Жылдыздар турмушунан

Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
Мээ кайнаткан жайдын ысык саратанында көпчүлүк адамдар Ысык-Көлдү көздөй агылганы агылган. Алардын арасында ырчыларыбыз да жок эмес. Көлгө барып, күнгө күйүп, кумга оонаган ырчылардын баарын гезит бетине чагылдырып бералбасак да, айрымдарына кайрылып, жайкы эс алуулары тууралуу маалымат алдык.



"Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Назира Кадыева жайкы эс алуусун кичи мекенинде өткөрдү. Өзүнүн төркүнү да, кайын журту да Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылында жашагандыктан, кандай бошосо ошондой көлдү көздөй зуу коёт экен. Бул жылы да радиодон отпуск алып, жолдошу Улан жана кызы Акмарал менен 10 күн бою көлдүн жээгинде эс алып келди.


Жаным Айзат Казакстандан келген достору менен Ош шаарына барып, бир жума эс алып келди. Өмүрүндө биринчи жолу Ошту көргөндүктөн бардык кооз жерлерин кыдырып, өзгөчө СулайманТоону жактырган. Ошондой эле өзбектердин тандыр самсысын биринчи жолу жеп көргөн. Бул жылы Айзаттын жайкы эс алуусунда "биринчи жолу" деген кадамдар көп болду.



Нуриса
Абасова быйылкы жайкы эс алууну башка жылдарга салыштырмалуу кызыктуу өткөргөнгө аракет кылды. Бир эмес 2 жолу көлгө барып, Жети-Өгүздө, Туздуу көлдө сууга түшүп жыргады. Августтун аягына чейин Токтогулда ата-энесинин үйүндө эс алганга да жетишти.


Назик Исраилова "Жылдыздар манежде" теледолбоорунан Ысык-Көлгө 10 күндүк жолдомо утуп алган эле. Киного тартылып жүрүп, бул жолдомодон куру жалак кала жаздаган. "10 күндүк эс алуу жолдомоңуз күйүп кетет. Качан барып эс аласыз? Сиз көлгө барганча жай бүтөйүн деп калды"деген жолдомо ээсинин эскертүүсүнөн кийин гана көлгө барууну чечкен. Азыр бийчинин көлдө эс алып жүргөн убагы.



Мирбек Атабеков да бул жылы жайкы эс алуусунун тең жарымын Ысык-Көлдө өткөрдү. Көлгө бир нече жолу барса да кайра-кайра сууга түшүүдөн тажаган жок.



Бегимай
Бекбоева ата-энеси, чыгармачыл тобу менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кырызстандыктарга 10 күн бою концерт беришкен. Бир ок менен эки коёнду аткан Бекбоевдер күндүз кечке көлдүн жээгинде күнгө күйүшсө, кечкисин элдерге концерт беришкен.


Анжелика менен жолдошу Урмат эл катары Ысык-Көлгө барып эс алышты. Анжелика быйыл 2-жана 6-август ата-энесинин туулган күнүнө белек катары Ысык-Көлгө жолдомо алып берди."Ысык-Көлгө атам, апам, жолдошум, кызым болуп барганбыз. Атам менен апамды узатып, аяштарыбыз менен эс алуубузду уланттык. Күнгө денемди аябай күйгүзүп алыптырмын. Азыр эч нерсе тийгизбей ачыштырып жатат",-дейт ырчы.


Ырчылар Омар, Максат, Кундуз, Асел, Жанель, Арсендердин талантын колдоп администратор болуп жүргөн Миргүл өзүнүн командасын чогултуп, Ысык-Көлдө эс алып келишти. Ал жерден ырчы Динара Акуловага жолугушуп, кызы Маликаны да өздөрүнө кошуп алышкан. Күндүз көлдүн жээгинде болушкан ырчылар түнкүсүн 3-4кө чейин уктабай "мафия" оюнун ойношуп, Омар менен Макс коркунучтуу кинолордон айтып беришип, кыздардын жүрөгүн түшүрүшкөн. Бирде күлдүрүп, бирде коркуткан шок жигит Омарды 10 күндүк эс алуудан кийин сахналаш достору АКШга узатышкан.


Акбар Сүйүнбаев да чыгармачыл достору менен Бостери айылына, Чолпон-Ата шаарына барып, эс алып келди. 10 күндүк эс алуусунда күйөрман кыздарынын көңүлдөрүн көтөрүп, көл жээгинде болду. Башка достору кечкисин бий аянттарына барып көңүл ачышса, Акбар уйкунун планын толтурду. Ошентсе да Акбардын быйылкы эс алуусу башка жылдарга караганда өзгөчө өтүптүр.
Ырчы Алихан быйылкы жайда Москва шаарында иштеген апасына барып, ал жакта 10 күн эс алып келген. Моокуму канганча эс алган Алихан өзү менен кошо апасын Бишкекке алып келип, анан Ысык-Көлдү көздөй жөнөшкөн. Чолпон-Атада 2 күн эс алган эне-бала болушунча сагынычтарын таратышты. Учурда Алихан апасын кайрадан Москвага узатып, эс алуусун жыйынтыктады.