Күн сүрөт

"Балдар биздин келечегибиз"-дейбиз. Бирок, биз айткан келечек муундар турмуштун түрткөн жолуна түшүп, азыркы тапта борбор калаабыздын базарларында ар кандай калдыктарды чогултуп, өз жандарын багып келишет. Алар аткарган күнүмдүк жумуштарын иликтөө иретинде айланага баш бактым.

Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?
Борбор калаабыздын чыгыш жагында жайгашкан, "Дордой" базарына барууну туура көрдүм. Базардын кире берген жеринен эле картон кагаз чогулткан жаш баланы кезиктирип, кепке тарттым.
Арзыбек. 4-окуучусу: "Мектепке барсам, мага ким акча берет"
- Канчанчы класста окуйсуң?
-Мен төртүнчү класста окушум керек болчу. Бирок мектепке барып окуп көрдүм, мага эч ким акча берген жок.
- Мектепте акча бербей, билим берет да?
- Мага акча керек, мен акча санаганды билсем болду, калган эч нерсенин кереги жок.
- Эмнелерди чогултасын?
- Кагаз, жумшак целлофан, мүшөк терем.
Ата-энелеринин жумушта иштебегендигинин айынан, бул базарда "мектеп" дегенди унутуп акча үчүн күрөшкө чыккан мектеп окуучулары жүздөп саналат.
Бирок мектеп менен жумушка да бирдей жетишкен балдар да бар экен. Алыстан көрүнгөн жаш баланы сөзгө чечен деп ойлобойсуң. Эртең менен сабагына барып, андан соң базарга өз күнүмдүк жумушуна келген,
Акназар 6-класстын
окуучусу:
"Мен товарларымды өткөрөм"
- Мектеп менен базарга кантип жетишесиң?
- Аракет кылып жетишем, айла жок апама жардам беришим керек. Сабактарымды кечинде даярдайм. Түштөн кийин базарга келем.
- Иштеп жүрүп күтүлбөгөн жерден бир нерсе тапкан учурлар болобу?
- Болот. Бир жолу базар аралап жүрүп, үч миң сом таап алгам. Кечээ эле досум экөөбүз сотка таап алып, аны апама бердик.
- Бир күндө канча акча табасың?
- Көп деле таппайм. Бүгүн 60 сом таптым. Кээде иштебей кеткен күндөр болот.
- Досторуң көрүп калса уялбайсыңбы?
- Досторумдун баары эле мага окшоп иштегендери бар. Уурулук кылбай өз эмгегим менен акча таап жүрсөм, эмнеге уялмак элем. Уялсаң ачка каласың, эч тартынбайм- деди да "Мен товарларымды өткөрөт элем, кечирип койгула менин убактым жок. Кааласаңар жүргүлө, тээтиги жерге"- деп ээрчитип жөнөдү.
Арзыбек экөөбүз анын товарын өткөрдүк. Ал жердеги ар кандай калдыктарды алуучулар, кабарчы экенимди байкап калышып, мени сүрөткө тартпашымды суранышты.
"Билим алуу ийне менен кудук казгандай" деген накыл кеп, базарда иштеген балдар үчүн "Акча табуу ийне менен кудук казгандай" деген мааниге ээ болуп калган" дейт, макулатура жана ар кандай калдыктарды сатып алуучу Зарипа эже;
- Кандай калдыктарды кабыл аласыз?
- Кытайдын каптарын, бөтөлкөлөрдүн калдыктарын, картон кагаздарды алам.
- Сизге "товар"өткөргөн балдар мектепке барышабы?
- Мектепке баргандары аз. Бүгүнкү күндө бир эмес эки диплом алгандар калдык терип, нан таап жүрүшөт. Азыркы балдар үчүн "акча табуу ийне менен кудук казгандай" болуп калган. Азыркы заманда окуунун кереги жок болуп калды. Көпчүлүк балдар мектепте окубайт.
- Бул калдыктарды кимдерге тапшырасыз?
- Өзүбүздүн эле кыргыздар алат. Мисалы, даарат кагаз, дептер, шиферлерди чыгарууга заводдор алышат.
- Жамгыр жааганда да иштейсиздерби?
- Ачка калбаш үчүн акча табыш керек. Жамгыр эмес, кар жааса да иштеп жүрө беришет. Бирөө бизге чоң сарай куруп бермек беле.
Керээли кечке акчанын айынан целлофан, картон кагаз терген "бешиктен бели чыга элек" балдар гана эмес, кыздар да бар. Бул кыздын аты Махабат, чоң энеси менен бирге иштейт.
- Чоңойгондо ким болгуң келет?
- Мугалим болом.
- Колдоруңа эмне болду?
- Билбейм. Чоң-энем дары койду, сакайбай жатат.
Ошол жерден Махабаттын чоң энеси 67-жаштагы Гүлбүбү апа сөзгө кошулду:
- Бул неберемдин атасы менен апасынын дайыны жок, эки айдан бери мен багып жатам.
Өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз?
- Мен өзүм Чолпон-Атадан болом. Менин эки балам бар, экөө тең майып. Үйдө отурат (ыйлап). Кир жууганга самын алалбай жүрөм. Мына бул кийимдеримди жаз айынан бери жуубай жүрөм.
- Небереңиз мектепке барабы?
- Жок, садагаң кетейин, мектепке окутканга менин алым жетпейт.
- Балдарыңыздын дарыларына канча каражат кетет?
- Өзүм пенсия дегенди такыр албайм. Балдарым ооруса эч нерсе кылбайм. Дары алганга акчабыз жок. Мамлекет жардам бербейт. Майып балдарым жайынан жылбайт. Мен алтымыш жети жашта болсом да, эптеп күн кечирип жүрөм. Билбейм менин өмүрүм канча калды. Бир жерде тынч олтурбасам, же башкалардай болуп кийим албайм,(көзүдөн жаш агып) эмне кылаарымды билбейм, дагы кудайга шүгүр, ушул базар бар экен, ачка калбай нан болсо да таап, курсагыбызды жылытып жашап жүрөбүз.
- Базарда акча үчүн ооруп турса деле маани бербей жүрө берген мындай тагдырлар толтура. Албетте, аткарган жумуштары кир, чаң, тамак-аштары тартыш болсо анан алар оорубаганда ким ооруйт?
Мындан он бир жыл мурун борбор калаабыз Бишкек шаарында атайын балдар үчүн "Балдарды коргоо борбору" (бей өкмөт уюму) түзүлгөн. Негизинен балдарды коргоо борбору базарларда иштеген жана көчө балдарына ошондой эле кароосуз калган балдарга жардам берип, алар менен кандай багыттар менен иштешээрин социалдык кызматкер Закия Окенаева төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди.
- Бул борбордун максаты эмнеде?
- Биздин максат жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, ошондой эле базарларда иштеген балдарга, ата-энеси жок жетим балдарга жардам берүү. Анан дагы атайын балдар үчүн күндүзгү борборлорубуз бар. Алар "Ош" базарында жана "Дордой" базарында жайгашкан. Күнүгө бир маал витаминдүү, ысык тамак эки жүздөн ашуун балдарга берилет. Ошол борборубузда ар кандай ыкмаларды колдонуп, атайын тренингтерди өткөрүп келебиз.
- Мектепке окубай калган балдарга да жардам бересиздерби?
- Ооба. Эгер бала 3-класстарды гана окуп андан ары окубай калса, биз ал балдарды кесиптик лицейлерге, ашпозчу жана чач-тарач кесип ээлери болууга жардам беребиз. Учурда Дания өлкөсүнө эки балабызды окууга жөнөттүк. Алар ал жакта чет тилдерин окуп үйрөнүшөт.Биз балдардын жашоосуна жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет эле кылып жатабыз. Ошентсе да баарына жардам бергенге жетише албайт экенсиң.
- Ата-энелер менен да сүйлөшүүлөргө барасыздарбы?
- Балдарды базарда иштетпөө бул - ар бир ата-эненин милдети. Ошондуктан биздин борбор бир гана балдар менен чектелбестен, ошол балдардын ата-энелери менен да атайын сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Ата-энелерине жумуш таап берүүгө, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жоготуп алгандарга күбөлүк алып берүүгө жардамдашабыз.
- Бир баланын тамак-ашына канча каражат бөлүнөт?
- Мен так маалыматын билбейт экенмин. Так жообун бербесе болбойт го.
- Сиздерге кимдер колдоо көрсөтөт?
- Биздин борборду Дания өлкөсү каржылап турат.
Мектеп программасы боюнча 9-классты бүткөрүү, бала үчүн да, ата-эне үчүн да милдеттүү. Бул жобону аткарбаган ата-энелерге ал үчүн административтик айып салуу каралган. Административтик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 65-статьясы.
Бирок бул жобонун эрежеси Кыргызстанда сакталбай келет.
Эрежени сакташ үчүн, мектеп окуучусу бар ата-энелерди жумуш менен камсыз кылуу керек экендиги баарыбызга маалым.
Кыргызстандагы базарларда иштеген балдардын жалпы саны 600 миң.
Жалал-Абад областында мектеп жашында иштеген балдардын саны 125- миңди түзөт. Балдардын көпчүлүгү талаа жумуштары башталганда ишке чыгышат. Ошентип, жаш балдар 14 жашынан баштап чоң кишилердей жумушта иштегенге мажбур болушат.