Күн сүрөт

"Эркекче" иштеген аялдар
Турмуштун оор-кыйынчылыгынан улам, эшиктеги эркектин жумуштарын да анча-мынча эркектерден кем калышпай, алар менен тең жарыша оор иштерди аркалап келе жаткан аялдар бизде аз эмес. Алардын "эркекче" жумуштарды кылып жатканы кээ бирин таң калтырса, кай бирибиз буга маани деле бербейбиз. Анда, эмесе эркек менен тейтайлашкан эжелердин таржымалына көз жүгүртүп көрсөк.


"Бонго" минген Канышай
Шаардын орто ченинде орун алган "Ош" базарынын жанына жакын жерде жайгашкан "Баткен" базарына баш бакканда эле Канышай эжени жолуктурууга болот. Канышай эже жүк ташыган чоң машинасы менен такси айдайт. Кайсыл жакка жүк чыкса, ошо жакты көздөй бет алып, күйөөсү экөө балдарын эриш-аркак багып келишет. Эженин жашы отуз жетиде, алты баланын апасы, күйөөсүнүн сүйүктүү жары жана эки күйөө баласынын мыкты кайненеси.
- Канышай эже рулга олтурганда коркпойсузбу?
- Башында кичине коркуп жүрдүм, азыр коркпойм деле.
- Машина айдаганыңызга канча убакыт болду?
- Беш жылдай убакыт өттү го.
- Машинаңыздын үлгүсү кандай?
- "Кия-Бонго" деген үлгүдөгү машина айдайм.
- Бул алгачкы айдаган темир тулпарыңызбы же…?
- Бул менин экинчи машинам. Буга чейин "Москвич" үлгүсүндөгү машинаны үч жарым жыл айдаган элем. Муну айдап жүргөнүмө бир жарым жылдай болуп калды окшойт. Үч тоннага чейинки жүктөрдү көтөрүүгө күчү жетет. Менин тулпарым жүк гана ташыбастан дагы бир кызмат аткарат. Башкача айтканда, менин балдарымдын күнүмдүк ичкен тамагын, кийген кийимин таап турганга деп такси кылып да айдайм.
- Бир күндө эң көп дегенде канча сом табасыз?
- Калп айтпайын бирок, бир күндө жок дегенде 500 сом, ал эми жакшы дегенде үч миң сомго чейин таап кетем.
- Юбкаңыз машина айдаганда ыңгайсыздык жаратпайбы, шым эле кийип албайсызбы дегеним?
- Ыңгайлуу эле. "Машина айдайм" деп эле шымаланып алгандын өзү туура эмес болуп калат го.
- Буга чейин каякта иштечү элеңиз?
- Буга чейин анча-мынча соода-сатык иштери менен алек болуп келгенбиз. Эми минтип машина айдап жүрбөйбүзбү.

Кышында да үй шыбаган Айгүл эже
Эркектин кесибин аркалап келе жаткан аялдардын катарын борборубуздун кичи райондорунун биринде кабат үйлөрдө шыбакчы болуп иштеп жүргөн Айгүл эже да толуктап келет. Бул жумушту 14-жыл мурун иштеп баштаган.
- Айгүл эже жумушуңуз оорбу?
- Көнүп калгандыктанбы, мага анча деле оор эмес десем болот.
- Куруучулар акчасы көбүрөөк деп чет-жакка көп ыкташат эмеспи. 14-жыл ичинде сиз деле башка жакка барып иштеп келсеңиз керек?
- Негизинен Кыргызстанда эле иштегенди жакшы көрөм. Ал жакта тапкан акчаны өзүбүздүн өлкөдө жүрүп деле тапса болот. Ошентсе да, бир жылдары Казакстанга барып курулушта бир жылдай убакыт иштеп келгем.
- Алган айлык акыңыз чыгашаларыңызды жабабы?
- Ооба, жабат эле. Бул жерде канчалык жакшы иштесең, ошончо жакшы аласың.
- Оор көтөрүп жүрүп белиңизди оорутуп албайсызбы?
- Он төрт жылдын ичинде бир да жолу андай боло элек. Кудай сактасын.
- Кыштын суугунда да курулуш иштери жүрөбү?
- Ооба, биз үйлөрдүн ичин гана шыбап иштегендиктен кышында үйдүн ичи анча деле суук болбойт.


Троллейбус айдаган Елена
Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун аткарган Елена айым менен шаарды түрө кыдырып, 4-троллейбусту айдап жүргөнүнө 5 жылдын жүзү болуптур. Жогорку билимдүү. КГУСТАнын "Архитектор- дизайнерлик" бөлүмүн аяктаган ошондой эле троллейбус айдоочунун да курсун бүтүргөн. Жашы отузда.
- Сиздин жумушуңуздун оорчулугу эмнеде?
- Жумушка таң эрте келебиз. Тактап айтканда таңкы саат бештен баштап иштейбиз.
- Айлык акыңыз сизди канааттандырабы?
- Кудайга шүгүр, айына бери жагы жети миң, ары жагы он миңге чейин барат.
- Троллейбустун "штангы" (троллейбустун төбөсүндөгү эки зымы) токтон чыгып кеткен учурларда өзүңүз туташтырасызбы?
- Албетте, ар дайым эле жаныңда жардам бере турган адамдар боло бербейт да. Ошондуктан, троллейбуска байланышкан майда-чүйдө жумуштарды өзүбүз кылууга туура келет.


"Кар күрөш мага кеп эмес"
" Ош" базарын быкы-чыкыга толтуруп кеткен таштандыларды таң эрте туруп шыпырып, шаардыктарга тазалык тартуулаган Наапа беш баласы менен батирде жашайт.
- Бул жумушта иштеп жатканыңызга канча болду?
- Эки жылдай болуп калды.
- Күн сайын шыпырасызбы?
- Ооба, күндө эртең менен эрте, эл келе электе жолдун чекесин шыпырып, ак кагаздарды алып өрттөп турабыз.
- Ар бир жумуштун өзүнүн оң жана терс жактары болот эмеспи…
- Ооба кызым, туура айтасың. Мен терс көрүнүштөн айтайын. Азыр адамдардын көчөдө жүрүү маданияты жок десем болот. Көчөнүн чекесиндеги атайын таштанды сала турган темирлер көрүп туруп, ал жерге салбастан, кагаздарды баштары оогон жерлерге таштап кете беришет.
Кээ бир адамдар кемсинтип, жаман сөздөр менен сөгүп абийирге шек келтирип сүйлөгөндөрүн угуп тилиңди тиштеген бойдон каласың.
- Өзгөчө кышкысын сиздин жумуш аябай оор да. Кыш да келатат дегендей…
- Кышкысын кар жаап калган учурларда абдан эле оор болуп калат. Карды күрөгөнгө да чоң күч-кубат керек да. Айла жоктун иши болуп жатпайбы. Иштебей үйгө олтуруп алайын дейсиң, балдарыңды ким багат? Азыркы убакта иштеген адам гана жан сактай алат, чынбы?
- Жашыруун болосо бир айлык акыңыз канча?
- Ал бөлүнгөн жерге жараша болот. Мисалы, мен үч жерди шыпырам. Ал эми ар бир жерди шыпырганым үчүн үч миң сомдон алам. Шыпырып бүтүп жолдун четине каптарга салып коёбуз, анан атайын таштанды ташуучу машиналар келип алып кетип турушат.

"Жансакчыдан башка жумушту жактырбайм"
Түрктөрдүн "Vefa centre" соода борборун кимдер билбейт. Ал жакта Аида аттуу кыз коопсуздук кызматында иштегенин укканда чынын айтсак ишенген эмеспиз. Качан гана өзү менен баарлашканыбызда күмөн ойлор жокко чыкты.
- Аида эже бул жумушка эмне болуп кирип калдыңыз эле?
- Мен өзүм ушундай иштерге жакынмын. Өзүмдүн ишимди абдан сүйөм. Бул жерде иштегениме бир жылдай убакыт болуп калган. Айлык акыны туура эмес бергендиктен жакында эле чыгып кеттим.
- Алдыга дагы кандай пландарды коюп жатасыз? Иштеп жаткан жумушуңузду эле аркалап кетесизби же башка жаатта да өзүңүздү текшерип көрөсүзбү?
- Эми алдыга койгон пландар көп, мен "жан сакчы" болуп иштейин деп жатам. Ал эми башка жумушта иштөө анча деле жага бербейт.
- Коопсуздук кызматына жөн кыздарды албаса керек, кандайдыр бир спорттун түрү менен машыгасызбы?
- Албетте, жөн кыздарды ала берейт. Мен "эркин күрөш" жана "футбол" менен машыгам. Негизинен спортко болгон кызыгуум кичине кезимен эле күч.
- Жашыруун болбосо айлык акыңыз канча эле?
- "Vefa centre"ге жаңы киргенде жети миң сом дешкен. Айлык алганга келгенде анын жарымын эле берип коюшкан.
- Ар бир иштин өзүнө тиешелүү оорчулугу болот эмеспи, сиздин жумушуңуздун оорчулугу эмнеде десек болот?
- Мен сүйүп иштеген жумушум мага эч кандай деле оорчулук туудурган жок. Бир гана акча маселеси болуп туруп алды. Анысы болбосо, калганынын бардыгы жайында болчу.


Учурда жол катар тизилген автоинспектор аялдарды да көрүүгө болот. Буга чейин машинени жалаң эркек МАИчилер токтотуп келсе 2009-жылдын 13-мартынан тарта Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө милициянын формасын кийген аялдар да бул кесипти аткарып келишет.