Шоу-дүйнө!

"Обон" шоу-таймс
Замир Мырза үйүн "евроремонттон" өткөрөт
Көпчүлүк кыздардын кумирине айланган Замир Мырза күркүрөгөн күздө бойдокчулук менен коштошуунун алдында турат. Буга чейин бир гана чыгармачылык, иш деп жүрө берген Замирдин жеке жашоосу экинчи планда болуп келген. "Катын алсаң отун ал" дегендей, учурда Замир жайкы эс алуусун өзү жашаган үйүн толук бойдон "евроремонттон" өткөрүүгө арнап, тоюна даярданууда.


Кундуз ден соолугуна кам көрүүдө
Ажарлуу келбети, мукамдуу үнү менен өз күйөрмандарын топтогонго жетишкен Кундуз Канатбек кызы учурда белгилүү санаторийлердин биринде дарыланууда. Жайы бою ооруп, кыйналып чыккан ырчы бардык иштерин таштап, ден соолугуна кам көрүүнү туура көрдү.
15 күндүк дарылануудан кийин кайра эле чыгармачылыгына киришип, жаңы ырларды жаздырат.


Кыялын иш жүзүнө ашырган Назик Исраилова
Кымча белдүү бийчи Назик Исраилова бала кезинде "Киного тартылсам экен" деген кыялын иш жүзүнө ашырууда. Рысбек Жабировдун "Талак" аттуу көркөм тасмасында башкы ролдогу Кенже аттуу келиндин образын жаратат. "Күйөөм Санжар Бердибековдон токмок жеп, анын ичип келгенине чыдаган ыймандуу, жоош келиндин образын жаратууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Сценарий боюнча ыйлап, азап тартып эле жүрөт экенмин. Өмүрүмдө биринчи жолу эки адамдан жаака жедим. Бирөөсү Санжардан, экинчиси Рысбек Жабировдон. Кинонун сценарийи боюнча ушундай болуш керек экен" деп толкунданып алды бийчи кыз.


"Жыйырманчы жаз" эс алууда
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын жалпы жамааты кино сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алыш үчүн дагы да изденүүнүн үстүндө. Аны менен бирге жалпы чыгармачыл топ Ысык-Көлгө эс алууга сапар алышты. Эки ай кастинг, үч ай кинону тартуу менен өткөн убакытта тасманын режиссёру Алим Токторов бир топ жетишкендиктерге ээ болду. "Буга чейин жасаган эмгегим оюмдагыдай болду. Эс алуудан келгенден кийин үн жаздырып, музыкалык саундтректерди монтаждайбыз. Азырынча мыкты үнгө катышкандардын жыйынтыгы чыга элек" - дейт кинонун режиссёру.


Куш бооңор бек болсун!
Тилинен чаң чыккан төкмө акын Азамат Болгонбаев бойдокчулук менен коштошуп, жүрөгүнүн ээси Жайнагүл менен кол кармашып турмуш жолуна аттанган эле. Азаматтын атасы Таалайбек менен апасы Гүлмира 15-август күнү Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Маданият үйүнө 260 адамдын башын бириктирип, чоң той өткөрүштү. Баласын үйлөнтүп, келиндүү болгон ата-эне аксакал ата-апалардан жана тойго келген тууган-уруктан бата алып, эки жаштын бактылуу өмүр сүрүшүн тилек кылышты.


Сапардын элден эмнеси кем экен?..
Мукам үндүү ырчы Сапар Сопубеков ак түстөгү Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Бул ырчынын өмүрүндөгү эң биринчи машинасы. Талыкпай иштеген ак эмгегинин артынан келген бул дөөтүсүн сахналаш досу Назминин жолдошу Таланттан сатып алган. "Мага Талант жакын досум катары өз баасынан ылдый, 3миң долларга сатты. Алганыма төрт күн болду. Өз машинаң болгон аябай жакшы экен. Буга чейин машинасы бар досторума чалып, "тигил жакка барып келели, бул жака барып келели" деп эле жүрчүмүн" деп сүйүнөт Сапар.


Айнуранын себине бир жылкы кошулду
Кыргыз жыттанган ырларды ийине жеткире ырдаган Айнура Салахидинова жакында эле темир тулпарлуу болуп, рулдагы айымдардын катарына кошулган. Ырчы машинасына түлөө өткөрүп, Жумгал районунда жашаган тайларына барганда Нурбек аттуу таякеси жээнинин жаңы алган машинасынын көрүндүгүнө деп бир жылкы ыйгарган. Турмушка чыгууга жашы келип калган ырчы жылкысын өзүнүн себине коштуруп коюуну чечти.


Өмүрбек жаңы үйгө көчөт
Ырчы Өмүрбек Андарбеков 15-16-августта башталган түрк элдери катышкан фестивалга чакыруу алгандыгы үчүн президент Курманбек Бакиевдин колунан акчалай 500 доллар алган. 13-август күнү ырчы АКШга аттанып, фестивалга жакшы даярдыктары менен кетти. Кыргызстандын намысын коргогон Өмүрбекти ийгиликтер коштосун демекчибиз. Кошумчаласак, Өмүрбек АКШдан кайтып келгенден кийин президент тапшырган үч бөлмөлүү жаңы үйүнө көчүп бармакчы.


Аалы Туткучев сүйгөнү менен баш кошот
Август айы үйлөнүү тойлордун башталышы эмеспи. Эгиз козудай болгон төкмө акындар Аалы менен Азамат сахнада чогуу ырдап, чогуу үйлөнгөндү да пландашкандай. Азаматтын үйлөнүү тоюнан кийин Аалы акын көптөн бери сүйлөшүп жүргөн сүйгөнү, жаш акын Жазгүл Жамангулова менен баш кошот. Эки жаштын кыргызча тою 18-август күнү Таласта, Аалынын кичи мекенинде өтмөкчү. Кыргыздын эки таланттуу уул-кызынын үйлөнүү үлпөтү кут болсун демекчибиз.

Айнура Касымова