Обон-Тамаша

Аэропорттон алданган Алина
"Обон" гезитинин бул жолку тамашасына белгилүү ырчы Алина Жетигенова туш болду.Тамашаны иш жүзүнө ашырыш үчүн бир топ адамдардын жардамы керектелди. Сценарий боюнча Ош шаарынан учуп келаткан Алина эжени "Манас" аэропортунан тосуп алмай болдук. Продюсер Назгүл Насиеванын Ошто жашаган Эмил, Дамир аттуу инилери жана ырчы Замир Мырза Алина эжеден Назгүл эжеге арнаган белектерин берип жиберишти. Ал белекти алыш үчүн Назгүл Насиева бизди алып, "Манас" аэропортуна зуулдап жөнөдүк.

Жаңы эле самолёттон түшкөн Алина эжени Мирлан Жетигенов менен жолдошу Эржан тосуп алды. Эржан байке биздин тамашаны билгендиктен, "Мени кошсоңор розыгрыш экенин айтып салам. Ошон үчүн аралашпай эле коёюн" деп машинасын көздөй жөнөгөн. Аэропорттон чыгып келаткан Алина эже менен Мирландын алдынан тосуп чыгып, тамашаны баштадым:
- Алина эже, сиз жаңы эле Оштон учуп келдиңизби?
- (Таң калычтуу карап) Ооба. Самолёттон жаңы эле түштүм.
- Аа-а... Ошко чейин жол кире канча болуп калыптыр?
- Мм... мен Ошко баратканда эки жарым миң сом менен баргам. А келатканда үч миң сом болду го...
- Алина эже, мага жардам бериңизчи. Мен окууга тапшырайын деп Оштон эртең менен учуп келгем. Бардык жерде кабыл алуулар бүтүп, жетишпей калыптырмын. Бир саат мурун акчамды колумдан жулдуруп жибердим. Кайра Ошко кетиш керек болуп жатат.
- А сенин жакындарың жок беле? Эмне болуп уурдатып жибердиң?
- Болгон 2000 сомумду кийимдеримдин арасына ороп, колумдагы көк пакеттин ичине салып койгом. Артымдан келаткан эки бала пакетимди жулуп кетти.
- Коё турчу анда. Сен милицияларга кайрылбайсыңбы? Аэропорттун ичине кирсең, милиция бөлүмү бар.
- Алина эже, мени милицияга алып барбаңызчы?! Коркуп жатам.
Кайра Ошко салып жибериңизчи?
- Мен кантип салып жиберем? Сен милицияга барып эле түшүндүрсөң, алар сага жардам берет.
- Эже, мени эптеп салып жибергилечи. Бул жерден коркуп жатам. Анда шаарга чейин машинаңыз менен алып кетиңизчи?!
- Жүрү анда, мени менен шаарга чейин бар. Жаңы вокзалдан такси менен Ошко кетип каласың.
- Мен самолёт менен учуп келгем. Кайра самолёт менен кетишим керек. Самолётко эле салыңызчы?!
- (Күлүп) Ай, Мирлан мен бул кызды самолётко кантип салмак элем? Эптеп сен бир айласын тапчы?! Балким, ичиндеги милицияларга тапшырасың?
Мирлан: - Мен кимге айтмак элем? Жүрүңүзчү, кеттик. Сизден башка адамдардан жардам сурасын.
Алина: - Коё тур. Бир айласын таап берели. Ий, баса, баягы мен Ошко кетип жатканда билет алып берген эжеге чалып көрбөйүнбү?
Алина эже ошол замат аэропортто билет саткан тааныш эжесине чалып:
- Алло, эже, кандайсыз? Мен сизден бир нерсе сурайын дедим эле. Бул жакта бир кыз акчасын уурдатып жибериптир. Өзү шаарга биринчи келип жатыптыр. "Ошко салып жибергилечи" деп жалдырап жатат. Жардам бералабызбы? - деп безеленип, бирдигин аябастан телефондон болуп жаткан окуяны кенен-кесири сүрөттөп берди. Ал эже да жардам бере албасын айтты.
- Алина: Чоң кыз, сен биз менен автовокзалга чейин бар. Анан такси менен кетип каласың.
- Мен таксисттерди тааныбайм да. Сиз эле салып жибериңизчи?
- Кызык, мен деле аларды тааныбайм. Сен водителге барып, Ошко барганда акчасын төлөйүн деп айтсаң, алып кетет.
- Мен орусча сүйлөгөндү билбейм да. Кантип түшүндүрүп айтам.
- Ай-ий, эми эмне кылабыз? Сен кыргыз айдоочуга барасың да.
Аңгыча ары жактан машина менен бир байке келип, Алина эже менен учурашып калды.
- Ий, ырас болбодубу. Кандайсыз, жезде. Бул кыз абитуриент экен. Акчасын уурдатып ийип, эмне кылаарын билбей жатат. Орусча да билбейм дейт.
Жездеси: - Качан? Эмне болуп уурдаттың?
- Самолёттон түшүп кетип баратсам, колумдагы пакетти эки бала жулуп кетти. Ичинде паспортум, 2000 сомум бар болчу.
- Сен ал балдарды көрсөң тааныйсыңбы?
- Жок, тааныбайм. Экөө тең кара футболка кийип жүрүшкөн. Алар ойлонуп бир азга туруп калышты. Анан мен сөздү башкага буруп:
- Алина эже, мага тамак алып бериңизчи. Эртеден бери курсагым ачка жүрөм.
- Менде канча акча бар болду экен, азыр... Ме, алагой. Бул 650 сом. Буга жакшы тамактанасың. Башкага жумшабай тамактанып ал.
- Эже, мен кайсы жерден тамактанганды билбейм да. Анан жалгыз кантип тамактанам? Сиз менен барайынчы?
- Өзүң эле бар. Кантип тамактанам дейт да. Кадимкидей эле барасың.
Жездеси: - Кызым, сени милицияга дайындап коёюн. Эжеңди жолунан кармаба. Жүрү, мени менен.
Мен: - Алина эже, мени сиз эле алып кетиңизчи. Мен милиция менен сүйлөшкөндөн корком. Барбай эле коёюнчу, сиз эле алып кетиңизчи?
- Ай, бул менин жездем болот. Өзү милицияда иштейт. Мына ушинтип эле биз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө бер. Азыр деле милиция менен сүйлөшүп жатпайсыңбы?
Жездеси: - Жүрү, бас. Мен сага жардам берем.
- Барбайм. Андан көрө шаарга барайынчы. Алина эже, мени таштабаңызчы. Мага өзүңүз эле жардам бериңиз? -деп Алина эженин бутуна чөгөлөп, жалооруй тизелеп отура калдым.
- Кой, антпей тур өйдө. Болгон жардамымды көрсөтпөдүмбү. Өзүң милицияга алып барайын десем көнбөй жатпайсыңбы. Эмнеси болсо да сени шаарга алып кетейинчи. Ал жакка барганда бир айласын табабыз.
- Кыйналбай эле мени самолётко салып жибериңизчи, суранам.
- Мен уже кыйналып кеттим. Самолёт кымбат болуп жатпайбы. Такси менен кете берсең болмок.
- Анда таксинин акчасын сиз төлөйсүзбү?
- Такси деле бир жарым миң сом болсо керек. Үйүңө барганда төлөйм деп айт да.
- Макул, эже. Такси менен сиз сүйлөшүп бересизби?
Алина эже менин суроолорумдан тажадыбы, же чындап айласы кеттиби, айтор, акыркы суроомо жооп бербестен, унчукпай ойлонуп калды. Баштагыга караганда маанайы чөгүп калганын байкап, Мирлан Жетигенов биздин кабарчыларга телефон чалып, келе бергиле деген билдирүүсүн айтты.
Алина: - Атыңды да сурабаптырмын. Жүрү машинага. Эржан кайсыл жерде токтоп турат?... Бул убакта биздин кабарчыбыз жана Назгүл Насиева гүл көтөрүп, "Обондун тамашасы" деп келип калышты.
Алина эже эмне кылаарын билбей, каткырып күлүп:
- Ий, Назгүл, муну сен эле кылдың! Мен аябай ишенип алыптырмын. Силер даана актрисалар турбайсыңарбы? -деп тамашага түшүп калганына боору эзиле каткырып алды.
- Эмне эле Мирлан злой болуп калган десе? Мирланга аябай таң калдым. Анан Эржан да болгула кетели дебей, машинасын алыска токтотуп койгон тура. Ошко барып келгеним өзүнчө эле кызыл дата болду го. Баратканда Ошко конолу деп калганда кичинекей кыз "Самолёттун бир канаты күйүп жатат" деп паника чыгарып жиберген. Самолёттун ичи ызы-чуу, эркектердин баары учкуч олтурган бөлмөнүн эшиктерин каккылап, "эмне болду?"деп кыйкырган кишилер... Келатканда да минтип тосуп алдыңар. Эмнеси болсо да бул күн эсте кала тургандай болду.
Бир сааттын ичинде камкордук көрсөтүп, акыркы акчасын да берип жиберген Алина эженин боорукер, сабырдуу, ишенчээк экенине өз көзүбүз менен күбө болдук. Болуп жаткан окуяга чын жүрөгүнөн ишенип алган Алина эже атүгүл жакын эле жердеги машинадан өзүн сүрөткө тартып жаткан фотографты да байкаган жок. Тамашага жардам берген Назгүл Насиевага, Мирлан Жетигеновго, Эржан байкеге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.