орозоңор кабыл болсун!

Рамазан айыңыздар менен!
21-август күнү жалпы мусулмандар орозо кармашат. Отуз күндүк Рамазан айында адамдар бири-бирине жакшылык кылышып, жан дүйнөсүн тазалап, ден-соолуктарын да чыңдашат. Орозо кармоо бир гана ачка болуунун жолу эмес экендигин эске алып, тиешелүү адистерден кеңеш алдык.

Куттуктоо!
Кыргызстан мусулмандарынын
Азрети муфтийи Муратали ажы
Жуманов:
Бисмиллахир-рахманир-рахиим
Урматтуу мусулмандар!
Урматтуу мамлекетибиздин жалпы
тургундары!
Баарыңыздарды үстүбүздөгү жылдын 21-август Жума күнү башталуучу ыйык
Рамазан айы менен чын ыкласыбыздан
куттуктайбыз.
Алла Таала Куранда: "Ким эгерде ушул айга күбө болсо, орозо кармасын"-деп айткан.
Ыйык Куран - Рамазан айында түшүрүлгөн.
Рамазан - рахматың, магфираттын (күнөөлөрдүн кечирилиши) жана тозоктон кутулуунун айы.
Алла Таала Рамазан айында пенделерден урушкандары болсо жарашууну, орозо кармап кайрымдуулук иштерди жасоону,
сооптуу амалдарды аткарууну, садака
фитирлерди берип көбүрөөк Куран жана
намаз окууну талап кылат.
Алла Талла Мухаммад алейхис саламдын үммөттөрүн, Курандын жана Рамазандын нуру менен сыйлаган. Бул нурларга ээ болгондорду кабырдын жана Кыямат күнүнүн караңгылыктарынан сактайт.
Урматтуу мекендештер!
Жараткан өзү ыйык айдын урматында өлкөбүзгө, мусулмандарга, ынтымак, ыйман жана жакшылыкты насип кылсын.
Рамазан айы баарыбызга куттуу болсун!




Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармасынын Фатва бөлүм башчысы Чубак Жалилов:
"Орозо кармап, жакшылык кылган адам эки эселеп сооп алат"
- Пайгамбарыбыздын доорунда, андан кийинки сахабаларыбыздын доорунда мусулмандар орозо айына алты ай калганда орозого ниет кылып, Алла Тааладан жакшылык тилеп алты ай бою дуба кылышкан. Орозо бүткөндөн кийин дагы алты ай "Оо, жараткан биздин туткан орозобузду кабыл кыла көр" деп дуба кылышчу" дейт. Ыйык Куран - Рамазан айында түшүрүлгөн. Рамазан айы Ислам айларынын ичинде тогузунчу ай деп эсептелинет.
Мына ушул айга чейин жакшылыктарды кылган болсоңуз сооп аласыз. Ал эми орозо айында кылган жакшылыктарга эки эселеп
сооп берет. Ошондуктан жакшылыктарды кылып, зекет бергенди орозо айында кылганга аракет кылышат. Пайгамбарыбыз "Кимде ким орозо кечесинде боло турган кадыр түндү ыйман менен жакшылык тилеп таң атырган болсо, ошол адамдын бүт күнөөлөрү кечирилет. Орозо айында ишеним менен Алла Тааладан үмүт кылган болсо, ал адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет. Адамдын кылган ибадаттарынын баары өзү үчүн. Ал эми орозо бир гана мен үчүн. Орозо ибадаттарынын соопторун өзүм гана билем" деген. Орозо кармаган адам балким үйүнөн тамак ичип алгандыр, аны бир гана Кудай билет. Орозо күндөрүндө Алла
Тааланын рахматынын эшиктери- бейиштин эшиги ачылып, тозоктун эшиги жабылып, шайтандар байланат деп айтылат. Бардык жакшы иштердин башаты мына ушул 30 күндүк орозодон башталып, таарынгандар жазылышып, ажырашкандар жарашып, бири-бирине жакшы ниеттерин билдиришет.
Бардык мусулмандарды
ыйык рамазан айы
менен куттуктайм.




  Эскертүү

- Орозону бир гана Алла
Тааланын ыраазычылыгы үчүн кармап, ниет кылыш керек. Календарь боюнча убагында ооз ачып, убагында оозду туура бекитүү зарыл.
- Аял кишинин айызы келгенде, боюнда бар болсо, төрөгөндөн кийин бала эмизсе, анда орозо кармабаганга уруксат берилет. Анан өтө карыган адамдардын мууну бош болуп,орозо кармаганга шайы жок болсо уруксат берилет. Ошондой эле ашказаны ооругандар врачтарга кайрылып, оорусун тактап, ошого жараша орозо кармайт же кармабайт.
- Орозо кармаган адамдын жанында тамак жегенге болбойт. Ал этикага туура келбейт.
- Байкабай бир чыны чай, бир ууртам суу же нан жеп алган болсо кечирим сурап, орозосун кайра уланта берсе болот. Байкабай тамак жеп алган болсо, "Алла Таала бул адамга жакшылык кылган" деген сөз. Анда орозосу бузулбайт.
- Оозду ачаарда календарга жазылган сааттан эрте ачканга болбойт. Мейиз, курма менен ачат. Себеби, таттуу нерсе ашказанды иштетип, таттуу менен даам таткан жакшы.
- Орозо маалында күндүз жыныстык катнашка барса, орозо бүткөндөн кийин күнөөсүн
жууш керек. Күнөөсүн жууш үчүн 60 күн орозо кармайт.
- Кимде ким орозо кармоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал адам 60 кембагалга тамак
бериши керек.
- Балакатка жеткенден кийин 15 жаштан баштап орозо кармоого болот. Ал эми орозонун
башында, ортосунда, аягында үч күн кармап коём деген түшүнүк туура эмес.




20 - СЕНТЯБРЬ - Орозо айт
27 - НОЯБРЬ - КУРМАН АЙТ
Ооз бекитүү дубасынын кыргызча мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллаху акбар.

Ооз ачуу дубасынын кыргызча мааниси:
Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым. Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.




Быйыл орозо кармайсызбы?
Майрамбек
Осмонов:
- Мен орозону 12 жылдан бери кармап келатам. Кудай буюрса, быйыл да кармайм.
Айчүрөк
Иманалиева:
- Биринчи жолу орозону былтыр кармап көргөм. Негизи орозо ден-соолукка дагы жакшы да. Бир сыйра тазаланып аласың. Бирок быйыл орозо кармай албайт окшойм. Себеби, эки жакка көп чыгам анан балдарым да кичинекей, өзүмдүн ден соолугум да жакшы болбой жатат.
Жеңишбек
Токтобеков:
- Мен 12-13 жылдан бери орозо кармайм. Быйыл да кармайын деп даярданып жатам.
Бактыгүл
Сейитбекова:
- Орозо кармаганыма 10 жыл болду. Орозонун маалы дайыма Россияга барган иш сапарыма туш келип калчу. Быйыл да орозону ал жактан кармайт экенмин.
Шайырбек
Арапов:
- Мектепте окуп жүргөндөн бери орозо кармап келгем. Быйыл кармасамбы же кармабай эле койсомбу деп ойлонуп жатам. Анткени, былтыркыга караганда быйыл жашоо-шартым туура келбей калат го.
Камчы
Сарыбаев:
- Буга чейин бир да жолу орозо кармап көргөн эмесмин. Быйыл орозо кармайын деп ниеттенип жатам. Кудай буюрса кармайм.
Шайыр
Касмалиева:
- Мен дагы быйыл орозо кармайын деп ниет кылып, даярданып жатам. Мени менен чогуу апам да кармайт. Буга чейин орозону 2 жолу кармап көргөм.