Айгүл Чалова:

"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
Мындан эки-үч жума мурда Айгүл Чалова биздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын кадырлуу коногу болмок. Ага жараша ырчынын күйөрмандары белгиленген күнү кумирине келишкен. Тилекке каршы, Айгүл белгилүү себептерден улам эки жолу күйөрмандары менен жолугушууга келе албай калган эле. Анан күйөрмандары ырчыга бере турган суроолорун бизге таштап кетишкен. Андыктан, күйөрмандардын аманатын аткарып, ырчы менен жолугуштук.

- Эми силер элдин көзүндө жүргөндөн кийин артыңардан ар кандай сөздөр ээрчибей койбойт экен. Айтылган кептердин кээ бири туура болсо, айрымдары ушак болуп чыгып дегендей. Айтайын дегеним, боюңда бар дешет го…
- Андай эмес эле жайында аябай толуп кеткем. Өзүм дагы тамакты укмуш жакшы көрөм. Кандай тамак болбосун баш тартпай жей берем. Ошондон улам бир-эки ай мурун денеме жабышкан кийим кийбей калгам. Анан жайында жука, балбыраган көйнөктөр мода болбодубу, жарашыгына карап ошондой кийим кийүүгө туура келди. Эми болсо өзүң көрүп тургандай арыктап, жакшынакай эле жүрөм. Тамагымды тарта жеп, анын үстүнө жигитим менен урушуп кетип эле өзүмөн-өзүм арыктадым. Боюмда болсо жок.
- Жигитиң менен жараштың беле анан?
- Ошондо эле кайра жарашканбыз. Мен аябай эркемин да. Ошол учурда туура эмес эркелеп алсам керек. Күнөө менден кеткен. Ал аябай ак көңүл, түшүнүктүү адам. Менин мүнөзүмдү жакшы билгендиктен, биринчи кечирим сурап келди. Мен болсо сыр билгизбей жылуу маанай менен тосуп алдым. Анан ал мага бриллиант шакек тартуу кылды, туулган күнүмдө машинамды "Жип" үлгүсүндөгү машинага алмаштырып берди. Жигитиме ыраазымын. Мени эле эмес, чыгармачылыгымды да терең түшүнөт.


- Жигитиң үй-бүлөлүү турбайбы. Апасына ага турмушка чыгам деп барганыңда ал сени кабыл албай койду беле?
- Туура, мурда үй-бүлөсү бар экен. Жигитим экөөбүздүн сөзүбүз бүтүп, үйлөнө турган учурубуз келгенде таарынышып кеткенбиз. Турмушка чыга турганымды ата-энеме да айтып койгон элем. Чындыгында, алар дагы ачуу бастыга келе турган куда-сөөктөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Элге дагы эрте жарыялап койгонбуз. Анан эле ортобузду кара мышык аралап кетип жатпайбы. Мен болсо турмушка чыгам дегенден кийин эле өзүмдү таштап койгом. Өң-келбетиме көңүл бурбай, концерттерге такыр катышпай дагы калгам. Ал эми апасына эч кандай барган эмесмин. Жигитим менен чогуу көп жүргөндүктөн, эжесине жолугуп калганбыз. Ошондо эжесинен сурагам: "Эже, чындап үй-бүлөсү жокпу?" десем ал дагы үй-бүлөсү менен жашабаганын, бирок балдарына барып тураарын айткан. Кыскасын айтканда ата-энесине барган эмесмин. Аларды сыйлаганыман, тартынганыман барбайм. Ал эмес көргөндө учурашкандан уялам.
- Биринчи жолу көп акчаны качан кармагансың?
- Кайсы бир концерттен биринчи жолу жыйырма миң сом алып, ушунчалык таң калгам, "оо, ырчылар жыргайт турбайбы" деп. Анан ал акчаны түгөтө албай эмес, жеткире албай кыйналгам.
- Акыркы жолу качан капалангансың?
- Жигитим экөөбүз урушуп кеткенде. Ар дайым жөлөк-таяк болуучу адамымды ушинтип эле жоготуп аламбы деп аябай капалангам. Анткени, мен аны сүйөм, ал мени сүйөт. Жигитиме гана сүйүктүү жар болгум келет. Ага турмушка чыгуудан эч убакта баш тартпайм. А качан турмушка чыгам, ал сыр боло турсун. Анын баарын убакыт-саат өзү көрсөтөт.
- Ырчы болуп калганыңа өкүнбөйсүңбү?
- Эч кандай өкүнбөйм. Кичинемден тиленген тилегиме жеттим. Он биринчи классты аяктап жатканда мага чоң жоопкерчилик жүктөлгөндөй болду. Үйдүн улуусу мен болгон соң менден кийинки бир туугандарыма үлгү болуп, аларга жол көрсөткөн башчы мен болушум керек эле да. Анан ошого жараша мен дагы кесипти туура тандашым керек болчу. Мектепте окуп жүргөн кезимде Гүлнур Сатылганованы кумир тутуп эжедей атак-даңктуу ырчы болсом деп Кудайга миң мертебе жалынчумун. Мына, жаштын тилегин берет деген чын тура, ойлогон ой-максатыма жетип олтурам. Бир туугандарыма колдон келишинче жардамымды көрсөтүүдөмүн.
- Гүлнур Сатылганованын талантын гана өзүңө сиңирип албастан, жүрүм-турумун, стилин бүт туурагандайсың…
- Өзүмдү окшоштуруп жатканым мен үчүн сыймык. Гүлнур эжеге өзүн окшоштура албай жүргөндөр толтура. А бирок мен эч кимге окшошкум келбейт. Балким менин сүйлөгөнүм окшошсо окшошкондур, анткен менен ырдоо стилим башкача деп ойлойм. Ошентсе деле Гүлнур эжедей болсом жакшы эле болмок.
- Экөөңдүн мамилеңер кандай?
- Гүлнур эже абдан жөнөкөй, боорукер, адамгерчиликтүү адам. Андыктан эже менен жакшы мамиледе болгум келип жүрөт. Бирок эмнегедир тартына берем. Негизи жакшы көргөн адамыңа туура эмес сүйлөп алуудан чочулап турасың го. Анын сыңарындай мен дагы ыңгайсыздана берем.
- Ырчылык жолуңдан тапкан акчаң өзүңө кенен жетеби?
- Жетпейт. Жеткириш үчүн мен дагы талыкпастан үч-төрт жыл иштеп, популярдуулукка жетишим керек. Ошондо оозумду толтуруп жетет деп айтсам болот го. Чындыгында тойлордон тапкан акчам бир аз жетишээрлик. Ал эми концерттерден акча албайм. Чыгармачыл топ бир казанда чогуу кайнап аткандан кийин "мен мынча ыр ырдадым, төлөп бер" деп эч ким айта албайт да.




Клара Алибекова:
"Менин аракты көтөрө тургандай деле алым жок"
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде ырчы Клара Алибекованын күйөрмандарынын биринен "Клара Алибекова ичкиликке берилип кеттиби?" деген билдирүү келгенде окурмандын бул суроосуна Кларанын өзүнөн жооп алып бергенбиз. Андан бери эки айдай убакыт өтсө да билдирүүнүн ээсин күнөөлөппү же гезиттин жамаатын күнөөлөппү, айтор, ушул макала боюнча нааразычылыгын билдирген Клара редакциябызга баш бакты.
- Гезиттин ошол саны чыккандан бери мен көчөдө баскандан уялып да калдым. Кайсы таанышыма жолукпайын ушул жөнүндө сурашат. Атүгүл бир күнү таксиге түшсөм, айдоочу да ушул тууралуу сурайт. Бул жактагылар аз келгенсип Россияда иштеп жүргөн байкем телефон чалып: "Сен өзү эмне кылып жүрөсүң? Чыгармачылыгыңды жыйыштыр да, Жалал-Абадга барып тынч отур" деп урушуп телефон чалды. Менимче, бул катты мага өчөшкөн, көрө албаган душманым жазды. Маңдайымда ата-энем, балам, бир туугандарым турганда ичкиликке берилип кеткидей мен ким элем? Эгерде чындап ичкен болсом, күнөө менде деп унчукпай тим болот элем. Анан ак жерден эле… Чынын айтсам, мындай көрүнүштөргө кичинемден тартып аралашып эле келатам. Ушундай жалган ушактардан тажап бүттүм. Чындыкты айтсаң актанып аткандай болосуң.
- Негизи ичкилик ичип көрдүң беле?
- Эмнеге калп айтып актанмак элем? Туура, жакын досторумдун туулган күндөрүндө, майрамдарда бир аз ууртап коём. Анан акыл эсимди жоготуп мас болуудан алысмын. Менин аракты көтөрө тургандай деле алым жок. Анын үстүнө ден соолугума да жага бербейт.
- Чыныңды айтсаң, биринчи жолу ичкиликтин даамын качан таткансың?
- Мектепте окуп жүргөн кезимде оозума алып көргөн эмесмин. Онду бүтүп мурдагы муундагы ырчылар менен гастролго чыгып чарчап, кыйналган учурларда вино, шампан болсо ооз тийип койчумун.
- Сахнага чыгаарда элден сүрдөбөш үчүн дагы алып койгон учурлар болчу беле?
- Мен кечээ жакында эле сахнага чыккан жокмун да. Кичинемден сахнада жүрүп, сүрдөө эмне экенин билбей деле калдым. Сахна менин өмүрүм болуп калды го. Анан кантип ыйык сахнаны булгап, ичкиликти ичип алып чыгууга дитиң барсың? Андай көрүнүштөргө эч кандай жол бербесем керек. Эмнегедир ушул макала жүрөгүмө аябай катуу тийди. Анын үстүнө чыгармачылыгым тыныгууда турган учурда "ичип кетти" деген сөздөр тарап атса эл деле ишенип калат экен.
- А чындап эле эмнеге чыгармачылыгың солгундап кетти?
- Анын дагы себептери болуп келди. Көп учурда ата-энемдин, баламдын жанында Жалал-Абадда жүрдүм. Эми Бишкекке келип чыгармачылыгыма кам көрүп, гастролдорго чыгып, болгон күч- аракетим менен чыгынып баштаганымда "ичип кетиптир" деп жатышпайбы. Антпей эле азыркы учурда жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруу алдында турам. Буюрса, чыгармачылыгыма кайрадан олуттуу мамиле жасап, эл алдына жаңыланып чыгам деген ойдомун.
- Ырчылыктан башка жумуш караштырып көрдүң беле?
- Көргөм. Чыгармачылыгымдан чарчап, кыйналган учурда ушундай ойлор келген. Бирок менин ырчылыктан башка кесипке эч бир жөндөмүм жок экен. Көрсө, мен жанымды ушул жол менен гана багат экенмин. Кудай мага өнөрдү ошон үчүн тартуулаган тура.

Рахбар Алымкулова