сырмаек

"Бийден жакшы акча тапса болот"
Чырайлуу жүздөрү көпчүлүк жигиттерди азгырган, чимириле бийлеген "Версус" тобунун кыздарын кимдер гана тааныбайт. Кыздардын ымандай сыры, кызыктуу учурлары менен окурмандарды кененирээк тааныштырабыз.

- Айпери "Версус" тобунун түзүлгөнүнө канча жыл болду?
- 2002-жылы биз баарыбыз тең "Жаш кыялда" бийлеп жүрүп, Сейде, Айгүл,Жаркынай, мен болуп топ түзөлү деп чечтик. Андан бери 7 жыл өттү, топтун курамы өзгөрдү. Жаркынай турмушка чыгып балалуу болду, аты Нуртай, Сейде кетти. Үчөөбүз калып, аз убакыттан соң Элинаны алдык, анын артынан Асель Койчуева келди. Учурда төрт адам бар. Жакында эле атайын делегация менен АКШга барып келдик.
- Кошмо Штаттар демекчи, Ома "Баргандан келгенге чейин "Версустун" кыздарын кайтарып жүрдүм, же англис тилин билишпейт" деп жүрдү эле, жан сакчыңар кандай кызмат аткарды?
- Түрктөр төрт жылдан бери АКШда Эл аралык фестиваль өткөрүп келишет экен, ага Кыргызстандын атынан биз бардык. Былтыр деле чакырышкан, бирок визабыз жок барбай калганбыз. Быйыл болсо Маданият министрлиги жардам берди, жол киребизди толугу менен президентибиз Курманбек Салиевич төлөп берди. Ома англис тилин эркин сүйлөйт, керектүү жерден биз үчүн сүйлөп, эмне себептен келгенибизди түшүндүрүп, ошол эле учурда артыбыздан калбай кайтарып да жүрдү. Дискотекага барганда балдар бизди бийге чакырса жини келип "болду кайтарбайм" деп таарынып, айтор сапарыбыз карыганча Ома биз менен алышып жатты. Ал жерде биздин жердештерибиз да көп экен, такси айдаган кыргыз байкелер бекер ташып, тамак алып беришип "Кыргызстанды сагындык" дешип, жердештерин көргөндө кубанычтары койундарына батпай жатты. Мен ал жердеги кыргыздардын ынтымагын биздин өлкөдөн көргөн жокмун. Ушунчалык биримдиктүү болушат экен.
- Кайсы ырчылар менен көп иштешесиңер?
- Иштешпеген ырчылар калган жок окшойт. Рыскелди Осмонкуловдун эң биринчи Филармонияда койгон концертинде бийлегенбиз, ал жерге Гулнур Сатылганова да келиптир. Бийлегенибизди жактырган окшойт, телефондорубузду алып калган, азыр Гулнур эже менен иштешип жатканыбызга алты жылдын жүзү болду. Азыр ал бизге бийчилер катары эмес, кыздарындай мамиле жасайт. Ысык-Көлгө да бирге барып эс алып келдик, чогулуп турабыз. Гулнур эже бизге мээримин төгүп, эркелетип турат. Андан сырткары Бактыгүл Бадыева, Кундуз менен тыгыз кызматташабыз.
- Костюмдарыңарды ким тиктирип берет?
- Костюмдарды мен ойлоп табам, базарга барып мен сатып алам. Биринчи музыканы коюп бир сыйра бийлеп көрүп, ошол ырчы кандай кийим кийээрин сурайбыз. Анан ошого жараша костюм тиктиребиз. Мисалы, Гулнур эже өзүнүн ырына бийлете турган болсо өзү костюм тиктирип берет. Ал костюмдарды тойлорго барганда кие беребиз, бирок, башка ырчынын концертине кийип бийлегенге акыбыз жок. Азыр костюмдарыбызга эсеп жетпейт. Азыр үйүмдү оңдотуп жаткам, костюмдарыбызды каякка алып чыгышты билбей башым катып жатат.
- Өзүңөрдүн офисиңер жокпу?
- Буга чейин жакшы эле пландап келгенбиз, эми жаңы жылдан кийин чыгынып офис таап, документтерин тууралап көчүп барабыз.
- Эгер сыр болбосо, бир бийге канча сом аласыңар?
- Бир жолу бийлегенибиз 2000 сом, башкалардай болуп оозубузду чоюп 4000-5000 сом дебейбиз. Тойлордо жок дегенде эки бий бийлейбиз. Ар бирибиз 1000 сомдон бөлүп алабыз. Чогулуп, машинага бензин куюп, жыйналып-таранганыбыздын акыбетин көрүшүбүз керек да. Мындай айтканда жакшы эле акча табабыз.
- Авто унааңызда "Версус" деген жазуу бар экен, кыздар биригип алдыңар беле?
- Жок, бул менин жеке унаам. Төртүнчүсүн алмаштырдым. Азыркы унаамды бийден тапкан акчага сатып алгам, ар ким акчаны урунганына, чогултканына жараша иш кылат эмеспи. Кыздар менен бийлегени барганда акча чогултуп бензин куюп беришет.
- Кыздарга кандай талаптар коюлат?
- Эң негизгиси жоопкерчилик. Жарым саат мурда чалып: "Формаңарды алып бул жерге келип калгыла" десең ошол жерде даяр болушат. "Жумуштарым чыгып калды эле, конокто отурдум эле" деген сөздөр эске алынбайт. Жеке жумуштарыңды алдын ала айтып суранып албасаң өз иштериң коллективдин ишине тоскоол болбошу керек. Ушундай талаптарды аткарып, ынтымакта жакшы эле иштеп келе жатабыз.
- Өз ара урушуп кеткенде кимиңер биринчи элдешкенге барасыңар?
- Көбүнчө андай уруштар сахнада бийлеп жатканда жаңылып калгандан келип чыгат. Мен өзүм урушчаакмын, бир-эки жолу эскертем. Болбой эле кайра эле ошол көрүнүш кайталана берсе кыйкырып урушам. Кыздар тултуйуп калышат. Кайра өзүм "болдугула эми кыздар" деп жагдайды оңдоп коём. Иш боюнча пикир келишпестиктер анда-санда болуп турат.
Айпери:
Туулган жылы: 1984-жыл,
Жылдыз белгиси: Жаачы
Өз кесиби: Дизайнер- архитектор, КГУСТаны бүтүргөн
Урааны: Дайым алга
Бош убактысында: Теннис ойногонду жакшы көрөт, ал тургай Гулнур Сатылганова менен эртең мененки сегизде туруп барчу. Кийин жалкоосу кармап, тургандан эринип таштап салган.
Кыялы: Табиятынан ачуусу бат келет, бир сыйра кыйкырып алгандан кийин көк буусу тарай түшөт.
Элина Абай кызы:
Туулган жылы: 1990-жыл,
Жылдыз белгиси: балык
Хоббиси: Киного тартылгандан укмуштуудай ырахат алат. Кинолорго атак-даңк үчүн эмес, жөн гана ырахат алуу үчүн тартылат.
Жактырган тамагы: Басса-турса оозун кыбыратып бир нерсе жемейин тура албайт. Негизи эле тамакты көп жейт. Баарынан да бананды жанындай көрөт, канча берсең да баш тартпай "урдура" берет.
Кыялы: Улууларга өзгөчө урмат жасайт. Унчукпай турган жерди да, айтыша турган жагдайды да мыкты билет. Тамашалап сүйлөгөндү жакшы көрөт. Күнөөсүн дароо мойнуна алып, унчукпай бурчта отуруп калмай адаты бар.
Асель Койчуманова:
Туулган жылы: 1988-жыл
Өз кесиби: Орус-Славян университетинин журналистика факультетинде окуйт.
Жактырган түсү: Күлгүн түс
Бош убактысында: Эч нерсе кылбай жата бергенди жактырат.
Мүнөзү: Шайыр. Кылыктанып, көпчүлүктүн көңүл борборун ээлегенди мыкты билет. Жигиттердин жүрөгүн оңой багындыра алат.
Айгүл:
Туулган жылы: 1985-жыл
Жылдыз белгиси: Суупери
Учурда: Англис тилин мыкты өздөштүрүп жатат. Америкага барып келгенден кийин англис тилинде сүйлөй албагандыгына арданып ошол кемчилдигин жоюунун аракетинде.
Мүнөзү: Сезимтал, кайсыл жерден эмне деп таарынтып алганыңды да түшүнбөй каласың. Кыялы да бар. Бир таарынса тултуюп оңой менен сүйлөбөйт. Энесине өзгөчө жакын, кайда болбосун жакындарынын камын көрүп жүрөт.
А. Дүйшөналиева