чырмаек

Бека:
"Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
Көптөн бери күйөрмандарын сагындырып, дайын-оту менен көрүнбөй кеткен ырчы жигит Бека менен маектешип, жашоосундагы акыркы жаңылыктардан кабардар болдук.

- Акыркы күндөрү көрүнбөй эмне менен алек болуп жатасыз?
- Азыр жакшы күйөө, мыкты атанын образын жаратып, болгон убактымды үй-бүлөгө жумшап жатам. Ансыз да өзүм отуз үч жашка чыкканда турмуш курдум. Мурда үйдө апам экөөбүз эле жашап жүрсөк, азыр келинчегим, эки кызым болуп чуру-чуу түшүп, үйүбүз базар болуп калды.
- Келинчегиңиз менен кантип тааныштыңыз эле?
- Чынара Мамлекеттик Статистикалык комитетте иштечү, он жыл мурда үйлөнүү тойго барып калып, ошол жерден Чынараны биринчи жолу көргөм. Кичинекей, татынакай өзүмдөн сегиз жаш кичүү кызды бир көргөндө эле жактырып калып, артынан түштүм. Анан жолугушууга чакырдым. Андан кийин телефон чалып:
"буту-башыңды жууп тазалана бер, алтынчы күнү алып кетем" десем, "Жиндисиңби?" дейт. Бешинчи күнү чалып "Эмне кылып жатасың?" десем "Кыздар менен чогулуп, ажыраш аяк берип жатам" деди. Буйрук экен баш кошуп бактылуу жашап жатабыз.
- Келинчегиңиздин кыял-жоругу кандай?
- Өзү Кара-Балтанын кызы. Шайыр, күлкүчү, аябай кызганчаак,
кээде түшүнүп-түшүнбөй эле таарынып калат. Иштин чоо жайын айткандан кийин жоошуп калмайы бар. Буюрса, баары жакшы эки кыздын ата-энесибиз. Улуу кызым Амина бир жарым жашта, кичүүсү Анисага жакында эле бешик той бердик. Албетте, үй-бүлө болгондон кийин уруш-талаш болбой койбойт. Такыр урушпайбыз деп да айтпайм.
- Жубайыңыз менен эмнеден улам көп урушасыңар?
- Мен башында ашканага, казан-аякка кийлигишчүмүн. Анткени мен апам менен жалгыз жашап жүрүп көнүп калган жаным, Чынаранын кылган жумушуна алымсынчу эмесмин. Биздин идиш-аяктар кичинекей, экөөбүзгө эле ылайыкталган. Ал эми Чынар болсо сегиз бир туугандын арасында, чоң үй-бүлөдө өскөн. Жүдөп, көнбөй жүрүп "ушундай кантип кичинекей казан болсун" деп жиндене берчү. Чынында ал тамакты аябай жакшы жасайт. Мен да он жылга жакын ашпозчу болуп жүрдүм. Ушул колумдан далай депутаттар тамак жеген. Ошондон уламбы, ашканага аралашып жүрүп жаман көнүп калыптырмын, бирок азыр жубайымдын жумушуна караманча кийлигишпей калгам.
- Чыгармачылыктан сырткары каражатты кайсы булактардан аласыз?
- Жер тамда турам, түшүм жыйнап жатам. Үйүм жаратылыштын койнунда, досторум менин жашаган жеримди "бейиш" деп коюшат. Өзгөчө жайында, жазында меникине келип эс алганды жакшы көрүшөт. Көлдө "бизнесим" бар болчу, азыр жумушсузмун. Кээ бир каражаттарымды сатып үй-бүлөмдү багып келем. Бирок азыр алар да четинен түгөнүп баратат. Эми жумушка орношуп иштейин деп аракет кылуудамын. (Күлүп) Же кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетсемби?..
- Кылмыш дүйнө демекчи бул чөйрөгө кандай көз караштасыз?
- Сый көз караштамын. Расмий, галстук тагынып, элдин акчасын жеп байып жүргөн адамдарга караганда крим чөйрөсүндөгү адамдар алда канча адилеттүү, калыс болушат.
- Ушул чөйрөдө досторуңуз барбы?
- Ооба, жакшы досторум бар. Алар менен сый мамиледемин.
- "Нурзат Токтосунова Беканын биринчи никеси. Экөө бир жарым ай жашап, ажырашып кетиптир" деген сөздөр эл ичинде айтылып келет...
- Ал бир топ убакыт мурда болгон окуя. Ага кайрылып эскергим келбейт. Шашмалыкка алдырып мен жашоодон катуу жаңылдым.
- А, келинчегиңиз биринчи никеңизди билеби?
- Ооба, андан кантип жашырмак элем. Башыман өткөн окуяны, биринчи никемден эмне болуп ажырашканымды ийне-жибине чейин билет. Негизи ал тууралуу келинчегим экөөбүз эстебейбиз. Азыр кудайга шүгүр эки кызым менен бактылуу турмуш кечирип жатабыз, эми турмушта "жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк" болбойт эмеспи. Мен Чынардын жанында өзүмдү чыныгы бактылуу адамдай сезем.




Ыңгайсыз суроолор
Нурзат Токтосунова: "Күйөөм
менен жашап жатканымды
кантип далилдейм?"
- "Нурзат жолдошу менен ажырашып кетиптир" деген кептер тарап жатат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Жолдошум Алматыда иштеп бир жумада бир жолу келип-кетип турат. Ушул суроодон аябай тажадым. Ажырашпай-этпей эле жакшынакай жашап жатабыз. Жакында эле
4-октябрь күнү Кочкорго кайын-журтума барып, короодогу алмаларды терип, кызматын кылып, кайнежелерим менен жолугуп сагынычыбызды таратып келдим. Бакыттын Нурлан деген классташы Кочкорго каттайт, алып барып келди. Эми мындан артык күйөөм менен жакшынакай жашап жатканымды кантип далилдейм, билбейм? Баары эле ушул суроону беришет. "Менин жеке жашоом баарына кызык болуп жатабы?" деп ойлочу болдум.
- Бека менен жашаганыңыз чынбы?
- Жок. Бул сөз жүз пайыз калп.





10.10.2009 11:19
ЭлАй
"Путь к телу открыть" "18ге чыктым деп жыланач денесин көрсөткүсү келген Айгерим Расул кызы "Кол чаппайсыңар" деп капа болуптур. Ош шаарында өтүүчү 10.10 концертине айыл өкмөттөргө билеттерин зордуктап саттырып отурат. Мойнунан байлаган иттей болуп, чөнтөгүнөн байлап келсең кол чаппайт да сестренка.
Жогорудагы маалымат булактарындагы билдирүүгө таянып, "Уккан кулакта-жазык жок" демекчи, бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билүүгө ырчы кыздын өзүнө кайрылдык.

Айгерим Расул кызы: "Билеттерди
мектептерге
тараталы дешкен..."

- Чынында Ош шаарында өткөн концертиңдин билеттерин элге кыйнап саттыңарбы?
- Концерт супер аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр залга батпай туруп көрүштү. Билеттин баасы 100 сом болду. Бир кассир 700-800 билеттен сатып жатты. Бизге башында билеттерди мектептерге, башка жайларга таратып берели деп сунушташкан, бирок биз макул болбой баарын өзүбүз эшиктин оозунан эле саттык.