жылдыздар турмушунан

Тун балалуу болгондо...
Адам баласынын жашоосундагы эң чоң бакыт - балалуу болгон кез. Эч нерсеге теңдешсиз ошол бактылуу көз ирмемдерди ата-эне өмүрүнүн акырына чейин унутпаса керек. Кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандарыбыз эң биринчи жолу ата болгондо кантип майрамдашканын, кандай сезимдерге туш болгонун толкундануу менен айтып беришти.


Борончу Кудайбергенов:
"Тун уулум төрөлгөндө досум тепки жеген"
- Тун уулубуз 1996-жылдын август айында төрөлдү. Азыр ичимдик көп ичпей калбадымбы, ал кезде арактын сазайын берчүмүн. Уулду болгонумду укканда сүйүнгөнүмдөн терезеден реанимацияга кантип кирип кеткенимди билбейм. Бир убакта доктурлар келип урушуп, эшикке кууп чыгышты. Жаныма эки досумду ээрчитип алгам. Терезенин түбүнө отуруп алып таң аткыча ырдаганбыз. Аңгыча болбой досум "бирдеме" алып келем деп чет жактагы дүкөнгө чуркап кеткен. Жөн келбей топ балдарга кыйшаңдап тийишкендиктен алар аны болушунча тепкилешиптир. Барып артынан өч алалы десек, кайдан алар эчак качып жок болушуптур. Ошентип, тун уулду болгондо досум тепки жеп ал күн өмүр бою эсибизде калган.


Рахман Разыков:
"Сыра ичип, баламды отургучка унутуп койгом"
- Улуу балам Сардар төрөлгөндө апасы
ооруп калды. Мен баламды эртең менен бейтапканага алып барам. Апасы эмизип берет, кайра үйгө алып келем. Анда биз жатаканада жашачубуз. Маршруттун айдоочулары "Мужчина с ребёнком" деп мени таанып калышкан. Канчалык аракет кылсаң дагы баланы баарыбир апалардай карай албайбыз да. Бир топ эле кыйналдым. Бир күнү адаттагыдай келинчегиме барып келатып жолдон сыраканага кирип, Сардарды отургучка жаткызып, сырадан, бир аз арактан сеп эттирип алып, үйгө кетип калыптырмын. Жатаканага келсем, кыздар "Рахман, Сардар кана, кимге берип койдуң? деп чурулдап жатышпайбы. Заматта кандай соолукканымды билбейм, дароо сыраканага чуркадым. Барсам балам болпоюп дагы деле отургучта уктап жатат. Көрсө, менин балама эч ким деле маани бербептир. Ошентип, баламды сыраканага унутуп коюп, беймарал үйгө барганмын.


Асылбек Өзүбеков:
"Кар аралаш жаанда калчылдап турдум"
- Жаз айында Ташкенттен Бишкекке келинчегим менен келе жатабыз. Келинчегим ай-күнүнө жетип турат. Бишкекке жетпей калабыз го десем, "Жок, чыдайм" деди. "Болуптур, анда" деп поезд менен Жамбылга жеттик. Ошол жерден толгоосу башталса болобу?! Жүрүп олтуруп Бишкекке 140-километр жетпей Луговой деген станцияга келгенде таңкы саат бештерде төрөдү. Марттын 20-21лери болсо керек, кар аралаш жаанда сыртта үшүп турам. "Эркек балалуу болдуң" деп сүйүнчүлөштү. Сүйүнгөнүмдү сураба. Айылга балабызды алып барсак аксакал, кемпир-кесектер чогулуп: "Атын Жамбыл коёбуз. Жок, Тентимиш коёбуз, Казак коёбуз,"дешет. Ал аттар көңүлүмө жакпагандай болуп жатканда бир убакта апам "Сапар карытып көз жарды, атын Сапар коёбуз," деди эле сүйүнүп кеттим. Ошентип, биринчи жолу ата болгондо кызык эле болгонмун.


Таалайбек Турдубаев:
"Үч литр спиртке беш күн мас болгом"
- Биринчи балам төрөлгөндө толкунданганым азыркыга чейин эсимде. Сүйүнчүлөшөөрү менен чуркап барып, арак заводдон үч литр 96 градустагы таза спирттен алып, көчөдөгү тааныган-тааныбагандарды деле, техникумда окуган досторумдун баарын майрамдатып, ой-да жыргагам. Анан аларды ээрчитип алып төрөтканага бардык. Аялымды көргүм келип, өзүм араң турсам доктурлар "Баланын атасы кимиңер болосуңар?"десе, досторум "Мен, мен. Жок, ал эмес мен!" деп ажыкастанышып, айламды алты кетиришип, ал күнү уулумду көрбөй калдым. Ошондо эстеп көрсөм досторум менен туура беш күн майрамдап, көзүм ачылбаптыр. Ага чейин өзүм деле ичимдикке жок болчумун. Болгону сүйүнгөнүмдөн достордун шары менен жүрүп иче бериптирмин.


Жолдошбек Жанжигит уулу:
"Майрамдап жүрүп үйгө келсем уулум эмгектеп калыптыр"
- Биринчи балабыз мен Москвадан келгенден кийин үч күндөн соң төрөлгөн. Анда мен тим эле такыба киши болуп, ырым-жырым кармап арак ичпей жүргөн кезим болчу. Чоң аталары жылкы союп чоң той өткөргөнбүз. (Күлүп) Экинчи уулум төрөлгөндө майрамдап жүрүп үйгө келсем уулум эмгектеп калыптыр. Чынында экинчи уулум төрөлгөндө бир айга жакын майрамдадым го. Күндө майрам, күндө той. Негизи мен ырым кылып балдарым төрөлгөндө аларга арнап, кыргыздын оюлары камтылган улуттук буюмдарды алып койгом. Биринчисине чымчыктын сувенирин, экинчисине камчы белек кылгам. Ушундан өткөн жакшы эстелип жок экен. Азыр балдарыма ал белектерди көрсөтүп "Силер төрөлгөн күнү атайын сатып алгам. Анан минтип майрамдагам" деп аларга айтып берип койсом, "Ата, дагы эмне болду эле?"дешип кызыгып сурап калышат.


Космос Чыдынов: "Апама баламды
"чо-оң белек" деп жашырсам... "
- Уулум Нурдөөлөт төрөлгөндө Мелис Эшимкановдун алдында отургам. Кайненем чалып сүйүнчүлөп калды. Ошол жерден эле Мелис Асаналиевичке "Сүйүнчү, мен уулду болдум," деп сүйүнчүлөдүм. Ошол күнү бизге президент келмек да, уулумдун атын президентке койдурайын деп жакшы эле ойлоп жаткам. Анан орто жерден башка маселелер козголуп кетип, ал идеям ишке ашпай калды. Иштен чыгып алып, досторумду чогултуп, төрөт үйүнө бардык. Албетте, баламды, дароо көргөзө коюшкан жок.
9-сентябрь апамдын да туулган күнү болчу. Айылга апама чалып туулган күнү менен куттуктап, "Сизге чо-оң белек даярдап койдук" десем, апам каамырабай "Ии, атайын мага арнап белек алып койсоңор, анда салып жибергиле," деп жатпайбы. Анан неберелүү болгонун сүйүнчүлөп, сюрприз кылганбыз. Калганы белгилүү да. Досторума жентек бузуп болушунча майрамдап, эки күн катуу мас болгом. Кайра эки күн баш жазмай деген бар да...

Анара Дүйшөналиева