Жылдыздар деле сиздей жан

Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

Рубрикабыздын бул жолку коногу, Азия чемпиону, Исламдык оюндардын жеңүүчүсү, Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү, Олимпиадалык оюндардын эки жолку катышучуусу, оор атлетика боюнча Эл аралык спорт чебери Улан Молдодосов жубайы менен болмокчу.


- Жубайыңыз менен кантип табышып калдыңыз?
- Асел менен 2001-жылдан бери кошуна жашачубуз. Бара-бара бири-бирибизди жактырып, бири-бирибизге тартылып 2007-жылы баш коштук. Алты жыл тааныш болуп, жарым жыл кыз-жигит болуп жүрдүк Мына эми эки баланын атасы болуп отурам.
- Кайсы сапатын баалайсыз?
- Үй оокаттарына тың, тынч бир калыпта жүрө бергени жагат.
- Уулдарыңыздын келечекте спортсмен болушун каалайсызбы?
- Мен балдарымдын келечегин спорттон көрөм. Арсенди футболго берип, кичүү уулум Арсланды штангист кылгым келет. Уулдарым мекенибиздин өсүшүнө салымын кошуп, элге кызмат кылышса дейм.
- Спирт ичимдиктерин колдоносузбу?
- Кээ бир белгилүү адамдар "ичимдик ичпейм" дегендерин гезиттерден окуп күлкүм келет. Баары эле аз да болсо ууртап-татышат да. Анын эмнесин жашырышат. Мен деле кээде сыра ичип коём, бирок арак ичпейм.
- Отуруштардан ырдап шаңдуу отурасызбы?
- Ырдайын десем эле көмөкөйүм буула берет. Жакында Жаңы- жылга жакын бир ырчы менен ырдай турган долбоор түзүлөт экен, ошого чакырышты эле кантип ырдайм деп сарсанаа болуп отурам. Токтогулдуктар ырчы болушат дегени менен менде ырга жөндөм жок, токтогулдуктардын менден башкасынын баары ырчы болсо керек.
- Бош убактыңызда кантип эс аласыз?
- Кээ бирөө жаратылышта эс алганды жакшы көрөт го, менин спорттук карьерамдын баары жаратылышта өткөндүктөнбү, жаратылышты көргүң деле келбей калат. Ошондуктан бош убактымда телевизор көрүп, алган сыйлыктарымды бир сыйра карап, балам менен ойноп кадимкидей эс алам. 2 жаштагы Арсенимдин дайыма кыймылда жүргөнү, тентектиги, жаны тынбай чуркап жүргөнү, эркелегени мени кубандырат. Кечинде келгенде аны менен кошо ойноп кадимкидей жыргап калам.
- Үйдө кимиңер лидерсиңер?
- Эркек болгондон кийин албетте, мен. Аселге кеңешип, маселени ортого салам ошентсе да акыркы чечимди мен кабыл алам.
- Кандай учурлар кыжырыңызды кайнатат?
- Машыгуудан келгенден кийин ызы-чууну жактыра бербечүмүн. Арсен төрөлгөндө Олимпиадалык оюндарга камынып жаткам. Чарчап келсең түн ортосунда бала ыйлайт, жиниң келет. Эртеси күнү көзүң шишип, уйкуң канбай машыгууң жакшы болбой калат. Оюң бир жерде болбосо да машыгыш өтө кыйын. Ошондуктан бизди көбүнчө тоодон машыктырышчу. Конокторго барганда бирөөлөрдүн балдары ыйлап, ойносо ичиңен "акырынбайбы" деп башкача боло берчүмүн. Азыр өзүм балалуу болгондон кийин балдардын чуру-чуусуна көнүп калдым.
- Мелдеште штанганы көтөрөөрдө эң биринчи оюңузга эмне келет?
- Ар бир мелдешке чыкканда элдин сүрү апкаарытса, кыйкырык сүрөөндөр кулагыңа угулбай оюңдун баары "штанганы жакшылап көтөрүү керек" деген ойго бийленесиң. Туш тарабыңда турган камералар да көзгө көрүнбөй калат. Менин ар бир медалым кымбат, ар бири оор машакат, эмгек менен келген.
- Интернетке көп отурасызбы?
- Ноутбугумду дайыма жаныма салып жүрөм. Өлкөдө эмне жаңылыктар болуп жатканын телевизордон өткөрбөй көрөм. Спорт жаңылыктары менен сөзсүз таанышып турам. Кокус телевизор көргөнгө убактым болбой калса интернеттен окуйм. Негизи мага тааныштар менен интернеттен кат жазышканга караганда телефондон sms жазышкан жагат. Чет мамлекеттерге мелдешке чыкканда бир айлап үйдө болбойбуз да, ошондо келинчегим менен интернет аркылуу кабарлашып турам.
Жубайы Асел:
"Уландын
кенебестиги
жакпайт"
- Улан байке үйдө кандай кожоюн, ашканада жардам береби?
- Ар кандай болот. Кээде балдарды караганга деле шайы жок араң келет. А дем алыш күндөрү болсо үйдөгү оокаттарга каралашып, баласын ойнотуп, кичүүсүн көтөрүп жакшы жардам берет. Ал эми ашканада жардам бергенин бир да жолу көрө элекмин. Улуу балабыз төрөлгөндө көбүнчө оюндарга даярданып чет мамлекеттерде көп жүрдү, кичүү балабызга каралашып бош убактысын бөлүп жатат. Ыйласа колуна алат, жетишпей жатсам көтөрүп турат. Балдарды мага караганда көп эркелетет. Арсенди урушуп койсоң, мени менен урушат. Болушат. Азыр Арсендин тили чыга элек, ошентсе да бир орунга турбаган тентек.
- Кайсы тамакты жакшы көрөт?
- Камыр тамактарды жакшы жейт. Негизи эле тамакты көп ылгай бербейт.
- Кокус тамагыңыз даамдуу болбой калса ачык айтабы?
- Мен бойдок кезимде эле тамакты жакшы жасачумун, анткени үйдө балдардын улуусу болгондуктан тамак жасоо менин мойнумда болчу. Бирок кээде тамак анча даамду болбой калса мурдакыдан аз жейт, ошондон улам тамагым жакпай калганын байкайм.
- Кайненеңиз кылган кызматыңызга канаттанабы?
- Азырынча "претензия" уга элекмин. Биз негизи ата-энебиздин колунда турабыз. Анткени, Улан эки - жака көп чыгат, анын үстүнө кичинекей балабыз үч айлык, каралашканга киши керек. Өзүбүздүн үйүбүзгө бат-баттан келип турганыбыз менен убактыбыздын көбү кайнене-кайнатамдын үйүндө өтөт. Кайненем менен көп убакыт өткөзгөндүктөн бири-бирибиздин сырыбызды жакшы эле билип калдык, мамилебиз жакшы. Анын үстүнө алар жер там да турушат, абасы салкын. Балдар ээн-эркин эшике чыгып ойношот. Кышкысын болсо бизге бул үй ыңгайлуурак.
- Жолдошуңуз кайын-журтуна барганда кызмат кылабы?
- Азырынча көп деле кызмат кыла элек, ата-энем "спортсмен күйөө балабыз" деп сыймыктанышат.
- Жолдошуңуздун кайсы сапаты жакпайт?
- Уландын кенебей, бир нерсеге маани бербей калмай адаты бар. Ошол сапаты анча жага бербейт. Какшыкчыл мүнөзү бар, бирок, анысын кемчилдик катары карабайм. Тамашалап шайыр жүрөт.
- Өзүңүздүн кесибиңиз эмне?
- Экономист, кесибим менен иштечүмүн азыр декреттик отпускадамын. Буюрса 2011-жылы жумушка чыгам го.