Жарамазан

жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
Жарамазан айттыңыз беле?
Илгертен келаткан жарамазан айтуу салтын өзгөртүп алган жаш балдарга сиз да күн сайын жолугуп жатсаңыз керек. Дегеним, азыркы жарамазанчылар эшиктерди каккылап, жарым куплет жарамазан ырын айтышып, акча чогултуунун амалы кылып алышкан. Ал эми жарамазанды өнөр адамдары кандай айтышкандарын өздөрүнөн сурадык.


Азамат Сарыбаев, ырчы:
- 2-курс кезимде группалаш балам экөөбүз жатаканада коңшу бөлмөдө жашаган байке, эжелердикине аккордеон менен жарамазан айтып барганбыз. Айтпайт деле болчубуз, бир күнү өздөрү: "Силер ырчысыңар го. Жарамазан айтпайсыңарбы?" деп калышты. Анан досум экөөбүз "чын эле, айтса айталы" деп бөлмөлөрдү кыдырып жарамазан айтып 70 сом чогултканбыз. Көрсө, алар жарамазанды шылтоолоп студенттерге акча берип коёлу дешиптир да.


Мерген Турган, ырчы:
- 12 жашта болсом керек, өзүмдөн төрт-беш жаш улуу балдарга кошулуп алып үйлөрдү кыдырып жарамазан айтканмын. Башка балдардан айырмалынып озондоп ырдап, бийлеп, берилүү менен айтсам дагы чоң балдардан мага акча ашпай калган. Бийлегениме, ырдаганыма өкүнүп: "Каап, жарамазан айтпай эле койсом болмок экен" деп таарынып кетип баратканымды бир байке байкап калып, эч кимге көрсөтпөй
25 рубль берген. Анан жыргаганды көрүп ал...


Камчыбек Сарыбаев, актёр:
- Ой, жарамазан айтуу бизден калган да. 11-класс кезибизде айылдын эң байы аталган байкенин үйүнө жакшы жарамазан айтып, бата бергенибиз үчүн бир козу берген. Сүйүнгөнүбүздөн козуну союп, бышырып, көлдүн жээгине алып барып жыргап жегенбиз. Андан кийин бир балабыз "баланчанын үйүнө жарамазан айтып барсаңар кой берет экен"деп калды. Жөн турбай ошол эле күнү кечинде жарамазан айтып барсак, жарамазанчылардан тажаган окшойт, капкара итин бошотуп жиберген.


Эрнис Бөрүбаев, куудул:
- Мен анда 5-класс болчумун. Кеч кирип калган маалда өзүмдүн үйүмө өзүм жарамазан айтмай болдум. Чоң энем үйдө жалгыз болчу. Анан терезенин түбүнө караңгы жерге туруп алып "Ассолому алейкум жарамазан, он эки айда бир келген орозо жан" деп айта баштасам, эшикке көп чыкпаган чоң энем араң басып келип: "Келегой, бул акчага момпосуй алып же" деп он сом берип жатпайбы. Мен болсо караңгы жерден чыкпай колумду гана сунуп, акчаны алып каткырып жиберсем, энем: "Ок, эмне болду? Акчам жыртык бекен?" деп чочуп кетип жатпайбы...


Алишер Тоотаев, ырчы:
- 1999-жылы музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө жарамазан айтканыбыз эсимден кетпейт. Группабыз менен дене тарбия сабагын жаман көрчүбүз. Бир күнү үч бала болуп агайдын сабагынан качып кетип, кечинде комуз, аккордеон чертип үйлөрдү кыдырып жарамазан айтып жүрөбүз. Аябай караңгы болуп калгандыктан, байкабай дене тарбия сабагынан берген агайдын үйүнө барып алыптырбыз. Мына анан жарамазан айтканды көрүп ал. Сабактан качканыбыз үчүн тилдеп, эки саат жарамазан айттырып бир тыйын бербей жолубузга салган эле.


Айдин Шер, ырчы:
- Биринчи жолу жарамазанды 5-класс кезимде айткам. Топтошкон балдар болгонгобу, эч ким үйүнөн чыкпай жолубуз болбой койгон. Акырында заңгыраган бир үйгө барып коңгуроосун басып, дарбазасын тарсылдатып, кыйкырып-өкүрүп тура бердик. Бир маалда "Качан чыгат?"деп дарбазанын тешигинен шыкааласак, үйдүн кожоюну лөкүйгөн итин бошотуп жатыптыр. Аны көрүп алып көчөнү көздөй чуркаганыбыз жакшы болуптур, биз качаарыбыз менен ити артыбыздан кубалап, аларга кошуна жашаган баланын үйүнө кирип араң кутулганбыз.


Темир Назаров, ырчы:
- 4-класста классташтарыбыз болуп көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып жарамазан айтып жүрөбүз. Колдорубузда экиден кашык, кармагычы бар көмөч казандар. Аларды калдыратып өзүнчө эле "ансамбль" кылып алганбыз. Каалганын жанына келгенде "Сен тыкылдат, сен башта" деп бири-бирибизди түрткүлөйбүз. Анан кыйын болуп мен биринчи баштаганым үчүн балдарды коркутуп, тапкан акчабыздын теңинен көбүн өзүм алам. Бир күнү бир чоң кызматта иштеген байкенин үйүнө жарамазан айтып, 500 сом алганбыз. Анан "Бубли Гум"деген сагыздан коробкалап сатып алып, бир күн кечке оозубуз толтура сагыз чайнап, шилекейибиз куюлуп, баарыбыз оозул болгонбуз.