Саясат Экс-министр бейтапканада Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов СИЗОдон бошотулуп, Воронцовканын бейтапканасына жаткырылды. Азыр ал туугандарынан башка адамдар менен баарлашууну каалабай жатканын жубайы Айдай Жекшенкулова билдирди. Эске салсак, экс-министр түркиялык ишкер Серват Четиндин өлүмүнө тиешеси бар деген күнөө менен, андан сырткары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 2009-жылдын 9-мартында камакка алынган. Аликбек Жекшенкуловдун соту үстүбүздөгү жылдын 19-августунда болот. Журналист Сыргак Абдылдаев мекенин таштаганга аргасыз болду "Репортёр Бишкек" гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаев жанын сактап калыш үчүн аялы менен Кыргызстанды таштап, бөлөк өлкөгө кеткенге аргасыз болду. Анын артынан кайрадан эле ачык аңдышып, жакынкы күндөрдө эшигине "Жаназаңда курмандыкка чала турган жылкыңды камда" деп жазып кетишкен. 2009-жылдын 3-октябрында Сыргак Абдылдаевдин эки колун сындырып, денесине отуз жолу бычак сайып араң жан кылып сабап кетишкен болчу. Убагында келген тез жардам журналисттин өмүрүн сактап калган. ИИМ бул кылмышка иш козгогону менен эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мындан мурда ушул гезиттин эле кабарчысы Хабира Мажиевага былтыр ноябрь айында кол салгандыктан, ал Швецияга кетип ошол өлкөдө баш калкалап жүрөт. Азиза Абдрасулова пикетке чыкты "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова УКМКнын имаратынын алдына пикетке чыкты. "Учурда УКМК адамдардын укугун коргобой эле, саясий куугунтукка алуу, саясий лидерлерге кылмыш иштерин козгоо боюнча устат болуп калды. Сөз эркиндиги чектелип, көз карандысыз телеканалдар жоюлуп, эркин гезиттер жабылып, журналисттер куугунтукталып, сабалып жатат. Ким болсо да мыйзам алдында бирдей болуш керек",- дейт уюмдун жетекчиси. Анын айтканына караганда, пикет мыйзам чегинде гана өтүп, эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Коом Чочко тумоосу Кыргызстанга да коркунуч жаратууда Чочко тумоосу эми кыргызстандыктарга да чоң коркунуч жаратууда. Буга биринчиден коңшу өлкөлөр, анын ичинен Казакстандын жарандары себеп болууда. Себеби Кыргызстанга бир күндө аба аркылуу канча адам учуп келип, канчасы чет өлкөгө чыгаарын боолгоп болбойт. Азыр биздин складдарда "Тамифлю" деген дары бар. Кокус мекендештерибиз ушул тумоого чалдыкса, ал дары 8 миң адамга жетет. Азыр бүткүл дүйнөнүн медиктери чогулуп бул тумоого каршы кандай дары туруштук берээрин текшеришүүдө. Кошумчалай кетсек, аталган тумоо менен дүйнө жүзү боюнча 202 миң адам ооруп, анын 1 миң 500ү көз жумган. Жолдун жээгинде сатылган дарбыздар ден соолукка зыян Жолдун жээгинде кырка тизилип сатылган дарбыздар ден соолукка зыян алып келээрин Бишкектеги санэпидемия борборунун башкы дарыгеринин орун басары Султан Абдыкадыров билдирди. Адистин берген маалыматына таянсак, жолдо сатылган дарбыздардын 968ин текшерүүдөн өткөргөндө анын ичинен 160ы гана жарактуу деп табылган. Ушундан улам жол боюнда сатылган дарбыздар, жер-жемиштерде токсикалык элементтер көп болушу мүмкүн. Базарда сатылган дарбыздар санитардык текшерүүдөн өтүп, ден соолукка көп коркунуч туудурбайт. Россиялык альпинисттер бейтапканадан чыгарылды Россиядан келген үч альпинист бейтапканадан чыгарылып, мекенине жөнөтүлдү. 11-август күнү беш альпинист Ат-Башы районундагы Кытай менен чектешкен Кызыл-Аскер чокусуна чыгышкан. Аларды кар көчкү басып калып, Александр Иванов аттуу альпинист ошол жерден көз жумган. Калган төртөө денелеринен катуу жаракат алышып, бейтапканага жеткирилген. Ден соолугу аздыр-көптүр калыбына келген альпинисттерди доктурлар аэропортко чейин узатып барышты. Баңги затка көз каранды аялдар үчүн жатакана ачылды Кыргызстанда биринчи жолу баңги затка көз каранды болгон аялдар үчүн жатакана ачылды. Бул тууралуу "Борборазиялык наркополитикалык борбордун" директору Александр Зеличенко кабарлады. Жатаканада баңги заттан толугу менен баш тарткан, дарыланып жаткан аялдар гана жашай алат. Аларга психологдор, юристтер, дарыгерлер жардам берип турушат. Жатаканага келген аялдар эки жыл жашаганга укугу бар, азыр бул жайда сегиз аял бар. Кыргыздын эң мыкты кинолорунун декадасы өтөт Бишкекте 19-августтан 29-августка чейин кыргыздардын эң мыкты кинолорунун декадасы өтөт. Эгемендүүлүк майрамына карата уюшулган бул декада Кино үйү менен Кыргыз Киностудиясында өтөт. Декадада "Карагыз", "Айыл өкмөтү", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" тасмалары көрсөтүлөт. Крим Таш-Көмүрдө үч адам көз жумду Таш-Көмүр шаарында 15-август күнү түнкү саат 23:00дө үч адам өз алдынча көмүр казып жатканда көмүрдүн шилендиси басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үч адамдын сөөгүн эртеси күнү түнкү саат үчтөрдө араң табышкан. Алар дароо шаардык өлүкканага жеткирилишкен. Каза болгондордун бирөөсү 1974-жылы туулган Максатбек Даргыбаев, калган экөөнүн аты-жөнү такталууда. Лейлектин тургуну баңги зат менен кармалды Исфана-Ош жолунда Мерседес-Бенц унаасы менен бараткан Лейлек районунун тургунунан 13 килоргамм апийим табылган. Машинаны дагы жакшылап тинтип чыгышканда капотунан дагы 22 килограмм гашиш чыккан. Баңгизатты ташып бара жаткан 22 жаштагы Г.А. га кылмыш иши козголуп, учурда сурак берип жаткан кези. Эксперттер Бактияр Амиражановдун сөөгүн аныкташты Россиялык эксперттер Кеминде табылган сөөктү ДНКдан өткөрүшүп, сөөктүн калдыктары чындап эле ЖКнын депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановдуку экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу ММКларга Кыргыз Республикасынын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев билдирди. Кылмышкердин бирөө кармалып күнөөсүн мойнуна алса, калган үчөө Казакстандан кармалып борборго алынып келинди. Бул кылмышкерлер жалгыз эле Бактияр Амиражановдун өлүмүнө күнөөлөнбөстөн, буга чейин ондон ашык оор кылмыштарга шектелүүдө. Спорт Мекендештерибиз күмүш, коло медалдарга ээ болушту Алты кишиден турган команда сууда сүзүү боюнча Японияда өткөн мелдеште күмүш, коло байгелерге ээ болушту. Бул мелдеште 43 мамлекеттин спортсмендери катышкан. Кыргызстандан барган сүзгүчтөр эң мыкты делинген он орунга илиништи. Сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы чебер Василий Данилов эки күмүш, бир коло медалга ээ болсо, Виталий Худяков менен Александр Слепченко коло медалдарды утушту. Мелдешке барыш үчүн жалпы жонунан тогуз жүз миң сом корогон. Алмаз Касенов спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттен жардам сурайт Спорт боюнча Мамлекеттик Комитеттин директорунун орун басары Алмаз Касенов спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 140 миллион сом бөлүп берүүсүн сурайт. Азыр өлкөдөгү спорттук жайлардын көпчүлүгүн оңдоп-түзөө керек. "Мисалы, Спорт Ордосунда жайгашкан 50 метр узундуктагы бассейнди оңдош үчүн 2 миллион сом сарпталат. Сууда сүзгөн спортсмендердин көпчүлүгү "Дельфин" бассейнинде машыгышат, бул спортсмендердин талабына толук жооп бербейт"-дейт Алмаз Касенов. Азыр мамлекет тараптан кандай жооп болоору белгисиз. Билим ЖОЖдогу мугалимдердин көбүнүн педагогикалык билими жок Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин орун басары Борис Кубаевдин билдирүүсүндө, жогорку окуу жайларда сабак берип жаткан мугалимдердин 70%ынын педагогикалык билими жок. "Балким алар өз кесибин мыкты билген профессорлор болушу мүмкүн. Бирок сабак берүүнүн методун, студенттер менен тил табышуунун жолдорун баары эле биле бербейт"-дейт министрдин орун басары. Ушундан улам Борис Кубаев мугалимдерге педагогикалык ыкмаларды окута турган жогорку окуу жай ачуу сунушун киргизди. Ал жерде ЖОЖдордогу мугалимдерге психологдор сабак өтүп, алардын деңгээлин жогорулатууга жакшы шарт түзүлөөрүн баса белгиледи. Кыргызстанда Россиянын ЖОЖдорунун филиалы ачылабы? Россиянын Билим берүү министрлиги Россиядагы жогорку окуу жайлардын филиалын Кыргызстанда ачууну максат кылып жатышат. Филиалдар өлкөбүздүн түштүк аймагында ачылышы күтүлүүдө. Оштун мэри Мелисбек Мырзакматовдун пикиринде, бизде мындай филиалдар ачылса кадрлардын жетишпестиги азайып, билим берүүнүн деңгээли жогоруламак. Филиалдарга сабак берүү үчүн Россиядан кадрлар келсе, калганын биздин мугалимдер, профессорлор толуктайт. Дүйнө дүбүрт Президенттикке талапкерлердин теледебаты өттү Кечээ Ооганстандын тарыхында алгачкы ирет учурдагы президент Хамид Карзай шайлоодогу эки атаандашы менен теледебатка катышты. Ашраф Гани менен Рамзан Башардост суроо артынан суроо жаадырып, Хамид Карзайды бир топ эле жарга такашкан. 20-августта өтө турган шайлоодо элдин көңүлүн өзүнө буруш үчүн талапкерлер ар кандай амалдарга барышууда. Социологдор кимиси жеңээрин боолгош кыйын болуп калды, баарын шайлоо көрсөтөт деген пикирлерин билдиришкен. Назранидеги жардыруудан 19 адам каза болду 17-август күнү эртең мененки саат тогуз жарымдарда Назраниде ИИМдин имаратынын алдындагы жардырууда он эки адам көз жумуп, жыйырмасы оор жаракат алышкан. Өлгөндөрдүн саны өсүп отуруп азыр он тогузга жетти. Имараттын жарымысы күйүп жок болуп, эшиктин алдында токтоп турган жыйырма чакты машина өрттөнүп кеткен. Жардыруу болоордон бир жума мурда кимдир-бирөө ИИМге чалып эскерткен экен. Бирок милиция кызматкерлери тамаша катары кабыл алышып, телефон чалууга маани беришкен эмес. А. Сабырова |