атактуунун арзуусу

Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы:
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
Биз бүгүн Ташбоо агайдын жеке тагдыры менен эркек-аялдын ортосундагы мамиле тууралуу ой жорумунан бир түрмөк сыр, бир үзүм барак таштадык. Мамлекеттик ишмердин жан дүйнөсү сизди кызыктырган болсо, башбагып көрүңүз. Балким, издеп жүргөн сурооңузга жооп табарсыз.

- Ташбоо агай, акыл калчап, ой токтотуп калган кезиңиздеги жылдыздуу сезимдерге кайрылып көрбөйсүзбү?
- Менин азыркы өмүрлүк жарым кыргызга белгилүү, өтө сулуу аял. Кыргызстанда үч сулуу аял болсо, ошонун бири менин келинчегим. Мен анын сулуулугу менен дайыма сыймыктанам. Капа кылып көңүлүн оорутуп алып, сүйүүсүнөн ажырап калбайын деп коркуп да кетем. Ачык айтканда, аябай сүйөм. Мына, быйыл 55 жашка чыкты. Алигиче сыны да, сыры да кете элек. Экөөбүз 1984-жылы 15-сентябрда үйлөнгөнбүз. Мындан азыраак күн мурда 25 жылдык күмүш тоюбузду Оштон белгилеп келдик.
- Жубайыңызга кантип үйлөнүп калдыңыз эле?
- Окууга бирге тапшырып, филология факультетинде чогуу бир жыл окудук. Студенттик курактагы жакшы достордон болуп, жакшы мамиледе жүрдүк. Мен ошо кезде эле үйлөнгөн адам элем, бир балам бар болчу. Жыл айлангандан кийин Жеңишгүл да турмушка чыгып, боюнда болуп калды. Ал кезде студенттерди айыл-чарба жумуштарына куумай адат бар эмес беле. Мен комсомолдук комитеттин секретары, профсоюздун төрагасы болчумун. Жеңишгүлдү кыйналып калбасын деп аяп, жеңил жумуштарды берем. Тагдыр экен, экөөбүзгө тең биринчи турмушубуз буюрбаптыр. Ошондон он жыл өткөндөн кийин кайра табыштык.
- Эженин сулуулугунан башка дагы сиздин жан дүйнөңүздү байлаган сапаттары бар чыгаар?
- Эң зор адамкерчилиги бар - айкөл. Айрыкча менин туугандарыма энесиндей мамиле кылат. Кам көргөн жагынан менден өтүп кетет. Анан ушундай аялды кантип сүйбөйсүң? Оорумду колдон, жеңилимди жерден алат. Менин өкмөттүк кызматта иштешиме толугу менен шарт түзөт.
- Сүйүү жаш-куракка көз каранды болушу мүмкүнбү же…
- Мен дайыма сүйүү куракка карабайт деп айтам. Алтымыш- жетимиштеги адам деле он сегиз жаштагы жигиттей баш айланткан сезимге кабылышы мүмкүн. Келген сезимден корунуп аны жашырбай, мүмкүн болушунча ошол сүйүүгө жеткенге аракет кылыш керек.
- Мисалы…
- Мисалы, менин 25 жыл чогуу жашаган аялым бар. Бирок бирөөнү сүйүп калдым дейли. Эми үйлөнөйүн десем мыйзам да, аялым да жол бербейт. Анан жаныңда турсам эки саат, ошол күн мага майрамдай дегендей, сүйгөн адамың менен тамашалашып, чер жазыша сүйлөшүп жүргөнгө неге болбосун? Сүйгөнгө жетүү деген - аны менен баарлашуу, бири-бириңе мээрим тартуулоо.
- Демек, сиз сүйүүнүн бийиктигин төшөк маселеси менен ченегенден алыс экенсиз го?
- Сүйүүнүн чеги төшөк деп түшүнгөндөр чоң жаңылышат. Эми жан кумарын каалаган учурунда ар кандай жол, ар ким менен кандырса боло берет. Беш-он мүнөттүк кумарын кандырганы менен жан дүйнөнү кандыра албайт. Жан дүйнөсүн рахаттандыра албайт. Анткени ал сүйүү эмес. А жан дүйнө деген таптакыр башка нерсе. Сүйгөнүңдүн жанында болуп, аны менен эркелешсең өмүрүң узаргансып калбайбы. Ошондуктан колдон келсе көп сүйүш керек.
- Көп сүйүш керек дедиңиз. Сиз же сизди бирөөлөр сүйүп калса… Жубайыңыз кандай ойдо болмок эле?
- Жубайым намысына тийгиси келген курбуларына: "Кыздар сүйбөгөн жигитти мен да сүйбөйт болчумун. Башкалар сүйүп жаткандан кийин ал - мыкты жигит. Демек, мен да сүйүшүм керек" деп күлүп калат. Ошол сыяктуу эле жигиттердин көзү түшпөгөн аялга мен да кызыкпайт болчумун. "Катыным сокур, жаным тынч" деген экен бирөө. Ал туура эмес. Мен ушу макалга кошулбайм. Ар бир эркектин келинчеги өңдүү-түстүү болгону жакшы. Мен жубайыма башкалардын кызыкканын байкасам, менин ага болгон сүйүүм ого бетер жалындап кетет.
- Алтымыштагы мырзалар жыйырма жаштагы селкиге, ал эми кырктардагы аял он сегиздеги жигитке үйлөнгөндөрү, же ашык болгону тууралуу угуп калабыз. Бул орун алмашуубу?
- Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде батыштын таасири бар. Мурдагыдай коммунисттик партиянын, татаал режимдин тескөөсү жок, боштондук алгандан кийин алар ошондой бурулуштарга барышат. Экинчиден, турмуштук жетишпестиктерден улам…


Мисалы, жаш кыз улгайган адамга көз каранды болуп калуусу мүмкүн. Мен буларды чоң сүйүүгө кабылды деп ойлобойм. Колдобойм дагы.
- Кандай аялзаты сиздин көңүлүңүздөн орун алат?
- Ачык эле айтайын, мен сулуу кыз-келиндерди жакшы көрөм. Улутуна да карабайм. Менин талуу жерим - сулуулук. Былтыр Кипрде болдум. Уулум ошо жакта окуйт. Кафеде олтурсак эле жанымдагы жолдош балам "арт жагыңды карачы!" деп калды. Карасам, он сегиз, он тогуз жаштардагы негр кызы олтуруптур. Айнанайын, көздөрү бажырайып, мурду, оозу куюлуп түшкөн. Ак менен сырдап койсо чүрөк боло калганы турат. Бирок көөдөй капкаралыгына карабай, көзүмдү андан көпкө чейин тарта албай калдым. Тамак ичип атып улам уурдана карайм. Аялзаты сезгич да. Ал сезди. Ансайын эки жакты тиктемиш этип кылыктанып, наздана түшөт.
Уулум "ата, ушу кара кыз жагып калдыбы?" деп таң калды, мени тамашалай. "Ооба!" дедим мен дагы. Анда уулум кыздын жанына ээрчитип барып тааныштырып койду. Африканын Чад деген мамлекетинен болот экен. Уюлдук телефонумда сүрөтү бар, тартып алгам.

Афина Бакирова