п»ї

  сырмаек

Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

Кыз кишинин бактысы-үй-бүлөдө экени талашсыз. Ырчы айым Айя Садырова да турмуш жолуна аттанып бактыга балкып турган кези. Өзүнүн бактысы менен тең бөлүшүп, жаңы турмушу жөнүндө кеп козгоп берди.


"Жолдошум келечегине кам көрө билет"
- Айя, турмушка чыгыптырсыз куттуктайбыз! Жолдошуңуз менен канча убакыт сүйлөшүп баш коштуңуз?
- Рахмат. Бир жолу түшкү тамактануу учурунда кафеден таанышканбыз. Бир нече жыл жакшы тааныштардан болуп жүрдүк. Мага жолукканга чейин кыргыз эстрадасына кызыкчу эмес экен, таанышкандан баштап менин ырларымды угуп кыргыз ырчыларга кызыга баштады. Чынын айтсам анын аялы болом деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Кичинеден артыман түшүп романтикалык жоруктарды жасай баштады. Бара-бара жүрөгүм жибип жолдошум мен үчүн катардагы достордон кымбат экенин түшүнүп турмушка чыгууга макулдугумду бердим. Тоюбуз Казакстандын Алмата шаарында өттү. Апам да, кайненем да динге жакын кишилер болгондуктан тойго келген конокторго ичимдик берген жокпуз.
- Түгөйүңүздүн аты ким, кайсы кесиптин ээси?
- Атын атабай эле койсом. Ал өзүн көпчүлүккө жарыя кылып, бирөөнүн көңүл борборунда болгонду жактырбайт. А өз кесиби боюнча экономист. Бирок, азыркы жумушу тууралуу айта турган болсом жеке ишкер, өзүнүн чакан бизнеси бар. Келечегине кам көрө билген, акылдуу эркек. Ушул сапаттарына да арбалдым десем болот. Андан көп нерсени үйрөнсөм дейм.
- Ата-энеси менен мамилеңиз бир калыпка түштүбү?
- Бир үйдөн экинчиге бүлө болуп барып, ал жердин шартына жашоосуна, тартибине көнүш албетте кыйын. Мени кайын журтум жылуу кабыл алышты. Ачык айрым, тамашакөй адамдар экен. Жолдошумдун үй-бүлөсүндөгү салттар менин өз ата-энемдикине окшош, андыктан үйдөгүлөр менен бат эле тил табышып көнүшүп кеттим.
"Кайненем жер
шаарынын жарымысын кыдырыптыр"
- Кайнене-кайнатаңыз эмне менен алектенет экен?
- Кайненем чыгармачыл чөйрөдөн десем болот. Ички дүйнөсү, кээ бир адаттары өз апамдыкына үндөшүп кетет экен. Муну мен биринчи келин болуп келген күнү эле байкадым. Сүрөт тартканды, тамактын түрүн жасаганды жакшы көрөт. Өзү МГУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби экономист. Жер шаарынын жарымысын кыдырып келиптир, башынан өткөн окуяларын айтып берсе жомок угуп отургандай болом.
- Үй оокаттарынан кайсынысын жасаганды жакшы көрөсүз?
- 6-классымдан баштап тамак жасаганды үйрөндүм. Анткени, ата-энем керээлди-кечке жумушта жүрүп кечинде чарчап келгендиктен сөзсүз түрдө биринчи, экинчиси менен тамак даяр болушу керек болчу. Ошон үчүн ашканадан такшалып тамактын түрүн жасаганды мыкты өздөштүргөм. Азыр кытай элинин ашканасына кызыга баштадым. Кайненем фунчёза, козу карын аралашкан шорпомду жактырып, мактап ичет. Үйүбүз чоң болгондуктан үй кызматкер келип жыйнап турат. Ошондуктан болгон убактымды ашканадан өткөрөм.
- Көпчүлүк ырчылар турмуш курганда чыгармачылыгы аксай түшчү эле, сиздики кандай болот?
- Азыр бойдок кездегидей бош убактым анча көп эмес. Анткени, келин көрүп келген-кеткен адамдардын аягы сууй элек. Бош убактымды чыгармачылыгыма жумшайм, буюрса жазга жакын үчүнчү альбомумду аяктайын деп турам. Чыгармачылык чөйрөдөгү айрым ырчылар чындап эле турмуш курганда ырчылыктан алыстай түшөт. Буга бир топ себептер болсо керек. Кээ бирөөнүн шарты, кээ бирөөнүн жолдошу каршы болуп дегендей. Меникин сурай турган болсоңор, жолдошум ырдаганыма каршы эмес. Өзү деле музыканы жакшы көрөт. "Ырдаганды ташта" деген сунуш киргизет деп ойлобойм, себеби, ырларымдын кээ бир идеяларын жолдошум ойлоп таап, жакшы демилгелерди көтөрүп айрым жерлерден колдоп жардам берет. Чыгармачылыгыма түз көз карашта деп ишенимдүү айта алам.
"Эки өлкөнүн ортосунда каттап турам"
- Жолдошуңузга арнап жазган ырыңыз барбы?
- Репертуарымдагы акыркы "Желанный" деген ырым жолдошума арналган. Бул ырда күйөөмө болгон сезимдер баяндалган, клип тарттырганга да жетиштим. Мен буга чейин деле жолдошума арнап бир топ ырларды жазып койгом, келечекте аларга обон жаратып ырдап чыгам деп пландап жатам.
- Канча балалуу болсом дейсиз?
- Кудай канчаны берсе баш тартпайм. Мен кичинекей балдарга жакынмын. Кайненем да чыдамсыздык менен неберелүү болчу күндү күтүп жатат.
- Өзүңүздүн ата-энеңиз эмне иш менен алектенишет?
- Атам аскер кызматкери. Темирдей катуу тартипти сүйгөн адам, бизди кичинебизде катуу тарбиялап өстүрдү. Ушундан улам менде эрктүү, чыдамкай мүнөз калыптанды. Апамдын кесиби инженер, СССР кулагандан кийин жеке ишкердүүлүк менен алектене баштады. Менин чыгармачылыгыма апам көп колдоо көрсөтүп жардам берди. Апама өмүрүм өткөнчө ыраазымын. Үч агам бар, мен үй-бүлөдө жалгыз кызмын.
- Кыргызстанда жашайсызбы же Казакстанга кетесизби?
- Мен мекенимдин чыныгы патриотумун, Кыргызстанды биротоло таштайын деген оюм жок. Бирок менин ата-энем Казакстанда жашагандыктан бир аз убакыт алар менен жашап турат окшойм. Жолдошум да жумуштары менен Казакстанга көп барат. Качанкыга чейин экенин так айта албайм, азырынча ушинтип эки өлкөнүн ортосунда каттап турат окшойм.
- Кантип эс алганды жакшы көрөсүз?
- Бош убакыт болсо эле жаратылышка чыгабыз. Жумушума байланыштуу киши көп жерлерде жүргөнгө туура келет, ызы-чуудан чарчайм. Анан албетте, үй-бүлөм менен болгонду, өзүм жалгыз отурганды жакшы көрөм. Жалгыз калсам эле колума жакшы көргөн китебимди алам.
- Бакыт дегенди кандай түшүнөсүз?
- Адам өз бактысынын устаты, карьерада да жумушта да, эгер кааласаң өз ордуңду таап бактылуу боло аласың. Бакыт деген- сенин жан дүйнөңдүн абалы, анын тегеректеги адамдарга тийгизген таасири. Мен азыр аябай бактылуумун.
А. Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??