Кызык инсан

Биз билген жана билбеген
Сталин
Аракеч өтүкчү менен кир жуугучтун ортосунда туулган бала тарыхта аты ташка тамга баскандай калат деп ким ойлоптур десең... Катаал, сүрдүү, сырдуу, чечен, диктатор Сталин тууралуу Хрущев 1956-жылы өзүнүн докладында анын чыныгы жүзүн ачып, элдин оозун араандай ачырган. Андан бери 53 жыл убакыт өтсө да ал жөнүндө имиш сөздөр улангандан-уланып, аягы басылбай келет. Бекеринен Сталин XX-кылымдын табышмактуу фигараларынын катарына кирбеген чыгаар. Ал жөнүндө эмне деген гана уламыштар, ушак-айыңдар айтылбады. Бирок, документтин жоктугунан адамдар ал жөнүндө ачык кеп кылышкандан айбыгып турушчу. Мындан үч жыл мурда окумуштуу-изилдөөчүлөр Москвадагы архивден "Кызыл тиран"атыккан Сталиндин чыныгы портретин табышкан. Архивде ал жөнүндө кызыктуу фактылар оголе көп экен. Алардын айрымдары менен окурмандарды да тааныштырмакчыбыз.


Кедей грузиндин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Иосиф үчүнчү перзент болгон. Бирок, эки улуу агасы кичинекейинде эле каза болуп калган. Атасы ичип алып апасынын таяктап жатканын көрүп далай жолу ортого түшкөн. Бир курдай ортого түшө коем деп, атасын бычак менен аз жерден сайып ала жаздаганын кийин өзү айтып, эскерген. Атасынан өзү да бат-баттан сабоо жеп турган. Апасы дагы баласын жакшы көргөн менен аны эркелетпестен, тескерисинче болоор-болбос нерсе үчүн какыс-кукус кылып турган. 1937-жылы апасы каза болгондо Иосиф узатууга келген эмес. Орус жана гризин тилинде "Урматтуу жана сүйүктүү апама уулу Иосиф Джугашвилиден" деген жазуусу бар гүлчамбар гана берип жиберген. Балалыгындагы үй-бүлөдөгү катаал мамиле, анын кийинки жашоосуна да өз таасирин тийгизип, ошон үчүн Сталин каардуу тиранга айланып калса керек деген божомолдор азыркы күнгө чейин айтылып келет.

Сталиндин туулган жылы ар документте ар башкача болуп тиркелген. 1878, 1879,1880, 1881,. Ушул күнгө чейин анын туулган жылга жогорудагы келтирилген кайсы санга таандык экени такталбай келет.

Иосиф 11 жашка толгонго чейин тили жакшы чыккан эмес. Кийин деле орус тилин грузин акценти менен сүйлөчү. А бирок орусча ырдаганда эч ким эч бир акцент таба алчу эмес экен.

Сталинди көбү адамдарга орой мамиле кылганы үчүнбү, интеллекти жок, билимсиз адам деп айтышчу тура. А бирок, Сталиндикиндей китепкана ал убакта эч кимде болбоптур. Мопассан, Уайльд, Гоголь, Гете,Золянын чыгармаларын жантыгынан жата калып окуп, поэзия дегенде ичкен ашын жерге койчу. Ал эми Достоевскийди жазуучу эмес, психолог катары бийик көрүп, Библиянын саптарынан да келтире жатка айткан. Спенсер Трейси жана Кларк Гейблдин детектив чыгармаларын жактырып окуган.

Сталин бийликке келгени бир да жолу бирөөгө өзүнүн сүйлөй турган речин жаздырган эмес. Өзү жазчу. Сталиндин 60-жылдык юбилейине жакын кол жазмасын кокусунан архивден таап алышкан изилдөөчүлөр, "Жаш Сталиндин ырлары" деген макаланы жарыкка чыгарышкан. Буга Сталин ак да, көк да деген эмес. Ошол боюнча Сталин жазчу беле же...? деген суроо ачыкка чыкпай калган.

Сталин чоңойгон Гори шаарчасына Кавказдан кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар көп келип турушчу. Алар менен Сталин тыгыз байланышта болгон. Кылмыш чөйрөсүндөгүлөр аны "Коба" деп тергешкен.

Сталиндин жүрөгү, буттары, тамагы оорукчан болгон. Картайган сайын бул оорулар өздөрүн эске салып турганы менен диктотор аны кабыл алгысы келчү эмес. Керек болсо жеке доктуру болгон айым Виноградованы "Ден-соолугуңуз начарлап кете электе, бир аз тыныгуу алыңыз" деп айткан сөзү үчүн жумуштан айдап жиберген.

Катаал, сүрдүү болсо эле аны жашоонун жакшы жагын көргүсү келчү эмес деп айтсак да жаңылышат экенбиз. Анткени Сталин чартаңбай тээп, чардагандын да майын чыгарчу. Политбюродогу жоро-жолдоштору менен балык уулаганды сүйчү. Кечкисин ашыкча дозасы менен грузин виносун мурутун сылап иччү. Ал учурда Моцарттын №23 музыкасын кайра-кайра артка түрдүргөндөн тажачу эмес. Опера, грузин ырларын укканды гана билбестен, ырдаганды да билчү. Советтик кинофильмдердин эң алгачкы көрүүчүсү Сталин болгон. Сталинге жаккан кинолор гана прокатка чыккан. Согуштан кийин дагы бир кино сүйүүчү Йозеф Геббелстин кино коллекцияларын өзүнө менчиктештирип алган. Кээ бир фильмдеги ырлардын автору Сталин болгону архивдеги материалдардан табылган. Ушундан улам Сталин чын эле ыр жазган экен деген тыянакка келесиң. Анын сүйүктүү киносу "Волга-Волга" музыкалык комедиясы болгон. Сталин советтик-патриоттук духту көтөрүп, фашизмге каршы үндөөгө чакырып, Эйзенштейнге "Александр Невский" фильмин жаратууга тапшырма берген.

Ал өзүнө карата каардуу, сүрдүү деп түзүлүп калган портретти бузгусу келбегендиктен гана өзүн ушундай алып жүрүүгө дайым аракет кылып келген. Болбосо ал биз ойлогондой монах деле болбогон. Бирок, кызынын ачык кийинип алышына такай эскертүү берип турган. Эгерде архивден Сталиндин экинчи аялына жазган сүйүү каттары табылбаганда "Сталин романтик болгон" десе эч ким ишенмек эмес. Ал айымдарды да жанындай жакшы көргөн. Аялдарды статуска бөлбөй, өзүнүн үй-тазалоочусу менен да "ойногон". Ошенткен менен ал аялдарга ишенген эмес. Экинчи аялы Надянын өзүн-өзү атып салышын да Сталин "Бул чыккынчылык! Ал мага зыян келтириш үчүн ушул кадамга барды" деп жар салган.

Сталин биринчи жубайы Екатерина Сванидзенин байкеси менен Тифлисс семинарында бирге окуган. Байкеси аркылуу карындашы менен таанышып, 1903 -1904 -жылдары үйлөнүшкөн. Тилекке каршы аялы үч жылдан соң кургак учукка кабылып, каза табат. Экөөнүн ортосундагы уулу Яков душмандардын тузагына түшүп калып, герман тараптагылар уулун фельдмаршал Паулюс менен алмашууну сунуш кылышкан. Ошондо Сталин азыр көпчүлүгүбүз лакап кылып айтып жүргөн "Мен фельдмаршалды жөнөкөй солдатка алмаштырбайм" деген сөзүн айткан. Ошентип уулу немецтердин колунан ажал тапкан. Ал эми экинчи никеси Надежда Аллилуевадан бир уул, бир кызы болгон. Ошондой эле никесиз туулган Константин Кузаков аттуу уулу болсо дагы, аны менен ата-бала болуп мамиле түзгөн эмес.

Сталин деген анын тергеме аты болгон. Чыныгы фамилиясы Жугашвили дагы гризиндердики эмес, осетиндердики деген да версия бар. Сталинге "ович" деп сылык кайрылган жакчу эмес. Ошондуктан ага ""товарищ Маршал (Генералиссмус) Советского Союза, "товарищ Сталин", "Хозяин" деп кайрылышкан.

1953-жылы 1-мартта Сталиндин эсин жоготуп жатканын кароол кызматкери алгачкылардан болуп көргөн. 5-мартта доктурлар "мээсине кан куюлган" деген тыянак менен диктатордун өлүмүн жарыя кылышкан. Дароо "Ал өз ажалы менен кеткен жок, аны Берия уулантып өлтүргөн" деген божомолдор чагылгандай тездик менен тараган. Коштошуу зыйнатында да Берия коркпостон эле "Мен аны четке чыгардым" деп элдин божомолун чындыкка айланткан. Бирок, буга кээ бир адамдар жөн гана мактаныч катары кабыл алышкан. Ошол себептен Сталиндин өлүмүнүн сырлары азыркы күнгө чейин ачылбай келет.

Ал жөнүндө кандай гана жакшы сөз айтпайлы, Сталин режими көп адамдардын каарына калганы чын. Өзгөчө 1937-1938-жылдары ал адамдарды аеосуз кырган. Ошол жылдары 500 000 адам лагерден кырылган болсо, ал өлүмгө буйруган адамдарды жалпы саны 20 миллионду түзгөн. Диктатор эл душмандарына каршы адамдардын сүрөттөрүн альбом кылып жайгаштырып алып, четинен "тазалап" турган. Мындай альбомунун саны 383төн ашкан. Сталин өлгөндөн кийин элдин эсинде анын жаман жактары калдыбы же жакшы жактарыбы?-деген суроо туулат. Көрсө, эл Сталиндин аларга алып келген "жараны" унуткарып, фашизмди жеңгенибиз, Сталиндин эмгеги деп баалашат экен. Сталинге болго кызыгуу орус элинде деле күч. Анын бир себеби, Сталин кылган кылмышы үчүн бирөөдөн кечирим сураган эмес, сурак да берген эмес. Сталин деген грузин ысымы орустардын жан-дүйнөсүнө ушул убакка чейин ошол себептен тынчтык бербей келатса керек.
Э Жумагулова