Атактуулар ааламы

Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?

Төгөрөгү төп келген кемчилдиги жок адам болбосо керек. Жерде басып жүргөн жылдыздардын деле сиз ойлогондой баардык жагы түгөл эмес. Алар да денесинин кайсы бир бөлүгүн жактырбай, ал кемчилдигин жашыруунун аракетин көрүп келишет.



Пэрис Хилтон көкүрөгү менен сыймыктанса, бутунун өлчөмүнөн уялат. Анткени, бутунун өлчөмү өтө чоң болгондуктан аны жашырыш үчүн бийик такалуу бут кийим алып киет. Бутунун чоңдугун достору сөзгө кыпчып тамашалаганды жакшы көрүшөт. Башында мындай тамашаларга арданган Перис акыркы убактарда кулагы бышып деле бүтүптүр. Биздин өлчөм менен Перистин буту 43-өлчөмдө.



Ай -чырайлуу ырчы Максимдин ою боюнча анын келбетиндеги жалгыз кемчилдик-чекесиндеги тырыгы. Балалык кезинен бери чекесин "кооздоп" келген тырык тууралуу Максим белгилүү болгон кездерде гана ойлоно баштаган. Сьёмка учурунда тырыгын жабыш үчүн кылбаган айласа калган эмес, ал тургай чекесин бир аз жаба тугандай кылып чач өстүрүп көрсө стилисти "сага мындай чач жасалга жарашпайт" дегенден кийин мурдакы калыбына түшкөн. Баштагыга караганда азыр тырыгына анча арданбай, "башка ырчылардан ушунум менен айырмаланып турам" деп өзүн-өзү сооротуп келет.



Брюс Уиллистен журналисттер интервью алганда "чачым тууралуу сурашпаса экен" деп жалынат. Себеби, күн өткөн сайын чачынын жыдып түшүп жатканы актёрду беймазага салып ойлонтот экен. Чачынын сапаты жакшырсын деп улам кырган сайын азырынча эч кандай деле жыйынтык бере элек. Ал эми кичинекей кезинен кичине кекечтенип сүйлөгөн адаты ушул күнгө чейин сакталып калгандыктан көп сүйлөбөй бир калыпта жүрөт.



Британиялык актриса, модель, журналист Тара Палмер-Томкинсон колунун арыктыгынан жапа чегип келет. "Мен колдорумду жек көрөм" деп айткандан тажабаган Тара машинадан түшөөрдө колун өйдө көтөрүп бир нече мүнөт отурмайын машинадан түшпөйт. Анткени, колунун чыгып турган тамырлар кирмейин кыжыры кайнай берет. Бир күндө он жолу тамактанса да Тара толбой, ичкен тамактары эч кандай жыйынтык бербей келет.



Колумбиялык ырчы Шакира денесин жарым-жылаңач кылып сүрөткө түшүп жүргөнү менен чынында ал денесинен уялат. Видеоклиптеринде мүчө-келбети менен мактанып жүргөн Шакира күнүмдүк жашоосунда денесин толугу менен жаап-жашырып жүрөт. Денесинин кайсы бөлүгү экенин ырчы сыр бойдон сактап, бирок ошол жери өзүнө карамайынча жакпасын, келечекте медицина мыкты өнүксө ошол жерине пластикалык операция жасатаарын билдирген.



Теннистин атасын тааныткан Анна Курникованын деле кемчилдиги жок эмес. Сурагандардын баарына "менин булчуңдуу колдорум менен балтырларым жакпайт" деп айтат. Кесиби талап кылган соң булчуңдарсыз жүрүүгө да болбойт. Өзү жаман көргөн булчуңдар ага күч бергени менен мүчө-келбетин көрксүз көрсөтөт. Жайында кыска жеңдүү көйнөктөрдү, кечелерге далысы ачык көйнөктөрдү кийбегенге аракет кылат.



Көпчүлүк Джулия Робертстин сулуулугуна суктанып келсе, актриса өзүн күзгүдөн көргөндө келбетине караманча алымсынбайт. Арыктыгына арданса, көзүнүн алдындагы сызыктарды, шишиктерди кемчилдиги катары кабыл алат. Андан сырткары Джулиянын ден-соолугу акыркы күндөрү жайында болбой, жаткандыктан арыктаган эле арыктап баратат.



" Серебро" тобунун солисткасы Лена Темникованын үстүңкү тиштеринин ортосу ачык экенин көпчүлүк эле байкаса керек. Ырчы өзү кичинекей кезинде ушул кемчилдигин жашыруу ниетинде сүйлөгөндө оозун чоң ачпаганга аракет кылчу экен. Кийин белгилүү болгондон кийин Мадоннанын да ушундай кемчилдиги бар экенин изилдеген. Ушундан улам атак даңкы бар Мадоннада деле кемчилдик болоорун түшүнүп, жаны тынып отуруп калыптыр.



Эң стилдүү айым Виктория Бэкхемди бир караган адам андан оңой менен кемчилдик таппайт. Бирок Викториянын өзүнө чыгып турган ичи жакпайт. Төрөгөндөн кийин ичи кыйла эле салаңдап, Бэкхемдин ажарын бир аз да болсо бузуп келет. "Жамбашыман келген жынсы шымдарды кийгим келет, бирок салаңдаган ичим көз алдыма тартылгандан кийин көңүлүмдүн баары бузула түшөт" дейт Виктория.



Испаниялык мачо Энрике Иглесиас бетиндеги меңди аябай жек көрөт. Кичине кезинен баштап эле ошол меңди сөөмөйү менен чукулап четтерин жара кылып ырбатып ийген учурлар көп болуптур. Эс тарткандан кийин апасынын жанын койбой медициналык жол менен алдырганга көндүрткөн.



Супермодель Синди Кроуфордго өзүнүн көкүрөгү жакпайт. "Көкүрөгүң менен жамбашың эл суктанаарлык болбосо карьера башташ кыйын" дейт Синди. Денесиндеги бул кемчилдикти жашыруу үчүн модель бир нече жолу пластикалык операция жасаткан. Бирок бул кубанычы көпкө созулбай эки айдан ашканда эле көкүрөгүнүн формасы жоголуп, Синди Кроуфорд баягы эле "таз кейпине" түшүп калган. Учурда модель чет мамлекеттердеги доктурлардан кеңеш алып, кемчилдигин узак убакка чейин жашырууга айла издеп келет.


Даярдаган А. Сабырова