сырмаек

Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"
Эшмамбеттин жээни, Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, ак таңдай акындардын сулуусу Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылык жолундагы сапарына кайрылып, төкмө акын менен кенен маек курдук.


- Элмирбек, учурда кандай жаңылыктарды жаратып жатасыз?
- Эң жаңы жаңылыгым эле, буга чейин жазып, чиймелеп жүргөн ырларым, бирин-эки аңгемелерим чогулуп калыптыр. Арасынан мыктыларын ылгап, редакциялап, тийиштүү адамдарга көрсөтүп китеп чыгарсамбы деген аракет менен алектенүүдөмүн. Бирок китеп деген - мен, мен деген - китеп деген түшүнүк менен ары-бери чыгара салуу да кыйын болуп турат. Бир мезгилдер келгенде ушул китепти карап алып уялып калбагыдай болушум керек да.
- Айтышка келип, төкмөлүк өнөрдү аркалап жүргөнүңүзгө канча жыл болуп калды?
- Айтышып сахнага чыкканыма, буюрса, 16 жылга карады.
1993-жылы биринчи жолку айтышта алгачкы жуптарым Мунарбек Дөөлөталиев, Жылдызбек Алыбаев жана финалдык бөлүмдө Жеңишбек Токтобеков болгон. Ошол учурда филармониянын алдындагы студияда окучумун. Сахнаны күн сайын көрүп жүрсөм дагы алып баруучу Кыргызбай Осмоновдун чакыруусу менен сахнага чыкканымда микрафонго жеткенче 1киллометр жерди баскандай эле болгом.
- Алгачкы айтышыңыздан эсиңизде калган саптар барбы?
- Эсимде. Жеңишбек сахнага театрдын өтүгүн, мен болсо туфли кийип чыккам. Анан ал: "Кычырап туфлини кийипсиң, жок экен мендей өтүгүң? Жука жерге олтурдуң, жоруган жокпу көчүгүң?"дегенде, мен: "Кысталышта Жеңишбек, сага кычышкан сөздөр келеби? Өйдөсүнбө анчалык, сага өтүгүң ырдап береби?"-деп жооп берген саптар эсимде калган. Биринчи баш байгем ошол болуп, жылкы утуп алгам. Андан берки байгелериме салыштырмалуу менде ошол алгачкы айтышымдагыдай жапайы сүйүнүч болгон эмес.
- 16 жыл айтканга оңой болгону менен, бир топ кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрсөңүз керек?
- Бир жолу Жалал-Абадда Курманбек баатырдын 500 жылдыгына карата "Курманбек" эпосун айтуучулардын конкурсу болуп калды. Мен "Курманбек" эпосун Тууганбай атанын этегине эрмешип жүрүп үйрөнгөм. Мага чакыруу келгени менен, бара турганга жол кирем жок "баралбай калдым окшойт" деп ындыным өчүп, эмне кылаарымды билбейм. "Балким, байгелүү орунга илинип калаттырмын"деп жүрөгүм сезип, Өзбек ажыга барып иштин чоо-жайын түшүндүрдүм. Андан самолёт менен барып келгениме жеткидей 1500 сомго жакын карызга акча сурап алдым.
Аба-ырайы жакшы болбой самолёт 15 мүнөттөй асманда кармалып калды. Аман-эсен коноорубуз менен таксиге чуркап, театрга барсам, конкурска катталган экенмин. Үч билет алып, үчөөнөн тең өтүп, 15 миң сом баш байге алдым.
- Ал эми баарыбыз сүйүп уккан "Булбулум" ырыңыз кандайча жаралып калды эле?
- Сөзсүз түрдө эле "Алмашым", "Алымкан", "Чолпонум", "Айгүлүм" деп кыздын атын ырдабасаң да мааниси кушту түшүндүргөнү менен таза махабатты булбулга салыштыргам. Атайын бир кызды сүйүп калып, же болбосо мындай болду эле дегенден алысмын. Ушул күнгө чейин дарактардын башында сайрап, муштумдай чымчык жүрөктү арбап, укмуш үн созгону менен өзүн кармай албай, көрө албай келем. Махабат да жүрөктү ээлегени менен анын табышмактуу жандырмагын эч ким таппай келет эмеспи.
- Азыр деле жаңы обондорду жаратып жатсаңыз керек?
- 2008-жылы жаңы обон чыгардым. Буюрса, бир күнү эл алдына тартууланып калат чыгаар. Акыркы убакта иш менен алаксып жүрүп, обон жаратуу жагыма беш жылдай узак тыным болуп калды.
- Өзүңүзгө кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
- Өзүңө-өзүң баа берүү өтө оор. Ошентсе да айтайын, гороскоп боюнча текечээрмин. Жылан жылына кирем. Ойчул, так, өжөр, канчалык бир деңгээлде тамашакөймүн. Эс тарткандан ушул убакка чейин изденүүдө эле келатам. Бул изденүү чыгармачылык эмес, же бир максат коюп алып "мен ушундай там салсам"деген изденүү эмес, же "мен ушундай бак тиксем", "мен баланча балалуу болуп, аларга мындай тарбия берсем экен" деген изденүү эмес. "Кандай адам болом? Мен бул дүйнөнү канчалык деңгээлде таанып, жарыкчылыктан кандай болуп кетем?" деген изденүү менен жашайм. Ушул изденүү менен канча нерсеге чарпылдым. Кудайдан жашырбаган сырды элден эмнеге жашырат элем? Ачыгын эле айтайын, изденүүнүн жолунда ар кандай төрт-беш диний секталарга кирип да көргөм. Чын... Бир убакта христиандардын арасында үгүт кылып келишет "барайынчы, көрөйүнчү, кандай болот экен?" десем, бир убакта беш маал намазымды үзбөй, укмуштай такыба, ашынган мусулман болуп кеткен учурларым болгон. Бирде акын Амантай Кутманалиев экөөбүз Джидду Кришнамуртинин окуусуна да берилдик. Ага берилип китептерин издеп окуйбуз. Шри Ауробиндо, Буддага да кирип көрдүк. Ушунун баары адам өзүн-өзү издөө экен да. Балким, менин басып өткөн жолум, башымдан кечирген жашоо турмушум ушуга себепкер болгондур... Дагы деле изденүүдө келатам. Бирок, акыры бир нерсе жылтылдап калаар... деген үмүтүм бар.
- Жашоодо кандай ураан менен жашайсыз?
- Ар бир адам бүгүнкү күн менен жашаганы жакшы деп ойлойм. "Ушул күнү, мына азыр жакшы адам бол!" деген ураан менен жашап келем. Адам кыла турган жакшылыгын эртеңкиге калтырып жүрө берүү кечиримсиз. Ал эми үйдө тартип, тазалыктын болгонун жана майнаптуу иш жасаганды жакшы көрөм. Кээ бир ишке келгенде өзүмдү чечкинсиз сезем. Ошондо өзүмө кыжырым келип ойлонуп калам.
- Жакында эле төкмө акын Азамат Болгонбаевдин өкүл атасы болдуңуз. Өкүл ата болгон кандай экен?
- Азамат Болгонбаев өкүл аталык милдетке мени тандаганына сүйүнөм. Мурун эле чаргытып, "Өнөр жолуна аралашып калышыма түрткү болгонсуз. Менин- устатымсыз, мен сизди өкүл ата кылып шайлайм"деп сөз чыгарып калчу. Анан Кудай буюруп, ата-бала болдук. Мамилебиз кадимкидей өзгөрүп, ортобузда кандайдыр бир чек болуп калды. Кээде мага "ата, сизге сюрприз"деп жакшы иштерди аткарып коёт. Бири-бирибизге эң чоң жардамыбыз эле турмушта, чыгармачылык жолдо болобу кыйынчылык жолго таштабай, жакшылыкта сүрөп турсак болду. Азыр мени "ата" дейт. Башында "Элмирбек байке, Элмирбек байке" деп көнбөй жатты эле бир күнү чакырганынан такыр укмаксан болуп тура бердим. Ал мага таң калып, карап калды эле "Эй, ата дебейсиңби?"десем күлүп жиберип, ошондон кийин "ата" деп көнүп кетти.
- Үй-бүлөңүз тууралуу сурагым келип жатат. Кыздарыңыз менен катышып жатасызбы?
- Үй-бүлөм жөнүндө элдин баары билсе керек. 16 жашымдан бери жар болгон Гүлбүбү, чыгармачылыктын айдыңында өзүн көрсөтө алды. Таланттын баалап "вокал оку" деп алгач Улукмырза Полотов агайга өзүм ээрчитип баргам. Азыр турмуш ушул экен, таң кала тургандай эч нерсе жок, экөөбүз эки жолго түштүк. Менин аябай акылдуу, сезимтал, эстүү кыздарым бар. Мен кыздарым менен сыймыктана алам. Биздин турмуш эки айры болуп баратканда эле кыздарым "Ата, биз сизди жаман көргөндүк эмес, кыз бала энесине жакын болуп калат экен"дешкен. Ушул ойду мен кыздарыма өзүм айтайын деп жаттым эле. Өзүмө кайра айтканда мен аларга баа берип "азаматсыңар, туура," дедим. Чоң кызым жазуучу болгусу келсе, кичүүсү сүрөт тартууга кызыкканын көрүп, алардын да ушундай таза дүйнөгө башбакканына сүйүнөм. Эми бала чоңойгондо кесипти тандаганы өзгөрө берет эмеспи.
- Сиздин ысыгыңызга күйүп, суугуңузга тоңгон жакшы жарды тапкандырсыз?
- Ооба, таптым деп ишенем.
Айнура Касымова