Обон-собол

Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
Наристе жарык дүйнөгө келээри менен ата-эненин моюнуна ага татыктуу тарбия берүү деген жүк илинет эмеспи. Шоу-бизнестин айрым көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өз ооздорунан балдарын кантип, кандай ыкма менен тарбиялашаарын уктук. Байкап көрүңүз, балким, сизге да пайдасы тийип калаар...

Рахман Разыков:
- Мен балдарымды эч качан урушпайм, өзүмдүн оюмду аларга таңуулабайм. Кенже уулум Дастан энесинин курсагында жатканда эле сүйлөшө берчүмүн. Төрөлгөндөн кийин балам дагы аябай ачык-айрым, тың болуп чоңойду. Баланы өз эркине коюп тарбияласаң зирек болот. Бир нерселерди сураса да ээринбей айта берем. Мисалы, "ата, свет каяктан келет?" деп сураса тээ суу, ГЭСтен баштап лампага чейин айтып түшүндүрөм. Бери жактан караган киши мени келесоо деп ойлошу мүмкүн. Бирок, бул менин баланы тарбиялоодогу колдонгон ыкмам. Башынан эле бала менен чоң кишидей сүйлөшөм. Бир жолу досумдукуна конокко барсак меники менен тең баласы аябай шок экен. Атасынын мойнуна секирип, башына минип жөн отургузбай койду. Үйгө келгенде аялым экөөбүз "баласы шок экен, ээ" деп сөз кылсак, уулум "ата, шок деген эмне?" деп жатпайбы. Ойлоп көрсөм, биздин үйдө "шок" деген сөз колдонулбайт экен. Үйдө эч кимибиз сөгүнбөгөндүктөн, уулум ушул кезге чейин сөгүнгөндү билбейт. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары тартиптүү.

Үмүт Тилегенова:
- Жоош, бир калыпта жүргөн балдар бар го, Менин балам ошондойлорго кирет. Көп тентек кылбайт. Чектен чыгып бара жатканда "бул мындай болуш керек, тигиндей болуш керек" деп сөз менен жай айтып түшүндүрөм. Кээ бир ата-энелер балдарына кол көтөрөт эмеспи, Мырза өтө жоош болгон үчүнбү, айтор, сабаганга жеткирбейт. Сабаганга караганда сөз менен айтып түшүндүргөн алда канча таасирдүү деп эсептейм. Бир нерсени түшүнбөй, укпай беймаза кылса, маңдайыма отургузуп алып сөз менен айтып түшүндүргөндөн ээринбейм.


Гулзинат Суранчиева:
- Кызымдын азыркы курагында тентек кылып же ашыкча эркелеп бара жатса дароо бурчка тургузам. Эсине киргенден бери эле ушундай жаза колдонуп келатам. Ошондуктан өзү деле көнүп бүткөн. Кыйкырып, урушпай жөн гана сөөмөйүм менен бурчту көргөзүп койсом, өзү эле барып туруп алат. Анан өз күнөөсүн сезип, кечирим сурамайынча канча болсо ошончо убакыт тура берет. Менин оюмча балдарга ушундай эле жаза ылайыктуу. Азырынча кызыма колум тие элек. Бир тууган эжем балдары кутурганда катып койгон жеринен солкулдаган көк чыбыгын сууруп чыгат. Аны менен урбайт деле, бирок, балдары ошол чыбыкты көргөндө кадимкидей түзөлө түшүшөт. Бул да баланы тарбиялоонун бир методу болсо керек.


Айчүрөк Иманалиева:
- Биринчи уулум Аргенди убагында жаштык кылып обу жок чалчактатып, эркелетип жаман тарбиялап алыптырбыз. Ал балабыз бар менен жокту билбей чоңойду да, азыр азабын тартып жатабыз. Ошол сабак болуп, андан кийинки эки баламды кантип тарбиялашты жакшы өздөштүрүп калдым. Тентек кылып, башыма чыгып бара жатса бурчка тургузуп же катуу урушуп коём. Мен да, атасы да аларга кол тийгизбегенге аракеттенебиз. Кээде болуп кетет, бирок, чанда эле колум тийбесе дээрлик чаппайм. Башка ата-энелерге да айтаар элем, балаңарды обу жок эркелетпегиле, бала деген жоктун да, бардын да даамын бирдей татышы керек. Кийин азабын өзүңөр эле тартасыңар. Аргенди эске албаганда кийинки эки балам тартиптүү деп ишенимдүү айта алам.


Жанара Атабекова:
- Мен баланы жакшы көрөм, бирок дайыны жок эркелете бербейм. Азыр Нуртилек үчтө, ага уктап жатканда жалынам же болбосо бала бакчага кеткенде сүрөтүн карап эт-жүрөгүм элжирейт. Бала тарбиялоодогу эң негизги принцибим - атасын уруштурбоо, кол тийгизбөө. "Эненин сөзү бок, атанын сөзү ок" деген бекер жерден чыккан эмес да. Кичинекей кезинен атадан таяк жеген, уруш уккан бала жалтак болуп, кийин коомдо өз ордун таба албай калат. Өзүм болсо айрым учурда сабап да коём. Кудайга шүгүр, балам тартиптүү. Конок келгенде "мама, дасторкон жайылган үйгө кирсем болобу?" деп менден уруксат сурап кирет.


Ассоль Молдокматова:
- Убактымдын аздыгына карабай балдарыма болушунча көңүл бөлгөнгө аракет кылам. Жан менен Шабданга эч качан кыйкырып, үнүмдү катуу чыгарбайм. Эгер тентектик кылышса жай, жеткиликтүү тил менен түшүндүргөнгө аракет кылам. Уулдарыма дайыма үлгү болгондун аркетин көрүп келем. Кокус бир нерсени убада кылсам, кандай жол менен болбосун аткарам. Тазалыкты сактаганды, тартипти бузбаганды балдарым жакшы өздөштүрүшкөн. Мисалы, алар өз бөлмөсүн дайыма иреттүү кармашып, ар бир буюмду өз ордуна коюшат. Менин балдарыма койгон эң негизги талап - башка адамдарга чынчыл, маданияттуу мамиле жасоо. Баланы тарбиялоодогу эң жаман метод - ага кол көтөрүү деп эсептейм.


Кубик Калыков:
- Эки кызымдын тарбиясы менен апасы алек болот. Мен уулумду катуу көзөмөлгө алам. Тактап айтканда, аны "эркекче" тарбиялайм. Кээде колум тиет, кээде сөзүм тиет. Эми анын баары өзүнүн жүрүм-турумуна жараша болот. Өзүм темирдей катуу тартипти сүйгөндүктөн, балдарым да менин талабыма жооп бергендин аракетин кылып келишет. Кыздарыма ушул убакка чейин бир дагы жолу колум тийген эмес. Буюрса, Уландын жашы жеткенде аскерге барып кызмат кылышын талап кылам. Мага энесинин этегине жармашып жүргөн "маменькин сыночектер" жакпайт. Менин жеке оюм боюнча ата-эне баланы канчалык катуу кармаса, кийин үзүрүн ошончолук көрөт. Канчалык чалчактатып эрке өстүрсө, кийин азабын ошончолук тартат.


Жанетта Бобкова:
- Уулум менен кызымдын тарбиясы менин колумда. Негизи мен сөз менен тарбиялаганга аракет кылам. Бош убактымда алар менен китеп окуп, ойноп кадимкидей эс алам. Азыр экөө тең шар окуганды билишет. Конок келгенде өзүн кантип алып жүрүш керек экенин кайра-кайра айтып жатып кулактарына куйгам. Мейман келгенде бөлмөлөрүнө бекинип алып чыгышпайт. Ошентсе да балдарымды аябай тартиптүү деп мактай албайм. Кээде чектен чыгып, чалчаңдашып жиниме жакшы эле тийишет. Андай кездерде жиним менен колум тийип кетет, Денис балдарына болушуп мени урушат... Ошентип чуру-чуу түшүп жатып калабыз.

Анара Дүйшөналиева