Жылдыздар турмушунан

Нурбек Эген:
"Россияга караганда Кыргызстанга көбүрөөк керекмин"
Нурбек Эген 1975-жылы Ноокат районунда төрөлгөн. 1999-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун (ВГИК) аяктаган. Нурбек Эген "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтуна жакшы таанылып калды. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Учурда үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашаган Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет. Кинорежиссёр азыр АКШнын Лос-Анжелес шаарында атактуу Голливуд киноиндустриясында чеберчилигин өркүндөтүп, жаңы тасмасынын үстүнөн иштөөдө.

- Эң биринчи жолу "режиссёр болом" деген ой качан пайда болду эле?
- Оштогу интернатта 8-класста окуп жүргөн кезим болчу. Ош драмтеатрына такай барчу элем. Көп өтпөй жазуучулук менен алектене баштадым. Буга театрбы же алгачкы махабатым түрткү болдубу билбейм,мен сүйүп калган кызга жагып, жакшы таасир калтырыш үчүн ага арнап ыр жаза баштагам. Бирөөлөр менин ыр жазып жүргөнүмдү билип калышыптыр, классташтарым ырлар жазылган дептеримди айрышып ошол мен жакшы көргөн кызга алып барып берип жатышпайбы. Аны мектепте окуган балдардын баары жакшы көрүшчү. Атаандаштарымдын бири спортсмен, бири ырчы дегендей кыйын балдар эле. Анан мен да алардан кем калбаш үчүн актёр болууну чечтим да пьеса жазып, башкы каар-манга өзүмдү койдум. Интернаттагылардын баары мени шылдыңдап, пьеса жазаарыма эч кимиси ишенген эмес. Мен болбой эле тырышып ал пьесамды Ош драмтеатрынын директоруна алып бардым. Албетте, жаратышкан жок. Демим суубай кайра-кайра жазып бара бердим эле акыры Кудай жалгап жактырышты. Анан ал пьесаны өзүм окуган интернатка койдум.
- Ошентип селкинин жүрөгүн багындырган турбайсызбы?
- Ал учурда мен баардык нерсени унутуп, жалаң гана пьесаларым менен жашап калгам. Сабактарды да жакшы окубай, мектептен жүз жолу айдап чыгышып, ата-энемди чакыртышып аябай ызы-чуу кылышкан. Искусство институтуна тапшырганда туугандарымдын баары " атасын тартып экономист же башкаруучу болбойбу,"- деп аябай шылдыңдашкан. Ошол учурда чүнчүп жүдөгөнүмдү айтпа. Апамдан башка эч ким мени түшүнгөн эмес. Азыр ойлоп көрсөм апам деле түшүнбөй, жөн гана мени аяган окшойт.
- Биринчи тарткан тасмаңыз кандай аталат?
- Эң биринчи жолу институтта окуп жүргөндө "Жоолукчан" деген кино тартууну чечтим. Дагы да болсо мени эч ким түшүнүп колдогон жок. Сценарий боюнча үй-бүлөдө аялы күйөөсүн сүйүп, күйөөсү аны жакшы көрбөйт. Ошол эле учурда ал келинди башка жаш жигит жактырып жүргөн болот. Ойлонуп отуруп башкы каарманга Бек Борбиевди тартайын деп чечтим. Ал кезде Бектин атагы алыска тарап турган кези. Концерт коюп жаткан жерине барып, көшөгөнүн артынан сүйлөштүм. Мени карап, бир сценарийди карап анча ишене бербей: "Мен бул сценарийге кызыгып калдым,"- деди. Уккан кулагыма ишенбей "Ош базарында" соода кылган туугандарыман беш-он сом карыздап сурап "Жоолукчан" деген кинону тарткам. Жалпы-жонунан 2000 сом акча кеткен.
- Карыздардан кантип кутулдуңуз?
- Таежем карыздарымды мага жеткирбей эле төлөп коюптур. Анан ошол таежемдин сунушу менен кинону 9-кичирайонундагы "Жаштар" кинотеатрына коюп, 8500 сом акча тапкам. Кинону телевизордон көрсөткөндөн кийин биротоло режиссёр болом деген чечим чыгаргам.
- "Аталар керээзи" автобиографиялык тасма дешет?
- Бул кинодо жөн гана турмуштагы болгон окуя чагылдырылган.
- Сиз да улуту орус аялыңызды ата-энеңизге алып келдиңиз беле?
- Ооба, ошондой болгон. Бирок киного салыштырмалуу менин ата-энем жубайымды жакшы кабыл алышып, ал да үйдөгүлөр менен бат тил табышып кетти. Азыр да мага салыштырмалуу Ирина ата-энем менен тыгыз байланышта. Кыргызстанга уулум экөө бат-баттан келип турушат. Балам такый мингенди жакшы көрөт. Жубайым продюсер.
- Кантип тааныштыңар эле?
- ВГИКте окуп жүргөндө аялымдын курбусу тааныштырган. Башында дос болуп жүрүп андан аркысы өзүнөн-өзү эле уланып кетти десем болот. Мен өзүм негизи кыздардын артынан көп чуркачу эмесмин. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мен ашып кетсе бир айда беш эле күн үйдө болом. Калган убактымдын баарын жумушка арнайм. Аялыма рахмат, менин жогумду билгизбей, үйдөгү бардык жумуштарды өзү бүтүрөт. Экөөбүз табиятыбыздан карама-каршы жандарбыз. Ал меймандос, конок тосконду аябай жакшы көрөт. Өзү үйдүн жалгыз кызы болгон үчүнбү, туугандарыма жакын. Өзгөчө улуу эжем менен жакшы тил табышат.
- Москвалыктардын деңгээлине салыштырганда сиздин турмушуңуз кандай?
- Ортодон өйдөрөөк. Үч бөлмөлүү үйүбүз бар, үй сатып алганга кайын-журтум бир аз жардам беришкен.
- Кыргызстанга келип жашоо оюңузда барбы?
- Өз мекениме келип жашасам деп тилек кылам. Өзүмдүн келечегимди камсыз кылып алгандан кийин Кыргызстанга келүүнү ойлоно баштайм. Менин Россияга караганда өз туулган жериме көбүрөөк керектүүмүн деп ойлойм. Эми Россияда Нурбек Эген деген ким? Жөн гана кино тарткан адам. Ал эми Кыргызстанда мага башкача көз карашта карашкан адамдар көп.
- Сиз былтыр баштаган
"Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу тасманы тартууга канча убакыт кетти?
- "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасы аябай эле көпкө созулуп кетти. Биринчи баштап жатканда 2 же 3 ай убакыт кетет го деп ойлогом. Бир жарым жылда тартып бүттүм. Азыр даяр болгон
варианты 93 мүнөттүк, муну эл аралык
вариант деп эсептесек болот.
Кудай буюрса, эл аралык көрсөтүүгө Германия, Франция өлкөлөрүнө
декабрь айында чыгат. Орусия менен болсо кинодогу айрым эпизоддорго байланыштуу маселе чыгып, орустар кайра ойлонуп калды көрсөтсөкпү, көрсөтпөсөкпү дегендей...
- Ага эмне себеп?
- Себеби, тасмада 1916-жылкы Үркүн окуялары да чагылдырылган. Ошол Беделдин белиндеги сөөктөр, орус падышачылыгынын аскерлери келип кыргыздарды кырып, анан биздин ата-бабалардын итке-кушка жем болуп, 100 жыл бою көмүлбөй калган сөөктөрдү көргөндө орус тарап ошону мойнуна алгысы келбегендей, ошол жерин оңдоо керек дегендей кылып атышат. Эми аны Орусиянын мамлекеттик чоң каналдары көрсөтүшөбү, көрсөтүшпөйбү муну убакыт көрсөтөт.
- Демек бул фильм Орусия, Франция, Германия өлкөлөрү менен биргеликте чыгарылып жатабы?
- Ооба, 4 өлкөнүн биргелигинде тартылды.
- Тасманын өзөгүн кайсы окуялар түздү, кыргыздын тарыхы, өткөнү менен азыркы доор тасмада кандай байланыштырылды?
- Манас деген биздин түпкү тарых менен бүгүнкү күндү, биздин келечегибизди бириктирип турган чоң күч. Манас деген биз жашап аткан жердеги мейкиндикти, түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор деп айтса болот. Манас - бул аябай чоң түшүнүк. Бул кинодо Угуз хандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки кыргыздын тарыхын учкай айтып кеткенге аракет кылдым.
- Эми алдыдагы чыгарма-чылыгыңыз тууралуу да сөз кыла кетсек. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар, дагы ушундай даректүү фильмдерди тартасызбы?
- Даректүү тасма тарткан аябай кыйын экен, мен мурда тартып көргөн эмесмин. Буга чейинки чоң тасмалардан кийин бир аз эс алып, кыргыздын жерлерин аралап эс алганча тартайын деген кином эле бул. Бирок мурдагы тасмалардан бул жүз эсе оор болуп түштү. Эми жакынкы күндөрдө даректүү тасма тартам деген оюм жок. 1916-жылдагы окуя боюнча "Беделдин белиндеги каргыш" деген чыгарма бар Арслан Капай уулу жазган. Азыр ошонун үстүндө иштеп атам, буюрса чоң көркөм тасма болот.
Маалымат "Азаттык", "Акипресс" сайттарынан алынды