Саламат плюс

Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

Туулган жылы: 1977-ж
Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району, Кара-Таш айылы
Учурда: Император-Каган массажы жана чыгыш өнөрлөрү тай-цзи, ци-гунь боюнча адис
Устаты: Медер Бишкек
Жашоодогу девизи: Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбоо
2004-2008-жылдары: Казакстанга барып Император-Каган массажы менен иштеп келген

Тай массажы, классикалык массаж, чекит массажы, мануалдык терапия сыяктуу массаждын көптөгөн түрү бар эмеспи. Адатта массажга биз анчалык деле чоң маани бербей, адамга жагымдуу сезим тартуулаган, чарчаганда эс алдыруучу кол менен укалоону элестетебиз. А чындыгында массаж укалоо менен эле чектелип калбайт экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. "Император-Каган массажы көп сандаган ооруларды эч кандай дары-дармексиз сакайта турган, өмүрдү узартып, ден соолукту чыңдап жана ошондой эле адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулоочу массаж" деп билдирди Надырбек Абдумаликов. 10 жылдан бери Император-Каган массажы менен үзүрлүү эмгектенип, элибизге ден соолук тартуулап келе жаткан бул инсан менен бир аз маек курдук.

- Надыр байке, адамдарга ден соолук тартуулап, сооп гана чогултуучу мындай кесипти аркалашыңызга эмне түрткү болду?
- Мен 1994-жылы орто мектепти бүтүп эле Ош технологиялык университетинин Экономика факултетине тапшыргам. Турмуш адамды ар кандай кыйынчылыктарга салат тура. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, окуумду аягына чыкпай заводдо иштеп калдым. Кийинчерээк завод да банкрот болуп жоюлуп кетип, бир топ убакыт бош жүрүүгө туура келди. Өз кесибим боюнча майда-барат курстарга барып окуп жүргөнүм менен жан дүйнөмдө ар нерсени ойлонуп, "адам неге кыйналып жашайт, неге ооруйт, ыйлайт, кайгырат?" деген сыяктуу суроолорго жооп таба албай түйшөлүп, туңгуюкка камалчумун.
Ушундай күндөрдүн биринде Ош шаарындагы "Мээрим" фондунун имаратында Медер агай чыгыш өнөрлөрү тай-цзи-цюань, ци-гун боюнча сабак өтүп жатканын угуп, анын лекциясына катышып калдым. Так ошол лекция жашоомду жаңы нукка буруп, түйшөлтүп жүргөн суроолорума жооп таап берип, мен камалып жүргөн туңгуюктан алып чыгып кетти. Көп өтпөй Медер агайдын залына барып, Тай-цзи-цюань, ци-гун өнөрлөрүн үйрөнүү үчүн машыгууга кириштим. Жашоого болгон көз карашым өзгөрө баштады. Сырдуу тай-цзи-цюань өнөрүнүн жан дүйнөнү тазартууга, ден соолукту чыңдоого, аң-сезимди өстүрүүгө өтө зор пайдасы бар экенине көзүм жеткен соң, биротоло ушул өнөрдү аркалап, элге кызмат кылууну максат кылдым да, агайдын Император-Каган массажын да толугу менен үйрөнгөнгө жетиштим. Кудайга шүгүр, азыр колдон келишинче элге ден соолук тартуулап, эмгектенүүдөбүз.
- Император-Каган массажы башка массаждардан кандай айырмасы бар?
- Бул массаж башкалардан айырмасы өтө эле чоң. Адамдын денесиндеги 3 катмар менен топтолгон туздарды 3-чү катмарга чейин толук кетирип берет. Ал эми бөлөк массаждар биринчи гана катмарын кетире алат. Адамдын денесинде 3468 чекит бар болсо, Император массажында ошол чекиттердин 2000дейи баш бармактын башы менен басылып чыгат. Негизи оорунун келип чыккан себеби физиологиялык жана психологиялык болуп 2 түргө бөлүнөт: Физиологиялык себеби көбүнчө омурткага байланыштуу болот. Ар бир омурткадан баш, кол, бут, ички органдарга кеткен каналдар бар. Бир эле омуртка ордунан жылышып кыйшайса, ал жердеги канал кысылып, кан жакшы жүрбөй калат да, ички органдардын кайсынысына кеткен канал кысылса ошол органда оору пайда болот. Качан гана ошол кыйшайган омурткаларды массаждын, ци-гун, тай-цзи көнүгүүлөрүнүн жардамы менен калыбына келтирип, энергетикалык каналдарды, кандын жүрүшүн жакшыртканда ички оорулар өзүнөн өзү жок болот. Бирок, оорунун психологиялык себебин жок кылмайынча физиологиялык жагын жок кылуу өтө кыйын. Психологиялык себеби адатта катуу стресс алуудан, корккондон, ар кандай нерселерди ойлоп кыжаалат боло бергенден улам келип чыгат. Андыктан биздин массажда оорулунун психологиялык себептери аныкталып, ци-гун, медитация, ауто-тренингдердин жардамы менен денедеги психологиялык блоктор алынып салынат. Мындан тышкары Император массажына үзмөчүлүк, далычылык сыяктуу массаждын түрлөрү да киргизилген.
- Император-Каган массажы менен кайсыл ооруларды айыктырууга болот?
- Император массажы менен остеохондроз, радикулит, палиартрит, уйкусуздук, баш оору, омурткалардын дисктеринин грыжасы, бронхит, скалиоз, лордоз, кифоз ж.б ооруларды айыктырууга болот. Массаж убагында денедеги топтолгон туздар кетип, меридиандардагы тосулуп калган блоктор ачылат, кан айлануу жакшырып, оорулунун көңүлү куунак болуп, нервдери жумшарып, стресстерден толугу менен арылат. Өлүк клеткалардын ордуна жаңы клеткалар пайда болуп, өнөкөт чарчагандык, алсыздык жоголуп, оорулуунун организми активдүү иштей баштайт. Жашоого болгон оптимисттик көз караштар пайда болот.
- Мындай пайдалуу массаж канча убакыт жасалат?
- Жалпы массаж баштан буттун учуна чейин 40-45мүнөткө созулат. Эгер дененин бир эле бөлүгүнө (мисалы, башка, моюнга же таманга) жасалса, 15-20 мүнөт. Негизи массаж убактысы оорунун деңгээлине жараша.
- Көбү массаж десең эле, кандай жасайт экен, оорутат бекен же оорутпайт бекен деп сурашат эмеспи, оорутуп жасайсызбы же оорутпайсызбы?
- Алгачкы келген күндөрү оорутат. Кайсыл жерде оору болсо, ошол жерди басканда ооруйт. 3-4 күндөн кийин оору таркап, топтолгон шлактар кетип, энергетикалык каналдар ачылган соң, тескерисинче, жагымдуу болуп калат.
- Бул жерге келген оорулуулардын бардыгы эле сакайып кетишеби, же эч өзгөрүүсү жок ошол эле бойдон кеткендер да барбы?
- Негизи бардык нерсе Кудайдан, а биз ага себепчибиз. Бирок ошентсе деле эч өзгөрүүсүз деген эч качан болбойт. Сөзсүз түрдө 100 пайыз айыкпаса дагы алдыга жылыш болот. Анын үстүнө оорулуунун психологиясынан көп нерсе көз каранды. "Бир барып көрөйүнчү, ай, баары бир айыкпайм го, бул массажды жасап койсо эле айыгып калмак белем" деген ойлорго байлана берген адамдар чындап эле айыгышпайт. Тескерисинче, ооруган адамдын жан дүйнөсүндө "мен сөзсүз айыгам!" деген чоң каалоо, ишеним болуусу зарыл. Эң негизги нерсе ушул.
"Учурда мага окшоп Император-Каган массажы менен иштеп, элге кызмат кылган Медер агайдын окуучулары арбын... Бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда, Италия, Россия, Турцияда иштеп жүргөн балдар бар. Ал эми Кыргызстандын айылдарында бизге келип иштесеңер болот эле деп сурангандар өтө эле көп"
Асхат
Айсаракунов