Обон-собол

Сахна үчүн кандай курмандыктарга баргансыз?
Сахнаны ыйык дешет. Таланты көөдөнүндө ашып-ташып турган чыныгы таланттар чыгармачылыгы үчүн ар кандай жоруктарга барышы мүмкүн. Алардын айрымдары төмөнкү белгилүүлөр.

Динара Акулова:
"Жөө басып түнкү үчтө айылга барчумун"
- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп, Филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштеп жүргөн учурумда 2-3 күнгө бош болуп калсам эле апама айылга жөнөчүмүн. Караколго кечки 4-5терде жетип, акчамдын тартыштыгынан такси, автобустарга түшпөстөн эки айылды аралап жөө басып өтүп, Ак-Өлөңгө чоң сумкамды көтөрүп алып араң барчумун. Түнкү саат 2-3төрдө түн катып үйгө кирип барганымда апам: "И-ий, Түмөнбай, түн ичинде келип эмне азап болду?" деп сүйлөнүп калаар эле. Жаш кезде курч жүрөк болот турбайсыңбы. Азыр ал күндөрдү эстесем жүрөгүм зыркырап кетет. Кантип коркподум экен?!

Ырыскелди Осмонкулов:
"үй-бүлөмдөн акчамды аячумун"
- 19 жашымда эрте үйлөнгөм. Андыктан үй-бүлөнү камсыздап багып кетүү көп кыйынчылык туудурду. Ата-энем менен бирге турчумун. Ошентсе да аты жакшы акчанын азабын көп тарттым. Эптеп тапкан акчамды кыйналып турганыма карабастан чыгармачылыгыма салам. Бишкекте мен иштебеген ресторан калбаса керек. Ар дайым кечкисин ырдаар элем. Эмнегедир ырга ушунчалык берилип, чыгармачылыкка бүт дилимди берип салгандаймын. Ойлоп көрсөм үй-бүлөмдөн акчаны аяп, чыгармачылыкты биринчи орунга койгон экенмин. Албетте, азыр ошол кыйынчылыктын үзүрүн көрүп баарын бир калыпка салып алдым. Басып өткөн жолума эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, ошол тагдырым мени тарбиялап, чыйралтты, такшалтты.


Съездбек Искеналиев:
"сахна үчүн колу-бутум калчылдап калган"
- 20 жашымда ырдап чыгып кете албай нерв оорусуна чалдыккам. Кадимкидей колу-буттарым калчылдап калган. Акыры врачтарга кайрылып дарылангам. Кандай ыр жазып ырдап чыксам да элге алынып кетпейт. Анан баарынан кечтим деп айылга кете бердим. Анан эле "Өмүр" деген ырым радиодон кетип жатканын Бишкектен келген апамдар айтып калышты. Жагымдуу жаңылыкты уккан күндүн эртеси эле шаарга жетип келдим. Ошентип чыгармачылыгым жандана баштады. Менин баягы колу-бутум калтырап кетчү адатым калып сакайып да кеттим. Көрсө мен көп ойлоно бериптирмин. Ошондо сахна үчүн ден-соолугумду курмандыкка чалган экенмин.


Эмил Балтагулов:
"Көпкө чейин балалуу боло албай жүрдүк"
- Ачык кафелерде жайы-кышы дебей үнүмдү тарбиялайм деп ырдап жүрө берип ден соолугумдан ажырадым. Бутума, тиштериме катуу суук тийгизип алгам. Ал оорудан азыркыга чейин кутула албай келем. Жылына дарыланууга туура келет. Анан келинчегим экөөбүз үйлөнгөндө 80 миң сомго кредитке аппаратура алганбыз. Андан кутулуш үчүн жыл бою гастролго чыгып, ысык-суукка карабай иштейбиз. Ошол учурда келинчегим экөөбүзгө катуу суук тийип, көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Догдурларга барып, экөөбүз бирдей дарыланып жүрүп кудайга шүгүр, эки кыздуу болдук.
Ошондой эле пластикалык терезе чыгарган "Гюнель" фирмасында директордун орун басары болуп иштеп турган жеримден сахна үчүн баарын таштап салып чыгып кеттим. Чындыгында ал жерден маянаны аябай жакшы алчумун. Кантсе да жүрөгүм сахнанын ээси экенин ошондо түшүндүм.


Жылдыз Тутуева:
"ырчы болбосом, укмуштуудай бай болмокмун"
- Консерваторияны аяктап, мамлекеттик экзамен тапшырып жаткан учурумда бир кыздуу болдум. Ал кезде ырларым да элге жетип, сахнанын даамын татып калган кезим болчу. Оюмда чыгармачылыгымды бир калыпка салып алсам деп көп убара тартчумун. Ошентип жүрүп 3 айлык кызымды эмчектен чыгарып салгам. Эмнегедир азыр өкүнө берем, эмнеге эрте чыгардым экен деп. Чындыгында чыгармачылыгым үчүн бир да акчамды аяган жокмун. Сахнаны аттагандан тартып ырларымдын аранжировкасына, костюмдарыма, клиптериме эмне деген каражат кеткен жок. Эгер мен аларга кетирбесем, укмуштай байып кетмекмин. Чыгармачылык деп жүрүп материалдык жагымды 3-4-орунга коюп келдим. Бирок анткениме мен эч өкүнбөйм. Ыр менин хоббим дагы, кесибим дагы. Музыкалык жактан 9 жылдык билим алдым.
Кудайга шүгүр, баарына тобоо кылам.


Гүлнур Сатылганова:
"АТАМДЫ АЛДАП ЫРЧЫ БОЛДУМ"
- Биринчиден, атамдын ырчы болушума каршы чыкканына карабастан Бишкекте мугалимдин окуусунда окуп жатам деп алдап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктагам. Андан соң 1995-жылы Алматыда өткөн "Азия даусы" эл аралык конкурсуна 40 күндүк ымыркайымды көтөрүп алып, конок катары ырдап келгем. Балам экөөбүзгө ылайыктуу шарттарды түзүп беришкен дечи, ошентсе да чыгармачылыгымды өркүндөтүш үчүн эч нерседен коркпой ымыркай балам менен Алматыга барганыма таң калам. Анан да балам үч ай болгондо жолдошум каза болуп калды. Абдан кыйналдым. 1997-жылы балам аябай катуу ооруп, ооруканага жатып калдым. Акча-тыйындан ушунчалык кыйналып турган кезде Эрик Кадырбаевдер келип: "Көлдө "Кадыр түн-97" конкурсу өткөнү жатат, баш байгеге чоң акча коюлат экен. Андан көрө бул конкурска сөзсүз катыш" деп кеп- кеңештерин беришти. Айткандай эле баламды апамдарга таштап коюп конкурска аттандым. Кудай буйруп Гран-Приге коюлган 30 миң сом акчаны жеңип алдым. Бул мен үчүн чоң сүйүнүч болгон.


Жакут Сыдыков:
"апамдын каза болгонун уксам да, сахнага чыгып элди күлдүрдүм"
- Биринчиден, апамды айылга жалгыз калтырып, ырчы болом деп Бишкекке бир чемоданымды көтөрүп келе бергем. Келгенде эле албетте, дароо ишим алга жүрүп, ойлогон оюм ишке ашкан жок. Темир жол бекетинде 120 килограмм жүктү ташып иштеп, аны менен катар кышындасы калтырап-титиреп нан сатчумун. Ошентип жүрүп чыгармачылыгыма бир аз мүмкүнчүлүк түзгөндөй болдум. Болгондо да ырдап чыкпастан, куудулдук өнөрүм менен элге таанылдым. Ошентип куудул атыгып, мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлгө концерт коюп барып калдым. Концерт башталып, сахнага чыгып баратканда апамдын каза болгонун угузушту. Арга жок болуп калды, билеттер сатылып, зал толо эл мени күтүп отурат. Ошол учурдагы сыздаганымды сурабагыла, ичим тим эле өрттөнүп, куйкаланып атты. Анан да ошол жерде элди күлдүрүп мен турам... Элестет. Ал учурдагы менин абалымды өзүм гана сезбесем...