Күнсүрөт

Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
Заманга жараша көп нерселер өзгөрүлүп, жашоо шарттын жеңилдешине бир топ шарттар түзүлүп келүүдө. Борборубуздагы чоң көчөлөрдөн орун алган күрөөканалардын кызматынан пайдаланып, баалуу буюмдарын коюп, чоң суммадагы акчаларга ээ болуп жүргөндөрдүн саны канчалык көп болсо, күрөөкана эмне экенин билбей, же алардын ичине батынып кире албагандардын саны да аз эмес. Бул тууралуу маалыматтар сиздин ишиңизге кандайдыр бир деңгээлде пайдасын тийгизет деген ойдобуз.

Күрөөкананын күркүрөгөн кези
Күрөөкананын тарыхы өзүнө бир канча кылымды камтыйт. Анын ачылыш тарыхын орус-тун белгилүү инсаны И.А. Кириллов 1462-жылдан баштап изилдегенге өткөн. Ошол мезгилде Италиянын Перужде шаарында күрөөгө бир нерсе таштап, акча алган тармак ачылган. Бул тармактын негиздөөчүсү катары француз монахы Барнабе де Терни эсептелет. Ушундай жол менен элге акча берип, учурунда акчага муктаждарга кайрымдуулук жардамы катары эсептелинген. Официалдуу түрдө күрөөкана б.з.ч. XV кылымда Франциядагы еврейлер дубал сүрөттөрдү, баалуу буюмдарды, үй оокаттарын күрөөгө таштагандан башталган. Алар Ломбардиядан болгондуктан, күрөөкана болуп аталып калган. Мурун күрөөканага жөн гана эң кымбат баалуу зер буюмдарды таштап, карызга акча ала турган жай болсо, азыркы күндө күрөөкана күрөө берген жер болуп эсептелинет. Россияда болсо, бул термин байыртадан бери эле өз ишин баштап келген. Бирок күрөөкана деген термин XVII-XIX кылымдардан баштап колдонула баштаган. Эң көп күрөөканалар Советтер Союзунун учурунда ачылган.


Документиң болсо - доллар сеники!
Күрөөканага киргенде эле күрөөкананын ушул жылы чыккан жаңы эрежеси менен таанышууңуз зарыл. Сиз документ менен таанышып чыккандан кийин, төлөй албай калган учурда "жеңилдик айын" берип, үстүнө эч кандай акчанын кошулбаганы тууралуу маалымат аласыз. Аны кандай жол менен кыла аласыз? Кандайдыр бир буюмуңузду күрөөканага алып келген болсоңуз, аны сынчы гана сынай алат. Сизден бир гана паспорт же болбосо, сизди күбөлөндүрүп турган документ керек. Келишимде карыздын мөөнөтү (10 күндөн - 1 жылга чейин), алган акчанын суммасы, берүү жана эрте алуу мөөнөтү жөнүндө жазылат. Күрөөкана менен күрөөгө алып жаткан адамдын ортосунда келишим түзүлөт жана алган адамга келишим кагазынын көчүрмөсү берилет. Ал эми келишим кагазынын тазасы күрөөканада калат. Ар кайсы күрөөканада күрөөнүн пайызы ар кандай болот. Эгер мөөнөтүнөн кечиктирилсе, күрөөканага тапшырылган буюм сатылып, же болбосо менчигине өтөт. Ушуга байланыштуу алып кетпей калган буюмдар үчүн ар бир күрөөкананын өзүдөрүнүн дүкөндөрү бар. Мындай дүкөндөрдөн арзан буюмдарды сатып алууга болот.
Күрөөканаларды кыдырып жүрүп, алардын биринде иштеген Кайрат аттуу жигитке суроо узаттык :
"Кароолчубуз жок болсо мылтык менен коркутуп акчанын баарын алып кетишет"
- Күрөөнү канча пайыз менен бересиздер?
- Биз негизинен 10 пайыз менен беребиз. Башка күрөөканалардын пайызын билбейт экенмин.
- Кандай зер буюмдарды калтырса болот?
- Күмүштү албайбыз, алтындан жасалган сөйкө, шакек, чынжыр
баалуу буюмдар кабыл алынат.
-Алтындан башка буюм-тайымдарды кабыл албайсыздарбы?
- Алтындан башка телевизор, магнитофон, DVD, компьютер, санарип фотоаппарат, видеокамера сыяктуу буюмдарды таштап кетишет. Кандайдыр бир кыска мөөнөткө кармап турабыз. Ал тууралуу бизге тиешелүү болгон кагаздарда көрсөтүлгөн.
- Эгер убактысынан кечиктирип калса, кандай чараларды колдоносуздар?
- Айтылган убакыттан бир жумага чейин күтөбүз. Эгер берилген жуманын аралыгында да келбесе, кардардын күрөөгө койгон буюмун сатыкка чыгарабыз. Алар кайтарылып берилбейт.
- Андай учурларда сиздерге кардарлар тарабынан кандайдыр бир коркутуулар болбойбу?
- Жок, болбойт. Биз келишимдин гана негизинде иш алып баргандыктан, эч ким бизди эч нерсе деп коркута албайт. Күрөөгө берип жатканда атайын келишим кагазына кол коюлуп, документ юридикалык жол менен жасалат. Ал кагазда кардарга келишимдин жол жоболору толугу менен жазылган. Кайсы убакта алып келе тургандыгы, төлөй турган суммасы, эгер төлөй албай калса кандай чаралардын колдонулаары майда-чүйдөсүнө чейин оператор тарабынан түшүндүрүлөт. Келишим эки тараптын макулдашуусу менен түзүлүп, кардар паспортунун номерин, телефон номерин, жашап жаткан үйүнүн дарегин келишим кагазына жазып кол коёт.
- Күрөөканага иштеш үчүн кандайдыр бир юридикалык, же экономикалык билим керекпи?
- Биздин жумуш жалаң гана акча менен байланыштуу болгондуктан, экономикалык билим абдан керек. Кээде көп сумманын пайызын туура эмес эсептеп алган учурлар көп кездешет. Биздин жумушта так, көңүл буру менен иштебесең, адашып калышың мүмкүн. Ошондуктан этияттык менен иш алып барууга туура келет.
- Алтын иймекти канча сомго баалайсыздар?
- Анын сапатына жана салмагына карап туруп баалайбыз. Мурунку эски алтындарды көбүрөөк суммада, ал эми азыркы кытай, түрк алтындарын кичине азыраак суммага баалайбыз.
- Акчалуу жер азап деп коёт го. Күтүлбөгөн кандай окуяларга туш болдуңуз эле?
Кээ бир учурларда өлтүрүп кеткендер да болот. Ошон үчүн атайын карап турган кароолчубуз бар. Чыр-чатактар болуп кете турган болсо, жан сакчы да, милиция да бар. Алар болбосо мылтык такап, кассаны тоноп кетишет. Бир жолу жайында имаратты кайтарган байке түштөнүүгө чыгып кетээри менен эле кара маска кийген эки бала кирип келип, мага мылтык такап "Жан керек болсо акчаларды "кың" дебей алып чык! Кыйкырсаң атып салам!" деп коркутуп акчаларды алып кетишкен. Кассада ошол учурда беш миң доллар бар болчу. Коркконумдан ал акчанын баарын чыгарып бердим. Сыртка атайын машиналарын токтотуп коюшуптур, акчаны алаары менен дароо айдап кетишти. Номери жок "Ауди А-4" үлгүсүндөгү машина экен. Эки жумадай өзүмө келе албай коркуп жүрдүм. Коркуткан балдарды милицияга берээрибиз менен табышып, өз жазаларын алышкан. Тилекке каршы, алып кеткен сумманын жарымын гана кайтарып алдык.
- Күрөөкананын кызматынан колдондуңуз беле?
Руслан 21 жашта, студент: "Күрөөканадан алыс
эле болоюн дедим"
- Ооба, колдонгом. Мындан эки жыл мурун сабагыма акча керек болуп калып эмне кылаарымды билбей санарип фотоаппаратымды күрөөканага таштагам. Мөөнөтүнөн бир жума кечиктирип калып, фотоаппараты жок калгам. Ошондон кийин күрөөгө эч нерсемди таштагым келбейт. Колдон келсе өз эмгегим менен акча таап, милициядан жана күрөөканадан алыс эле болоюн деп тиленип калдым.
Санжар 20 жашта, сатуучу: "Телефонумду таштап,
акча алмай адатым бар"
- Күрөөкананын кызматынан дайыма колдонуп турам. Анткени аябай ыңгайлуу, анан оңой. Акча зарыл болуп калганда башкаларга жалдырап акча берип турчу дебестен, күрөөканага жөнөп калмай адатым бар. Анткени уюлдук телефонумду таштап, бир жумага өзүмө керектүү акча алып турам да кайра убагында кайтарып берем.

Төлөбүбү
Касымалиева