п»ї
  Классташ

Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"
Классташтан өткөн сага жакын адам жок.- Анткени, сен канчалык даражаң бийик болуп, бийикте болсоң дагы классташың сени баягы мектептеги эч ким боло электеги фамилия менен кабыл алат. Атактуу адамдар менен классташтары сыймыктанышаар, бирок өзүнө келгенде сен чоң, сен атактуу деп жагалданбастан, тескерисинче "сен мындай эмес белең, азыр айтып уят кылайынбы" деп "атака" кылып турганы эле бири-бирине болгон балалыктын баёо сезимдери өчө элек мамиледен кабар берет эмеспи. Бүгүн бизге башкалардан башкачаарак, өзгөлөрдөн өзгөчөрөөк, тилинде мөөрү, колунда калеми, астында креслосу бар Мелис Эшимкановдун классташы Гүлмира Ашымова конокко келди. Мелис мырзанын классташы Гүлмира айым Кыргыз мамлекеттик улуттук университттин астында түзүлгөн тил борборунда чет-элдик студенттерге орус-тилинен сабак берет.


"Бир мейизди бөлүп жеген достор"
- Мелис Ат Башыдан, 5-класстан борборго которулуп, №50 мектепте билим алып жаткан учурда мен да Токмоктон келип Мелис окуган класска кошулдум. Класска кирсем узун-узун кыздар, а балдары мотурайган, бойлору кичинекей, алардын арасында Мелис да бар. Башында бири-бирибизден сүрдөп жаткан жаныбыз, бара-бара жакын болуп кеттик. Өзгөчө беш классташ ынак болуп чоңойдук. Мелис, Фурхат, Ишен, Дамира жана мен. Чогулуп алып сабактан качып, Фучиктеги паркка келебиз, Дамира экөөбүздүн сумкаларыбызды балдар көтөрүп алышат.
Сабактан болсо Мелис бою кичинекей болгондуктан алдыңкы партада отураар эле. Мотурайган, тыпырайып таптаза, костюм -шымын карасаң тыкырайта үтүктөлгөн. Эч качан бейчеки тентек кылчу эмес. Өзү интервьюларында "хулиган болчумун" деп айта берет, бирок чындыгында андай эмес болчу. Балким, балдар арасында урушуп-мушташкандыр, а кыздардын көзүнчө мушташып сөгүнгөнүн байкаган жокпуз. Тескерисинче бизге болушуп бизди карга чылап жаткан балдарыбыздан сууруп чыгаар эле. Оор басырыктуу болчу. Биз тыныгуу учурунда бири-бирибизди жөөлөшүп, чачыбыздын тартышып ойноп жүрсөк, ал "Кыргызстан пионери" гезитин үңүлүп окуп отурчу. Ал кезде бизге Саясий маалымат (Полит информация) деген бир жумада бир класстык саат сабагы өтүлүп турчу эле. Ошол сабактан бир гана Мелис туруп жооп берчү. Анан бир сүйлөйт дейсиң, тилинин дарамети укмуш болчу. Биз Мелисти укчубуз, бирок анын тили менен деле түшүнчү эмеспиз. Көрсө ошондо эле саясатка мээси жетип, биз түшүнбөгөн терминдер менен сүйлөчү тура. Аны биз убагында байкачу эмес экенбиз. Кийин анализ жүргүзсөм, Мелис ошондо эле "Болоор бала" экен. Телевидениеде "Балдар студиясында" штаттан тышкаркы кабарчы болуп, "Кыргызстан пионерине" да 6 класстан баштап эле байма-бай кичинекей макалаларды жазып, биз атабыздын берген 10 сомун мектептен коротуп келгенди гана билсек, Мелис керек болсо ошол 10 сомду өзү таап турчу. Курбум Дамира экөөбүз жөнүндө "Бир мейизди бөлүп жеген достор" деген аталыштагы макала жазганы эсимде. Ал макала Кыргызстан боюнча тарап, ар аймактын пионерлери бизге дос болобуз деп кат жазышып, Оштун пионерлери өрүк-мейиз салышып,айтор Мелис бизди ошентип бир курдай популярдуу кылган (күлүп).
Ар бир класс дубал газета чыгарчу элек. Анын бетин жалгыз Мелис толтурган учурлар болгон. Эмгекчил эле. Ар кандай конкурс, мелдештерде Фурхат өзбек бийин бийлесе, Мелис декломация, достук-азилдерди жазчу. Класста ар бир балага арнап жазган ырлары бар. Журналистикага ыктап кетпегенде Мелистен жакшы акын да чыкмак.
Бизге келген практикант мугалимдер Мелистин дилгирлигин байкашып, жакшы көрүп калышчу.

"Роза гүлүнүн тикенеги колумду сайып..."
Бешөөбүздүн ичинен Мелис экөөбүздүн ортобузда абдан жылуу, достон да артык кандайдыр бир бир туугандык мамиле бар эле. 9-класска окууга кирээр жылы автокырсыкка кабылып, башым жарылып, эки бутум сынып ооруканага жатып калдым. Рентгенге түшкөнгө коляскага отургузуп алып, мени сүйрөп келатышса, классташтарымдын 27си тең алдыман чыкса болобу. Буту-башымдын ооруганын унутуп, сүйүнгөнүмдү айтпа. Тимеле коляскадан атырылып түшүп кетким келди. Көрсө баарын чогултуп, уюштуруп келген Мелис экен. Мен төрт ай ооруканда жаттым, төрт ай жанымдан чыккан жок. Сабактан кийин келип "бүгүн мындай тема өттү" деп мага сабак окутат. Бир курдай кучак толтура роза гүлүн көтөрүп келгени эсимде , колума алсам тикенеги саят. Кагазга да ороп албаптыр…
Мен ооруканадан чыккандан кийин үйдө да төрт ай жаттым, сабакка барбай. Анда да күндө келет. Менин атам Ашымов Каарман "Кыргызфильм" киностудиясынын директору болуп иштечү. Бир күнү Мелис "Мен сценарий жаза алам, мага Москвага окууга өткөнгө жардам бере аласызбы" деп кино дүйнөсүнө кызыгаарын айтып, балкондон атам менен сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Анда 9чу эле класспыз. Мисалы, мен мектепте жакшы окучумун, бирок алдымда кандайдыр бир максат жок болчу. А Мелис үйдүн улуусу болуп, бүт түйшүктү мойнуна алып, алдына ошондо эле максат коюп, жашачу тура. Менин атам абдан сүрдүү киши болчу, балдары да сүйлөгөндөн коркчу элек. А Мелис максатын тартынбай айтып жатканын карабайсызбы. Атам "биринчи мектепти жакшы окуп бүтүр, анан сүйлөшөбүз" дептир. Атам окууну бүткөндө мени Москвага киносынчы кылам деп жиберди. Мелис экөөбүздү бирдей жибергенге мүмкүнчүлүгү болбой калса керек…
Кийин Мелис өзү айтып жатпайбы. Мени Москвага учту дегенди укканда тамынын чатырына чыгып алып, "Шашпаңыз Каарман байке, сиз мени жиберген жоксузбу, мен кино дүйнөсүнөн чыкпасам дагы башка жагынан суурулуп чыгам. Көрөсүз" деп менин атама таарынып ыйлаган экен.
Биздин үй-бүлөгө суктанчу окшойт, ар бирибизге арнап жазган бир ыры апамда 25-жыл сакталыптыр. Мындан 5-6 жыл мурда кызы Жылдыздын үлпөт тоюнда апам Мелистин колуна тапшырса, күтүүсүз болду окшойт, таң калып, ыраазы болду. Ошондо апам "Сен кичинеңде эле чоң максат менен жакшы жашоодо жашайм" деп кыялданчу элең, ошол максатыңа жетип мына бүгүн 700 адамды чакырып той берип жатасың" деп айткан. Апам айткандай эле Мелис жетем дегенине тубаса таланты, өжөрлүгү, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги менен жетип, бүгүнкү күндө бакыйган адам болуп отурат. Мелисти канча киши сөзү менен тепкилешти, чапкылашты, ары-бери калчашты, ары согулду, бери согулду, бирок ал сынган жок, кайра такшалды, бышты. Тескерисинче саясатчысы, байы, карапайымы менен бирдей аралашып жүрүп чоң мектептен өттү. Мелис Эшимканов деген ысымды эч кимдин жардамы жок эле жасай алды.

"Ашымова, мне некогда!"
Азыр мектепти бүткөнүбүзгө арадан көп убакыт өтсө дагы, бешөөбүз бири-бирибизди көрбөсөк сагынышып калабыз. Көп жолугуп ийсек бири-бирибизден тажап кетмейибиз да бар. Мен бир нерсени бат-баттан эле уюштура берем. Кээде Мелис "Ашымова не когда мне" дейт, кийинки жолукканда "Эмнеге антесиң" деп урушабыз. Кээде телефон чалып "У меня к тебе 110 вопросов" десем, "Почему 110" дейт. Биздин сүйлөшкөнүбүз эле өзүнчө бир кызык. Мен айткандан көрө бешөөбүз чогулуп отурганда билгизбей сүрөткө тартып, сүйлөшкөндөрүбүздү жаздырып алса кызыктуу болмок…
Жамандык -жакшылыктарда үй-бүлөбүз менен катышабыз. Кээде өзүбүзчө бешөөбүз эле отурабыз. Дамира экөөбүздү күйөөлөрүбүз Ишен, Фурхат, Мелиске жолугабыз десек унчукпай жиберишет. Аларга жолукканда ырдайбыз, бийлейбиз. Жашың 50гө чыгып калса да жан- дүйнө эч качан картайбайт деген чын экен. Кээде жаш баланын оюндарын ойноп (приказ бермей, жаздык талашып бийлемей) жана башка ар кандай конкурстарды уюштуруп, балалыкка барып келгендей болуп, жыргап, жеңилдеп алабыз. Чоң-чоң иштер болуп калса, түз эле Мелиске барып,"Менин мээм жетпей жатат, сен айтчы" деп акыл сурап турам. Колунан келген жардамын берсем деп эле турат. А мен сыяктуу жардам сурап баргандар канча дейсиң…
Э. Жумагулова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??