`
  Аздек Намазбекова

К
ө
з
мончок
Хатадагы биринчи чыр
Мен түрмөдө мындай уйкусуз түндүн неченин өткөрдүм. Эски жаздыкка түнкүсүн канча көз жашым төгүлгөнү эсепсиз. Түндөсү канчалаган аялдардын аялуу сырлары ачыкка чыгып айтылып, арман толгон көз караш менен бири-бирибизге болгон аёо сезимибизди билдирип, "шуу" эте үшкүрүнүп далай таңдар аппак атты го!
Эртең мененкисин формачандар текшерип, санап кетишкенден кийин биз менен эч кимдин деле иши болбойт экен. Сыртта эмне болуп жатканынан эч кабарың жок бүт тиричилигиң камера ичинде өтөт. Ары урунуп, бери урунуп, кээде бири-бириңдин сөзүңдү көтөрө албай уруша кетип, кайра жазылып… Айтор, адам баласы бардык нерсеге көнөөрүн, бардык нерсени көтөрөөрүн ушул жерден түшүндүм.
Келгенибиздин эртеси күнү таңкы текшерүүдөн кийин "гулкага" чыктык. "Гулка" - үстү асман көрүнүп тордолгон, төрт тарабы бетон менен тосулган чакан жерде камалып, аба жутасың. Жыйырма-отуз мүнөт убакытты ар ким өз каалаганындай өткөрөт. Бегимжан жаңы эле кат алып, аны бекем чапталган жылтырак тышынан шаша-буша бошотуп, окуп кирди. Анда-санда жылмайып коёт. Эгиздердин бирөөсү колдорун шыпылдатып байпак токуп, экинчиси китеп окууда. Дарыя менен Күлкан эже сураштыра келишсе эски тааныштардан болуп чыгышып, ар кимди эстеп, узун сөзгө киришкен. Сентябрдын ала булут каптаган асманын тиктеп мен олтурам. Бир маалда кошуна "гулкада" жүрүшкөндөрдүн бирөөсү бизден кыйкырып тамеки сурады. Жакшы жери - биздин хатадагылардын эч кимиси чекпейт экен. Ошон үчүн мен олтурган хата башкаларга салыштырмалуу таза экенин кийин билдим. "Нервиңди эс алдырып, ойдон алаксыйсың" дегендерин угуп "тартып көрсөмбү?" деп оюм бузулганы менен дембе-дем эле тарта беришкендерин көрүп, нерв тынчтандыраарына деле ишенбей калдым. Болгону адам өзүн-өзү алдап, алаксытуу болсо керек. Көпчүлүктүн бири катары тамекиге жакындабаганымдын дагы бир себеби бар. Казакстандан "баңги зат" менен кармалып, ал жактын "зонасынан" бизге которулуп келген Күлкан эже экөөбүздүн алгач таанышуубуздан кийин эле мени күлмүңдөй тиктеп:
- Аздек улуу кызыма аябай окшош экен. Баскан-турганы, үнү, жадакалса жалооруй жалжылдап тиктегени да кызымдын эле өзү. Ансыз деле бир жарым жылдан бери кыздарымды көрбөй, сагынып араң жүргөн жаным муну көрүп кызымды көргөндөй болуп ичим ысып турат, - деп калды. Ошондон уламбы, мага бөтөнчө өнтөлөп, кабагым бүркөлө түшсө үстүмө үйрүлүп түшүп энелик мээримин төгүп эркелетип карап жүрдү. Бир күнү акырын кучагына кысып: "Бузулуп кете көрбө! Өңгө чексе чексин, сен тамекини колуңа кармаба. Андан пайда жок. Олтурганың сыз, тартканың тамеки болсо кийин өпкөңдөн айрылдың дей бер! Ойдон алаксыйсың деген болбогон эле сөз. Мына, мен деле тээ Казакстандын түрмөсүн да, "зонасын" да көрүп келатам го, өлбөй-этпей эле, "крышам" деле оордунда. Андан көрө менден токуганды үйрөнүп ал. Кызыгына кирсең кай жерде, эмне кылып олтурганыңды деле унутуп коёсуң. Билип алсаң келечегиңе эле жакшы. Эң жок дегенде балдарыңа сатып бербей өзүң эле тыпырайтып токуп кийгизип коёсуң. Кыскасы, энелик сөзүм: чекпе, тартпа, сайынба! Болбосо урушам!" деп шыбырай сүйлөдү. Өз апам кучагына алып акыл айтып аткандай, сагыныч, кусам артылып жүргөн мен эрээркеп ыйлап жибергеним менен "макул" деп сөз бергем. Өзү күйөөсүнөн эрте жесир калып, эки кызын жалгыз багып өстүрүптүр. "Кичүү кызым төрөлгөнүнөн эле оорукчан болуп калды. Бөйрөктөрү жакшы иштечү эмес. Жылда бир маал доктурга жаткырып, дарылатып чыгам. Ага деле болбой күндөн-күнгө өңүнөн азып, начарлай берди. Кымбат дары-дармекке менде акча тартыш. Эмне кылсам деп санаа тартып жүрдүм. Кайын журтум тараптан жардам жок. Күйөөмдүн көзү өткөнү көп деле катташпай калганбыз. Төркүнүм деле өз арбайларын өздөрү эптеп согуп, тиричилик кылып келатышат. Ошондо кошуна келин ушул ишке чакырып, азгырылдым. Билдим, "баңги зат" сатуу менен далай жаш өмүрлөрдүн жайрашына себепкер болоорумду… арам акча экенин… Айлам канча?! Мен болбосом менден башкалар деле кылат, кызым үчүн кудайым кечирээр! Тобокел деп тигил келинге кошулдум. Эки жолу жанымды оозума тиштеп Россияга алып барып жакшы акча таап келдим. Үчүнчүсүндө поезддин ичинен Казакстандан кармалып калдым. Кошуна келин качып, кийин уксам көчүп да кетиптир. Кыздарым кароосуз калышты. Сиңдим гана баш-көз болумуш этип, кабарларын билгизип мага бир барып кеткен. Бактым бар экен "срогубузду өз жерибизден өтөйлү" деп кайрылып канчалаган биздин аялдар жалдырап жакшы жооп күтүп олтурушканда, мен которулуп калдым. Эсептесем аз эле калыптыр. Балким "зонага" жетпей эле бул жерден бошоп кетээрмин. Кичүү кызым ИВСте камакта экенин сиңдимден уктум. Чөнтөкчү уурулук менен экинчи жолу кармалышы экен. Силер келген "этап" менен келеби деп күттүм эле? Чыгып кеткей эле деп жалынганым ошол кызым болуп калды. Оорукчан деп көзүн карап, өзүм эрке өстүргөм. Эми кимди күнөөлөйм?!" деп көзүнүн жашын сызылтып, түрмөдө кызы менен кездешчү күнүн күтүп олтурат. Алаксыйын дегениби, Бегимжан экөөбүздүн "биз жасайлы" дегенибизге көнбөй, өзү тамак жасайт. жоктон-бар кылып жасаган тамагы да даамдуу болот. Бир нерсе жок болуп калса, кошуна хаталардан "карызга" деп ала калат. "Бүгүн акыркы "китлапты" басып жатам. Май да түгөндү" деп түштөнгөн күнү мага үйдөгүлөр "дачка" киргизишиптир. Сүйүнүчүмдү сүрөттөй албасам керек! Анткени канча күндөн бери камакта жатып үйдүн тамагын аябай эңсеген элем. Коридордон баштыктардын шуудураган үнү, адамдардын баскан дабышы угулганда эле баарыбыз эшик тарапка кулак түрүп калганбыз. Биздин темир эшик сыртынан калдырап ачылып, формачан эркек:
- Намазбекова барбы?- дегенде, жүрөгүм алып-учуп, толкунданганымдан үнүм да чыкпай калгансыды. Анткени ар дайым ушул эшик кайсы күнү шарак эте ачылып, "Намазбекова сыртка чык, бошсуң!" деген үндү угар экемин деген илгери үмүт менен, ал тургай ошол көз ирмемди үтүр-чекитине чейин элестетип, күтүп олтурчумун. Анан эле… Мен тил-ооздон калып, жалдырап тиктеп калганымда жанымдагылар бир ооздон:
- Бар, бар! - деп жиберишти.
- Карап көрүп, кол кой! - деп узун ак барак сунганда апамдын колун таанып, токтоно албай ыйлап ийдим. Кат экен деп ойлогом. Көрсө, мага киргизген тамак-аштын тизмеси экен. Баштыктарымды киргизип, каалга кайра сыртынан жабылды. Түрмөдө тергөө учурунда олтургандарга сырттагылар менен кат алышууга, "свиданиеге" уруксаат жок экен. Деги эле бул жерде көп нерсеге "уруксаат эмес!"
- Мен баштыкты аңтарып, үйдөгүлөр киргизген жаңы көйнөк-кечемди кийип көрүп, чачыма жаңы чач кыпчыткычымды тагынып, чечекейим чеч болуп турдум. Аял камакта деле аял да! Кызыл нерседен көзүбүз өтүп кооз кийингибиз, сулуу көрүнгүбүз келет… Ыйдан кызарган көздөрүм кубанычтуу күлмүңдөп колумдагы апамдын киргизген ак барагын кайра-кайра өпкүлөсөм, Бегимжан чычалатып:
- Иий Аздек, алдагы баракты билесиңби канча аял-эркек кармаганын?! Кандай кол менен кармады?! - деп адатынча мурдун чүйрүдү эле, мен актангансый:
- Жөнчү! Бул баракта апамдын кол жазмасы бар да, - дедим.
- Түшүнүп турам. А бирок… элестет…- деп каткырып күлдү.
Ал күнү биздин хатада майрам күн болду. Жерге дасторконубузду жайып, апамдын колго түйгөн мантысын ысытып, каттама, каймак, айранын жайнатып коюп алып, бапырап чай ичтик. Баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүңкү. Ал тургай маңдайкы хатада олтурган Светага да таттуу нан, кумшекер, чай, конфет салып "чай ичип койгула " деп "түртүп" жибердик. Кызыл чай - "чифир" ичип көнүп калган неме кыйналып жүргөнүн билчүмүн. Көп өтпөй "Аздеша, "от души!" деген ыраазычылыгын билдирген кыйкырык жооп уктум "решкадан". - Апаңа ден соолук берсин! Өзүң эртерээк эркиндикке чыгып кетишиңди каалайм!"
Бирде күлүп, бирде томсоруп, бирде ач, бирде ток болуп күндөр ушинтип улана берди. Бир күнү адвокатым келип, мени сыртка алып чыгышып атайы жолугушуу бөлмөсүнөн сүйлөшүп келдим. Эң биринчи эле суроомо кайненемдин абалы оңолбой дагы деле ооруканада деген жооп угуп, жүрөгүм ооруду. "Эгерде апам ары карап кетсе ал келин түрмөдөн соо чыгам деп ойлобосун! Ошол жерде чиритем!" деп кайнежем кошуналарга айткан экен. Алар адвокатым барганда айтышыптыр. Ого бетер көңүлүм чөгүп, эже да ойлонбой айтып алганы үчүн өкүнгөнсүй кайра мени сооротуп кирди. Үйдөгүлөрдүн ал-абалы жакшы экенин, кайненеме кайра-кайра барып жатышкандарын айтты. Эки-үч күндүн аралыгында тергөөчү мени РИИБге алып чыгаарын угуп, үйдөгүлөрдү өз көзүм менен көрөт экенмин деген ой гана азга алаксытты.
Камакка түшкөн күндөн бери жатып-туруп Жаратканга жалынып өзүмдүн эртерээк сыртка чыгаарымды тилеп келсем, эми кайненемдин өмүрүн бере көр деп суранып калдым. "Ушу мен соттолуп кетет окшойм! Эки жолу түшүмдө эки аялдын тузун көтөрүп качтым. Туз деген шор да, ээ? Шорлуу турмуш өткөрөт окшойм?!" десем, "Ок, антип айтпайт! Түшүң түлкүнүн богу… Түшкө нелер кирбейт. Кандай түш болбосун жакшыга жооруп жүр" деп Күлкан эжеден жеме уктум.
Эрмектеп, алаксыйын десем токуганды үйрөнгөнгө жип жок. Ошондо эже өзүнүн жакшынакай эле жашыл түстөгү тор жемпирин сөгүп, жибин жандырып мага берди. Шиш кармаганга колумдун эби-сыны келбей, эртеден-кечке шиш тиктеп кичинекей баланын байпагын токуп баштадым. Жанымда ар дайым "андай кыл, мына минт" деп Күлкан эже. Эки күндөн бери токуганга жиби жок олтурган эгиздин түгөйү Үпөл: "Эже, Аздек баары бир токуганды билбейт да. Алдагы жакшынакай жипти кор кылып балдардын байпагына коротпой, жибиңизди мага сатыңызчы?" деп калды. "Жок, Үпөл, атайын ушул кыз үйрөнүп алсын деп бүтүн буюмумду бүлдүрүп олтурам. Көңүлүңө алба, бирок бере албайм" деп оозун жыйгыча Үпөл көздөрүн чакчаңдатып, мага карап ачуусун бүркүп, дайыма эле унчукпай, токунуп олтура берчү аял өзүнүн чыныгы жүзүн көргөздү бейм!
- "Ала койду бөлө кырккан" неме экенсиз! Бизди бөлүп-жарып!.. Сизге Аздек экөөбүздүн айырмабыз кайсы?! Мен бекер бериңиз деген жокмун, сатып алайын деп жатам. Жок дегенде жарымын бериңиз! Мен минтип жумушу жок жалдырап олтуруп калдым. Сураштырсам да эч кимден эски-уску тор кийим чыкпай койду. Баары эле өзүбүзгө керек дешет. Анан… кайненесин эне катары сыйлабай, жашабай жатып киши өлтүрөм деген кыздын эмнесине эле анча үзүлүп түшүп, жан тартып жатасыз билбейм?! Бул жерде боор оорушпайт. Бир күнү сизди каратып туруп боорго тебет, анан олтурасыз" деген сөзүн аягына чыгарбай, карта менен төлгө тартып ойноп олтурган Дарыя ыргып туруп, Үпөлдү чачтан алды.
- Ах, ты, нюшка! Сен өзүң кыйын болуп кеттиң беле?! Азыр кечирим сура, болбосо… Ансыз деле "срок" алам, сенден келгенди көрөйүн!..




Кошуна кыз

Жайдын толуп турган саратан мезгили. Июль айынын жыйырма беши эле. Шаардан келгениме бүгүн туура бир ай болду. Иштеп жатып жумуштан тажап өзүм туулган айылыма келген элем. Менин айылымдын абасы таза, суусу тунук, жаратылышы көздүн жоосун алат тим эле. Анын үстүнө шаардын ызы-чуусунан башым ооруп, туулган айылым көзүмөн учуп туруп алганынан бир ай эс алууга Үчтерек айылына келгем. Акча-акча деп жүрүп айылдагы жумуштар да бүтпөй калган эле. Апамдардын чөбүн чаап берип, картошкасын түптөп, дагы майда-барат жумуштарын бүткөрүп берип кетип баратам. Өзүм шаардагы Дордой базарында кыз-келиндердин көйнөктөрүн сатып иштейм. Ошентип айылдагы жумуштарды бүткөрүп коюп кайрадан ишке жөнөдүм. Шаарга кетчү маршруткага келип олтурсам эле жаныма бою узун, арык, белине жеткен чачын суналта жайып алган сулуу кыз түштү. Ал Жоошбай атанын кызы Айнаш экен. Менин жаныма келип олтуруп калды. Экөөбүз бир мектепте окуган элек. Ал менден эки класс төмөн окуган. Сулуулугуна чиренген кыз болчу. Бирок анын сулуулугу ал чиренгендей бар эле.
- Кандайсың Айнаш? Ден соолугуң кандай? Үйдөгүлөр жакшы эле жатышабы? Эмне көрүнбөйсүң?
- Жакшы. Өзүң кандай жүрөсүң? Үйлөндүңбү? Көрүнбөй эмес эле жүрөм, өзүң көрүнбөйсүң го?
- Жок азырынча көңүлүмдөгүдөй кыз таппай жүрөм.
- Апээй, ушу сен кыз таппай жатсаң биз жүргөн экенбиз да. А менчи? Мен сага жакпаймынбы? Мына мен да күйөө издеп жүргөн учурум. Жаштык мастык бүттү дегендей.
- Койчу Айнаш, сенин Азатыңчы? Сен аны ушунчалык сүйчү эмес белең. Мага болсо татыктуу кыз жолукпай жатат. Анын үстүнө апам да ооруйт эмеспи ал кишини да караганга киши керек.
- Азат менен эбакта эле бүткөн. Сүйүү дейсиң да, сүйүү деген болбогон эле бир жомок. Бүгүн бар, эртең жок дегендей.
Ошондой эле Азат да башка селкини сүйүп калып, аны ээрчип кеткен.
- Анан сен турмушка чыга элексиңби?
- Жок, кайдан тиймек элем. Эркектерден көңүлүм калды.
- Баары эле бирдей боло бербейт да туурабы?
- Туура, бирок мен али жакшысына жолуга элекмин.
- Окууңчу? Окууң эмне болуп жатат?
- Кел, ал темада бүгүнчө сөз козгобой эле турабыз.
Айнаш кичине кезинен эле жигит жандуу кыз эле. Жигиттерди биринин артынан бирин алмаштырып жүрчү. Айнаштын айтымына караганда мектепте окуп жүргөндө Азат деген жигити аны алдап кыздыгын алып коюптур. Экөө үйлөнөбүз деп жүрүп эле кийин Азат башка айылдагы Айбарчын аттуу кызга үйлөнүп алып, андан бир уулдуу болуптур. Айнаш шаардагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика факультетинде сырттан окуйт. Өзү окуган окуу жайдын жатаканасында курбу кызы Зина экөө турушат экен. Жол узак болгондуктан ар нерсени сүйлөшүп келе жаттык. Сүйлөшүп жатып Бишкекке кантип жетип калганыбызды деле байкабай калыптырмын. Кечки саат ондордо шаарга кирип келдик. Айнаштын жатаканасы саат ондо жабылып, киргизбесин айтты. Экөөбүз 132-маршруткага түшүп алып 10-микрорайондогу менин үйүмө кеттик. Мен ал үйдө өзүм жалгыз жашайм. Үйгө кирип сумкаларын коюп эле Айнаш ваннага жуунганы кирип кетти. Ал жуунуп чыккыча апам салып берген жумурткаларды кууруй калдым. Узун чачын суу бойдон жайып, менин көйнөгүмдү кийип алып ваннадан чыгып келип чайга олтурду. Көйнөктүн астына атайын эч нерсе кийбей койгон окшойт, аппак саны көрүнүп делебемди козгой баштады. Ан сайын Айнаш назданып көзүн сүзүп мени кылгыра карап мыйыгынан күлөт. Араң турган жаным аны сөзгө тарта баштадым. Көпкө ар нерсени айтып тамашалашып олтуруп калдык. Мен эшикке чыгып бир шише арак, бир шише вино көтөрүп келдим. Башында Айнаш ичпей жаткан, кийин иче баштады. Аракты да, винону да аралаштырып кирди. Түн жарымына чейин ичип, экөөбүз тең бир топ эле кызуу болуп калдык. Ичкен сайын Айнаштын кийип алган көйнөгүнүн топчулары чечиле баштады. Бети албырып, кызыл алмадай кызарып чыкты. Айнаш жанатадан бери эле мени ар кандай тамашага алып, ар нерсени кыйытып сүйлөй баштады.
- Рамис, менин абдан уйкум келип жатат кайсыл бөлмөгө уктасам болот?
- Маңдайкы бөлмөгө уктай бер. Мен бул жерге эле жатып алам.
- А мени бул жерден эч ким жебейби?
- Жеп баратса мага айт, көз ачып-жумгуча жетип бара калайын, деп бөлмөдөн чыгып кеттим.
- Мен негизи жалгыз жаткандан абдан корком. Кичинекей кезимде 6-класска чейин атам менен апамдын коюндарында жатчумун.
Эмне эле кичинекей баладай болуп калгансың же мени каалабай жатасыңбы?
Мен абдан өзүмдү башкача сезип жаттым. "Өзүмдүн айылдашым менен кантип?" деген ой кетти.
Бир оокумда Айнаш "Рамис менин жаныма жатчы, сураныч, мен коркуп жатам" - деди. Жанатадан бери эле араң турган жаным ичимен жым дей калып, жанына бардым. Бөлмөгө кирип жанына акырын келип жатып калдым. Айнаш энеден туума жылаңач керебеттин үстүндө жатат. Кирип бараарым менен эле мойнума асылып, бетимен өөп көйнөгүмдүн топчусун чече баштады.
- Мен сени мурун эле жактырып жүрчүмүн. Бирок сен мени карамак эмессиң да. Жаным, мындан ары бирге бололучу ээ. Мен болду, мындай жаман иштерге барбайм. Суранам мени таштап кетпечи деп ар нерсени айтып баштады. Себеби абдан мас болуп калган эле. Көйнөгүмдү чечип, шымыма киришти. Мен да ал убакта жөн турбай анын белинен бекем кучактап, кош мамагынан мыкчый кармап, борсойгон ысык эриндеринен соруп, экөөбүз керебетке кулап ары-бери оонап жаттык.

Уландысы кийинки санда