Жандүйнө ыйы

азапка салган азат ай!..
- Балким ойлоноорсуң, бирок көпкө эмес?.. Анткени, ичиң чоңоюп кеткенде кайрылып жатасың. Аборт деген оюнчук эмес. Анын үстүнө биринчи балаң экен, кийин төрөбөй калуу коркунучу чоң экенин өзүң да билесиң?
- Жо... жок, эже, эптеп алып салыңыз?! Менин бул баланы төрөгүм келген жок! Жек көрөм! - ыйлап жиберди.
- Түшүнөм, өткөндө ээрчишип жүргөн сулуу жигитке алданып калсаң керек да? Же?.. Күнөө өзүңдө, илгеркидей бетинен өөп койсо боюна бүтүп калат деген түшүнүк менен жашаган кыздар эмессиңер. Азыр заман башка. Ал эле эмес, телевизор, радиодон деле "Сактануунун жолдору" деп ачык эле рекламалап айтып калышпадыбы? Анан сен болсо... Мага баары бир, ал десең алып салам. Өзүңө эле жаман. Жүрөсүң кийин баладан көзүң катып, доктурдан доктурга түшүп, - деген сыяктуу бир топ кеңештерин айтып, жемелемиш да болду кошуна врач. Кыз муюбады. Унчукпаганы менен бышактаганы тыйылган жок.
***
...- Айзат, алтышка, досум Беканын туулган күнү эртең экен. Үйүндө өткөрөт, бүт балдар кыздарыбыз менен чогулмай болдук. Эртең саат алтыга даяр болуп тур, квартираңдан алып кетем. Сени сагынып -сагынып, өөп жатам, -деген Азаттын үнүнө делөөрүгөн кыз ордунан так секирип, кубанычын жашыра албай курбусу Жийденин мойнуна асыла:
- Сенин айткандарың туура эмес чыкты. Көрдүңбү, мени сүйлөшкөн кызым деп достору менен тааныштырып, туулган күнгө алып барган жатат. Нурсулуу дегенди сүйсө - анысын алып бармак да? Мени эмнеге чакырмак эле? - деп бактылуу күлүмсүрөдү. Көздөрүн жумуп, кыялдана керебетке жата кетти. "Анын кыз жандуу неме экенин айтып жатышат кыздар. Канча кыз менен сага чейин сүйлөшкөнүн санай келсең, колуңдун манжалары жетпей калат дешет. Анан аны короздой койкоңдотуп эмне кыласың? Сулуу эркек сүйүп жарытпайт дегенди билесиңби? Күйөө дегендин көзү-мурду ордунда болуп, ашка-тойго уялбай ээрчитип барганга жараса болду. Негизгиси, акылдуу анан акчалуу болсун. Сени сүйсүн-сен эмес! Күйөө деп коём, деги ал сени алаарына көзүң жетеби? Өзүнүн факультетиндеги Нурсулуу деген кыз менен кыз-жигит деп айтышат экен го? Тааныйсыңбы, кызыл джип айдаган, чачы узун кызчы? Атасы банкир болгон кыз менен сени салмактай келгенде сүйгөнүң ким жакка оорун айтпасам деле түшүнүктүү чыгаар?Деги өзүң билчи?.."-деген эле Жийде жүрөгүн канатып. Ошону эстей, "адашыптыр Жийде" деп кудуңдап алды.
Эртеси чогуу жашаган Жийденин "барбай эле койсоңчу?"дегенине көнбөй даярданып калды. "Сенин ичиң күйүп жатат"деп курбусун тамашалай чычалатты. Мала кызыл майда гүлдөрү бар ак көйнөгү менен бийик такалуу туфлиси дене боюна жарашып калды. Жылмайганда ууртундагы уячасы ажарын ача түшкөн, ак жуумал, сурмалуу көз 18деги жаш кыз күзгүдөн өзүнө-өзү көз кысып чыгып кетти. Ойноктогон кумарлуу көздөрү менен кызды суктана тиктеген Азат:
- Айым менин, кандай татына жансың! Таттуумсуң,- деп кучагына алып, жүзүнөн сүйгөндө кыздын денеси дүр-р этип жагымдуу толкун аралап өткөндөй болду.
Отурушта кыз-жигиттер көңүлдүү олтурушту. Ырдап, бийлеп, музыка угушту. Тосттор удаа-удаа айтылып жатты.
- Сок эле ичем,- деген Айзатка Азат:
- Мени балдарга уят кыласыңбы? Винодон ууртап- татып олтур,-дегенинен улам Айзат ичип жатты. Винодон, кубанычтан башы айланып, Азаттын кучагында акыркы ак бийге түшкөнү эсинде.
- Башым айланып жатат. Мас болуп калган окшойм...Кайсы жерге эс алсам болот?-дегенде кызды колуна так көтөргөн Азат тепкич өйдө көтөрүлүп, бир бөлмөгө кирди. Анан... кыздын чоло жерин калтырбай өпкүлөп, жалынып-жалбарганы... көйнөгүнүн топчуларын чече албай убара тарткан Азатка каршылык көрсөтүп, түрткүлөп жатканын эс-мас билет...
Эртеси эриндери шишип, кургап, башы зыңылдап ооруп ойгонду. Гүлдүү көйнөгү жерде Азаттын туфлисинин тебелендисинде жатат. Өзү болсо анын кучагында. Чоочуп, секирип турду.
***
- Эмне эле ыйлайсың? "Сенин үйүңдө, көшөгөнүн ичинде болсо болмок"-деп жүз жолу айттың.Көшөгөнүн ичиндеби же сыртындабы акыры болор иш болду. Мени эркек деп коёт, кармана албай калдым. Ичип да алгам. А өзүңчү, кыз башың менен?!-деген кагуу жеди бир күнү Азаттан. Бир кезде ысык сүйлөп, имере кучактачу сүйгөнүнүн заарын чачып, колун силкип туруп кетиши катуу тийди. Ошону менен ал эч кабар алган жок. Кыз намысы кылып Айзат да издеп барбады. Кусуп, башы айланып, кан-сөлү качып жатып калганда билди, боюнда бар экенин. Төшөгүндө туйлап кетти...
Жийде да квартиранын акчасын төлөй албайм го деп жатаканага чыгып кеткен. Айласы куруп Азатты издеп окуусуна барып жолукту.
- Эмне кылайын боюңда бар болсо?!-жыландай ышкырып, ызырынды.-Мен биринчиң болсом эле?..Антип догурунба. Андан көрө алдырып сал. Мага мисалы, сенден баланын кереги жок!-шашкалактай чөнтөгүнөн акча сууруп колуна карматты да, кеткиче шашты.-Экинчи издебегин! Жакшылыкча эскертем.
Үйүнө келип бүк түшүп ичин кучактап жатып калды. "Үйдөгүлөр укса эмне дешет? Окуум эмне болот? Эми эмне кылам?!"-деген ойлордон эзилип жатып, эч нерседен капарсыз, ойноп-күлүп жүргөн күндөрүндө окуган бир китепти эстеди. Батыш жазуучусу Сидни Шелдондун чыгармасында башкы каарман Ноэлль деген жаш кыз учкуч жигит Ларриге алданып калып, боюндагы баласын алдыртпай атайын беш жарым айга чейин көтөрөт. Баланын акыл-эси толук жетилип, ооруксунууну сезип-туйуп калды деген мезгилинде жыгач кийим илгич менен ичиндеги баласын сайгылап өлтүргөн. Атасы үчүн анын баласынан өч алдым деп ойлой, өз жанын тобокелге сала кыйналган кыздын кылыгын окуп, дене бою дүркүрөгөн. "Мыкаачы, балада эмне күнөө ? Ошентип өч алдым деп өмүр бою кантип жашап өтөт элең?!"-деп жек көргөн Ноэллди. Эми азыр өз башына ошол иш түшүп, эмне кылар айласын таппай, күйүп күл болду.
***
- Эже, айтыңызчы, сегиз жумалык бала, ооруксунууну сезбейби?-деди акырын.
- Көзү, кулактары,омуртка сөөктөрү булчуңдары калыптанып баштаган учуру. Эмне болду? Беш мүнөт берем, дагы ойлон. Балким, төрөп алат чыгарсың?
"Апаке, мени алдырбачы??? Кантип эле каны-жаның бир балаңды кескилетип саласың?!Сенин кайгырып ыйлаганыңды сезип-туюп жатам. Төрөгүчө кыйналып, эптеп багып чоңойтсоң кийин сени өзүм багам. Ойлобо, мени атасына окшош деп. Мен өзүңө окшошмун, ууртумда уячам да бар. Апаке?.."-деп жаткандай болду. Ошол эле замат көз алдында Азат элестеп, "Алдамчы! Жек көрөм!" - үнүн чыгара сүйлөнүп:
- Жок, эже, аборт жасай бериңиз,-деди.
***
Көп жылдар жылып өттү. Көп нерсе унутулду. Окуусун бүтүп, иштеп,турмушка чыккан. Бир гана өксүк...Бала дегенде ак эткенден так эткен жолдошуна уул төрөп бере албай убара. Баланын кадырын балага зар билет дегендей, түндөсү жаздыгы жашка жуулат. Дарыланып, көрүнбөгөн доктуру, барбаган эмчи-домчусу калбады. Жолдошу да кийинки күндөрү түнөрүп, кабагы салыңкы. Абысын-ажыны шыбыраша ичин аңдышат. Бир күнү жеңеси күйөөсүнө "Төрөбөгөн немени эмне эле төрүңдө чалчактатасың? Жашың кырктын кырына келип калды. Сен курдуулардын балдарынын асты аял алайын деп, арты окуп калышты. Сен болсо?..Убактыңды өткөзбөй, төрөп түшкөн кыз-келин караштырсаңчы? Же мен..."-деп жатканын угуп калды.
- Мен да ойлонуп жатам. Жети жыл күттүк, дагы бир аз күтөйүн. Болбосо...-деген жолдошунун жообунан кулактары тунуп, эч нерсе укпай калды. "Болбосо..." -кандай суук сөз!
"Жан биргем! Сенин ишеничиңди актап, тукумуңду улап, ордуңду басаар уул төрөп бере албадым?! Кечир мени? Кийинки күндөрү ымыркай балдар түшүмө кирип өзүм да кыйналып кеттим. Жаш кезимде кетирген катачылыгым, кылган күнөөмдүн жообун берип жатам. Сенде күнөө жок. Өткөндө жеңем экөөңөрдүн сүйлөшкөнүңөрдү уккандан бери менден уйку качты. "Болбосо"-деген сөзүңдөн кийин акыры ушул чечимге келдим: өз бактыңды башка аялдан изде. Сенден айрылып, жалгыз жашап калаарымды элестете да албайм. Андан көрө...Сени сүйүп, өөп, Мен "-деген катты окуган күйөөсү башын мыкчый "болбосо, бала багып алабыз"-деп айтайын деген оюмду жеңеме толук айткан эмесмин да, чырагым!-деди.
Өзүн-өзү ичинен жеп түгөнүп бүткөн Айзат түндө көп кабат үйдүн үстүнөн боюн таштап, ким экени такталмайынча өлүкканада жатаарын жан биргеси сезген жок...





Төрөлбөй калган арман
Рахман Разыков
"Билемин үйдөн чыктың,
Врачка баратасың.
Эстээрсиң мени бир күн,
Агарган кезде чачың.
Эркекмин уксаң, апа,
Мен сага керек болом.
Намыска туруп берчү,
Карысаң медет болом
Ырыскым Кудай берген,
Бар чыгаар, кыйнабаймын.
Алдырбай төрөп алчы,
Апаке, ыйлабаймын.
Агам бар бешке чыккан,
Мен ага ини болом.
Атабыз башка, билем,
Балаңдын бири болом.
Жүрөгүң менен сүйлөш,
Ал деле кыйбай турат.
Атасыз төрөбөйм деп,
Абийриң кыйнап турат.
Жашоого беш ай мени,
Эмнеге жараттыңар?
Тирүүлүк ыраа көрбөй
Жүрөктү канаттыңар
Апаке, суранамын,
Кеч болуп кете электе,
Бычактын муздак мизи,
Жүрөккө жете электе,
Орунсуз жаңылышкан,
Оюңдан кайтып кетчи?!
Колуна шум ажалдын,
Таптырбай тартып кетчи?!"
Жараткан бере албаган,
Жардамды кимден күтөт?
Чымындай чыркырап жан,
Каңырык турат түтөп.
Бычактын курчутулган,
Үндөрүн угуп жатты.
Жатында жаткан бала
Ажалды туюп жатты.
"Буюрган мени өлүмгө,
Апамды көргүм келет.
Бир жолу кош эмчегин,
Эркелеп соргум келет.
Мен деле балага окшоп,
Төрөлүп көрсөм эмне?!
Оролуп ак кепинге
Адамча өлсөм эмне?!"
Жан алчу бычак келди,
Түйүлдү бала жаткан.
Туш келди кесип кирди,
Байкушту аябастан.
Күрөшүп жашоо үчүн,
Кесилген тартып ичин.
Кичине колу менен,
Кармады бычак мизин.
Кыпкызыл гүлдөй болуп,
Боёлду бала канга.
Жүрөктүн кагылышы,
Угулуп анда-санда.
Жатса да түйүлдүктө,
Ажалга тик караган.
Абийрин сатпай турган,
Айрылдык бир баладан.
Ажалдын каткырыгы,
Жүрөктү тилип кетти.
Жашоонун ааламында,
Бир жарык жылдыз өчтү.
Күнөөсүз периштеге,
Айланган бала кетти.
Апага таарынычын,
Айталбай ала кетти.
"Кош,апа, төрөлө элек,
Балаңды көрбөй калдың.
Жаралып жарык көрбөй,
Жок болуп өлгөн жанмын.
Бейиште, чын жашоодон,
Буюрса жолугарбыз.
Баары бир сиз апамсыз,
Бар болуп оорубаңыз".
Төрөлбөй канча балдар,
Бейкүнөө шейит кетет.
Эненин таман алдын,
Эмнеге бейиш дешет?
Айласыз бул кадамга,
Аялды эркек түрткөн.
"Балаңдын кереги жок!"
Дегенде жашоо бүткөн.
Атанын сөзү ок деп,
Айтылган бир макал бар.
Баланы Кудай берген,
Сактайлы биз адамдар!