Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Ачка болуп, оозума кара суу келип турганы менен тамакты деле түгөтө иче алган жокмун. Ой менен өзүңдү-өзүң жеп жатканда жүрөгүңө деле тамак баспайт окшойт.
- Ай, ич, мындан кийин тамак жок. Ооруп каласың,-дешкендерине "ичтим" дегендей баш чайкадым.
- Ии-ий, пиязын күйгүзө кууруп, койдун куйругуна басылган аш болсо, ээ азыр?! Майын чуурутуп гана колум менен жеп отурсам!,-Дарыя тамшана сүйлөп, жылмайып алып:- "Ачка тооктун түшүнө актаган таруу кириптир" деген мен болуп жатам, ээ? Эми андай үйдүн тамагын жакынкы жылдары жебей калдым го. Ким билет, балким, Аздек алып келип калат чыгаар?.. Ушул арабыздан сенин эле чыгып кете турган мүмкүнчүлүгүң бар экен. Анан биз байкушту унутуп койбой, жок дегенде бир жолу жакшы-ы бир күрүч басып "дачка" түртүп койсоң, ээ? Башкасын билбейм, мен аябай эле күтөм,-деп күлүп калды.
- Мага тамактын деле кереги жок, жанагы килдеме чайдан бир килограмм, анан махорка киргизсең эле болду. А-ай, бирок ким билет, чыгып кеткендин баары эле "келебиз", "жыргатабыз" деп кетишет да, бирөө да кайрылганын көргөн жокмун. Ошентсе да…- Света мен чын эле азыр чыгып кетип бараткансып үмүттүү жал-жал тиктеп койду. Мен жылмайып башымды ийкегиледим. Аз да болсо алаксып, жакшы сөзгө көңүлүм көтөрүлө түштү. "Чын эле аман-эсен чыгып кетсем, үйдөгү кийилбей калган кийимдеримди, самын-сумун, сүргүл алып Светага, жаш кыз Саамайга тамак-аш кошуп киргизип жиберет элем. Болбосо, артынан издеп келген эч кимиси жок болгон соң кор болуп калышат го" деген ойго берилдим. Аргам эле жок, ар бирине боорум ачып, бирөөсүнүн да бул жерде олтурушун каалабай турдум.
Кичинекей камеранын ичинде каршы-терши басып, тордолгон терезеге алмак-салмак келип сыртты тигиле тиктеп туруп кеч киргиздик.
- Эмне бүгүн эч кимди алып келишкен жок деп коём, дем алыш да, ээ?-деди Света жатаардын алдында.
- Ансыз деле бешөөбүзбүз, бизге жаңы бирөөнүн кереги жок эле. Тигил камерага киргизишсин,-деп Дарыя нааразы болгондой кобуранып койду. Аялдар камалган биздикинен башка дагы бир камера бар экенин ошондо билдим. Ал жакта үчөө дешти.
Эртеси эртең мененки текшерүүдөн кийин мени, башка камерадан дагы бир аялды, эки эркекти алып чыгышып, машина менен РИИБге алып келишти.
- Сербейген балекетиңди алайыным десе!-деген апамдын каргылданган үнү кулагыма шак угулганда биз жерге түшүп жаткан машинаны жардана карап турушкан топ кишилердин катарынан апамды көрдүм. Ыйлап алыптыр. Чүрөк эжем түнөрүп кабагын түйө апама бир нерселерди сүйлөп сооротуп, тыйып жаткансыды. РИИБинин ичине кирип баратып апамды дагы бир карап алганга үлгүрдүм. Аны аяп жүрөгүм ооруп чыкты.
Көп убакыт өтпөй тергөөчү мени прокуратурага алып барды. Ал жерде мени өткөндөгү эмес, башка, үйдөгүлөр жалдаган адвокат эже күтүп туруптур. Чачы кыска кыркылган, сулуучумак, көздөрүнөн бөтөнчө мээрим төгүлүп турган, эжем менен тең чамалаш аялдай көрүндү көзүмө.
- Кандайсың Аздек, жакшыбы? Мен тим эле "кайненесинин өмүрүнө кол салган" дешкенинен көзүнөн заары чыккан, албуут келинди жактайт экенмин деп элестетип жатсам, сен болсо… Эч нерсе эмес, турмушта мындай күндөр да кезигет. Кыйынчылыкты жеңе билишиң керек, мен да жардам берем. Тигил жактан сага эч ким тийген жокпу? Аялдар көп бекен? Ойлонуп сүйлө, ашыкча кадам жасап албай, чыдап отура тур эми, чыгарып кетебиз, буюрса. Мен кечээ кошуналарыңа жолугуп сүйлөштүм, бир-экөө эле тескери пикир айтышпаса, калганы бүт сени жактап, "жакшы мүнөздөмө жазып беребиз" деп калышты,- деген сөздөрүн угуп, бир аз жеңилдей түштүм.
А бирок кайра кайрылып камерага келбейм деген тилегимди таш капты. Прокурор "камакка алынсын" деген санкция берип, ыйлап чыктым. Ал күнү үйдөгүлөр менен да тыңгылыктуу сүйлөштүрүшкөн жок. Мен үчүн асман кулап, жер астын-үстүн болгондой эле кеңгиреп калдым. "Түрмөнү көрбөй эле чыгып кетсең болмок, кыйналып каласың го?.. Эми кайрылып келбе, мен да тиленип турам сен үчүн" деген Светанын сөзү көңүлүмдү өйүп, кайра келаткан жолдо өксүп ыйладым.
"Ушундан көрө өлүп калганым артык, эми мага жашоонун эмне кереги бар?!" деген ойго азгырылып, өзүмдү өлүмгө даярдап жаттым. Алгач "ак сүтүңдү актай албай кеттим, апаке, мени кечир" деген мааниде апама, анан "сиз менен чогуу жашаган жылдар ичинде каалабастан катуу сөз айтып алган болсом кечириңиз. Мен сизди өз энемдей жакшы көрсөм көргөндүрмүн, кем көрбөйт элем, жакшы болуп кетиңиз" деген катты кайненеме жаздым. Сүйүндүккө келгенде эле сөздү эмнеден баштап, кандай кат жазаарымды билбей кыйналдым. Дарыядан алган ак барактарымдын көбү булганды. Ушул мүнөттөрдө аны аябай көргүм келип, эркелеп-эркелетким, кучагына бой уруп, адатымча кулак түбүнө мурдумду тийгизе жытынан искей, акырын өпкүлөгүм келип сагынып турдум. Караанына, күлмүңдөгөн кара көзүн көрүүгө зар болуп турдум. Андайда ак баракка жалаң жакшы сөздөр, жалбаруулар менен ага бакыт тилеп, "сени сүйүп өткөн Аздек" деп коштошуп жазам. Кайра туруп көз алдыма дал ушул маалда башка аялдын кучагында бейкапар уктап жаткан анын элеси тартылат да, ал баракты жаратпай томолоктоп, таштанды челекке ыргытам. Кайра жаңы саптан жалаң ачууга чыланган таарыныч сөздөр шурудай тизилет. Айтор көпкө убараланып, акыры Сүйүндүккө эч кандай кат-кабар калтырбай, "акыркы мүнөттөрдөгү ага деген ой-сезимим өмүр бою табышмак катары калып, жандырмагын чече албай чайналып жүрүп өтсүн, менин жазам ушул" дедим.
- Жинди болбо!-деди Света түн ортосунда дубалга жөлөнө отуруп, эки жагымды айланта карап жатсам. - Сага окшоп мен да биринчи олтурганымда чоң жаңылгам. Өлүп калсам эле көп түйшүктөн арылам деп ойлоп, чоң күнөөгө баткам. А бирок колумдун кан-тамырын кыйгандан өлүп калбаганым менен мына азыркы күнгө чейин азабын тартып келем. Ошол оң колумдун күчү жок, оор нерсе көтөрө албайм. Өлүп калыш оңой, өмүрдү улап кетиш кыйын экенин эми билбедимби. Мен го мен, сен болбогон эле нерсеге… Эки жолу киши өлтүргүч аталып мен деле тирүүлүктүн күнүн көрөйүн, деп жан талашып жатам го. Атайлаган жокмун, бирок, жазмыш экен. Болду, менин жараатымды тырматпай, тынч жат. Жаман оюңду алыс ыргыт. Көп болсо түрмөдө эки-үч ай чыдап койсоң, сотуң болуп чыгып кетесиң. Ошондо бир издеп келээрсиң, чай-тамекиңди көтөрүп алып. Келбесең деле таарынбайм,-деди да терс бурулуп жата кетти. Уялып калдым. Көрсө, башыңа түн түшүп турганда шайтан азгырып оюңа ар нерселер келе берет турбайбы. Дагы жакшы, бул аял болбосо чолок акылга салып эмне кылып жиберет элем?!. Ошон үчүн камакка алышканда кур, бут кийимдин боосун чечип калышат турбайбы?! Ал түнү да кирпик какпай таң атырдым.
Эки күн өткөн соң "этап" деп таңкы текшерүүдөн кийин ар кайсы камерада камалгандардын фамилиялары аталып, арасында мен, Дарыя жана Света да бар экенбиз. Саамай менен Толкун ыйлап калышты "силерге көнүп калганбыз" дешип. Аял-эркек аралаш он бештей кишини атайын машинага салып, түрмөгө алып келишти. Чоң короонун ичине киргенде машина токтоп, бирден санап түшүрө башташты. Баягы эле жалдырай, сынай, табалай тиктеген көз караштар. Өзүңдү бир бечара, байкуш, алсыз, арсыз сезет экенсиң эркиндиктеги адамдардын алдында. Башың өзүнөн-өзү жерге ийилип, бутуңдун учун тиктеп калат экенсиң. Башта өзүмдү кылмышкерлердин катарына кошкум келбей жүрдүм эле, эми алар менен аралаш тизилип туруп "мен да буларга окшогон бир байкушмун, көз карандымын" деген ойдон ызалана түштүм. Анда-санда көзүмдүн кыйыгы менен ары-бери өткөн формачандарды карап коём. Көпкө тургузбай ал жерден да аты-жөнүбүздү, туулган жыл, күнүбүздү, статьябызды тактап сурашып, анан "монастырга" алып жөнөштү. Түрмөчүлөр арасында аялдар камалып олтуруучу жер ушундай аталаарын мен Светадан уккан элем. Биз менен чогуу келген эркектер "монашки, эркиндик каалайбыз, эртерээк чыгып кеткиле!" деп тыйгандарына болбой кыйкырып калышты. Тегерек-чети тосулган чоң короону айланып өтүп бир эшиктен кууш коридорго кирээрибиз менен "Оо, этап келди, жаңы этап!" деген аялдардын чуулдагы угулду. Коридордо тизилип турган бизди камераларга бөлүштүрө келгенде Дарыя экөөбүздү бир, Светаны башкага жабышты. Эми эш тутканым Дарыя болуп, аны эң жакын адамымдай сезип турдум. Өзү деле биринчи жолу камалып отурганы менен абактагы күйөөсүнө каттап жүрүп түрмө тууралуу көп нерселерди билет экен. Биз кире турган камеранын эшиги оор ачкыч менен шалдырап ачылып жатканда түрмөнүн сүрү кандай күчтүү экенин сездим. Эки тизем титирейт. Кирээрибиз менен каалга артыбыздан шарак-шурак жабылып, экөөбүз жыгач менен полдонгон, дубалдары апакай акталган, сыртынан тордолгону менен айнеги да таптаза жуулган ичи кенен камеранын босогосунда туруп калдык. Үчөө уктап, бирөө жерге узунунан жатып алып кагаз жазып жаткан экен. Тура калып:
- ИВСтенби? Канчооңор келдиңер? Ким дегендер экен? Айя деген жаш кыз силер менен чогуу келген жокпу?-деген суроолоруна бизден кыска жооп алгандан кийин гана: - Бери киргиле, өткүлө, мен азыр "дубачкага" айтып душка сүйлөшүп көрөйүн, силер биринчи түшө калгыла, ээ? Болбосо эми кандай жыт жыттанып жатканыңарды айтпасам деле билсеңер керек...