги иш-чараларга активдүү катышкандыктан бизге окшоп анча-мынча тентек кылса деле аны мугалимдер урушчу эмес. Бир жолу мен сабак башталаарда класска чуркап кирип, эжекенин атынан айтып, "тынч олтургула, Жаңыл келатат" десем, аркамдан эжеке кирип, "Темирбеков тур өйдө, эмне сен менин атымдан айтып жатасың? Мен сага эжей болом. Экинчи ушунтчи болсоң таарынба"деп мени катуу тилдеди. Көрсө үнүмдөн таанып калыптыр. Аны уккан Темиш эртеси күнү ошол эжейдин келатканын аңдып олтуруп, терезеден башын чыгарып, "Жаңыл, менин үнүмдөн таанычы, мен киммин?- деп эжекени шылдыңдаса, класска киргенде анын үнүн тааныбай калып, "Темирбеков, сен мени эмне шылдыңдап жатасың?"деп кайра мени урушкан. Ошентип Темирландын айынан эки жолу уруш жеп калгам.

Кыздардын жылдызына айланган ырчы Темирлан
- Темиш ошондо эле сабакты жакшы окуп, драмаларды мыкты аткарып, өзү да абдан таза жүрчү. Көрсө анда чыгармачылыктын көрөңгөсү бала кезинде эле башталган тура. Ал кезде каникул сайын мектеп окуучуларын чөпкө, тамеки, пахтага жөнөтчү. Жүзгө жакын чогулган балдар-кыздар түнкүсүн айдын жарыгына тегерете кол кармашып алып, мышык-чычкан ойночубуз. Оюнда ким ортого калып калса ал ырдачу. Анан биз атайын Темирландын "Күтмөкмүн" деген ырын угуш үчүн ортого калтырып, ырдатчубуз. Кыздардын баары муну жакшы көрүп артынан ээрчип, "Ырдап берчи" деп суранышса, бери жактан "Эмнеге бизди ырдап бергиле деп айтышпайт"деп Темиштен кыздарды кызганчубуз. Досумдун фантазиясы да күчтүү эле. Бир жолу Индия киносунан үзүндү жаттап алып, башына орустун шляпасын кыйшайта кийип, таяк таянып "Мен баратам Бомбейге, табылаар кызмат мендейге"деп өзүнчө эле актёр болгондо боорубуз эзилип, талантына таң берчүбүз. Темирландын аркасы менен драмаларды аткарып, Токтогул району боюнча биринчиликти алып, Ошко чейин барып келгенбиз. Классташыбыздин лидерлик жагы да мектептен эле байкалып, класскомубуз болчу.

Кыздарга жазылган каттарды жеткирбей койчу
- 9-классыбызда бизден бир жаш улуу Жылдыз деген кызды жакшы көрүп калдым. Ал кыз шаардан келген татынакай кыз эле. Темирлан менен жакшы сүйлөшчү. Темиштин кол жазмасы шурудай тизилип, укмуштай сулуу болгондуктан балдар-кыздардын баары ага кат жаздырышчу. Ошол убакта эстелик дептерлери ар бир окуучуда болоор эле. Бизден улуу, кичүү окуучулардын баары Темирланга келип эстелик дептерлеринин биринчи бетинен үчүнчү бетине чейин кооз сөздөрдү жаздырышып, сүрөт тарттырып кезекке турушчу. Бир күнү мен дагы Жылдызга арнап кат жазып берчи деп ага бардым. Сонун кылып сүйүүмдү билдирип катты жаздырып, эми сен берип кой десем, кудуңдап алып "Макул"деп кетти. Канча күн өтсө дагы мага кайра жооп келген жок. Кийин сураштырсам ал кат Жылдызга жетпептир. "Катты эмнеге берген жоксуң?"десем, кайран досум камырабай, "Ал кызды мен дагы жакшы көрөм. Өзүм жакшы көрүп жатсам, сенин катыңды эмнеге бермек элем?"деп жатпайбы. Көрсө экөөбүз бир убакта бир кызды сүйүптүрбүз. Аны менден жашырбай эле, кат жазып жатканда "Кат жазбай эле койчу" десе болот эле да. Мен болсо каттын жообун күтүп алганымды айт...

Бийлегиси келсе да колу бошочу эмес
- Бир күнү мектептин атаман бир баласы Темирланга келип кол көтөрүп калды. Эми эмне болот экен деп карап турсак, досум жооп катары кол көтөргөндүн ордуна унчукпай басып кетти. Өзү мектептин үлгүлүү окуучусу болгондуктан тескерисинче мушташып жаткан балдарды ажыратып, өз жолдоруна салып койчу. Анткени оңой менен ачуусу келчү эмес. Бирок, бир жини келсе жаман болчу. Ошондуктан, анын жинине тийбегенге аракет кылчубуз...
Сабакка келээрде дайыма сумкабызга нан, айран салып алчубуз. Мектептин жанына жеткенде аларды бир жерге көрүнбөгүдөй катып коюп, сабактан тараганда тойгончо жеп, анан түз үйгө барбай, көлмөдөгү сууга түшчүбүз. Бир күнү адаттагыдай суудан келатып сарайдын ичинде мушташмай болдук. Темирлан ошол күнү балдардан башкача мушташып, кийимдери тытылып, чаңдан кебетеси көрүнбөй калды. Үйүнө барса ата-энеси баласын көрүп таң калып, досумду катуу тилдегенин эртеси күнү өзү бизге айтып берген. Ошондон кийин мушташканды биротоло токтоткон. Сабактан сырткары ырдап, бийлеп, актёр болуп, аккордеонду да укмуш чертчү. Эсимде, классташтарыбыз чогулуп, отурушка барып калдык. Бир топко чейин бийлеп, кечке жыргадык. Ал болсо бизге аккордеон ойноп берет. Отуруш бүтөйүн деп калганда "Силер деле черткилечи мен деле бийлейин"деп бизге таарынса болобу. Антип таарынганы менен айла жок эле да. Анткени андан башкабыз аккордеон черте албасак, кантебиз. Канчалык Темиштин бийлегиси келсе да аккордеондон колу бошобой бийлебей калчу.

Темирлан Сманбеков:
"Караңгыда мүрзөлөрдүн арасында бакырып
ыйлагам"
- 4-классыбыз болсо керек. Айылга концерт келип калды. Ал кезде Фрунзеден барган Кыргыз драм театрынын артисттерин "Кыргызстандын артисттери" деп койчубуз. Концерт болгон күнү кычап, уй кайтарган кесүүбүз мага келип калды. Апамдан концертке барайын деп сурансам, "Кой балам, уйлар жоголуп кетсе төлөп калабыз. Концертиңди угузба"деп койду. Кечке чейин кесүүнү кайтарып, эки жумуртканы сууга бышырып, бир нанды кошуп чүпөрөккө ороп, эч кимге көрүнбөй клубка жөнөдүм. Клуб экинчи айылда экенине карабай, 10 чакырым аралыкты басыш керек болду. Болгондо да мүрзөлөрдүн арасындагы жалгыз аяк жол менен. Анткени концерт башталаарына аз эле убакыт калган. Караңгыда кетип баратып "Мүрзөлөрдү аралабаш керек, ак кийимчен кишилер чыгат. Арбактар ойгонот"-деген сөздөрдү эстеп, ого бетер жүрөгүм түшөт. Бир убакта ары жактан оттоп жүргөн эшек кыйкырганда бакырып ыйлап жибердим. Көзүмдү катуу жумуп алып чуркап баратып чалынып жыгылдым. Ошондо да көзүмдү ачпай сапырылган чаңдын арасынан колумдан ыргып кеткен наным менен жумурткамды сыйпалап издеп коём. Жумурткамдын бирөөсү сынып калыптыр. Эптеп клубка жетсем, концерт жаңы эле башталыптыр. Эшик тоскон байкенин жанына барсам, менин кебетемди көрүп "Сага эмне болду?"деп жүрөгү түшүп калды. "Байке менин акчам жок эле. Бул жумуртка менен нанды алып, концертке киргизиңизчи?"деп жалдырап жибердим. Ал байке боору эзилгенче каткырып, мени жөн эле киргизди. Концерт дегенде менин жата калмай адатым бар болчу. Азыр өзүм концерттерди алып барып жатып ошол окуяны эстеп, жылмайып алам.

Айнура Касымова