Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  тагдыр

Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
1979-жылы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айлында өлкө боюнча бою эң узун адам жарык дүйнөгө келген. Жеңиш Ырайымбаевдин бою - 2 метр 30 сантиметр, салмагы - 150 килограммды түзөт. Бир убактарда эбегейсиз зор күчкө ээ Жеңиш бүгүн минтип бут шилтегенге жарабай, оор абалда борборго Курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун Санатория бөлүмүнө жеткирилди. Жеңиштин абалы менен жакындан таанышалы деп санаторийге баш бактык. Ал өзүн азырынча начар сезгендиктен, биздин суроолорго бир тууган иниси Айбек Ырайымбаев жооп берди.

Айбек Ырайымбаев:
"Жеңиш байкем тамак-аштын жетишсиздигинен ооруган жок"
- Айбек, канча бир туугансыз?
- Биз жети бир тууганбыз. Эки кыз, беш эркекпиз. Атам жетимишке, апам алтымышка чыккан. Мен Жеңиш байкемден кийинкимин. Үйдө атам, апам, Жеңиш байкем, колуктум жана эки балам болуп турабыз. Башка бир туугандарыбыздын баары үй-жай күтүп өз-өзүнчө жашашат.
- Байкеңиздин бою канча жашынан баштап өсө баштаган?
- Төрөлгөндө биздикиндей эле бой, салмак менен төрөлүптүр. Тогузунчу класстан баштап бою элдикинен башкача болуп өсө баштаган. Ошол кездерде классындагы эң бойлуусу, чоңу болчу. Тогузунчу класстан кийин бою тез арада кескин узарып, партага да батпай калды. Анын үстүнө, кийим, бут кийим жагынан тартыштык болуп окубай калган. Өзү дагы табиятынан көп сүйлөбөйт, кишиге жамандыгы жок. Айылдагылардын баары жакшы көрүшүп, сыймыктанышат.
- Бут кийимди, кийимдерин атайын заказ менен тиктирсеңер керек?
- Коңшу айылда бут кийим тиккен бала бар, ошого атайын заказ берип тиктиребиз. Кийимдерин болсо шаардан материал алып, тааныштарга тиктиребиз. Азыр кийимдерин камсыз кылып беребиз дегендер чыгып жатат. Сиздин алдыңызда эле эки-үч жеке ишкер келип, байкемдин өлчөмүн алып, эки-үч сыйра кышкы кийим тиктирип беребиз деп кетишти. Бир бут кийим тиктиргенге эле 5000-6000 сом, үстүнө бир көйнөк, бир шым тиктиргенге эле 6000-7000 сом кетет. Баарынан да ошол кийим жагы кыйынчылык жаратып, көп акчаны талап кылат.
- Үйлөнөм деп ниет кылабы?
- Бир-эки жыл мурда үйлөнөм деп тилек кылчу. Эгер ооруп калбаганда үйлөнтмөкпүз. Жеңиш байкемдин ички бугун укканга, сырын бөлүшкөнгө адам керек. Анан өзү үйлөнөм десе, биз аябай сүйүнүп кыз караштыра баштаганбыз. Жеңиш байкем да биз менен аралашып, бапырап сүйлөшүп отурганын каалайм. Эки жылдан бери көп сүйлөбөй, бизден оолактап калды. Эми ден-соолугу жайына келсе, өзүнчө үй-бүлө күтүп, баласын жыттап эл катары бактылуу жашоону башынан кечирет деп ишенем.
- Бош убактысын кантип өткөрөт?
- Негизи китеп окуганды, телевизор көргөндү жакшы көрөт. Ооруп жатып калгандан бери ошол эки нерсе менен эле алек болуп калган. Ден соолугу таза кезинде кара жумуштун майын чыгара жасачу эле. Бизге бир топ эле жеңил болчу. Чөп чапканда, там салганда кыйла эле күч-кубат берет. Бала кезде деле биз кара жумуш жасаарда кайсаңдап качып жөн иштечү эмеспиз, Жеңиш байкем болсо колуна эмне жумуш тийсе катыра жасачу. Үч жылдан бери оокат кылганга шайы келбей, кара жумушка жарабай үйгө эптеп эле кирип-чыгып калды.
- Буга чейин эмнеге доктурга көрүнгөн эмес?
- Жазында келип кант диабетин текшертип, бир сыйра дарыланып кеткен болчу. Жакшы эле басып жүрчү, анан эле беш күн бою турбай жатып калды. Биз кант диабетинен го, деп ойлогонбуз, андан кийин эле басалбай, заңы чыкпай кыйналып калды. Буга чейин шаарга келип-кетип эле дарыланып жүрчү. Доктурлар деле кант диабети деген жыйынтык чыгарып беришкен. Бул санаторийге биринчи жолу келдик.
- Тамак-ашты кандай ичет?
- Көлөмү жагынан биздей эле ичет. Кант диабети менен ооругандыктан, диета кармап, туздуу тамактарды көп жебейт. Камырдан жасалган манты, пельмен сыяктуу тамактарды жакшы жейт.
- Кээ бирөөлөр тамакты жакшы жебей ооруп калды дешүүдө...
- Телевизордон ушул сөздү угуп алып нааразы болдум. Кудайга шүгүр, тамак кенен эле. Ооругандан кийин табити тартпай, тамакты аз ичип калганы болбосо, башка учурларда нан-чайга отуруп калган деген сөздөр туура эмес. Кээ бирөөлөр ойлоп калды болуш керек: "булардын үйүндө нан-чайдан башка эч нерсе жок" деп. Андай эмес, Жеңиш байкем тамактын тартыштыгынан ооруган жок. Дыйкан чарбабыз бар, эл катары жашайбыз. Эл жегенди биз да жейбиз. Эт жегибиз келсе, короодогу койлордон союп жейбиз. Жашообуз жакшы, колубузда баары бар.
- Мамлекет тарабынан агаңызга кандай колдоо болсо деп ойлойсуз?
- Байкем экинчи топтун майыбы, ал 800-900 сом алат. Ал эмнеге жетмек эле?! Атам менен апам пенсия алат, алардын акчасы деле аз. Айылда болсо, өзүңөр билесиңер жумуш жок. Мамлекет тарабынан Жеңиш байкемдин келип-кетип дарыланган чыгымын көтөрүшсө, кийим жагынан жардам беришсе, пенсияга чыгарышса жакшы болот эле. Доктурлар эки-үч айда бир даарыланып турса деп жатышат, ага биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ушул жагынан өлкө башчысы кичине колдоо көрсөтсө жакшы болот эле. Учурдан пайдаланып Конок байкеге ыраазычылык билдирем. Күндө келип азык-түлүктөрдү алып келип, ал-ахыбалыбызды сурап кетип жатат. Эгерде ал болбосо байкемдин тагдыры кандай болмок ким билет.




Жеңиш Ырайымбаевди караган доктур, Санаторий бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Шермамат Райымбековичтен төмөнкү маалыматтарды алдык:
"Жеке ишкер Жеңиштин бүт чыгымын төлөдү"
- Шермамат Райымбекович, учурда Жеңиштин абалы кандай?
- Жеңиш бизге оор абалында, мындан тогуз күн мурда келип түштү. Алты киши араң көтөрүп түшүрүштү. Тамак ичпей, колу-бутун кыймылдатканга кудурети келбей сулк жатып калган экен. Санаторийге келгенде асма уколдорду жасадык. Чоң заара чыкпай калып, уулуу заттардын баары организмине тарап баштаптыр, эки күн катары менен жети-сегиз литр суу менен клизма жасадык. Азыр өзүн бир аз жакшы сезип калды, өзүңөр көрүп тургандай, бутуна туруп таяк менен басканга жарап калды.
- Кандай ооруларды аныктадыңыздар?
- Кант диабети бар экен. Жамбаштарына бир жылдан бери сыздоок чыгып айыкпай келиптир, заманбап аппараттардын жардамы менен канынын баарын тазаладык. Буттарынын манжаларынын баары жара болуп кеткен болчу, буга кант диабети түрткү болду. Анткени кант диабети менен ооруганда буттун майда кан тамырлары иштебей жара чыга баштайт. Андан сырткары бул кишинин бетинде сөөгү өсүп кеткен. Онкологдор карап көрүп ал сөөктөрдү операция кылганга болбойт дешти, себеби сөөктөр өтө эле чоңоюп кеткен. Ал сөөктөр сырткы келбетин бузганы менен чоңоюп эле кетпесе, ден соолугуна азырынча зыяны жок. Табарсыгына, бөйрөгүнө суук тийиптир, өтүндө өнөкөт оорусу бар экен. Менин угушума караганда, чай нан менен отуруптур, кант диабети менен ооругандар күчтүү тамактарды жеши зарыл.
- Азыр кимдин эсебинен даарыланып жатат?
- Санаторийге Конок деген казармандык киши алып келип жаткырды. Ал Нарынга конокко барып, Жеңиш тууралуу угуп калып абалын көргөндөн кийин алып келди. Дары-дармегин, жолдомону, жатакананын акчасын жеке ишкер төлөп кеткен. Мурда жыйырма күнгө жаткырабыз деп ойлогонбуз, эми дагы он күнгө узартып, Жеңиш бир ай даарыланмай болду. Мамлекет тарабынан аз-аздан дары-дармектерди алып баштадык.

Анара Дүйшөналиева



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования