суроо-жооп

Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
Бул жолу жылдыздар күйөрмандарынын же капталдан качырган журналисттердин суроолоруна эмес, бири-биринин суроолоруна жооп беришти.

Айпери Кубик кызы:
- Кудайдын буюрган күнү. Сиздин оюңуз боюнча убактым жетип калган болсо, а менин оюмча али эрте деп ойлойм.
- Эрмек, "Асел Эшимбековадай сулуу кыз тапмайынча үйлөнбөйм" дептирсиң го. Эгер андай кыз таппай калсаң кантесиң? Абдан катуу кетиптирсиң да?


Чыңгыз Мырзаев:
- Кудай сактасын, курсактан акча аябайм. Көпчүлүктөн "үйлөнсөң эле толосуң" деген жакшы сөздөрдү угуп жатам. Эми ошого кам көрүп жаткан учурум. Кудай буюрса, ал күндөргө аз гана убакыт калды. Кимге экени жашыруун боло турсун. Ошондо менин толгонума күбө болосуз.
- Айпери, турмуш курууга убактың деле келип калды окшойт. Качан турмушка чыксам деген оюң бар?


Эрмек Маматов:
- Кудайым жаштын тилегин берет дейт. Анын сыңарындай, качан гана так ошондой бийкечти тапканда үйлөнөм.
- Назми эже, турмушка чыккандан кийин абдан толуп кеттиңиз. Жездебиз мыкты багып аткан го?


Назми:
- Албетте, жолдошум мен каалагандын баарын алып берип, болгон түйшүктү өз мойнуна жүктөп алган. Анан толуш үчүн атайын витаминдерди ичип, болочоктогу балабыз үчүн энергия топтоп, ден-соолугумду чыңдап жатам. Албетте, мен бул бакытты канча жылдан бери күтүп келгем. Учурда сүйүнүчүмдө чек жок.
- Мирбек, орой сүйлөгөн адатыңды качан коёсуң?


Нена:
- Нена деген ат Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасындагы каарман Нестан Дарежандын кыскартылган аты. Ошондон улам коюлган.
- Султан, көптөн бери неге көрүнбөй кеттиң? Кайда эле жашырынып жүрөсүң? Чыгармачылыгың тыныгуудабы?


Мүзүр:
- Эй, ал сары эмес, алтын тиш. Аны алмаштырбаганымдын себеби, апам атайын туулган күнүмдү куттуктап салдырып берген. Ошон үчүн алмаштырбай сактап жүрөм.
- Алтынбек байке, акыркы жолу кимге алдандыңыз эле?


Алтынбек
Алымов:
- Сага алдангам. Анткени сен качан болбосун "Сизге ыр жаздырайын дедим эле, бүгүн барам, жок, эртең барам" деп эле канча жылдан бери алдап келатасың. Негизи мени 1-класстын балдары деле алдап кете беришет...
- Бактыгүл карындашым, сени тээ жаңыдан чыгып жүргөн кезиңде эле килограммдап курут жегениңди жакшы билчү элем. Ар дайым сумкаңда 1 килограммдан кем эмес курут жүрчү, аны бир күндө түгөтчүсүң. Ошол адатың байкасам, дагы деле кала элек экен?


Султан Садыралиев:
- Көрүнбөй кеткенимдин себеби, жөн гана эч нерсе менен алек болбой жашап жүрөм. Буюрса, эми кайрадан жанданууга киришип жаткан учурум.
- Мүзүр, эки капталыңдагы сары тиштериңди качан акка алмаштырасың? Сага анча жараша бербейт. Акчаны кудайга шүгүр эле табасың, оңдотуп алсаң боло?


Бактыгүл
Бадыева:
- Алтынбек байке, анткени мен туздуу, кычкыл, кургак тамактарга абдан жакынмын. Курутту бала кезимден жакшы көрөм. Менин эң сүйүктүү тамагым курут. Бирок анын туздуулугу ден соолукка зыяндуулугун билгенден бери азайтып калгам. Ошон үчүн жакындан бери 1 килограммды жарым килограммга азайткам.


Мирбек Иманбеков:
- Эже, бул мүнөзүм менин кичинемден калыптанып калган. Негизи мен башка бирөөлөргө ошондой сезилсем керек. Бирок мени жакындан тааныгандар бул жөнүндө эч нерсе айтышпайт.
- Ильяз, гезит аркылуу эркекче сөзүңдү берчи, мага качан аранжировка жасап бересиң? Такыр эле карматпай жүрөсүң да?


Ильяз Абдыразаков:
- Өзүң биринчи акчаңды эркекче көтөрүп кел, калганы бат эле чечилет, досум.
Эртең келсең деле тосуп алам.
- Нена, атың эмнени түшүндүрөт? Өз атың Ненагүлбү, же Ненаканбы?