п»ї
  кызыктар дүйнөсү

Табигаттын табышмактуу сырлары

Биз жөнөкөй көз менен карап көрө албаганыбыз менен табигатта көптөгөн кызыктуу нерселер бар экендигин билсеңиздер керек. Кээ кездерде гана жолугуп турган мындай көрүнүштөр адамдардын үрөйүн учуруп келгени анык. Илимде муну "гало" деп аташат. Окумуштуулар табигаттын ары сыйкырдуу, ары кызыктуу, укмуштуу көрүнүштөрүнүн сырларын изилдеп келгендери менен ушул күнгө чейин сырларынын толук ачкычын таппай баштары катып келишет. Ошондой болсо да табигат өзүнүн сыларын ичине катып, адамдарга ар кандай көрүнүштөрдү тартуулаганын койбой, терең ойлонууга алып келет.


Эң кымбат аттар

Дүйнөдөгү эң кымбат айбанат болуп, чапкан ат эсептелет. Жер жүзү боюнча аттардын тарыхында "Шариф Дансер" деген ат 1963-жылы 40 миллион Америка долларына сатылган. Ал эми 1989-жылы "Аннихелейтор" 19 миллион АКШ долларына сатылып дүйнө жүзү боюнча экинчи рекордду койгон. Негизи "Саррайа" породасындагы асыл тукум аттар, андан тышкары Россиянын "Анилин" аттары эң кымбат баада сатылып келет.
o Жапайы жаныбарлардан эң чоң ат болуп зебра эсептелет. Анын узундугу 2,5 метр, ал эми боюунун бийиктиги бир жарым метрди түзөт.
o Эң бачым чуркаган ат болуп, Калифорния штатынын 3 жаштагы Хавкстер 1989-жылы рекорд койгон. Ал бир жарым чакырымды 2,22 минутада чуркап өтүү менен рекорд койгон.
o Эң кичинекей жапайы ат болуп Африканын 275 киллограмм салмактагы аттары саналат .
o Эң кичинекей үй аты 9,07 киллограмм салмактагы 1973-жылы туулган Литл Пумпкин эсептелет.
o Башына коюлган алманы аттар 360 градус менен көрө алышат. Ал эми талылуу жери чекесинин так ортосу. Аттар караңгыда абдан жакшы көрүүгө жөндөмдүү, жана ошондой эле караңгыда ачык өңдөрдү айырмалай алышат.

Шайтандардын уюлу
АКШнын Невада штатынын чөлдүү жеринде жайгашкан абдан таң калыштуу жер- бул уюлдун үстүнкү бетинин аянты 9-12 метрди гана түзөт. "Шайтандын уюлун" көлүндө башка деңиздерде жок балыктар жашашат. Анын тереңдиги болжол менен 120 метрди түзөт. Ал эми толук тереңдигин эч ким билбей келет. Геологдордун айтымына караганда эки тектоникалык плиталардын ортосунда жайгашкандыктан аны "шайтан уюлу" деп атап коюшкан. Ал эми ал жерде шайтандар жашаарын азырынча окумуштуулар толук изилдеп бүтүшө элек. Тектоникалык плиталардын беттеринде таң калыштуу нерселердин болуп турушу окумуштууларды андан бетер ойго салып келүүдө.

Сыйкырдуу Тоо
Россиянын Волгоград областында жайгашкан сырдуу тоодо көп таң калыштуу окуялар болуп турат. Ал жакта жашаган элдердин айтуусуна караганда, сырдуу 293 метр бийиктеги тоо дайыма чагылган түшүрүп турган булуттарды тартып турат экен. Адамдардын маанайларына жана айбанаттардын кылык-жоруктарына тескери таасирин тийгизип турат. Ал көрүнүштү баамдаган адамдар кээде тоонун чокусунан кандайдыр бир жарыктардын чагылыштары чыгып калгандыктарын айтышат. Ошондой учурда тоонун жанынан өтүп бара жаткан машиналардын кыймылдаткычтары, анын үстүнөн учуп бара жаткан самолёт, вертолёттордун да кыймылдаткычтары иштебей калат экен.

Бобровиктеги болгон окуя
Бобровик - Беларуссиядагы айыл. Бул айылда "Полтергейст" филминдегидей окуялар болуп турат. Бул айылдагы жашоочулардын үйлөрүнүн ичинен кожойкесинин көз алдында эле ар кандай буюм-тайымдар өзүнөн-өзү эле күйүп кетип турган. Александр Павлов аттуу тургундун үйүндө 3 жашар баласы уктап жаткан бөлмөнүн пардосу жана алдына салынып турган шейшеби өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр келип жалындап жаткан өрттү өчүрүшкөндө, Александрдын баласы жаткан жактагы кездеме гана күйбөй, калган бөлүгү бүт бойдон күйүп кеткен. Ал эми ал "тилсиз жоо" наристеге эч кандай залалын тийгизген эмес.

"БАРСАКЕЛЬМЕС" аралынын укмуштуу сыры
Аралдын өзү айтып тургандай эле барса - келбес деп аталган арал Арал деңизинин батыш жагында 27-12 -чакырымында жайгашкан. Бул арал тууралуу ал жерде болуп келген ар кандай уламыштар айтылып келет. Аралга жакын жашаган адамдардын айтуусу боюнча бир жолу чуркап жүргөн спортсмендер бир жылча ал жерде жашап калышкан. Бирок алар туугандарына он жылдан кийин барышкан экен. Ал эми бул жерден көптөгөн үй-бүлөлөр белгисиз жок болуп кетип турушкан. Мындай себепсиз жок болуп кетип туран көрүнүштөрдү казактар "Барсакельмес" аралынын болуп келген көрүнүшү катары санашкан. Бул жерге кандайдыр бир сынактарды же болбосо ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн барган адамдар эч себеби, изи жок жоголуп турат.

Күндүн бетинде да так бар экен
Биз күндө асманда көрүп, бирок жакындан көрө албаган күндү түстүү шакекчелер курчап алгандыгын да байкоого болот. Аны - Калп күн деп атап коюшат. Ал эми күндүн бетине кээде үчүнчү так пайда болуп калат. Дал ушул так боюнча тарыхта бир окуя болуп өткөнү анык: Францияда Напалеон кулагандан кийин күндүн бетинен кудум эле императордун баш кийиминдей үч бурчтук так пайда болгонун көргөн француздарды таң калтырган.

Жер - тирүү жанбы?
Жердин тирүү жан экендиги тууралуу мындан 6 миң жыл мурун Гермес Тристмегист жазып келген. Асмандагы бардык нерселер тырышып, жерге келип тургандай сезилип келет. Бул жердин - дем алуусу. Жерден да асманга мындай белгилер берилип турат. Мындай белги болсо - жер демин сыртка чыгаруусу болуп саналат. Көптөгөн убакыттар бою поэтикалык миф катары санап келишкен. Мындан бир канча жыл мурун гана бул көрүнүш эксперименталдык түрдө аныкталган. Биз жашап жаткан жер планетасы күндүн нурун гана албастан, бүткүл ааламдагы космостун жашоочулары энергиясын да алат. "Торсион" толкуну тууралуу окумуштуулар айтып келишкен. Окумуштуулар мындай укмуштуу окуяга күбө болушуп, жердин дем алуусун биолокация Институнун операторлору физика-математика илиминин доктору В.Н. Луговенконун жетектөөсүнүн астында тартып алышкан.


Жер жүзүндөгү эң узун дарактар
Жер жүзүндөгү эң узун дарактар азыркы учурда жоголуп бара жатат. Австралиянын токойлорунун бириндеги токойчу 1872-жылы ченегенде "Эукалиптус Регнанс" ("Eucaliptus regnans") дарагы 150 метр узундукта болгон. Учурда Гиннестин рекорд китебине кирген узун дарактардын бийиктиги анчалык деңгээлге жете албай келет. Мисалга алсак: 2004-жылы "Гигант Стратосфера" дарагынын бийиктиги 112 метр гана болгон.


Айбанаттар эмне үчүн аз оорушат?
Окумуштуулар эмне үчүн көптөгөн жаныбарлар жугуштуу оорулар менен аз оорушаарына мурунтан эле кызыгып келишкен. Маселен, дайыма көргөн бакалар абдан сасык, микробдор толтура көлдө жашашкан менен өздөрүн ыңгайлуу сезбестен, оору-суркоону да билишпейт экен. Ал эми уйлар, чаң менен бактерияларды чөпкө кошуп жуткандыгына карабастан, ондогон жылдар бою сайгактап жүрүп, семиргенде гана ажалы жетет. Эшекти айта турган болсок, мындан да таң калаарлык. Анткени шалпаң кулак, келесоо бул жаныбар өмүрүндө өтө сейрек ооруп, чыдамдуу, иштерман да келет. Жаныбарлар дүйнөсүндөгү ушу сыяктуу өзгөчөлүктөр окумуштууларды алардын организминде кандайдыр бир инфекциянын пайда болуусун ооздуктаган зат катылганбы деген ойго түртүүдө
Бул багыттагы алгачкы изилдөөлөр ийгиликтүү болгон. Алгач баканын терисинде "магаинин антибиотиги" бар экендиги аныкталан. Кийинчерээк ушундай эле микробдорго туруштук берүүчү зат акуланын терисинен табылган. 1995-жылы уйдун тилинен дагы бир антибиотик табылгандыгын кабарлашкан. Ал эми жакында адамдын терисинде да ушундай зат бар экендиги аныкталды.
Бул антибиотиктер дефензин деп аталган (англис тилинен которгондо"коргоо"деген сөз). Ал ар бир жан-жаныбарларды кадам сайын кездешүүчү мкробдордон, дизентериядан, бактерияларга чейин коргойт. Натыйжада дефензин бардык жугуштуу оорулардан сактай алат.
Микробдор бири-бири менен күрөшүүсү эки тараптын согушундай эле, кимиси күчтүүлүк кылса, ошонусу жеңип кетет. Окумуштуулардын аныктамасы боюнча биздин денебизде дефензин көп жана алардын ар бири тигил же бул микробдорго каршы багытталган. Дефензин табиятта мындан жүз милиондогон жылдар мурун пайда болуп, жан-жаныбарлардын жашоосуна негиз түзгөн. Экинчиси бул иммундук система.эгерде дефензин иммундук система менен күрөшүүдө алсыздык кылса, иммундук система тез эле жоголуп кетет.
Байыркы дарыгерлердин медициналык билими болбогону менен жаныбарлардын терисинде коргоочу зат бар экендигин билишкен. Ушул түшүнүктүн негизинде териге жана тилге карап диагноз коюшкан.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??