Маалымат

Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
СДПК партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырап, ага сот иши козголду. Мындай чечимди ЖКнын кезектеги отурумунда депутаттар добуш берип кабыл алышкан. 86 депутаттын ичинен 76сы К.Кадыровго каршы добуш беришти. Эске салсак, К. Кадыров президенттик шайлоо учурунда элдердин арасында баш-аламандык жаратканы үчүн күнөөлөнүүдө. Бул ишти карап чыгууда парламентте башкы прокуратуранын ишин канааттандыруу үчүн дупутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын башчысы Хаджимурат Коркмазов К.Кадыров эки жолу комиссиянын отурумуна катышканын жана азыркы учурда ооруп жатканын билдирди. "Ак жол" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов белгилегендей, иликтөөлөр боюнча Балыкчы шаарындагы окуядан 19 адам К.Кадыровдун катышуусунда камалган. "Мен Кадыровду күнөөлөгөндөн алысмын, анын күнөөсүн сот аныкташ керек" - деп айтып өттү У.Ормонов. Парламентарий комиссиянын чечимин колдоп, кесиптештерин Кадыровдун кол тийбестик укугунан ажыроосун колдоп кетүүгө үндөдү.

Ыссыккөлдүк коомдук-саясий ишмерлер президенттикке депутат К.Кадыровдун ишин токтотуу үчүн кайрылышты
Ушул ишке байланыштуу кайрылуу өкмөткө өткөн жумада жолдонгон эле. Бул кайрылуунун ээлери мамлекеттин башчысын кайрадан тандоо болуп жаткан учурда Балыкчы шаарындагы өтүп жаткан шайлоого тоскоолдук кылган делинип камалган адамдарды жана депутат К.Кадыровго байланыштуу кылмыш ишин токтотууну өтүнүшкөн. Кайрылууда:"Азыркы бийликтин аракетин туура эмес деп эсептейбиз. Эл сизден адилеттүүлүктү жана калыстыкты күтүп жатат", - деп жазылган. Жогорку Кеңештин "Ак жол" фракциясы бул маселе мыйзамдын чегинде чечилүүсү керектигин, Балыкчы окуясы тууралуу ишти сот гана чечээрин билдирди.

Кадамжайдын элдери нааразычылык акциясын башташты
Баткен облусунун Кадамжай районунун акимчилигинин алдында беш жүзгө чукул эл нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын талабы боюнча Кадамжайдын мурдагы акими Асамидин Ташовду кайрадан райондун администрациясынын башчылыгына коюш керек. Райондун акиминин орун басары Айдаралы Асамидинов бул маселени жергиликтүү бийлик эч кандай чече албастыгын, аким президент тарабынан дайындалаарын жана элдин талабын губернаторго жеткирээрин билдирди.18-сентябрь күнү Асамидин Ташов президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

"Боинг-737" учагынан жабыр тарткандар көрсөтмө бере башташты
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 17-сентябрь күнү "Боинг-737" самолётунун кулашы тууралуу кылмыш иштерин иликтөөнү карап чыгуу боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Айыпталуучу болуп, авиакырсык боюнча экипаждын командири Юрий Гончаров жана экинчи учкуч Тимофей Водолагин айыпталынууда. Буга чейин билдирилгендей, соттук иликтөө башталды. Ага жабырлануучулар: Казакстан республикасынын атуулу Сергей Ли жана "Итек-Эйр" компаниясынын борткоштоочусу Елена Кугушевалар көрсөтмө беришүүдө.

Рамазан айы бүтүп, мусулмандар Орозо Айт майрамын майрамдашты
Ыйык Рамазан айы бүтүп, өлкөнүн мусулмандары Орозо Айт майрамын майрамдашты. 20-сентябрь күнү эртең менен эрте борборубуздун эски аянтында Орозо айт намазы окулуп, муфтий Мураталы-ажы Жуманов бардык мусулмандарды айт майрамы менен куттуктап өттү. Буга чейинки айт намаздарынан айырмаланып, бул айт намазда элчиликтин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөшкөн жок. Куттуктоо сөзгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу чыгып сүйлөдү. КРнын президенти Курманбек Бакиев быйыл өлкөнүн жети облусунда 3.5миңге жакын орозо кармаган мусулмандардын оозун ачыруу расмисин өткөргөнүн айтып кетти. Ушул убакка чейин иптар Бишкек шаарында 100 кишиге берилип келген.

Коргоо министринин старшинасы эки кызды зордуктады
Чүй олбусунун Аламүдүн РИИБнин кылмыш издөө кызматкерлери тарабынан Коргоо министрлигинин кийим сактоочу жайынын башкармасы кармалды. Старшина жашы жете элек эки жаш кызды зордуктады деген шектенүү менен айыпталууда. Иликтөө иштеринин билдиргенине караганда, ал биринчи жолу ушул жылдын июль айында Подгорный айылындагы үйлөрдүн биринде жашаган жашы жете элек кыз К.ны зордуктаганга аракет кылса, сентябрдын 14үндө ал ошол эле айылда жашаган өзү менен чогуу окуган кызды зордуктаган.Ушуга байланыштуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкектеги интернет-клубдан сейф уурдалды
Бишкек шаарындагы Киев көчөсүндө жайгашкан "Манас" интернет-клубун белгисиз адамдар тоноп кетишти. ИИМдин билдирген мааламаттарына караганда, ал имаратка түндөсү белгисиз адамдар, интернет-клубдун кирүүчү эшигинин кулпусуна туура келген ачкычты таап, ачып киришкен. Алар темир сейфти жана компьютердин мониторун уурдап кетишкен. Интернет-клубдун жетекчилери ал сейфте 30 миң сом жана 700 америка доллары бар экендигин айтышууда.

Борборубуздан Германиянын атуулун тоноп кетишти
18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын борборунан Германиянын атуулу Ханс-Балдер Хавенитти тоноп кетишти. Ал борборубуздагы "Достук" мейманканасында жашап жаткан. Чет өлкөлүктүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жазган арызы боюнча, түнкү саат 24төр чамасында ага белгисиз эки адам катылган. Күч көргөзүп анын 300 евросун жана 8 миң сомун алып кетишкен. Ууруларды кармоо үчүн иш-чаралар жүрүп жатат.

Токмоктогу "Inter Glassка" Европа өнүгүү жана реконструкция банкы 10 миллион евро бөлүп жатат
Токмок шаарындагы "Inter Glass" айнек заводуна Европа өнүгүү жана реконструкция банкы 10 миллион евро карызга бөлүп жатат. Бөлүнгөн акчалар ишкананы баштан-аяк оңдоого жана анда чыгарылуучу продукциянын көлөмүн жакшыртууга жумшалмакчы. Буга кошумча Алманиядагы айнек заводдун башкы ишканасы 3.8 миллион евро өз чөнтөгүнөн чыгарып берүүдө. Берилип жаткан каражаттын бардыгы ишкананын технологияларын жаңыртып, энергияны үнөмдөй турган каражаттарды сатып алууга жумшалмакчы. Азыркы учурда заводдо жасалып жаткан меш адистердин айтуусу боюнча, 12 жыл бузулбай иштеп бере алат.

Нато Россия Федерациясы менен кызматташтыгын кеңейтет
Натонун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Россияны коопсуздук чөйрөсүндө альянс менен кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады.
"Мен куру кыялкеч эмесмин. Эки тарап мунаса табалбаган бир катар маанилүү маселелер бар, бул карама-каршылыктар бир түндө жок болуп кетпейт", - деди өз сөзүндө Рамуссен. Ошого карабастан келечекте өтө маанилүү кызматташуу жана ич ара алакаларда жаңы этапты баштоо мүмкүнчүлүгүнө ишенет.

Баш катчынын сөзү толугу менен НАТО-Россия мамилелерине арналды
Ошону менен катар баш катчы эки тараптын коопсуздугуна бирдей коркунуч келтирип жаткан маселелер боюнча НАТО менен Россия кызматташтыгын чыңдоо үчүн маанилүү иш-чараларды токтоосуз баштоо керектигин белгиледи.
Рамуссен ошондой эле Москва Тегеранга таасир көргөзүп, атом программасынан айнытканга толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт.

АКШ Европада антиракеталык cистема орнотпойт
АКШнын президенти Барак Обама Чыгыш Европага ракеталардан коргонуу жабдыктарын орнотуу боюнча планына түзөтүүлөрдү киргизди. Америкалык радарлар убактылуу Чехия менен Польшада орнотулбайт. Барак Обама Россиянын көптөн бери тынчын алып келе жаткан планын кайрадан карап чыгаарын айтты. Вашингтон алгач Польша менен Чехиядагы боло турган антиракеталык жабдыктар Иранга окшогон өлкөлөрдөн коргонуу үчүн колдонулаарына зарылдыгын билдирген. Бейшембиде Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын президенти абадан коргонуу стратегиясын өзгөрткөнүн жана бул чечим АКШнын эң жогорку аскер башчыларынын колдоосуна ээ болгондугун айтып өттү.

Сириянын президенти Түркияга иш сапары менен барды
Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад өзүнүн эки күндүк иш сапары менен Түркияга барды. Сириянын президенти Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык туурасында сөз козгошту. Башар Асад бул иш сапарында эки өлкөнүн ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги Стратегиялык өнөктөштүк кеңешин түзүү тууралуу келишимге кол койду, андан сырткары бул иш сапарда жикчил Күрддөрдүн жумушчу партиясына каршы күрөш маселеси талкууланды. Келишимге кол койгон эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Валид Муаллин менен Ахмед Давутоглу маалымат жыйынын уюштуруп, Түркия менен Сириянын ортосунда виза режиминин алынып салынганын айтышты.