Сырмаек

Манты, нан сатып, курулушта иштеген Ислам
"Болор бала богунан" деп кыргыздар бекеринен айтышпаса керек. Өзү теңдүүлөр эч нерседен бейкапар чүкө атышып жүргөндө Ислам манты сатып акча таап, достору шапар тээп жүргөндө Ислам курулуштун оор жумушунда иштеп жүрчү. Кичинесинен алган ошол тарбиясы келечегине таасир берип, эми минтип баягы досторунан өзгөчөлөнүп эл оозуна алынды.

Шык...
- Үч-төрт жаштагы кичинекей бала элем. Күн сайын апам жумушуна кетип баратып мени бала бакчага алып барып, кечинде келатканда кайра ала келчү. Эртең менен канчалык уйкусурап тургум келбесе да аялдамага жеткенде көңүлүм ачыла түшчү. Анткени аялдамада такай жагымдуу музыка ойнолуп турчу. Музыканы угарым менен жөн тура албай тыбырчылап бийлеп жиберчүмүн. Аялдамада унаа күтүп тургандардын баары алкашып, кол чаап мактап коюшса андан бетер эдиреңдеп калчумун. Көрсө, музыкага болгон шыгым ошондо эле ойгоно баштаса керек.

"Манты алгыла, манты!"
- Сегиз жашымда сабактан кийин "Детский мирдин" жанындагы өткөөлдө манты сатчумун. Апам жасап берген ысык мантыларды коляскага салып алып "манты алыңыздар, манты!" деп тура берчүмүн. Мени кичинекей бала экен деп аяшабы, өткөн-кеткендин баары мантымдан алышып, бат эле түгөтүп коюшчу. Андан кийин нан сатууга өттүм. Атам нан ташыган машина айдачу. Күн сайын өзү таркаткан нандан калганын мага тапшырчу: "Ушул нанды кечке чейин сатып бүтүр" деп. Манты саткандай эле нанды да бат эле сатып, чөнтөгүмдү кампайтып үйгө жөнөп калчумун. Баарыбир эне эмеспи, апам мени аяп калчу. Атам болсо балким ичинен аягандыр, бирок, анысын билдирбей нандын баарын сатышымды талап кылчу. Ата-энемдин жалгыз баласымын, анан ата-энем өздөрү жетиштүү эле турушат. Эч нерсе кылдырышпай, эрке-талтаң кылып чоңойтушса деле жарашмак. Бирок, эми ойлосом алар менин келечегимди ойлошкон экен. Жашоосунда ак кол болбой, өзүнө тың болуп чоңойсун, акча кайдан келээрин жаштайынан сезсин дешсе керек.

Токко урунуп өлүп кала жаздап...
- Кичинекейимден эмгекчилдикке тарбиялангандыгымдан каникул болоору менен жумуш издечүмүн. Бир жолу бир ишкананын майда-чүйдө жумуштарына жардам берүү үчүн орноштум. Электр тогу менен иштеген чөп оро турган аппарат бар эмеспи, ошонун бир жеринде зымы ачылып калыптыр. Байкабай кармап алган экенмин, учуп кеттим. Андан аркысын билбейм. Канча жатканымды да билбейм. Бир маалда көзүмдү ачсам, чөптүн үстүндө жатыптырмын. Бул эми жашыраак кезимде. Жогорку класска барып калганымда жалаң курулуштарда иштедим. Кыш, цемент ташыдым, аралашманы жерден экинчи кабатка көтөрдүм... Бирок сентябда окууга барганда класстагы балдардын эң "крутою" мен болор элем. Бир эле сезонго кийим албай, жайкы, күзгү, кышкы кылып баарын сатып алып койчумун да, бир жыл бою бейкапар жүрө берчүмүн.

Акча…
Акчага аябай так, сарамжалдуумун. Досторум да бул сапатымды билишет. Карызга акча сурашса дароо эле "качан бересиң?" дейм. Айткан күнүндө өздөрү кайра алып келип беришет. Акчаны сактаган жагынан да кыйынмын. Продюсерим Мурат байке колуна тийген акчаны дароо эле жок кылат. Ошондуктан акчаларын кээде мага каттырып коёт. Сураган учурунда каткан жеримден алып чыгып берсем таң калат.

ХХI кылымдын сүйүүсү
- Сүйгөн кызым менен көптөн бери мамилем бар. Бирок биздин сүйүүбүз кызыктай. Туугандарым айткандай, анык ХХI кылымдын сүйүүсү. Бир жылга чейин көрүшпөй жүрө беребиз. Башка сүйүшкөндөр сыяктуу жетелешип парк аралап баспайбыз, киного, концертке барбайбыз. Телефондон сүйлөшүп, интернет аркылуу бат-бат кабарлашып турабыз. Анткени сүйгөн кызым Испанияда котормочу болуп иштейт. Бирок ал келген күндө деле жолугуп, чогуу жүргөнгө экөөбүздүн тең убактыбыз жок. Туугандарым тамашалап: "Силер үйлөнсөңөр экөөңөрдүн бирөөңөр жумушуңарды таштаганга туура келет го. Болбосо силердики кандай турмуш болот?" деп калышат. Эми анын баарын убакыт көрсөтөт. Менин деле жакынкы жылдары үйлөнөйүн деген пландарым жок.

Нуриса Баялиева




  Жаңы ысым

Айко:
"Бардык ырчылардан айырмаланып тургум келет"
"Жаңы ысым" рубрикабыздын коногу Айчүрөк Иманалиевадан тарбияланып,
кыргыз эстрадасына жаңыдан баш багып келе жаткан жаш ырчы Айко болмокчу.

- Айко, ырчылык өнөргө кандайча аралашып калдың эле?
- Кичинекей кезимден эле ырчы болгум келип, ырдаганга кызыкчумун. Аны байкап калган апам "ойноп жүргөндөн көрө" деп ар кандай ийримдерге катыштырып койгон эле. Бирок мен 3-класска чейин катышып, андан кийин барбай койгом. 5-класс кезимде гезиттен Айчүрөк эженин кастинг жарыялап жатканын окуп телефон чалсам, "Эртең 12 ге кел" дегенде абдан сүйүнгөм. Эртеси барып 400 адамдын ичинен кастингден өтүп кеткем.
- Ага чейин да ырдап, бийлеп конкурстарга катышып көрдүң беле?
- Ага чейин ийримдерге катышканым менен эч кандай конкурстарга катышып көргөн эмесмин. Ал менин биринчи жолу эң чоң жеңишим болгон.
- Айко деген ат өз атыңбы?
- Жок. Өзүмдүн чын атым Айгерим. Айко деп чыкканымдын себеби сахнага өзгөчө ысым менен чыгуу болчу. Бул Айчүрөк эженин идеясы болгон. Бул атым мага абдан жагат.
- Кичине кезиңде чоңойгондо ким болсом деп кыялданчу элең?
- Мен кичине кезимден эле ырчы болгум келчү. Телевизордон ырчыларды көрүп отуруп "мен да ушулардай ырчы болсом" деп кыялданчумун. Кудай буюрса, тилегиме жетем деп ойлойм. Келечекте башка ырчыларга караганда ырдаган, бийлеген жагынан, стилим жагынан, деги эле бардык жактан айырмаланып турсам дейм. Бул тилектеримди да ишке ашырганга аракет кылам.
- Сага бул талант кимден өткөн?
- Үй-бүлөдө атам жакшы ырдайт. Студент кезинде бир ансамблде комуз чертип, башкаларга да комуз үйрөтүп жүрчү экен. Үй-бүлө кургандан кийин бул өнөрүн улантпай таштап салыптыр. Мен ойлойм, бул өнөр мага атамдан жукса керек деп.
- Канча бир туугансың? Үйдө эркесиңби?
- Биз эки бир тууганбыз. Менден улуу агам быйыл мектепти аяктады. Мен кичүүсү болгондуктан, эркемин. Бирок өтө эле чоёктоп, эби жок эле эркелей бербейм. Ыгы келгенде же кээде өздөрү эркелетип калышат. Кантип эркелетишкенин айтпай эле койоюнчу.
- Мектепте кандай окуйсуң?
- Мектепте жакшы окуйм. Үч сабактан эле төртүм бар. Мага дене тарбия, алгебра, орус адабияты анан албетте музыка сабагы жагат. Азыр шаарыбыздагы 40-мектепте 8-класска көчтүм.
- Сенин ырдаганың сабагыңа терс таасирин тийгизбейби?
- Концерт болуп калганда 1-2 күн сабактан калып калган учурларда мугалимдер мага түшүнүү менен мамиле кылышат. Алар "менин окуучум" деп кээде сыймыктанып да калышат. Ал эми классташтарым мени абдан колдошот. Башка учурларда сабактан калбаганга аракет кылам.
- Учурда репертуарыңда канча ырың бар? Ырларыңды ким жазып берет?
- Азыркы мезгилде репертуарымда 5 ырым бар. Андан сырткары дагы бир ыр жаздырып жатабыз. Бул ырдын темасын азырынча билбейм. Обону Айчүрөк эженики. Мага ырларымдын обонун Айчүрөк эже жазып берет. Ал эми сөзүн ким жазганын билбейт экемин. Кээ бир ырларымды Айчүрөк эженин репертуарынан алганбыз. Аранжировкасын жаңыртып ырдап жүрөм.
- Биринчи жолу чоң сахнага качан чыккансың?
- Театр ачылгандан кийин 4-5 ай даярдап,ич ара кастинг өткөрүп, жүздөй адам тандалып алынып концерт бергенбиз. Ошондо чоң сахнага 2007-жылы июнь айында "Махабатым"деген ырым менен биринчи жолу чыккамын. Бул ырды мага Бакыт Айтбосунов жазып берген.
- Сахнага кийген кийимдериңди кимге тиктиресиң?
- Көп жылдардан бери иштешип келе жаткан Айчүрөк эженин атайын дизайнерлери бар.
- Келечекте ырчылык өнөрдү гана аркалайм деп ойлойсуңбу же башка да кесиптин ээси болгуң келеби?
- Ырчылык өнөрдү мен кесип катары алып кетким келет. Бирок келечекте психологдун окуусуна окуп, диплом алсам дейм.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Учурда октябрь айында Астана шаарында боло турган "Астана жаштар таланты" аттуу конкурсуна даярданып жатабыз. Бул конкурстун мурунку аталышы "Азия даусы" болчу. Азыр жаңы ыр жаздырып, ошонун үстүндө иштеп жаткан учурубуз.