Бырс этме

Кадимки ырчы кызыбыз Неля күйөөсү Урматка кайрылып:
- Билесиңби, Мачо, менимче шымыңдын тигил топчуларын топчулабай эле эки-үч күн жүрө турсаң сонун болчудай.
- Эмне болуп кетти анчалык?
- Эсиңдеби, бир жолу гастродоп Нарынга барганыбызда жакаңдын топчуларын топчулабай, шарф да тагынбай эки-үч күн жүргөнүңдү..
Анан?
- Анан үч-төрт күнгө чейин мойнуң эки жакка ийилбей зыңкыйып калды эле го!

Куудул Жамбыл акебиз уролог-дарыгерге келип сурап калыптыр:
- Доктур аке, меники тиякта төрт жумуртка болуп калыптыр го! Ал эмнеси?
Анда дарыгер:
- Ха-ха, ой Жамбыл аке, ошого да кыжаалат болосузбу! Болгону сиздин бөйрөктөрүңүз ылдый түшүп кеткен!

Мирбек Атабеков жаңы эле жеке концертин берип бүтүп, спорт сарайдан чыгып баратса "күйөрманыңызмын" деп бир киши учурашат да, анан сурай баштайт:
Айтыңызчы, сиз ушунчалык белгилүү жылдызсыз. А неге концертиңизде зал элге толгон жок?
- Кандайча?! Менин ар бир жеке концертим качан болбосун билеттер эки эсе кымбат экенине карабай дайыма аншлаг менен өтөт! Билет алып сатуучулар да менин концертимде жакшы "шабашка" кылышат!
- Аа, жакшы экен! А бирок сиздин альбомдоруңуз шаарда сатылып жатканын такыр көрбөйм го?!
- Кандайча көрбөйсүз? Мен Кыргызстандагы эң жакшы сатылуучу ырчымын. Алтын дисктерим бар. Пираттардын көчүрмөсү шаардын бардык бурчтарында сатылат! Менин альбомдорум ар бир кыргыздын үйүндө бар. Эгер ушуларды байкабасаңыз, кантип менин күйөрманым боло аласыз?
- Эми кандай десем, мен сиздин аябай деле күйөрманыңыз эмесмин.. мен салык инспекциясынанмын!

Жаш ырчы кызыбыз Азиза адаттагыдай эле сахнада өз ырын ырдап бүтүп, эми жүгүнүп кетейин деп жатса залдан баары кыйкырышат:
"Еще, еще!" Көрөрмандарын сыйлап дагы бир жолу ырдап бүтсө залдан дагы эле:
"Дагы бир жолу!"
Үчүнчү жолу ырдайт. Бирок залдан баягыдай эле кыйкырык токтобойт. Айласы кеткен Азиза:
- Кечиресиздер, канча жолу ырдаш керек, мен уже чарчап калдым!"
Залдагы үндөр
- Үйрөнгүчө ырдай бер!


Ильяз Абдыразаков жол жээгинде турган бир жаш сулуу кызга машинасы менен келип токтоп тийишип жатат дейт:
- Чоң кыз, сиз көптөн бери ак тулпар минген принцти күтүп жүрөсүзбү?
- Албетте...
- Мына мен келип калдым!
- Кру-уто, а принц каякта жүрөт?