Үй-бүлөм - менин байлыгым

Таарынчаак жана ыйлаак
Мерген Турган
Адамдын кылык-жоругун, кулк-мүнөзүн бир гана анын жакындары, бир туугандары билет эмеспи. Демек, "Үй-бүлөм-менин байлыгым" рубрикасы белгилүү адамдардын жакындарына суроо салып, алардын жеке турмушун ачып берет. Биздин алгачкы конокторубуз ырчы Мерген Тургандын апасы, бир тууган карындаштары жана күйөө баласы.


  Үмүт апа:

"Кыздар жасаган жумуштарды оюмдагыдай жасачу"
Апасы Үмүт 69 жашта. Азыр Бишкекте уулу Мергенбектин колунда турат. Майрамдарда, ар бир сезондо балдарынын үйүнө барып эс алат. Көбүнчө абасы салкын Нарын шаарында эс алганды жакшы көрөт.

- Үмүт апа, Мерген байке канчанчы балаңыз?
- Менин он бир балам бар. Мергенбек беш уул, алты кыздын алтынчысы болот. Балдарымдын аттарын Бердибек, Медербек, Берметкан, Медалькан, Бердикан, Мергенбек, Камчыбек, Казыбек, Жүзүмкан, Жылдызкан, Кишимкан деп чоң атасы койгон. Мергенбек боюмда барда мантыга талгак болгом. Күн сайын үйдөн манты жасап жечүбүз. Нарын шаарында жайдын саратаны 24-июлда эртең мененки саат 10 менен 11дин ортосунда төрөлүп, салмагы 3 килограмм болгон.
- Мерген байкенин чыгармачылыгынан башка кандай өзгөчө сапаттары бар?
- Мен Мергенбектин ырдаганын 10-классында билдим. Ага чейин көп деле маани бербептирмин. Бала кезинен баштап эле дилгир, сүйкүмдүү, оокатка тың болуп өстү. Мал-жанга жакын болуп, өзү баккан кой, уйларды өңүнөн таанычу. Айткан ишти орду менен жасагандыктан, Мергенбекке колум тийген жок. Кыздарыма ишенгендей оокаттарды, үй-жайды калтырып, конокко кете берчүбүз. Кыздар жасаган жумуштарды оюмдагыдай жасачу. Коноктон келсек үйдүн ичи таза, кирлер жуулуу, бөбөктөрүнүн курсагы ток. Ак көңүл балам азыр да жүрөгүндө кири жок, бардык адамдарга бирдей мамиле кылат.
- Сиз күткөндөй эмес, казак кызын алып келгенде кандай кабыл алдыңыз?
- Келиним казак кызы болгонуна каршы чыккан жокмун. Эгер балам өзү сүйүп алып жатса, бактылуу болооруна көзү жетсе эмнеге бут тосмок элем? Башында казакчага түшүнбөй жаттым эле, үйлөнгөндөрүнө эки жылга жакындап калды, эми көнүп калдым. Мергенбек кеч үйлөнгөндүктөнбү, анын баласын көрүү мен үчүн бакыт болчу. Кудай буюруп, былтыр балалуу болушту. Атын Мергенбектин досу Раатбек Санатбаевдин атынан Ханраат деп өзүм койгом. Азыр бактылуу жашап жатышат. Уулумдун чыгармачылыгы өркүндөп өсө берсин, алган жолдошу менен бактылуу болсун!





Жоодарбек:
"Мерген байкем кайгырганды билбейт"
Мерген Тургандын улуу агасы Бердибек байкесинин баласы Жоодарбек "Ош базарындагы" "Үмүт", "Мээрим" чач тарачканалаарынын кожоюну.

- Мерген байке сиздин чачтарачканаңызга келип турабы?
- Ушул чакан бизнесимди Мерген байкемдин кеңеши менен баштагам. Күн сайын болбосо да бир жумада бир келип, чачын кургатып, гельдетип турат. Менин туруктуу жана эң "крутой" кардарым болуп саналат. Жашоодо өтө шайыр, жайдары адам. Кайгыруу эмне экенин билбейт. Жакын адамдарынын да кайгырып жатканын көрсө: "Кайгырдың, эми эмне болду? Асмандан бир нерсе түштүбү?" деп маанайды көтөрөт.




  Мерген Турган:

"Балдар мени санитарка кылып коюшчу"
-Мерген байке, карындаш-тарыңыздын айтымында абдан тууганчыл экенсиз...
- Мени тууганчыл деп карындаштарым туура эле айтышыптыр. Эртеден кечке шаарда жашаган беш бир тууганымдын үйүн кыдырып жүрүп кеч кирет. Азыр апам 70ке чыгып калды. Атабыздын көзү өтүп кеткен. Менден кийинки карындаш, инилериме ата ордуна ата болгум келет. Ата-энеңдин көзү өткөндөн кийин алардын ордун бир туугандарың басат экен. Менин сыймыгым да, байлыгым да бир туугандарым деп сыймыктанып айта алам.
- Карындаштарыңызга жакын өскөндүктөн сиздин мүнөзүңүз кыздардай болуп калганбы?
- Мени жанынан чыгарбай багып чоңойткон Медалькан эжеме ыраазымын. Бир күнү мени жонуна көтөрүп келатып чоң арыктагы суудан аттап өтөйүн десе, арыкка түшүп агып кетиптирмин. Эжем жанталашып, мени менен кошо чуркап араң алып калган экен. Анан Медалькан эжем кыздар менен ойноп кетип, мени унутуп калчу тура. "Кошуна кыздар сенин уктап жаткан жериңден көтөрүп кетишип, куурчак кылып ойношчу" деп эжем күлүп калат. Эркектердин корс мүнөзү, менменсингендери мага жакчу эмес. Ошондуктан кыздарга жакын болуп өстүм. Сыртка чыгып ойногондо да эркек балдар мени дайыма санитарка кылып коюшчу. Алар "тах-тах!" деп мылтык атышып, бири-бирин өлтүрсө, мен аларды дарылачумун.
- Демек, байкелериңизден токмок жебептирсиз да?
- Убагында агаларымдан токмок жеп, инилеримди токмоктоп калгам. Агамдан 10-классымда токмок жегем. Апам айткандай "бодоростковый возраст" кезимде атамдын айткан сөзүн укпай коюп, агам мени сабап салганда "өлөм" деп Нарын сууга чуркагам. Анан агам аркамдан жетип барып дагы эки-үч муштап үйгө сүйрөп келген. Ошол менин биринчи жана акыркы токмок жеген күнүм болгон.
- Жашыңыз кыркка жакындап калганда балалуу болдуңуз. Өзүңүздүн балаңыз башкача болот бекен?
- Туура. Мурун карындаштарымдын балдарын анча-мынча улкуп-жулкуп койчумун. Өзүм балалуу болгондон кийин баланын башкача болоорун түшүнүп жатам. Көрсө алар деле өз балдары үчүн жан тартчу тура. Балалуу болгонумда өчүп бараткан үмүттөрүм жанып, жашоонун кызыгы башталды. Балам Ханраат апасына да, мага да окшош. Баламдын келечеги, үй-бүлөм, бир туугандарым жана кыргыз элим үчүн жашагым келет.




Мерген Тургандын онунчу карындашы Жылдызкан, үй кожейкеси:
"Мерген байкем баарыбыздын үйүбүздү кыдырып жүрө берет"
- Жылдызкан эже, бала кезде Мерген байкенин сиздерге кылган мамилеси кандай эле?
- Мени 1-класска Мерген байкем жетелеп барган. Мектептеги эң күчтүү мугалимдин классына киргизем деп аябай убараланган. Башка байкемдерден айырмаланып бизди ойнотуп, карындаштарынын баарына чий куурчак жасап берчү. Куурчактын көздөрүнө топчу кадап, каштарын боёп да койчу. Тентектик кылсак дагы урушуп, бизди сабачу эмес. Онду бүтүп шаарга окууга кеткенде байкемди сагынып ыйлаганбыз. Ал каникулга келгенде үйдө кадимкидей майрам болчу.
- Бир үйдө чоңоюп, кийин турмушка чыкканыңызда бири-бириңерден алыстап калсаңар керек?
- Болгондо да мен Оштун Кызыл-Дыйкан айылына турмушка чыктым. Нарын менен Оштун аралыгы бир топ эле алыс да. Апамды, бир туугандарымды сагынып ыйлай берчүмүн. Жайкысын жайлоого чыкчубуз. Бир күнү көк чөптүн үстүндө сүт тартып отургам. Алыстан ат бастырган эки адамдын карааны көрүндү. Аларга маани бербей ишимди кылып жатсам эле бирөөсү Мерген байкем экен. Ордумдан атып туруп эле мойнуна асылдым. Экөөбүз кучакташып алып ыйлап жатабыз, ыйлап жатабыз. Мени сагынып, "карындашым кандай келин болуп жатыптыр, көрүп келейинчи" деп жалгыз Ошко келиптир. Чынында байкем абдан тууганчыл. Ээринбей баарыбыздын үйүбүздү кыдырып, ал-ахыбал сурап жүрө берет.
- Ар бир адамдын терс сапаты болот го. Мерген байкенин кайсы сапаты сизге жакпайт?
- Чынында Мерген байкем абдан таарынчаак, анан жашык. Биз үй-бүлөбүз менен жашыкпыз. Кубансак да, кайгырсак да көзүбүздөн мөлт этип жаш кетет.




Жылдызкандын жолдошу Үсөн, жеке ишкер:
"Меникиндей кайнага эч кимде жок"
- Күйөө баласы катары Мерген байкеге кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
- Кайнагам өтө жөнөкөй жана боорукер. Эгерде байкемдин миң доллары болсо аны өзүнүн керегине жумшабай, туугандарына, досторуна бөлүшүп жатып түгөтөт. Мага күйөө баласындай эмес, өзүнүн бир тууган инисиндей эле мамиле кылат. Өзүм табиятымдан мактанчаак адаммын. Досторум менен отуруп калганда "Меникиндей кайнагаңар жок" деп мактанып калам. Ушунча болуп кайнагамдын ачуусу келгенин көрө элекмин.


Мерген Тургандын эң кичүү 11-карындашы Кишимкан, үй кожейкеси, беш баланын энеси:
"Кызыл козунун терисин көрүп, жер тепкилеп ыйлаган"
- Бала кездеги Мерген байкенин кылык-жоруктарынан айтып берсеңиз?
- Мерген байкем кой эмес, тоокторду да сойдурчу эмес. Эгер союп жатканын көрсө: "Байкуш жаныбардын этин кантип жеп жатасыңар. Силер таш боорсуңар" деп ыйлачу. Бир күнү үйгө таежемдер келип, кой союш керек болуп калды. Апамдар Мерген байкемди алаксытып, кошунанын үйүнө иш менен жиберишти да, Мерген байкемдин жакшы көргөн "Кызыл козу" аталган коюн союшту. Кечке маал Мерген байкем келип караса эле Кызыл козусунун канжалаган териси жатат. Өзү 6-класс болсо дагы абдан зирек эле. Үйдү тегеренип бакырып-өкүрүп ыйлап жатат. Ары-бери чуркап, чырылдап, жер тепкилеп катуу ыйлады. Үйдөгү коноктор сыртка чыгып: "Эмне болду?" дешсе, "Менин коюмдун этин кантип жеп жатасыңар? Конокко келбей эле койбойт белеңер? Эт жебей таш жегиле!" деп шолоктоп ыйлаганы азыркыга чейин эсибизде.

Айнура Касымова