п»ї
  Жакын туруп алыспыз...бы?

Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
Эриш-аркак жашап, турмуштун ысыгына бирдей күйүп, суугуна бирдей тоңгон жубайлар убакыттын өтүшү менен бири-бирин сөз менен эмес көз караш менен түшүнүп калаары турган иш. Бир топ жылдан бери чыгармачылык менен жеке жашоонун арабасын чогуу тартып келе жаткан театр актёру Эгемберди Бекболиев менен жубайы Айсалкын Осмонованы текшерүүдөн өткөрүп бири-бирин канчалык деңгээлде жакшы билээрин аныктадык.


Эгемберди
Бекболиев:
- Аялыңыз акчаны кандай пайдаланат?
Э.Б: -Орду менен сарамжалдуу пайдаланат.
А. О. - Сарамжалдуумун.
- Кайсы тамакты жакшы көрөт?
- Өзү күрүчтү жакшы көрөт.
- Дымдама, күрүчтү жакшы көрөм.
- Кайсы сулуулук салонуна көп барат, канча күндө бир барат?
- Сулуулук салондорго барбайт, болгону мончого 1 жумада бир барат.
- Сулуулук салондоруна барып көрө элекмин, бир жумада бир жолу мончого барам.
- Канчанчы өлчөмдөгү кийим киет?
- 46-өлчөм.
- Көбүнчө 48-өлчөм.
- Кайсы гүлдү жакшы көрөт?
- Гүлдөргө кызыгат, бирок кайсы гүлдү жакшы көрөөрүн билбей турам.
- Роза гүлүн аябай жакшы көрөм.
- Туулган күнүндө эң биринчи жолу эмне белек кылдыңыз эле?
- Эсимде жок.
- Эч кандай деле белек кылган эмес.
- Биринчи балаңыз канча киллограмм салмакта төрөлгөн?
- 2800- 3000 киллограмм болуш керек.
- 3400-3500- киллограмм.
- Кайсы сөздү көп колдонот?
- Эркелеткен сөздөрдү көп колдонот. Алтыным, чалым, абышкам деген сөздөрдү көп айтат.
- Чалушкам деп эркелетем.
- Кайсы датада үйлөнгөнсүздөр, жашаганыңарга канча жыл болду?
- Кыргызча тоюбуз кышында болгон. Үлпөт тоюбуз 22-апрелде 1977-жылы болгон.
- 22-апрель 1977-жылы.
- Кайсы зергер буюмду көп тагынат?
- Көп деле кызыкпайт, зергер буюмдардын артынан куубайт.
- Күмүштү жакшы көрөм.


Айсалкын Осмонова:

- Жолдошуңуз эң биринчи үйгө киргенде эмне кылат?
А. О: "Тамак" даярбы деп кирет.
Э. Б: "Кана тамак" деп кирем.
- Үйдөн телефон менен канча киши менен сүйлөшөт?
- 4-5
- Жагдайга жараша болот.
- Кайсы берүүнү көп көрөт?
- "Что? Где? Когда?" телеберүүсүн үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз.
- Жаңылыктарды калтырбай көрөм. ОРТнын Что?Где?Когда? деген берүүсү жагат.
- Кайсы ырчыны баалайт?
- Кайсы ырчыны баалаарын билбейт экенмин, Гүлнур Сатылганова го дейм.
- Баардык ырчылар эле жакшы ,бирок мага көбүрөөк Гүлнур Сатылганова менен Жылдыз Осмоналиева жагат.
- Балдарын кайсы сөз менен көп эркелетет?
- Далысынан чапкылап, "Ту-ту-му-ту" эле дей берет. Эмне деп эркелетип жатканы угулбайт деле.
- Кызымды каралдым, негр кызым деп эркелетем. Уулумду каралдым дейм.
- Жумушта жүргөндө канча жолу чалат?
- Бир күндө бир-эки жолу чалат. Кайда жүрөсүң, келе жатасыңбы? деген сыяктуу суроолор менен чалат.
- Жөнү жок эле чала бербейм. Зарыл жумуштар чыгып калганда, бир нерсени дайындаш керек болгондо чалам.
- Саунага канча күндө бир барат?
- Бир жумада бир жолу барабыз.
- Жумасына бир жолу.
- Эң жакын досу ким?
- Дүйшөмбек.
- Дүйшөмбек.
- Отуруштарда кайсы ырды көп ырдайт?
- "Эсимде"
- "Эсимде"
- Көп колдонгон макалы?
- Билбейм.
- Жагдайга жараша болот. Бирок, көбүнчө "Ак ийилет бирок сынбайт" деген сөздү көп айтам.
- Бутунун өлчөмү канча?
- 43-44.
- 43-44.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??