Узун кулак

Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
Уккан кулакта жазык жок демекчи, элдин айтуусуна караганда, азыркы жаш жылдыздарыбыз жөнүндө узун сөздүн учугу деги бүтпөйт. Бул туурасында кээде мындай сөздөрдүн чындыгы чыгып калса чычалап, карганып-шиленип калган ырчыларыбыз да жок эмес. Сөздүн кыскасы, акыркы учурда жаш ырчы кыздар сахнага жылтылдап кийинип, келиштире жүзүнө "сулуу кыздын сүрөтүн тартып" алып эле кыргыздын акчалуу жигиттерин колтуктап калышкандай. Анан да элдин айтуусуна караганда, алар жигиттерине кымбат-баалуу машина алдыртышып, чимирилте айдап жүрүшөт имиш. Кыскасын айтканда, сөздүн тээ төркүнүнөн баштаган макаламдын каармандары төмөнкүлөр.


Азиза сулууну жандаган мырзанын жашы кырктар чамасында имиш. Жеке ишкер, күйүүчү майлар менен иш алпарган фирманын жетекчиси дешет. Айтор, Кыргызстандын белдүү бизнесмендердин бири имиш. Көргөн-билгендердин айтуусунда, орто бойлуу, сары жүздүү мырза дешет. Экөөнүн мамиле кургандарына беш-алты жылдын жүзү болуп калган дешет. Азизанын азыр айдап жүргөн "Тайота Кэмри" үлгүсүндөгү машинасын так ушул мырза алып бергенинен эл кабардар.
Азиза:
- Эгерде жигитим андай эле бай болсо, анда мен "Жип" машинасын тээп жүрбөйт белем?! Жигитим бай дагы эмес, үй-бүлөлүү дагы эмес. Азыркы машинамды өз мээнетим менен тапкан акчамды чогултуп, анын үстүнө бир тууган иним акча кошуп сатып берген. Ал автобазарында иштегендиктен, машинанын сырын жакшы билет.


Айдай жүздүү Бактыгүлдү крим чөйрөсүндөгү жигит тузагына илгенин калың эл капкачан айтып келет. Ай сайын түрдүү машина мингенин, түркүн түс кийим, эки кабат үй салдырганын бүт жигитине байланыштырып келишет. Айтор, Бактыгүлдү "Бактыгүл" кылып келаткан ушул капчыктуу жигити имиш.
Бактыгүл Бадыева:
- Менин сахнага ырдап чыгып калышыма эч ким эч кандай жардам көрсөткөн жок.
Кичинемден эмгекке бышып өскөм. Өзүм эмгекти сүйгөн адаммын. Ошондуктан эч кимге көз каранды болбой, ушул убакка чейин өзүмдү-өзүм каржылап келем. Бардык жетишкендиктериме өз эмгегим менен жеттим десем жаңылышпайм. Анан кримби, же спорт чөйрөсүнөнбү, иши кылып жигитим бар. Мындан башка сөз айтуунун кажети жоктур.


Айгүл айымдын жан шериги дагы чоң бизнесмендердин бири. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы имиш. Аны билип турса да ырчы кыз жигитинин апасына чейин барып, ага турмушка чыгуусун айткан дешет. Мындайды күтпөгөн апасы Айгүлдү акырын гана узатып койгон тура. Байлыгы ашып-ташкан жигити азыркы учурда зуулдатып айдап жүргөн "Жипти" сатып берген экен.
Айгүл Чалова:
- Туура, жигитим машинамды алып бергени чын. Мурда үй-бүлөсү бар экен. Учурда жок. Мен эч кандай үй-бүлөсүн бузган эмесмин. Анын эмнесин жашырмак элем?


Нурзаттын "жан сакчысы" да өз ишин мыкты билген бизнесмендерден имиш. Борборубузда беш- алты үйү бар имиш.Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы имиш. Нурзатка Жал-Артис кичирайонундагы үйүн белек кылып берген дешет. Туулган күнүндө көздү уялткан апапак "Мерседес" тартуу кылган экен. Дос кыздарына арман кылып: "жигитим үйгө келсе менден өткөн бактылуу адам жок, өз үйүнө кетсе менден өткөн бактысыз жан жок" деп кейип сөз кылат имиш.
Нурзат Садыкова:
- Жыйырма жети жашка чыкканымды куттуктап, жигитим "Мерседес" алып бергени чын. Ал эми калганына кыскача гана жооп кайтарам: ал менин өзүмдүн жеке жашоом. Бул туурасында жазбай эле койгулачы?!


Фарида сулуубуз жашы алтымыштар чамасындагы жигитти кармаган имиш. Борборубуздагы бир топ кафе-ресторандардын кожоюну деген кептер эл арасына куш тумоосундой тез тараган. Фариданын машинасын бул эр жүрөк мырза алып берген дешет.
Фарида Карбосова:
- Ой, антпей эле азыркы айдап жүргөн машинамды өз күчүм менен иштеп жүрүп алгам. Таласта чакан бизнесим бар. Картошка, соя айдаткам. 2006- жылы жеке концертимди берип, андан түшкөн акчанынын үстүнө анча-мынча кошуп, анан машина алган болчумун. А жигитим жөнүндө ушундай ушак сөздөрдү уга берип кулагым бышып бүттү. Ар ким деңгээлине жараша сүйлөй берет. Экөөбүз алардын деңгээлине түшпөй эле коёлучу?!